Кайнене- келин баяны 1-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене- келин баяны 1-БОЛУМ.

 

Бул аңгеме сүйүү, каада-салт, жаштарга тарбиялык мааниси чоң, ыйманга үндөгөн чыгарма.

 

 

 

 

Кызын күйөөгө узатып жатып Алымкан апа каргылданган үнү менен адаттагыдай акыл-насаатын айтып жатты.

 

— Кызым, сен бой жетип, чүрөктөй супсулуу кыз болдуң. Колубуздан келишинче өстүрүп, тарбия бердик, эми уядан учкан турасың. Өмүрлүк жарыңды өзүң таап, жактырып, көңүлүң менен баратасың. Сени мажбурлаган эч ким жок. Бейтааныш үйгө барып, тааныбаган, буга чейин көрбөгөн, кулк мүнөзүн билбеген адамдар менен жашайсың. Алардын айткан сөздөрүн ыклас менен тыңшап, так аткарып, өзүңдү, үйүңдү таза тут. Кызым, өзүңө, ден соолугуңа сак бол. Мындан ары бизди кандай көрсөң кайненең менен кайнатаңды ошондой көр. Эми бир сөз менен айтканда өлүгүң ошол жактан чыксын.

 

Кызы апасынын сөзүн терең түшүнгөн деле жок. Ал, оюнда чачынын жасалгасы оң тарабынан бөлүнбөй сол тарабынан бөлүнүп калганына кыжалат болуп жатты.

 

— Чачымды бузуп кайра жасатсамбы? Кызыл гүлдү да чачыма жармаштыр десем, эң сонун жарашат деп чач жасаган эжеке ак гүлдөрдү такканын кара. — Эми кеч болуп калды, жакпай калды деп кууп жиберген эле да. Эне кызынын мурдагыдай эле кулагына сөз кирбегенине нааразылана:

 

— Бак тиле кызым! Бактылуу бол! Турмушта гүл менен чачтын эч деле мааниси болбойт. Тур эми, келген коноктор сени эле күтүп калышты, — деди апасы.

 

Келген жаштар дүрбөп, келинди алып, кафеге кетишти. Кафеде үч жүздөй тойго келген элдер. Тойго жылкы, эки кой союлуп, келиндин бир күнгө ижарага алган көйнөгү бир торпоктун баасы (300доллар), жалдаган лимузин машинеси, ал да бир торпок. Кафени кооздоп, “Белек Айсулуу” деп жазып, көп шарларды илип койгону, үч кабат торту менен бир торпок. Тамада же той башкарган шайыр бала, музыкасы менен бир торпок, бир кой. Видеого тартканы, сүрөтчү эки жашты ар жерден ар түрлөп тартканы, экөө бакыт үйүнөн эки көгүчкөн учурганы, бакыт үйүнө жууп бергендери, шаар кыдырып сейилдегендери болуп бир торпок. Таластыктардын тою кийит жана призсиз өтпөйт. Ага дагы эки торпок. Кафе — эки тамак, төрт түр салат жасап, тейлегени үчүн үч жылкынын (300миң сом) баасын алды. Ошентип, ал күндүн наркы төрт жылкы, жети торпок, үч койдун акчасы кетип, коноктордон кайра келгени төрт жылкы, үч кой болду. Жети торпокко карыз болуп калышты. Жалгыз уулунан эч нерсени аянышкан жок. Айтор, балдарга батасы тийсе болду деп өздөрүн жооткотушту.

 

Жаздын атыр жыты каптай келип жердин бети жашыл түстүү килемге оронду. Келгиндер учуп-конуп, чыйпылдашып, кышта тоңгон тирүүлүктү ойготуп жатышкансыйт. Өрүктөр, эрте жаздагы гүлдөр гүлдөп дүйнө көркүнө чыкты. Бирок тээ, алыста көрүнгөн тоолордо дагы эле ак кар, көк муз кетпегендей.

