……..КАДЫРЫҢ КЫМБАТ..….
2-БӨЛҮМ.
Ширин айласыз меркеге кетүүсүнө туура келди.Атасы ооруп жаткан…Кеч үйлөнүп кеч балалуу болгондугу үчүн Абай ата 60жаштан өтүп калган кези болчу.Каттуу оорудан кийин Абай көз жумуп кете берди..Канча ыйласада айла жок экен эмне кылсын.Же башка бирда туугандары жок Меркеде.Үй жайларын сатып Бишкеке көчүп келишти.Бишкекте деле эч туугандары жок Шайырдын туулуп өскөн жери болгону…Отузга таяп калган кызына баланы алдыр деп айтпады апасы.Кайра күйөөгө тийбей жүрө берет экен жок дегенде төрөп алсын деп сүйүнүп жүрдү..Күн өткөн сайын Ширин оорлошуп жатты.Ичин сылап —-Кызым экөөбүз сөзсүз бутка турабыз…Атаң жөнүндө сураба бирок…Атаң жакшы адам бирок анын өзүнүн жашоосу бар,эчкачан аны сага ким экенин айтпай өтөм»-деп ичиндеги түйүлдүктүн ким экенин билбеседа кызым дей берчү…Узуун түндөрдө жанды эзген сөздөр үчүн буркурап буркурар ыйлап алат…Ширин ооруп эле ишке анча көңүл бөлө албай жатты…Убактынча жардамчысына баарын таштап үйдө жатып калды..Ошончо эмгекти баалай албай ал жаш бала фирманы тез эле банкрот кылып салды..Бүт акчасын фирмага салган Ширин эчнерсеси жок болуп калды төрт айдын ичинде.Ишенгени баягы акыркы үлгүдөгө Джип машинасы..Сатып оокат кылып турса төрөгөндөн кийин иштеп баштамак..
Машинасын айдап сатууга «Азамат»базарга айдап киргизди..Эки саат олтургандан кийин бир өзү теңдүү эле өзүнө ишенип кадам таштаган бала келе жатты.Машинадан түшүп эле аны карап калды..
—Саламатсызбы?Машине ээси сизби?Таак канча сурап жатасыз?
—Ошол өзү деген Германиядан заказ берилип салондон алып келинген жаңы…Бир жыл ашык өзүм айдадым..Бирда уста көргөн эмес.өз баасынан бир аз түшөм…
—Жүрүңүз айдап көрөлү..Экөө машинаны текшертишип антип мынткиче түш болуп калды.Экөө чогуу тамактанышып Натариуска барып өткөзүп алды.
Үй телефон номерин алып калды машинага шылтоолоп…
—Алоо,Ширин сизби..Айтып койойн деп чалып жаткам машина соонун ыраазымын деп…
—А ооба ошол үчүн коркпой номеримди бердимда..
—Хаа хаа ооба десең..Жолдошуңуздун алдында ыңгайсыз жагдай жаратканым үчүн кечирим сурайм…
-‘—Ий эчнерсе эмес антип коорунган деле жолдошум жок…
—А балачы;-деп оозунан чыгып кеттида кайра өкүнүп сөзүн оңдоп кетти…
—Ал эми өткөн чак,мурунку жашоом.Аны сөз кылгым келбейт..
—Эртең жолугушсак болобу?Машинемди майлап берсемби дейм..
—Жок мен баралбайм.А машина кут кылсын сизге….
Жок дегенине болбой көндүрүп экөө жолугушту..Бир,эки,үч артынан кайталанып баратты жолугушуулар.
