……. 9-БӨЛҮМ…….
Эки кудагыйлар тамактанышып кенен сүйлөшүп алып эс алганы жатышты…Нестандын даарылануусу бүтүп чыгып келди…Кыргызстангада кетүүчү мезгил келди..
—Кызым кандайсың?Акыбалың жакшыбы?Бешик бооң бек болсун деди кайненеси…
—-Рахмат апа…Баары жакшы..Менин эмес сиздин бешик бооңуз бек болсун..Мен багып эле берем бала сиздики апа..Орун басар.
—Айланаайын береке тапкыр рахмат ушул сөзүңө..Бирок балага эне керек..Мен куруйун ичеер суум аз калды..Бала эр жеткиче мен өлүп каламго…
—-Апа антпеңизчи,сиз көөп жашайсыз..Балаңызды үйлөнтүп чөбөрө көрөсүз..Ренаттын калган өмүрүн сизге берген болсо экен.
Аларды карап турган Ширин кызын тымызын кызганып кетти….
Аеропортко барышып мекенге кайтып келишти…Бирок бир жылда эки жолу келип даарыланып кетүүсү шарт болду…
Жолдон Нестан менен Ширин тартыша кетти…
—Биздин үйгө барабыз..Раяна чай даярдап тамак жасап койгон..Баскыла…
—Жок мама биздикине барабыз..Силерди коноктойбуз..
—Ай кокуй ай өзүң ооруп жатсаң,кантип кыймылдайсың?Өзүңдү ойлосоң боло.
—-Апа мен жакшы элемин.Мен үйгө кетем..Апам жалгыз калбайбы?
—-Кызым мамаңдын айтканын ук.Мен жалгыз өлмөк белем…Тынып алсаңчы?
—-Төрөгөнүмө эки ай болду..Тыныгам үйгө кетем деп көгөрүп туруп алды..Ширин оюнда муну кайненеси окутуп алган менден артык көрүп калыптыр деп ойлоп жиберди…
Бирок,чындыгында бул өтүп кеткен баласынын атасына деген сүйүү урматы экенин кайдан билсин..
Жолдогу базарга кирип майда-чүйдө алып үйгө барып дасторкон жазды.
Тууган урук чогулуп кичинекей эле чакыруу жеентеке айланып кетти.
Күндөр өтүп Элес чоңоюп баштады.
Турса басса кубанып карашат.Бул үйдүн шамын жаккан ушул Элес болуп жатпайбы…Элес беш айлык болгондо Медколеджке мугалим болуп орношту…Ишин так алып барган ишкер.Бат эле урмат- сыйга татып кадырлуу мугалимге айланды.
Ары ойлонуп бери ойлонуп келини Нестанды чындап аяп кетти.
Кой мунусунда эбин таап кетирейин
Иштепда калды,оокатын кылып кетет кийин Элес чоңойсо ата-журтун таап келет..Мендей кемпир үчүн жаш кыздын жаштыгы жанчылбасын деп чечти…Нестан келгенде эле жасалма куйчуке кыйалын карматып баштады.
—-Ай Нестан кайда жүрөсүң?Балам барда дебейсиң…Мен сага даяр малаймынбы я.Каарыганда кул кылып кыйнадың..Андан көрө жалгыз башымды эптеп жатсам жакшы болбойт беле..Жумушуң менен башым оорубайт.Баланы өзүң кара уктуңбу…Мага илимпоз болуп кетсеңда..Врачмын деп алып сабак берип жүрөт я аллла түшүнбөйсүң азыр…
Мунун баарын эшиктин оозунда угуп олтурган Нестан таарынганда жок..Чууркап келип апасын кучактап ———Апа сизге бүгүн эмне болгон?Элес кыйнадыбы?Чоп эттире өөп апа сиз кыйналбаңыз жакында мен жардамчы алайын Элести карашат тамак жасайт..Эми айтпаңыз антип эчкачан жалгыз калтырбайм сизди…
Апасы ичинен тилип туз сепкендей ачышып айткан сөзүнө өкүнүп турду.
