Антпеди, түн бир оокумда келген Кемел аялын бир карап алып, төшөккө тескери карап жатып алды. Ал аялынын мурдагыдай жаркылдап, сагынып күтүп турат деп ойлоп келген. Ою ордунан чыкпай өзүн ара жолдо, ач белде жалгыз калгандай сезди. Алтүгүл мойнунан кучактап, сени кайда жүрөт, ким менен жүрөт деп ойлоп алып кызганычтан өлгүм келди деп ыйлашын каалап атайы эле кеч келген. Минтип көрмөксөн болуп коюшу анын ачуусун келтирди. Эмнегедир кимгедир кызгануу сезими көөдөнүн көөзөп кеткендей болду. Экөөнүн тең ичтери жыбырап, жүрөктөрүндө таш тургандай оор кыйналып жатышты. Асман-жерге батпаган кусалыкта калышты. Экөө үйлөнө электе ушинтип сагынып, кусаланышчы эле. Эми бир керебетте жанаша жатып, бири-бирине жете албай ортолорун калың айнек тосуп тургандай болду. Бирөө эле колун сунса, экинчиси аны шап эле кармай калмак. Бирок экөөнү тең куру намыс жеңип турду. Үйдүн ичин оор жымжырттык уялай түштү. Маяга дем жетпей, караңгы, чытырман токойдо адашып, жалгыз калгандай, муун-жүүнү бошоп, өзүн алсыз сезип, бул үй, бул төшөк башкага таандык, эми кайра балдар үйүнө кантип барам деген ой келгенде жаздыкка өзүнөн–өзү ачуу көз жашы тамчылап, жошолоно оозуна да кирип жатты. Башынан баягы ыр дагы эле кетпейт. Күнүгө чоң ишкананын жетекчисиндей өзүн үйдө кенен сезген Кемел эми ушинтип эле ажырашып кетсек эмне болот деп ойлоп алып, өзүн чакадагы сууга түшүп калган чычканга окшоштуруп кетти. Ошентип, ой менен алпурушуп жатып байкаса Кемел коңурук тартып уктап жатат. Жумушу оор, күндүн ысыгы бул болуп жатса чарчайт да. Машине менен келгенби чачтары, кийимдери кургак экен. Маянын уйкусун бирөө уурдап кеткендей, көздөрү чакчаят. Акырын туруп, буттары чалыштап басып келип, терезени карады, жамгыр басаңдап калыптыр. Ага жакшы бир ой келди. Күйөөсүнө болгон таарынычы жазылып кеткенсип, аны суктанып, жылмайып карап койду да кат жазып чөнтөгүнө салып койду. Мая бири-бирисиз жашай албасын билет. Күйөөсүнүн үйүндөгүлөрдүн көзүнчө эле кагынып-силкилдеп калаарын да билет. Бирок ушуга көнүп кетпесе деген эле ойлогону да. Кош бойлуу аял кээде ушинтип туталанып, сөз көтөрбөй ыйлай берет эмеспи.
Эртең менен Кемел жумушка эрте кетип калды. Мая короодогу иттер чуулдашып, кабышып жаткандан улам ойгонуп кетти. Күн эчак чыгып, так төбөгө келип калыптыр. Кеч тургангабы же кейигенгеби айтор башы ооруп, маанайы пас жүрдү. Жамгырдан кийин аба тазарып, бир аз жел жүрүп турган экен. Кечээги катуу шамалдан гүлкайырлар сынып, эшиктин алдына майда барат таштандыларды шамал чогултуп салыптыр. Шыпыргы алып короону шыпырып чыкты. Кемел турганында катты окуп эле эртең менен эркелете күндөгүдөй бетинен өөп ойготуп, кечирим сурайт го деп Мая ойлоп алган эле. Бирок андай болбоду. Шыптын астындагы уяны карады. Ал бош. Быйыл бул чабалекейдин уясына ээси келген жок. Балким өз уясын унутуп калып, башка уя салып алдыбы? Же алар келише элекпи, кайдан, деп эшиктин алдында жөжөлөрүн жана индуктун бир жөжөсүн ээрчитип бараткан тоокту карап Мая, үшкүрүнүп алды. Аларды Алымкан апасына, энеси ээрчитпей койгон индуктун жөжөсүн өзүнө окшоштурду. Ошол ою менен барып, жетим жөжөнү бооруна кыскысы келип ала коеюн деди эле жөжө жанталашып тигилердин артынан чуркады. Тоок да ачуулана Маяга тап берип, тепкени жүрөт. Маянын тооктон таяк жеп кала жаздаганына бир чети коркуп кетсе, бир чети күлкүсү келе, өзүнүн жаман ойлорунан заматта арыла түштү. Асыранды болсо да, жанын тобокелге салып тооктун өз баласын коргогонуна ыраазы болду. Өзүнө да төлгө кылып, Алымкан кайненеси коргооруна ишеним кылып алды. Ушул тоокчо башым иштебейт. Болоор–болбоско таарынбай эч нерсе болбогондой жаркылдап жүрөйүн, жаман ойдон жат болоюн деп ойлонду. Анын кектебеген, тез таарынып кайра чукул жазылган, сөз аңдып, тирелишпеген, болоор ишти сезе билген, анча-мынчаны көрмөксөн, укмаксан болгон жакшы мүнөздөрү бар. Мая ушул күнкү жумушун тоокторго жем бергенден баштады.
Уландысы бар…