……КАДЫРЫҢ КЫМБАТ…..
4-БӨЛҮМ.
Салия менен Актан барып бир аз иштегенден кийин атайын акча кылып алышып эчкимге айтпай башка шаарга кетип калышты..Жашоолоруна бирөөлөрдү аралаштыргысы келбейт,туура кылышты…Нестанды Нурбек өзү Кытайга алып барып операция кылдыртып келди..Бирок бул толук айыктырып кеткен жок.Дагы беш алты жылдан кийин дагы бир операция күтүп жатканын айтышкан.
Нурбек байлыка чиренип кетти.Ою бузулуп ичип баштады.Бир жылда Нурбек башы менен арака кирип кетти..
—Нурбек эмне эле ичесиң?Жакшынакай эле жүрүп.Болду жетишет.Ансызда бир жыл унчукпадым.Ташта аракты.Апам сен үчүн ойлонуп мына ооруп баштады.Башым дебеген апам төшөкө көп жатчу болду.Мени ойлобосоңда апамды ойлосоң боло я.
—Ээ катын оозуң жап..Мага эмне жетишпейт эле тигине заңгыраган үйүм,акча суудай аккан бизнесим сенин бизнесиң,кватираларыбыз турат.Мага эми баары жарашат.Уктуңбу..Ишиң болбосун..
Акыл үйрөтпө.Апам болсо каарылыктан ооруп жатат.Мына шубанын он түрүн илип койдум,беш кило алтын тагып койдум..Ыссык үйдө койдун куйругунан ыссык шорпо ичип олтурат.Эмне жетишпейт?
Бар жат ээ..Салияны сагындым. Кызымды сагындым.Жок дегенде коңгуроо кылып койсо эмне э..
Ушул сенин өтүмүшүң кызымдын бактысына балта чапты.Мен чарчадым..Тынч кой мени деп үйдөн чыгып кетти..
Ширин оюнда айылга барсак тынчып калаар деп Нурбектин атасынан калган Нарындагы заңгыраган үйүнө кетели деп чечти…Ичин эвро кылып бүт шарттарды түзүп ал жактыда жакшы кылып койгон болчу.Майрам апасы менен кеңешип азыркы эки этаж особнягын сатууга коюшту.Нурбекти Майрам көндүрдү.Үйлөрүн сатып 3бөлмөлүү квартира алышып борбордон. квартирант киргизишип өздөрү Нарынга көчүп кетишти…Ширин ишин өзүнүн көп жылдык ишин мыкты билген коллегасына ишенип таштап кетти..Нурбектикики болсо ичип жүрө берип банкрот болойун деп калган болчу…Өзү менен өзүн жаап карыз жок кутулуп кетишкен..
Барыпда жөн отурбай үйдөн ашкан акчага чооң дүкөн ачып ичин товарга толтуруп Майрам менен Ширин иштеп жатышты..Жашоо жакшы эле өткөндөй бирок,Нурбек айылдагы сайынып,дүң тарткан балдар менен бөтөлкөлөш болуп алды.Бир жыл мурун эле өзүнө ишенген зыңкыйган жигит мынтип кызын сагынып эле алкаш кейпин кийип калды..Өмүрүндө аялына кол көтөрбөгөн Нурбек сайынбасада дүң чегип кееде акылынан азгандай каткылыктап күлүп жинди болчу..Түндөрү келип алып үйүндө жаңжал кылып Ширинди сабап чыкчу болду.Башында эчкимге билдирбей таягын жеп чыдаса кийинки күндөрү жаны ооруп кашчу болуп калды..Чыркырап Майрам ортого түшөт аны тоготупта койбойт.
