Кайнене-келин баяны 8-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 8-БОЛУМ

— Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт. Билем го, үйүңөр кыргыз жашаган үйгө окшобой, кыргыздын бир буюму жогун. “Алты жашынан камдансаң арттырасың, жети жашынан даярдасаң жеткизесиң” дегендей чогулткандарыбызды беребиз. Өзүңдүн тиккен белдемчиң, кураган курак төшөктөрүң, чоң апаңдын сага деп арнаган чийге токуган таарчасы, таянеңдин туш кийизин, дагы башка арнагандарымды, шырдактарды берем. Аларга ар бир ийне сайган сайын каалоо-тилектерди айта берип, арналган сепке сиңип калат. Азыркы базардан оңой сатып алып даярды берип койгондой эле, үйлөнүшкөн балдар да кайра оңой эле ажырашып кетишет. Сен да сепке кандай көз майымды коротуп баарын жасаганымы эстеп, апамдын эмгегин, тилегин кабыл кылайын деп жакшы жашоого тырышасың. Сеп — энеңдин эстелиги. Эгер аны жакшы сактасаң сени өмүрүң өткөнчө жакшы тилектери менен коштоп жүрөт. Ал буюмдарды көргөндө мени эстейсиң. Кээде ал буюмдар туңгуюктан чыга албай, жол таба албай кыйналып турганыңда аны карап, энең менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөсүң. Энеңдин ошондой учурда

эмне кылганы көзүңө тартылат. Ачууланып, бирөөгө ыза болуп турганыңда ал буюмдарды карасаң энеңдин мээримин элестеп жумшара түшөсүң, элди билбейм, мен ошентем. Мен кырк беш жылдан бери таянеңдин берген шырдагын бекитип жүрөм. Улам күбө жеген жерин кесип олтуруп кичирейип калды. Баары бир энемден эстелик. Тар заманда жашаса да, кызымды абысын— ажынына кепке кемтик, сөзгө сөлтүк калтырбайм деп сеп берген.

 

— Септи кандай кылсаңыз анда, өзүңүз билиңиз. Тигилер аны түшүнбөйт деле. Бирок алар үчүн эмес, мен үчүн да. Кой кетейин, кеч да кирип калыптыр.— кызы шашкан болду.

 

Шадыраңдап Авас сол жактан баштап, колдоруна суу куюп кетти. Тамак желди.

 

— Тамактарыңар, беш бармагыңар даамдуусунан кардым жарылганча жеп алдым,— деп Маяны карап жылмайды.

 

Телефонунун музыкасын коюп алган Авас, тамактан кийин оң жактан баштап колго суу куюп кетти.

 

— Мая, эжеңдин сумкасына бирдеме салдыңбы?— кайыненеси кызыкты.

 

— Ийи апаке, мына, Кемел койдун төшү, далысы, кабыргасы, куймулчагы деп муногуларды берди го, дагы боорсок, алма, татты-патты салдым.

 

— Ошент садага болоюн. “Тондуу күйөө, камыштуу кайнатадан үмүтөтөт” деген бар. Төркүлөп, каадасы менен келсең кара мал энчилейт элек, атам уй айтты деп айта бар. Коногуңду атказ эми,— деп, Кемел менен Маяны карады. Алар машина менен үйүнө жеткизип коюшту.

 

Жолдо кайтып келатып кечки Бишкеке суктанып, машинени токтотуп коюп, бир саамга нары-бери басып сейилдеп алышты. Сүрөткө түшүштү. Электр жарыгы түнкү асманды тиреп тургансып, айланасында чымын-чиркей уюлгуйт. Нары бери чубаган элдер. Көбү жаштар. Жаңы аянтчада түркүн гүлдөр, жаш фонтан. Алардан урган салкын аба. Көктө жымыңдап жайнаган жылдыздар. Толуп турган ай. Бардыгы жаштыгы менен сулуу көрүнүп турду.

 

Ошентип күндөр өтүп жатты.

 

Мая келген эле кишиге эпилдеп жүгүнүп калат. Анысы куру калбайт: “Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын”, “Алганың менен тең кары. Кудай жалгасын. Бактылуу бол. Көп жаша” деген баталар. Ансайын жүгүнгөнүнөн жазбайт. Бул, баралына келгенде кайненесинен ашкан тың аял болуп чыгат дешет. Айтор айткысы келбеген кишиден да, душманынан да бата алып алат. Кемелге да кээде мактанып калат. Бир күндө мен он чакты кишиден бата ала алам. Кана, мелдешели, сен эки эле кишиден бата алчы дейт оюн-чындан Мая. Кемел канча жакшылык кылса да рахмат деген гана сөз угат. А Мая көчөдөгү улуурак айылдаштарына чейин жүгүнүп, чын эле аз убакта батасын онго жеткизип койду. Кемел жеңилди.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️