.——Карачы үйдү я Келинди келген жылы эмес,келдирге сына дейт ошол туура экен..Чайылып шахмарыбыз чыгып кеттиго я..Жыйнап чык үйдү…Бул сөздөр менен Нестандын көңүлүн оорутуп кетирейин деп жаткан..Бирок Нестан бирда таарынбай айтканынын баарын кылып чыгат.Үйдү зимилдетип салды.Тамак жасап тынымы жок…Күндөн күнгө кайненесинин кыялы бузулуп Нестанды ачык айдап баштады.
Жалтактап бугада маакул..
—Балаңды алып кет..Мага жалгыздык керек..Сен куусуң ээ?Көчүп кетсем байлыктын баарын алдырам деп жатасыңбы я?Акыркы күндөрү сени жек көрүп баштадым баламдын байлыгына карагансың сен..Өлгөндө жакшынакай эле жүрүп кийин боюмда бар дейсиң..Балким айдалып кетпесин деп энеңдин кылганыбы я?Алпарып боозутуп келдиби сени??
—-Эмне деп жатасыз апа..Ата-энеме сөз тийгизбеңизчи суранам..Сизге айткан эмес элем Мамам Элестин төрөлүшүнө каршы болгон..Келечегиңди байлайт деген.Байлыктын мага кереги жок апа..Куусаңызда кетпейм.Акым жок кетүүгө..Күнүңүз кулуңуз болоюн айдабаңызчы..Бала Рикиден..Арбагы урсун Рикинин баласы…
—-Иттида айдаса кетет экен.Ушул кетпес болдуго.Эгер кетпесең баардык нерсени алып алам.Анан кууп чыгам.Жакшылыкча жоголуп кет.
Мындай уруштар күндөн күнгө көбөйө берди..Кемпир кетире албай убара.Жаман сөздөрдү сүйлөгөнү сүйлөп алып бөлмөсүнө кирип алып каттуу ыйлайт..Айда шордуулар анан кантишсин…
Бир күнү Ширин менен Ренатты чакырып сүйлөшүп алышып Нестанга концерт коюшту атайын даярдалган…
Жумуштан келеер менен кайненеси бакырып баштады..
—Мына көрдүңөрбү жумуштан кеч келет.Ушундайлыгынан жесир калдыда.Ушул куу баш келгенден кийин балам өлдү.Каражолтой жоголуп кет.Көргүм келбейт.
Ары жактан Ширин чыкты кызына болушуп.
—Алдыгы жалгыз башыңды үчөө кылып олтурат керек болсо.Ичкен тамагы жок кетпей жүрөт дейсиңби?
Сени кыялбай жатат.Жакшылыкты билбеген акмак ий..
Албетте мунун баары эки тараптын сүйлөшүүсүндө Нестанды кетирүүнүн амалы болчу.Ананчы 21жаштагы кыз өзүн эрте көмгөнүн карап тура алышпады..
Кайненеси бардыда чачынан кармап колуна Элести карматып туруп чыгарып койду..Ата-энесинда кошту.
—-Апа апа дейм ач эшикти.Ачмайынча мен кетпейм.Эшиктин оозунда деле жашай берем..Апа карасаң Элес апалап болбой жатат.Балаңызды карасаңыз..Суранам ачыңызчы эшикти…
—Мынтип тепселеп жатса кантип чыдап жүрөсүң кызым..Бас кеттик жалдыраба.Өзү кууп жатса кетесиңда…Бас дейм..
Апа байкуш кууп чыгып алып эшиктин ары жагында үнсүз бетин тытып ыйлап жатты.Кызындай эле көргөн келинин жалгыз небересин кууп чыгыш оңой эместа…
—Жок мама мен кетпейм.Кетпейм дейм..Болбой эле эки -үч күнгө деп алдап Нестанды алып кетишти..
