— Болуптур. Атаңан тойду кандай кылабыз деп бир ооз сура. Өзүңөр билгиле дээрин билсең да, акыл сура. Телевизордогу батыштын тарбиялары силерди каякка алып барып такар экен. Анда үйгө эле тойчук жасайлы деп атаңа айтайын. Элге төркүнү тээ, Якутияда экен деп коёлу. Дос-душманы болот, бирде болбосо бирде кейитип жүрүшпөсүн.
— Ушундай акылдуу алтын апам бар деп айткам Маяга,— деп сүйүнгөнүнөн дардалактап кетти, уулу.
— Эми балам, экөөбүз ачык болушубуз керек. Бир, эки жыл өз тарбияга салабыз. Сен аялыңа болушпа. Даттанса алдап, көңүлүн көтөрүп кой. Бардык ишти биз менен акылдашып тургула…
Энесинин аяккы сөздөрүн уккусу келбей, кубанганынан башы жерге тийгенче ийкегилеп акырын чыгып кетти. Ал Маясына, досторуна жолукканга ашыгып кетти.
Эртеси эле Кемел достору менен келинчек алып жетип келди. Күн чайыттай ачык. Кемелдин тууган-туушкандары келип, эшик алды опур-топур, бака-шака. Нары-бери жүгүргөн туугандардын кичинекей балдары. Колдорунда эшиктин алдында гүлдөп турган жоогазындардан, нарцисс, сиренден, иристерден үзүп, колдоруна кармап алышкан. Музыка жаңырып, баарынын маанайлары жаркылдайт.
Көшөгөгө келинин киргизип, арнаган кийимин кийгизип, жоолук салайын деп жатып Алымкан эне жапжаш кара тору, кичинекей бойлуу, кырдач мурун, тегерек көз сулуу кыздын калың, капкара чачы белине бош түшүп, ажарына ого бетер ажарлантып турганына тигиле карап: Саамай чачы төрт өрүм, арка чачы алты өрүм деп өзүнүн келин болуп келгенде кайыненесинин чачына суктана айткан сөзүн эстеп кетти. Эненин ичи ого бетер жылып, колдору калтырап, көзүнө жаш алды. Ал, сүйүнүчтүн жашы эле. Мая да көздөрүн бат-бат ирмегилеп толкуп турду.
— Ай келиндер, узун чачы бар экен, ак кебез менен учуктагыла, — деп абысын-ажындарына мактана карады.— Көшөгөң көгөрсүн, тең карыгыла,— деп, келинин эки бетинен өөп көшөгөдөн чыгып бараткан энени Мая колунан аста тартып токтотту.
— Апа, мен сиздин баардык кылганыңызга чыдайм. Кемелсиз жашай албайм. Бул дүйнөдө сиздин балаңыздан башка жакыным жок.— деди, жалооруй.
— Эмне дейт, катыгүн. Кайынене жаман болот деп уккансың го.
— Ооба, кыздар айткан.
Алымкан эне күлүп, басып кеткен менен аябай жүрөгү ооруду. Ушундай татынакай, акыл-эси тунук кызды таштаган ата-энесине наалат айтты. Аны аяп турду. Ичинде арамы жок жакшы бүлө болот экен деп келинине ичи жылып, талдоо жүргүздү. Баласынын жакшы кыз тандаганына ыраазы болуп турду. Өзүнө бул бечараны мыкты адам кылууга, эч кимге кемсинтпеске сөз берди. Кемел менен Мая бир туугандай окшош экендерин олтургандар айтып жатышты. Мая жарашыктуу жакшы кийим кийгизип, чын жүрөгүнөн сүйүнүп, жакшы кабыл алган аялга жетине албай кетти. Ал мындай энелик мээримди биринчи көрүшү да. Бул жерге келгенче жетим кызды кандай кабыл алышат деп санааркап, Кемелдин сөздөрүнө ишенген эмес эле да. Эми минтип ак жоолук. Эки аккуунун сүрөтү саймаланган аппак көшөгө. Үстүндө ак көйнөк. Сүйгөнүнө жетти. Күткөн элдер канча! Түркүн тамакка карк болуп турган ак дасторкон. Каттама курак менен куралган тирелген төшөктөр. Ар түркүн жаныбардын сүрөтү түшүрүлгөн кичинекей жаздыкчалар. Дубалда илинген колго токулган килемче. Полго салынган шырдак.
