Кадырың кымбат 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8763&preview=true Кызыктуу окуялар.

…..КАДЫРЫҢ КЫМБАТ….

   8-БӨЛҮМ.

Ошол күнү Кытайга баратышып Алайдын бир жерлеринде шопур уктап кетип жолдон чыгып бакка кирип кеткен экен… Достору жетип барып моргго алып киреери менен сүйлөшүп жатышып сойдурбай алып чыгып кетишиптир..Самалётко салып Бишкеке жетишеери ушул болуптур….

—-Кантип,кантиип ушундай болсун?Биз деген жалгыз калбадыкпы?Апам эмне кылат эми?Мен эми кантип жашайм..Турчу тур дейм Ренат турчу чаңырык басып үйдү карап тургандарда ыйлап жиберишти….Нестанды үч аял биригип жөлөп алып киришип алып келген кара көйнөгүн кийгизишти..

Элестетсеңер жумшак,назик балбыраак ак той көйнөгүн кара көрксүз аза көйнөгүнө алмаштыруу кандай азаптуу..

Бир маалда тынчыып олтуруп калды.

Пример HTML-страницы

—Нестан бас бооз үй тигилди ошол жака…

—-Эмне?эмнеге тигилет..Акылынан азгандай баарын унута сүйлөп жатты…Элдер келип кетип жатат Нестан катып эле көзүнөн бир тамчы жаш чыкпай жатты…Чыгып алып эле Ренат кана?Кайда жүрү?Үйгө конок келди айтып койгулачы деп издегени издеген…Ширин Ренатда жетип келишти…Бир ай мурун күйөө баласына кошуп үйдөн ушундай бактылуу жүз менен узатышты эле бир ай өтүп мынтип жаназага келип отурушат эми…

Арман дүнүйө,азап дүнүйө,жалган дүнүйө,алсыз,арсыз дүнүйө сүйүүдөн бакыт тапкан эки жаш жубайды көрө албады…Кандай өкүнүчтүү…

Нестанды таппай калышты..Ызы-чууда кайда кеткенин байкабай калышты..Издеп жүрүштү жок…

Кайненеси болсо бозорууп эле кошок айтып отурат..

—Ажал анча ачууусуууң иий

Жалгызымдан айрыдыың ой.

Керек болсо сага жаан ий

Мени эмес аны неге тандадыың ий.

Жүрөк чыгып канжалаайт иий

Балам эми кайрылбаайт иий.

Жесир аял,энениин иий

Эми кабагы ачылбааайт оой..

Жалгызымдан айрыгаан

Ажал сени жек көрдүүм ииийй…

 

Бул кошок жаны күйүткө чыдабай чыгып жаткан…Нестан менен деле иши жок.Баласынын жансыз денесин кучактап алып сыздаганы сыздаган..Бир маалда экинчи этаждан музыка жаңырды..

Нестан-Дарежанды созуп жаткан.

Чууркап киришсе Нестан ак көйнөгүн кийип алып ушул ырга бийлеп ыйлап жатыптыр..

Муну көргөн бирөө тим кой дегендей кылды…Көзүнөн жаш чыкпай катып калса жинди болуп калышы мүмкүн азыр Ренаттын өлгөнүн мойундап ыйлап алганы дурустур..

Ширин кирип кызын кучактап кайрат көрсөтүп жатты..Кантсин анан ар ким өзүнүкүнө күйөтда.Уктап калды Нестан.Эс алсын деп чыгып кетти.

Терезеден чыккан түтүнгө атып киришти..Нестан жиндидей көйнөктү кырккылаптырда өрттөп жатыптыр..

—Жолобо жолобо дейм.Жогол..

Нестан өрттөнүп жаткан көйнөктү терезеден ыргытты..Балким кеебирөө ойсекелик же текебеерлик деши мүмкүн бул кылыкты..Андай эмес бул деген күйүттөн келип чыккан акылдын азуусу..

Үч күн өттү..Сөөктү чыгарганы жатты..Ыйлап эле олтурду баары.Жаназа окулуп чыгып баратышты..Нестанда ээрчип бир топ барды..Алдын тосуп артка айдашты..Машина тосуп алып жетип барды…Гөргө салып жатканда ошончо адамды түртүп өтүп өзүн гөргө таштап мени кошо көмгүлөчү деп жалбарып жатты.. Тартып чыгарууга аракет кылышат болбойт.Жан биргесин кара жерге ыраа көрбөйт.Чогуу жаткысы келет..

