— Ой апа, келиниңди кандай гана катуу кармайсың. Тимеле армиядагыдай, байкуш үнүн бир катуу чыгарбайт экен. Тобо, ушундай кайыненеге туш болбогонума. — деп тамашага чалды кызы.
— Ийе де, сага канча тарбия айтсам да кулагыңдын сыртынан кетип, укпачы элең. Азыр сени ашыкча талтаңдатып жатышат. Куйма кулак куюп алат. Акма кулактан агып калат дегендей, кийин кум кулактыктын азабын тартып, баарыңар кыйналбасаңар экен. Азыр акчалуу болуп, үй кызматкери тамак-ашыңарды даярдап, кайыненең өз тарбиясына жаштайыңан үйрөтсө болмок. Жалгыз келинсиң, турмуш татаал, бирде асманга чыгарса, бирде жерге чабат, же өзүнүн айлампасына салып айландырып кайра ордуна койгондо, кимдин ким экени билинет. Өгүнү айтсам “биз келиним экөөбүз современный жаштарданбыз, мен аны келин эмес кызымдай көрөм. Жаш эмеспи, ойноп күлсүн, кийин оокат керек болсо өзү эле үйрөнүп кетет,— деп койду. Ай, кызым, келиндин келиндей болгону жакшы да. Кайыненеңди сыйла. Мен балама кантип жамандык каалайын. Эркектин багы атынан, аялынан жана жашаган үйүнөн да болот эмеспи. Баламдын эмки өмүрү ошол аялына жараша болот. Ошон үчүн мен келиниме эң жакшы аял болушуна тарбиямды, көп жылдык тажрыйбамды жумшашым керек. Ага жакшы көрүнүп, бир
— эки жыл эркелетип, анан кайра ал менен беш жыл бою тарбиялай албай урушуп, келечектеги балдарын бир нары, бир бери сүйрөгүм келбейт. Баланы башынан, келинди жашынан тарбиялайм.
— Менин кайыненемдин бизди тарбиялаганга убактысы жок. Кантип, арыктайм жана жашарам менен убара. Кайыненемдин өзүнүн дээринде жок болсо, эмнени берет. Андан көрө келиниңиз чыдаар бекен?
— Мынча эмне жеңил ойлуусуң. Сен тууган жагыңды тарттың. Канча эмгек кылсам да жеңил бойдон калдың. Өзүндө жок эмей эле, сени аяп жатат, ошону түшүн. Карачы эй, “кайнене” деп боор бербей турганыңды, сага мынан артык эмне кылышы керек, өлүп кетсинби? Мен келиниме да, кызыма да бактылуу болууларын каалайм. Чыдайбы, чыдабайбы убакыт көргөзөт.
— Жакпаган жерибизди эле атам экөөңөр бири–бириңердин туугандарыңарга окшото бергиле.— Ошотапта Мая келип, тасмалды ырастап, ортого куурдак коюп кетти. Ал эне-кыздын маегин укпаса да аларга аябай суктанып койду. Ал түгүл балким менин да апам кыздары менен ушинтип бактылуу болуп олтургандыр деген ичитардык ой кетти.
— Ай, кагылайын эттин чий көбүгүн таза алгыла, сорпо иткел болбосун. Этти оодарып, сорпосун сапырып, ак сорпо кылгыла.
— Ийи,— деген Мая кайра бат эле чыгып кетти.
— Баса, септи жөн эле койбойсузбу? Чын эле үйдө баары бар. Акча көп кетет да.
Уландысы бар…