Музыка жаңырып, тойго келген жаштар. Жаңы жасалган боорсок. Ушунун баары мага арналды да. Элдин баары сүйүнүп, жылмая карашат. Мен бул күндү тилим чыккандан, акылыма келгенден бери күтүп, бул күндүн келерине күмөн санаган элем да. Мындай сыйга мен да бутум үзүлгөнчө жүгүрүп, колум тешилгенче кызматыңарды кылам деп көшөгө ичинде ойлонуп олтурду. Ошентип, той да бүттү. Баардык каада–салттар жасалды. Эртеси кечки тамакка жакын Алымкан апа үй-бүлөсүн чогултуп, тааныштырды. Ал, көп жыл мугалим болуп иштеген, азыр үйүндө эле. Жаш үй-бүлөгө энчи бөлүп берди. Бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын беришти. Бирок Кемел: Нуртай үйлөнөөрдө кетебиз. Ага чейин ачкыч сизде болсун деп кайра апасына берип койду.
— Мен да мындан кырк беш жыл мурун атаңа жар болуп мында келгем. Кайыненем үй-бүлөсүн олтургузуп алып мага “кайынатаңа мага эртең менен жүгүнөсүң,. Ал учурашуу, сый көргөзгөнүң. Алладан башкага жүгүнбөйт дейт экен, бирок бул бизде салт. Эркек кишилердин орду өйдө болсун. Тамакта, кирин жууганда биринчи, керек болсо аттарын да атабашка аракет кыл деген”. Ошондон бери атаңдын атын айтпайм. Ата-апамдын төшөгүн тебелебей салчымын. Кайнилеримди, кайынсиңдилеримди тергейм. Сенден да ошону күтөм. Кырк беш жылда кайненемдин айткан акылдарынан эч зыян көргөн жокмун. Балдарыбыз токтобой, карыганда көргөн беш балабыздын амандыгын атаң экөөбүз тиленип олтурабыз. Эртең мененки тамак сегизде. Түшкү тамак саат бирде. Кечки тамак жетиде. Кайда болсоңор да кечикпей ушул саатта ашканада болгула. Эми өз тагдырыңар өз колуңарда. Сыйлашып жашайм десең, өзүң сый көргөз. Бактылуу болгуң келсе бакыт тартуула. Биз силердин жакшылыгыңарга эле сүйүнүп туралы. Бактылуу болуп, Аваз менен Нуртайга үлгү болгула. Эки кызым го күйөөдө. Алар конокко гана келет. Заманыңар тынч болсун. Уруш деген чыкпасын, урушту кулак укпасын. Зор махабат, бакыттарыңар баяндуу, жаңы өмүрдө жолдоруңар байсалдуу болсун. Бири-бириңерге күйүмдүү, эл-журтуңарга сүйүмдүү болгула. Уул-небере, чөбөрөлүү болгула. Мартабаңар зор, адамкерчилигиңер мол болсун. Кармашкан колдоруңар ажырабай, силерди ар дайым Алла колдосун. Оомийин!— деп бата кылышып, тамактанганы ашканага отурушту.
Кемел менен Мая шар аккан таза суунун жээгине чыккан эгиз гүлдөрдөй бири-бирине куп жарашып, булактай таза махабаттары биригип, дагы бир кичи мамлекет пайда болду.
Жай саратаны башталып, чымын-чиркей көп. Былтыркы тигилген розалар гүлдөп, бак шактар жапжашыл болуп, огород тарыгансып калды. Апрелде көз ачылтпаган жаандан тажашса, эми аны самап, күтүп жатышты. Күн тимеле куйкалачудай ысыды.
Кемелдин атасы эч нерсе менен иши жок, көп сүйлөбөгөн, оор мүнөздүү, колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста адам. Ал, апаңардан сурагыла деп коюп, жумуштан келгенден кийин гезит окуп олтура берет. Бирок, Алымкан атаңардан оозунбай күткүлө, атаңар кандай айтса ошондой кылгыла деп ата кадырын өйдө тутуп, балдарга атасын сыйлатып, ролун арттырат. Макмал бул үйдүн улуу кызы. Ал жолдошу, балдары менен Анкарада жашашат. Нуртай он тогузда, Авас андан эки жаш кичүү.
Бир күнү келиниңдин өнөрүн көрөлүк дедик эле деп Алымкандын абысындары телефон чалып калышты. Алар келгенге чейин дасторконун жайып, баарын даярдап коюшту. Кайыненеси кабелте тарта “келиним жасады” деп, эл келгенде билмексен болуп олтуруп калды.
Кошуна аял зеригип, Алымканга келсе, Мая жүгүрүп барып нан алып келе калды.
Уландысы бар…