Мындай акыбалды кудай башка салбасын…Атасы Ренат кызын кучактап кошо ыйлап өзүнө тартты.Тарамыштай тырышып алган Нестан бираз жибип атасын кучактап!!;;;;—Ата көрдүңбү?Мени таштап кетип калды..Мени ойлогон жок..Ата балким ал мени тамашалап жатат?Сизда айтсаңыз турсун..Ата..Ата дейм…

—жок кызым сабыр кыл бул ачуу чындык..Баш ийбөөгө арга жок..Арбагын нараазы кылбай апасын кара кызым.Тур турчу..Аста көтөрүп алып чыкты…Үстүнө жаап үйгө алып кетти…Муну карап турган Ренаттын арбагыда зыркырап кетсе керек,Нестандын ушунчалык берилип сүйгөнүнө нараазы болсо керек менимче.Анткени аны деп байкуш кыз азап тартып жаткан..

Үч күндүк,Жети күндүгү жада калса кыркыда өтүп кетти..Үйдө чымындын учканы угулат..Кайненеси экөө бирин-бири карабай чай ичишет.Көздөрүн ала качат..Көздөр карашып кетсе эле ыйлап жиберишет..Аяйт бирин-бири.

Бир күнү олтуруп Нестанга кайненеси кеп баштады..

—Кызым бул буйрук экен.Айлабыз канча кантмек элек…Сен али жашсың..Келечегиң алдыда..Кудагыйлар келсе кошулуп кет.Мен сени айдаган жокмун,бактыңды байлабайын деп жатам..Бул жыйнаган оокаты сага..Мен Гөргө алып кетмек белем.

Ушул баламдан туяк калса болбойт беле я деп эле шолоктоп кетти..

—Кайненесин кучактап сооротуп жатты..Апа мен кетпейм..мен кетсем сизди ким карайт..Рики кетип баратып апамды жакшы кара деген..Анын акыркы сөзүн четке какпайм апа…Кетпейм..Айдабаңызчы.Менин бактым ушул үйдө..кетпейм деп жатты..

Ширин менен Ренат Нестанды алып кетүүгө келишседа кетпей койду..

Айласыз маакул болду..Жылдыгы чыккыча тим коюнуу чечишти.

Нестан күндөн күнгө чөгүп оорлошуп баратты.Кайненесине сүйүктүү тамагын жасап берир чай ичип жатышканда Нестандын көөнү айнып кусуп жиберди.Кайненеси шекшип эле шак туруп больницага алып барды..Сүйүнүчтөрүнө чек жок..2айлык боюнда бар экен көрсө..

Байкуш эне Нестанды сылап сыйпап өөп жиберди..

—Кудайымдан ырайым рахмат уулумду кайтарып берип жатасың..Шүгүр шүгүр рахмат кудайым …Сүйүнчү деп узи тарткан келинге 200$кармата койду…Үйгө келишип Ширин менен Ренатка сүйүнчүлөштү..Чындыгында алар кубанышкан жок.Анткени кызынын атасы жок төрөшүн каалашпады.Нестан жадакалса өз үйүнө барбайт болчу кайненесин жалгыз калтырбайын деп…Чакырсада барбай койду эле айласыз Ренат атасы келип жакын жайгагкан кафеге алып чыкты.Ширин бул баланы төрөбө деп жатты.Жетим болот келечегиңеда тоскоол болот баланы алдыр деп жатышты..Ата-энесинен мындайды күтпөгөн Нестан туруп басып кетип калды..Менин келечегим балам.Мындай аманатты алдырсам Ренаттын арбагы урбайбы мени деп ойлоду…Кайненеси Нестандын көзүн карап сылап сыйпап турат..Рикинин жоктугу эле болбосо булардын жүзүн кайра жылмайуу каптады.

Туугандарына сүйүнчүлөштү..Кайненеси шаардын ортосунан 3бөлмөлүү квартирасын болочок баласына өткөзүп салды.Бул үйүн Нестанга өткөздү..Неберемдин баардык жогу болуш керек неберем эмес балам болот деп сүйүнөт..Бир күнү Нестан апа кыз болсочу деп сурады..

Кыз болбойт мен билем Эркек.Мен сезем кыз болушу мүмкүн эмес орун басаар болгондон кийин эркек деп күйчуңдап жиберди..Рикинин бизнеске киргизге акчаларын достору чогултуп,карыздарын топтоп 2миллиондой акчаны алып келип беришти..Аныда короп кетпесин деп депозит кылып банкка которушту..

