Кайнене-келин баяны 4-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 4-БОЛУМ

Эртеси Кемел келип, жумушка кеткенге даярданып жаткан. Ал, курулушта бригадир болуп иштейт. Эне аны көрүп, кайда жүргөнүн суроого оозу батынбай, тим болду. Үйлөнтпөсөңөр ушинтип күтө бергиле дегенсип, ал да унчукпай чыгып кетти. Алар ошентип эки күн сүйлөшпөй ар кимисинин өзүнчө ич күптүсү бар жүрдү. Капысынан келин ала качып келип калабы деп, үйдөгү буюм-тайымдарды сыртка чыгарып, күнгө жайып, бир бөлмөнү көшөгө тартканга ылайыктап, чоттоп койду. Ак тилегин кошуп, уул-келинине жаңы төшөк, жууркан арнап тикти. Алымкандардын ою уулун күздө үйлөнтүү эле.

 

Бирок, баласынын сүйүүсү күчөй баштады. Көпкө коркутканга чыдабайт. Жүрөгү алеп-желеп болуп, бир орунга олтура албай калды. Саатын улам–улам карайт. Кайра эле ал кыз жөнүндө сөз козгойт. Энеси бул жолу да күлүп тим болду. Өзүнчө басса-турса ойлонот. Балам ашык болгон кызды кайдан, кимден иликтеп көрсөм болот. Анын айтканын четке кагып, өзүмө жаккан кызды алып берсем, акырындап көнүшүп кетээр. Же өзүң жаша деп тескери басып кетеби? Азыркы жаштар артын ойлонбой иш кылат эмеспи. Той-топурда кудаларың тойдун көркү болуп келип олтурса жакшы да. Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат дегендей. Бул шордуу эмне көрдү? Үйлөнүү тойдо тууганы жок кантет? Эл оозунда элек жок, калың төлөгөндөн качып, ушундай жетим кызды издеп жүрүп таап алышты дейт го. Же бул да өйдөтөн келген сынообу? Айсулуунун кайындары тоотпой, калың беришкен жок. Бирок, мен кызымды жер каратпайм. Колубуздан келишинче сеп даярдап берип жиберем. Кичүү балдарым Авас менен Нуртай үйлөнүп, аялдарынын себи келгенде бул байкуш жаман болот го. Балам да сарысанаада жүрүп, өңүнөн азып калыптыр. Чын эле катуу ашык болгон го. Үксөйүп чачы да өсүп кетиптир. Мурдагы ачык, шатыра–шатман мүнөзү да өзгөрүлүп, жалгыздыкты жактырып, түнт болуп баратат. Кээде өзү менен өзү сүйлөшүп калат. Үйдөгүлөр эмне иш кылып жатат, эмне жөнүндө сөз болуп жатат, анын иши да жок. Бирде бактылуу, бирде мусапыр көрүнгөн баласынын жагдайын көрүп боору ооруду. Ар кайсыны ойлоно берип, эненин башы катты. Апасынын макул болбоско чарасы калбады окшойт. Балдары чоңойгону эне тойго деп баарын катат. Кээде коноктон устукан алып келишсе, балдары тойго бекитесизби же жей берелиби деп тамашалап калышчу эле. Мына, эми көбү даяр. Кемелди атасына айтты эле ал:” Өзүңөр ойлонгула. Балдарың кой дегенди, оңой эле угуп калбайт. Сендей жок дегенин беришпейт. Тирешип көр, кимиңер жеңээр экенсиңер”, — деп кайра ачуусун келтирди.

 

Эртеси апасы:

 

— Мейли балам, сага жакса мага да жагат. Бирок май айында жаштар үйлөнбөйт экен го.— дегенге аргасыз болду.

 

— Ий-и, аябагандай чоң шылтоо таапсыз. Ал, орустардын салты. Мусулманчылыкта ай, күнгө эмес, Аллага ишен деп ким айтчы эле.

 

— Болду, болду, койдум. Алып кел, жанагы кызыңды. Тобокел.

 

Мейли деген сөзгө бала сүйүнгөндөн оор жүктөн куталгандай сүйүнүп кетти. Өңүнө да кызыл жүгүрө түштү.

 

— Кызык, тобокел дейсиз да кайра. Өзүңүз үйлөнүп жаткансып,— деп, калп эле сыр бербегенге аракет кылды Кемел. Жүрөгү Маяны дегдеп, араң эле чыдап турду.

 

— Тобокел дебегенде эмне дейин. Ошонун колуна барыбыз түшөбүз да. Жакшы адам болсо жакшы, экөөбүз жашарабыз. Жаман чыкса…

 

— Койуңузчу апа, бир келинден эле коркуп калаар биз эмеспиз го. Кайра колуңуз узарып, жумуш кылбай жашарасыз. Көрөсүз го, Мая сизге жагат. Ал аябай акылдуу, сулуу, жароокер. Көзү кашы кара. Мм-м..дагы кандай сүрөттөсөм деп Кемел жүзү албыра бактылуу болуп жатты. Баятадан бери баласынын бактылуу болгонуна эне да сүйүнүп турду эле, көзү— кашы кара десе чочуп кетти.

 

— Ай, ал өзбек эмеспи… Кыргызга окшошпу деги. Кыргызча сүйлөйбү? Ата теги кайсыл улут?.

 

— Дагы баштадыңызбы? Эч нерсесин билбе-й-т, төрөлгөндө эле энеси таштай качыптыр. Бири-бирибизге жаксак болдубу? Кур намыс жакпайт да деп, кайра сөзүн оңдоп кирди. Сиз да акылдуусуз, өз тарбияңызга салып аласыз.

 

— Тигини, силерди тарбиялайм деп чачым агарды, эми аялыңарды … Болуптур. Эртең алып кел. А тойду кандай кылабыз. Кечинде атаң келсин тойду акылдашалы.

 

— Биз баарын чечип койдук. Той өткөрбөйбүз. Анын, менин досторубузду кафеге чакырып эле коебуз. Эч кандай чыгымдын кереги жок. Кафени достор көтөрөт.

 

— Баарын өзүң чечтиңби же аялыңбы? Акылдашуу болбойбу.

 

— Какая разница?

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️