Бешинчи күн дегенде Нестандын кол телефонуна звонок келип үйгө чакырышты.Кайненеси ооруп жатканын айтты.Элести алып жетип барды.Ошол Нестан кеткенден бери оозуна эчнерсе албаган бейм бозоруп эле жатат..
—-Апа апа жакшысызбы?Эмне болду? Кайненеси тескери бурулуп жатып алды..Келинин кайра келип албасын дегенида..Болбой эле Нестан шорпо бышырып берип кийимдерин которуп,ийне сайып өзүнө келтирип алды..
Баары отурганда Нестан сөз баштады;—‘Апа мени канча куусаңызда кетпейм..Бир убада менен кетем.Билем менда сиз атайын кылып жатканыңызды.
Сизди караганы туугандардан бирөөнү алдыралы,анан Элес жок сиз чыдай албайсыз.Элести сизге багышканы тиги акемдин бир кызын алыңыз ошондо кетем мен..
Муну уккан апа ыйлап жиберди.Айлаанайын кызым,акылдуум,карачачым акылыңа береке..Маакул ошентели.Сендагы бактыңа балта чаап алба деп жатпаймбы…Эртең эле айтып алдыртам..
—Жок апа эртең эмес Рикинин жылдыгын ушул айда берели.Жыйнанып алып анан.Ага чейин мага кыйкырып куубаңыз.Мен өзүм кетем..Баламды берүү канча кыйын болсода берем.Сиздин балаңыз..Апа бирок мен келип турам.Сизге балама келип турам..
Ошентип күйөөсүнүн жылдыгын беришип жыйнаныпта бүтүштү..Кемпирдин иниси кызын бербей баласы менен келинин берди.Байкуш бир тууганыда..Алар келери менен Нестан Элести таштап өз үйүнө кетти…Жума сайын барып турат..Бала караганга акыбалы келбей калган апа акыры Нестанга:—Кызым мен каарыдым..Ал күч жок.Баланы өзүң кара эне мээримин көрүп өссүн..Мага бир жумада бир алып келип турсаң болот деди..
Шаардын ортосундагы баягы Ренаттан калган квартирага көчүп барды.Буга Ширин каттуу таарынды.
—Мама мен эчкимге оорлугумду салгым келбейт..Өзүмчө жашайм деп эле койду..Бара-бара баары түшүнүп жайына койду…
Бир нянка кыз алап алган.Жумушу жакшы..Өз кесиби менен Хирург болбосода ошол кесипке башка окуучуларды даярдайт..
Салия менен Актан Россиядан келишип чооң үй салышып үч баласы менен жашап калышкан..Актан бизнес ачып алган.Эчнерседен кем эмес жашашат…
Нурбек дагы бир балалуу болгон..Салия келгенден кийин эки тарапты жараштырып куда катары катташып калышкан…
Эң башкысы Нестан жумасына эки жолу барып кайненесинин көңүлүн алат барып…
Эхх мындай татаал тагдырдан кийин адамзаты бир эле нерсени үйрөнөт тура…Кадырлашты,Сыйлашты,Урматташты…
Күндө Рикиге куран окуп жатып Нестан сөзүн «Кадырың мага Кымбат»»деген сөз менен аяктайт..
Ким билсин буларды жашоосунда бактылуу кез эми келдиби же дагы сыноолор көппү..Азыркы күндө баары оордуна келип тынчтыкта жашап жаткан убагы…
(АЯГЫ)
Урматту окурманым жакшыбы жаманбы бир чыгарманын аягына чыктык.Колдоо көрсөтүп турганыңызга чооң рахмат…
Айтаарым кадырыбызды кеч болуп кала электе билип сыйлашып жүрөлүчү…Бул каарман балким арабызда окуп олтураттыр бул сыр болсун….