Кайгылуу окуя. 

https://kyrgyzcha.site/?p=49356&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайгылуу окуя.

 

Бир күнү дүкөнгө кирип азык-түлүк алып

сатуучунун алдына келсем, сатуучу 5-6 жаштардагы бала менен сүйлөшүп жатыптыр.

 

Сатуучу айтат:

Пример HTML-страницы

Өкүнүчтүү, акчан бул куурчакты

сатып алууга жетпейт деди.Анан ал бала мага кайрылып: Байке, чын эле менин акчам жетпейби?

Мен акчасын санап чыгып: Алтыным, чынында эле акчан бул куурчакты сатып алууга жетпейт экен дедим. Кичинекей бала

колунда куурчакты кармаган бойдон туруп

калды. Мен өзүмдүн алган нерселеримди төлөп бүтүп, кайра ал баладан, бул куурчакты кимге берээрин сурадым…

— Бул куурчакты карындашым аябай жакшы көрчү, сатып алгысы

келип жүргөн. А мен анын туулган күнүнө белек кылгым келди. Бул куурчакты апама берсем, ал карындашыма барганда ала барат деди… кайгылуу көздөрү менен. Менин карындашым Жаратканга кетти. Мага муну атам айтты. Дагы, жакында апамды

да кетет деди… Ошондуктан бул куурчакты апама ала барып, карындашыма беришин ойлодум… Менин жүрөгүм бир саамга токтой

түштү.

Кичинекей бала мени карап: Мен атама айтып келдим, мен ойноп келгичем апам кетпей турсун деп. Андан сон ал, өзү бактылуу күлүп түшкөн сүрөттү көрсөттү. Мен бул сүрөттү апам карындашыма мени унутуп калбаш үчүн ала баруусун каалайм. Мен апамды аябай жакшы жакшы көрөм, апам мени таштап кетуйсун каалабайм, бирок атам, апамдын кичинекей

карындашымдын алдына кетиши керектигин айтты.

Ал кайра куурчакты капалуу көздөрү менен карап алды.

— Мен чөнтөгүмдтн акча

алып чыгып: Кел, кайра баштан акчанды санап көрөлүчү, эгер жетет деп ойлосон?..

— Ооба, ооба бул куурчакты алууга жетет деп ойлойм!

Ал балага корсотпой өзүмдүн акчамдан кошуп койдум да, башынан санап кирдик. Куурчакты

алууга акча жетип, дагы бир аз артып да калды.

Кичинекей бала: Мага акча бергенин үчүн рахмат ахмат, Жараткан!

Мени карады да: Кечээ, жатаар алдында кудайга дуба кылып, ушул куурчакты сатып алып, апамдан берип жиберүү үчүн акча сураган элем. Демек, ал мени

угуптур! Дагы бир аз акчам болуусун тиледим

эле, апама гүл алып берүү үчүн . Менин апам ак атыр гүлдү жакшы корот деди..

Мен дүкөндөн ойлуу жана кызык абалда чыктым.

Анан мен, гезиттеги эки күн мурдагы болгон окуяны эстей кеттим. Ал жерде, мас абалындагы киши машинасы менен бир аял менен жаш

наристени уруп кеткени жазылган эле.

Наристе кыз ошол эле жерден каза болуп, апасы оор абалда болчу. Доктурлар, апасынын жанын

сактап турган апараттан өчүрө турганын эскертишкен, анткени ал жаш аял комадан чыгууга өтө

алсыз эле. Балким бул куурчакты сатып алган бала, ошол үй-бүлөнүн баласы болуп

журбосүн?..

Эки күн өткөндөн кийин, ал аял

каза тапканын гезиттен окудум. Көзүмдүн жашын токтото албай ыйлап жибердим. Мен ак

атыр гүл сатып алып, жерге берилип жаткан жерге бардым. Жаш эне акка оролуп жатыптыр.

Бир колунда куурчак менен сүрөт, бир колунда ак атыр гүл.. Көзүм толо жаш менен кетип

баратып, менин жашоом эми тзгөрүлөөрүн сезип жаттым…

Мен эч качан бул кичинекей

баланын, апасы менен карындашына болгон

сүйүүсүн, мээримин унутпаймын! Бир-бирибизди тирүү кезибизде барктайлы, мээрим төгөлү. Анткени, жашоо өтө кыска жана кырсык айттырбай келет…..

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️