 

Тойдун эртеси эртең менен Айсулуу ойгонсо үй жымжырт эле. Саатты карады эле сегиз болуп калыптыр. Шашып-бушуп кийимин кийине койду да апасына телефон чалды.

 

— Ало, апа, мен эмне кылышым керек?

 

— Апий-бетим, эми турдуңбу? Эртең менен эрте туруп кайнене — кайнатаңа жүгүнүшүң керек да. — Айсулуу телефонду өчүрүп чөнтөгүнө сала коюп, ак жоолугун кашына түшүрө салынып, жүгүнүүгө жүгүрүп кетти. Алар көп кабаттуу жаңы салынган үйдүн, экинчи кабатында турушчу.

 

Белек жолдошу эч жерде көрүнбөйт. Ал атасы экөө чет өлкөдө иштеп жүргөн карындашын самолеттон тосуп келүүгө кетишкен эле. Ашканада да эч ким жок. Бутунун учу менен бөлмөлөрдү түгөл карап чыкты. Кайненесинин уктоочу бөлмөсүнө баш баккандан уялды. Жуунуп-таранып алып, чай ичти. Терезедеги белекке беришкен кечээги ар түрдүү гүлдөрдү кумарлана жыттап алды. Асманда ала булуттар жай жылып бараткан экен. Күн ачык. Жаңы келин алган үй да ушундай тымтырс болобу? Айылда опур-топур, кирген чыккан киши көп болчу эле го деп ал таң калып жатты. Аңгыча эшикти ачкыч менен акырын ачып, үй жыйнаган аял келди. Айсулуу тиги аял экөө бирде чаң соргуч талашып, бирде чаң сүрткөн чүпүрөк талашып жүрүп, кайненесин ойготуп алышты. Шишип-көөп келаткан кайненесинин алдына тура калып жүгүндү эле ал:

 

— Ой, кереги жок. Эски салтты койчу, — деп кол шилтеп, жуунганы кирип кетти. Айсулуу кайненесинин үйдө экенин тиги аялдан билгенден кийин, өзүнчө күзгүгө улам-улам жүгүнүп, аябай даярданган. “Жүгүнгөн келинге жакшы баталарды берет. Кайнене — кайнатаң бата берип турса, өзүңдү ал үйдө жакшы сезип, дагы аларга жакканга аракет жасай баштайсың. Кысылып уялбай, менин келгениме булар кубанычта экен деп, аларды жакшы көрүп, аларга жакындай баштайсың. Кайненең жумуш кылса аяйсың” — дебеди беле апам деп томсоруп туруп калды. Эшик ачылып кайынсиңдиси кирди. Айсулуу жылмайып, жылуу тосуп алды.

 

— Кандайсыңар жеңеша?

 

— Кыйналбай эле келдиңби? – деп, экөө эски тааныштардай кучакташып көрүшүп, үстүндөгү күрмөсүн алды. Кыз төркү бөлмөгө кирер менен Айсулуу далисте кайнатасын күттү. Кызынын чемоданын көтөрүп кирип жатып, келинге “Саламатсыңар”— деп коюп бутун чечип жатты. Айсулуу даяр туруп эле, жүгүнгөнгө жетишпей калды. Анын жүгүнөөрүн күтпөй, кайынатасы шыр эңкейип бутун чечип жатты. Келин эмне кылаарын билбей тыз-пызы чыгып, тура берээрин же кетип калаарын билбей катуу уялып турганда артынан Белек кирди. Кудай жалгап ал:

 