Өздөрү болсо ошол Рикиден калган эки чооң груз машинаны арендага берип жан багышат..

Таң каласың кееде..Жакшынын өмүрү кыска деген кеп чын экен..Типтирүү туруп балдарын ачка коюп ичип жүргөндөрдү көрүп жинденесиң,а булчу чыныгы эркек сапатка ээ.Бир ай болсода бир өмүр жете турган мээрим төгүп кетти..Энесинин ыраазычылыгын алып кетти..Кеткенден кийинда үй-бүлөөсү ачка калбагандай камсыз кылып кетти…Албетте азыркы заманда акча менен баары бааланып жатпайбы…

Нестанды кет деген сөзүн койду.

Үйдө ынтымак.Эне кыздай сырдашышат..

—Апа,мен төрөгөндөн кийинчи бала бирге чыкканда жумушка чыгам.Мен врач экенимди унуттуңуз ээ…

Анан менин кызым чооң врач деп мактанасыз.Сизди уят кылбайм.Мактан тутуп жүргөн уулуңуздун уулу чоңойгуча мен сиздин атыңызды чыгарып турам..

Апасы көзүнө жаш алып эле башын ийкеп койду.Бирдеме айткысы келди бирок Нестанды аяды көрүнөт.Унчукпады.

Нестанга дагы операция кылынмак жүрөгүнө бирок кылдырбай күйөөгө тийип кеткен.Балким каттуу ойлонгондон балким чын эле баланын таасириби жүрөгү көп ооручу болду..Ичи чоңойгон сайын коркуп жатышты врачтар…Бассада болбойт деп Больницага жаткызып салышты..Кайненесин жалгыз калды деп убайым тартат..Мындай жар мындай келинди чанда кездештирсе болот чындыгында..

Күндө тамак ташыйт кайненеси.Бул жактан болбойт деп атасы Астанадагы клиникага алпарып салды..Айласыз жети айга өткөндө кесерово жолу менен төрөтүүгө мажбур болушту..Жүрөгү зорго соккон Нестан баласын караганга акыбалы жетпейт.Кайненеси келип небересин алып ошол больницанын жанынан квартирага кирип карап жатты..Байкуш кемпир болсода кыймылы чыйрак…Тамакда алып кирет Нестанга.Күнүнө 3маал кирген кайненесине ыраазы…Ширинда келген..Небересин карашып бир үйдө турушат.Кезектешип Нестанга барышат..

—Кызым рахмат сага.Баламдын тукумун курутпай өз жаныңды тобокелге салып мындай уул таап бердиң..Ыраазымын айланайын деп шырыктап ыйлайт…Ширинда башында чочуганы менен кызынын түзөлгөнүн көрүп сүйүнүп жүрөт..Баласынын атын Элес коюшту….Ренаттан бир элес дегенидирда ким билсин…Эмчек эмбеген эми төрөлгөн баланы багуу аябай эле кыйында..Ширин уйкудан калып кыйналып кетти…

—Ух ий өз жериң болсода билинбейт экен.Бирөөнүн элинде же кенен баса албайсың…Батыраак кетсек болот эле.Нестан качан чыгат ыя?

—Ушул жума чыгат дешкен.Жакшы болуп кетсе болгону…

___Кудагый эми мындан аркысын эмне кылабыз?Нестан баланы чоңойтуп апама берип иштейм дейт..Кетүү оюнда жок окшойт..Сиздида кыйнап койдуго..

—Рахмат ушинтип мени ойлогонуна.Мындай кызды чоңойткон сизге рахмат деп муңая жаш чыгарды..Кудайга шүгүр ушундай кызым туш келиптир жалгызсыратпай келет…Ыраазымын.Нестандын жаштыгын тепселегим келбейт..Жашоонун кызыгын алда көрсүн..Азыр жапжаш..Бала бирге чыкканча жөн коёлу анан бир кеп болоор..Мага окшоп жалгыз балам дебей турмушка чыкканы жакшы..Мынтип мындай күнгө калбасак мындай небереден көөп болмок экен..Айда балам ай эрте кетпедиби..башкага турмушка чыкса сөөгү какшайтко баламдын.Айла канча менда эчкимге ыраа көрбөйм.

—Ооба тагдыр экен көрүп жатат..Анда кетүүгө камыналы Нестан чыкса эле кетебиз 2айдан бери жүрүп бул жакта көнүп баштагандаймын..Жүрүңүз тамак бышты тамактаналы деп турушту..

 

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️