Кайнене-келин баяны 13-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 13-БОЛУМ

— Жеңе, бери келсеңиз, муногу кыз жакпай калды. Өзүңүз бирдеме деп жолго салып коюңузчу,— деген кайниси шыңгырап жаткан чөнтөк телефонду анын колуна кармата койду.

 

Эч нерсеге түшүнбөй калган Мая телефонду басып:

 

— Алоо бул ким? А менби…

 

Мен Авастын сүйгөн кызымын. Бизгеби…м.. м… бир жыл болот. Мен да сүйөм… Эч бербейм, ал меники… Мушташка чакырасыңбы. .. Авас экөөлөп сени тепкилеп салбайлы?…Давай пока… Аваска берейин. Кел жаным…

 

Жеңесинин минтип айтаарын күтпөгөн Авас тим эле боорун тырмап каткырып жатты. Мая телефонду ага берип:

 

— Кудай кааласа кутулдуң! Сникерс шокалад карызсың,— деп, тамашалап коюп үйгө кирип кетти. Кайынатасы келининин шаңкылдап сүйлөгөнүн угуп алып, таң калганынан жүрөгү токтоп калайын деди. Артынан аялы кирип:

 

— Экөө ошентип кыздарды тамашалашат. Баары жайында. Укмаксан болуп кой. Өзүбүз эле кагуу жеп калбайлы,— деди ага.

 

Телефонун колуна алган Авас огородго барып алып, “ушундай болуп калды, мени кечир” деп жатты. Авас адамдын көңүлүн оорутпаган, боорукер. Жеңесинин да көңүлүн көтөрүп дайыма чынбы жеңе, распы жеңе, суу алып келейинби жеңе, эмне жардам керек жеңе деп тим эле артынан ырдап жүрөт. Сырларын да жашырбай айтып берип, кыздарынын сүрөтүн көргөзүп турат. Бир убакта беш кыз менен сүйлөшкөнгө үлгүрөт. Бирок бейчеки ээнбаштык кылбайт. Мая да аны “эрке бала”, “шайыр бала” деп тергеп, кээде үйдө эч ким жокто Авас дегенди тескерисинен Сава, Сорока деп эркелетип, экөө анын кыздарына ойноп тийишип, жинди кылышат. Жаштары теңчамал эле. А Нуртай болсо токтоо, кабагы көп ачылбай окуусуна барып келип, апасына жардам берип, ага-жеңеси менен сый мамиледе. Ал али юрфакта окугандыктан Мая аны сот бала деп тергеп коёт. Жеңесинин антип тергегени Нуртайга да, үйдөгүлөрдүн баарына жагат. Азыр студент анан үйрөнчүк деп улам огуштуруп олтурбай эле акыры сот болот, сот деп эле коёюн деген.

 

Түшкү чайдан кийин Мая алаксымакка Алымкан апасына газета көргөзүп:

 

— Апа, Гүлназ деген ырчы жөнүндө угасызбы, окуп берейин?— деп калды.

 

— Мейли, кагылайын. Окусаң оку…

 

Аты-жөнү: Байзакова Гүлназ. Жашы:20, бою:172, салмагы:53, жаккан тамагы:манты, жактырган майрамы: жаңы жыл, бойдок, жаккан машинеси мерседес экен.

 

— Ээ садагаң болоюн, мунуңду кадырлап гезитке чыгарган соң, бир элге пайдалуу суроо берсе болбойбу. Анын эмне тамак жакшы көрөөрү ашказаны менен ашпозчусуна эле керек болбосо, элге эмне кереги бар. Мисалы, кантип жакшы ырчы болсо болот. Кантип оңолобуз?.Чет элдин эмнесин үйрөнсө болот. Кайдан арзан оокат, кийим табабыз жана башка суроо толуп жатпайбы?

 

— Ай, апам ай. Азыркы жаштарга ушул кызык да. Сиздерде кандай суроо берчи эле.

 

— Садагаң болоюн, эми анын кайсы бирин эстейин.

 

— Айтсаңыз апа.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️