Беш айлык боюнда бар келин мынтип кайра сезими жаңыргандай,жашоосуна нур кошулуп баратты…
Акыркы жолугушууларында Ширин Нурбеке бүт өмүр баянын айтып берди…Ренаттыда айтты…
Баарын туура кабыл алган Нурбек Ширинда аяп турду…Ошол күнү досторун чакырып,Үйүдөгүлөргө айтып Ширинге сүйүп,жактырып калганын айтып үйлөнүү сунушун киргизип жатты…
—Ширин мен аялым менен ажырашканыма беш жыл болду..Мурунку жигитин ээрчип кетип калган..Аны жаман дебейм азыр.Мурун ызамдын артынан жек көрүп ар кайсыны айтчымын.Азыр болсо аны сүйүүсү үчүн күрөшкөн адам катары кабыл алып түшүнүп калдым…Кызым бар Салия.Алтыда…Апасы кеткенде эми араң бирге чыккан жаткан.Ошондон бери кызымды өзүм багам…Бала түйшүгү кыйын экенин түшүнөм..Эгер маакул болсоң сенин курсагыңдагы баланы атасыз кылбай мени жашооңо кой бер.Ата оордун басайын,Фамилиямды берейин…
—-Нурбек мындай курмандыктын эмне кереги бар?Мен балама апада,атада боло алам..Эчкимге көз каранды кылгым келбейт..
Мен сүйүү менен баш кошкум келет.
Атасын күтүп жүрөм дагы эле..
—Сен жиндисиңго?Ошондой сөздөрдөн кийин дагыда?Сен өзүңдү сыйлаганды үйрөнбөйсүңбү?
Нурбек жинденип эле машинага Ширинди салып жолдон эки досун алып чаңырганына койбой алакачып кетти….
Нурбектин апасы Шириндин ичин карап эле суроолу Нурбеке тигилди.
Эшиктин артында Майрам менен баласы Нурбектин шыбырашканы угулуп жатты..
—Ай мунуң деген боозуп жүрөтко я?
Дайыма жумуштан бошобойсуң,бул сенин балаң эмес экени анык..Ата-тегин билесиңби?
—Апаа кайдагын айтпаңыз,менин балам сөз бүттү..Ата-тегине келсек Казактын кызы,Кыргыздын жеени..Атасы каза болуп калган апасы ушул жакта турат..Башка туугандары жок…
—Я катыгүүн мындай куубашты кайдан таптың?Башыңды айлантып алганго я бул…Атаң тааныббаган казактан кантип кыз алабыз?
—Апа анда эмне баламды таштайынбы?Дагы Салиядай кылып энесиз өссүнбү?
—Салия энеси менен эле чоңойуп жатат..Мен энесимин сөзүн кара мунун..Тапкандыкы эмес баккандыкы дейт…Экинчи укпайын бул сөзүңдү…
—Тууган энеси менен чоң-энесинин айрымасы бар..Ал сенин неберең.
А Ширинге ак жоолугуңду салып бар кара…
—А мейличи үйлөн деп жүрүп үйлөнтөлбай жүргөндө өзү алып келиптир деп күбүрөнүп кирип жоолук салды..Бул сөздөрдүн баарын уккан Ширин отурбай жатты.
—-бала өзүмдүкү,өзүм үчүн төрөйм..Мен апамды карашым керек ал жалгыз мен күйөөгө тийбейм.
Мен жаш кыз эмесмин мынтип отургузгандай..Чакыргыла Нурбекти..
Нурбек кирди баары чыкты.Ошондо Нурбек Ширинге сөз берип жатты.
—Ширин сен чоочуба сенин балаң эмес дебе..Мен өз мойнума бүт жоопкерчиликти алдым.Сен мага мээримдүү эне сүйүктүү жар болуп бер калганын өзүм кылам..Сенинда мага көңүлүң бар экенин билем..Жөн эле тартынып жатасың..Билип кой бул менин тандоом,каалоом.Эч качан эсиңе салбайм;—деп барып Ширинди астаа кучактады..Ширинда ошончо жылдан бери жөлөнөр таяк издеп келген .Ыйлап эле кучагында кыймылсыз туруп берди…
Экөөнүн тою аябай жакшы өттү..Баары эле ий жакшы болгон тура булар жаш эместа,тез балалуу болушса жакшы деп батааларын берип жатты..Тез эле убакыт чымырап куштай учуп Ширин кыз төрөдү..Кичинекей Наристенин жүзүнөн нур тамгандай ушунчалык сулуу болчү..Кирпиктери төгүлөт,көздөрү бакырак..2,5килограмдык этте ушунчалык сулуулукту көрүп баары таңыркап турду..Жаманы наристе жүрөк дарты менен төрөлдү..Айыкпас дарт…Кыздын атын Нестана койду Нурбек…
Үйдө кубаныч,күлкү шаң.Ушул кичинекей адам баарына кубаныч тартуулап турду..Нурбектин апасыда элжиреп неберем деп жибип турду.Келини менен эбак тил табышып алган..Ширин жалгыз кызынын камын ойлоп бүт жака текшертип көрдү баары эле бир жоопту айтышат.»»Чоңойгондо аягып кетет же айыкпаса чет өлкөдө операция деп…Салиянын сүйүнгөнү ошончо Нестанды колунан түшүрбөйт…Сиңдим деп жаны калбай өпкүлөп ойнотот..Салия Шириндида каттуу жакшы көрүп Мама дечү..Жыл өткөн сайын Нестана көркүнө чыгып баратты,жүрөгү ооруганда берген алсыздыгы жүзүнө назиктикти берип албыртып сулуулугуна сулуулук кошкондой…Майрам кызым эле кызым деп артынан калбайт.Ширин Нестандын артынан эле катар менен бир кыз бир уул төрөдү кайра..