— Бол тез, колумдагыны ал, — деп сумканы карматты. Белек сумкаларды берип жатып атасынын көзүнчө эле келинчегинин бетинен өөп койду. Айсулуу күйөөсүн алая карап алып, ашканага кирип кетти. Уят. Бетим ий бетим. Белек жинди экен. Атасынын көзүнчө ушинтеби? Кантип эми тигилер менен олтурам. Эми кеч болуп калды, кайра жүгүнгөнгө болбойт. Каап, босогону аттагандан эле тартипсиздик кылдым. Эми эртең сөзсүз жүгүнөйүн. Уят деп өзүн жемелей берди. Үй кызматчы аялдын жанында жардамдашып, тигилерден качты. Кызынын келгенине сүйүнүшүп, каткырып, өздөрүнчө жыргап жатышты. Ал болсо алып келген кийимдерин ар кимисине кийинтип жатты. Айсулууга да кооз, эң жакшы сапаттагы көйнөк алып келген экен, бирок анысы саал чоңураак болуп калды. Келинибиз кош бойлуу болгондо туура келип калат деп кейип турган кызын жооткотушту. Белектин атасы: — Биз ыймандуу, жакшы келинге туш болупбуз. Келинди келген жери тик көз же ылдый баш деп сынашкандай биздин келин ылдый баш көрүнөт. Тик көз келин ачык, шайыр, бетке айткан, жок дегенин бербеген, кайын журтун, күйөөсүнө баш ийбеген келин болот. Ал эми төмөн баш келин ыймандуу, алды артын байкаган, кайнене, күйөөсүнүн ыгына көнө турган келин болот дешчү эле илгери кемпирлер. Мен эшиктен киргенде келиниң жүгүндү эле уялып кеттим. Өзүмдү жогото түшүп, эмне деп айтышты билбей, бутумду чечип жатып аябай ойлонсом да, жакшы эч сөз айталбадым. Өзүмдү дагы эле жаш сезип жүрсөм керек. “Ата-эненин кадырын балалуу болгондо билерсиң, ага-ининин кадырын жалаалуу болгондо билерсиң” дегендей ата-энемди эстеп кеттим. Атам – апам сен жүгүнгөндө айланып-кагылып бата берсе, алар ошондой сөздөрдү айтууга милдеттүүдөй сезилчү. Көрсө, биз да ошол куракка жакындап бата берип, жылуу, нускалуу сөздөрдү сүйлөп, өзүңдү тарбиялоого туура келип калса керек, байбиче. Бирок ошол бата берип, айланып-кагылган сєздєр эң оор экен. Эмнегедир айткым келбейт. Билип эле көрмөксөн болуп койдум, келинибизди. Эми келин да түшүнүп, жүгүнбөй калаар. Биздин кызыбыз менен эле тең экен, жап-жаш. Өңү да ак саргыл болуп Мыскал сага, көздөрү бакырайып кызыбызга, бою мендей узунун, айтор өзүбүзгө окшоштуруп тандаптыр уулуң. Мына, эркелеп, кызың сагындым деп ыйлап, көзүнүн боёгунун баары шыбалып, ботала. Жалгыз келинибизди деле буга окшотуп, эркелетип, кызыбыздай эле көрөлү, байбиче. Кийин деле карыганда сыйлашып аларбыз.

 

— Ооба, кайненемден кандай коркчу элем билесиң го. Камырды көп жууруп алып, ашып калганын кайда катаарымды билбей чөнтөгүмө салып, кошунанын огородуна ыргыткан күндөрүм болду го. Мен да келесоо экем да, убалдан коркпой, кайненемден коркчумун. Эми ойлосом ысырапты жаман көрчү экен да. Келиниме андай каардуу кайнене болгум келбейт. Кайненедей тергеп-тескегим келбейт. Өзүнө акыл, ыйман берсин. Кудай сактасын, кийимдерибизди өзүм эле, баса, тиги машине жубат да. Бир-экини төрөгөнчө көтөрмөлөп, оюна коелу,— деп, төркү үйдө акылдашып жатышты. Белек бөлмөсүнөн кийимин алмаштырып, Айсулууну издеп ашканага келди. Дагы эмне кылып жиберет деп келин кызматчы аялдан уялганынан колунан сүйрөп күйөөсүн башка бөлмөгө алып кирди да:

 

— Эй, сенин уятың барбы? Атама жүгүнгөнгө жетишпей калып, уятыман өлөйүн деп жатсам, сен да бир жагынан өлтүрдүң. Атаң-апаңдын көзүнчө мага жакындабачы, — деп зекий кетти.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️