Сыртынан караганда эң мыкты үй-бүлөөгө көз арткандарда аз эмес болчу…Ширин мурунку жашоосун унуткандай бактылуулука сүргүп кетти…
Арадан жылдар өтүп Салия он алты жашка толуп солкулдаган ичке белдүү кызга айланды…
Артынан Нестанда чоңойуп 9 жашка келип калган…Экөө аябаай ынак..
Салия жигит жандап баштады..Актан деген жигит менен каттуу сүйүшүп калып алакачып кетти…
—-Эмне?Энеңдии десе..16жаштагы кыз кантип эрге тийсин ыя?Оштук дейби?Мен кызымды он жылда бир көрөйүн деп багыпмынбы..Бербейм мен деп Нурбек бакырынып жатты..
Салия маакулдугун берип эле самалёт менен учуп кетишкен.
—Ошолордун үйүнө таш бастырып кызымды алып келем деп Ширинди,Майрамды алып кийинки рейс менен эле Ошко учуп келишти.
«Эки тоо көрүшпөйт,эки адам көрүшөт»- деген чынбы ким билсин
такси жалдап берген дарегине барышты…Үйү оштун так ортосунда,үч этаж заңгыраган Хан сарайдай экен..Майрам болсо өзүнчө кибиринеп кыз эмне бараар жери күйөө,мен деле 14жашта тийгем өлгөн жокмун мына.Ушундай жерге калтырабыз биздин теңибиз экен деп жатты…Нурбектида тыйып койду…Ширинда жакшы жер экен бала жакшы болсо калтырабыз деп жатты…Үйүнө киришти..Чакчыңдаган Гуля деген аял тосуп чыкты…
—Келгиле кудалар..Улуу башыңарды кичүү кылып келипсиңер бизден биринчи киргиле…
—Кыз кана..Той дегенди билесиңерби силер?Ала качып малдай кылып..16жаштагы кызды…Кыздыда баланыда алдыма чакыргыла….
Шүмүрөйүп ары жактан Салия менен Актан келди…
Майрам болсо күйөө бала жакшыдай башын жерге салып турат,бирок жоопкерчиликтүү коркпой астыңа келиптир,ушунча болду унчукпа деп деп жатты..
Нурбек сөз баштай электе эле Гуля сөздү оозунан жула качып ий десеңер Кызыңар өз ыхтыяры менен эле келди..Эки жаш каалап турса эмне кыласыңар аралашып..Мунун атасы керек болсо Оштун прокурору,тектүү жербиз..Силердида сураштырдык бизге туура келет экенсиңер деди…
Мындай чакчыңдаган кайненеден Ширин чоочулап калтыргысы келбей турду..Майрам мейли деп жатып ыраазычылык беришип,нике окутушуп мал союлуп тойчик башталып кетти…Гулянын ачуу үнү жаңырып чыкты ;—«Ай атаң келди,ушундай күнү жумушун токтотуп деле койсо болмок.Бар эшикти ачкыла»»буйрук бере сүйлөдү.
Машинадан жадырап жайнап Ренат түшүп келди..Терезеден көз салып турган Ширин шарт тааныдыда буттарын калтырак басып,ууру кылган адамдай киреерге тешик таппай калды…..
Уландысы бар…