Эмне десе эле бул мурун бузулуп жүргөн,мени уят кылды деп жабышканы жабышкан..Жарым жыл өтпөй эле Майрам кан басымы көтөрүлүп бир күн жатып эле кыштын күнү каза болуп калды..Бооз үй тигилип өлгөн болуп жатса ошол жерде туруп үн чыгарчу жалгыз баласы иттей мас болуп жүрдү..Элдин баары баласы түбунө жетти деген күбүр шыбыр.Майрамдын инилери бооз үйдүн сыртында үн чыгарып турду.Ичинде келиндери олтурат..Ошондо Шириндин ыйлагыны иий жан кейитет..Кеебир тааныбагандары кызы деп ойлоп жатышты..Жай казылып сөөктү алып чыгып кетишти.Нурбектида эптеп жуунтушуп сөөктүн алды жагына көтөртүштү.Ылжып араң бутунда турат.Муну көрүшүп туугандар кейип ыйлап алышты..
Чынында тирүү кезинде кебезден тон кийгизип,алмаздан шуру таксада мынтип өлгөндө топурак сала албай калган баладан эмне пайда?
Жарым жолго жеткенде көтөрмөк түгүл жолго жатып калды..Жаш балдар аны жетелеп барышып үйүнө киргизип кетишти..Тогуз ай ичинде 3жыл колунда калган жашоосун жүрөгүндө көтөрүп баккан баласы энесине топурак салганы алы жетпеди…Чөң үйдүн терезесин жарып качып чыктыда баягы достору менен ичип чегип алды.Эл тарап үйдө Ширин үч бала менен кайгылуу олтурушканда кирип келди.Нестанды жетелеп Ширин бир тарапка качышты эки кичинекейи башка жака качты..Январьдын ортосу чилдеде адам өзү эмес тиштерида тоңуп кала турган суук.
Айылдын башында жашагандыктан эки кичинекейи кошунаныкына киришти..Нурбек Нестан менен Шириндин артынан түшкөндүктөн айылдын аягына качууга туура келди.Же жолдон адаштырайын десе калбайт.Бир караңгы жерге келгенде короого кирип кетишти..Жолдого каар тепселип тизеден эле,адам баспаган бул короодо каар Нестандын ийнинен Шириндин белинен келчү..
—Мама мама мен тоңуп калдым,басалбайм мама..Мен кала берейин байкелерди таап келгичең туруп турам..Мама жүрөгүм деп көзүнөн жаш чыгып кетти.Катып калган быйтыкы колдору кыймылсыз жашын аарчыйын дейт жетпейт.Көз жаш жерге жетпей тоңуп калып жатты..Наку,Нестана чыдачы кызым чыдачы,алтыным аз калды тигине көрдүңбү үйдү ошол жака киребиз..Алсыз оозунун буусу менен Шириндин колун жылытымыш болуп жатты.Кемселчен экөө тең.Куртка кийгенида жетишкен эмес..Азыр Нурбек жетсе чын эле өлтүрүп салмак.Анткени апамды сен өлтүрдүң,кызымды сен бактысыз кылдың деп гүүлөнүп алган…
Наку келчи деп эне байкуш үстүндөгү кемселин чечип кызын ороду..Өзү жука кофтачан калды..
Мен энемди көрбөй калсам сагынам,
Жарым карыш чыккым келбейт жанынан.
Ооо адамзат биз энени сыйлайлы,
Эне ыйык,Эне кымбат баарынан..;-
Эмнегедир бул нерсени жазып жатып өз энеме деген мээримим козголуп ушул ыр сап эсиме түшүп кетти..Нестанды артына мингизип алып,бир колу менен кызын кармап бир колу менен каарды ачып кадам таштап баратты.Ошол турган 500метрдей жерге жетиши азап болду..Айылды анча тааныбагандыктан бул үйдө чал-кемпир эле жашайт экенин билчү эмес.Булардын эшектей болгон үч ити бар болчу.Малы көп болгондуктан кооруйт деп түндө агытып коюшчу..Мына эми жетем дегенде алдынан арылдап үч ит чыга келди..Нестан жүрөгү түшүп чаңырып жатты..Ширин болсо кызын коргойм деп Нестанды алдына ала калып үстүн өзү менен жааап жатып алды.Анан кантсин антпесе кызын ит таламайга алдырып алмак.Кофтасыда жука болгондуктан иттер тиштегенде тиштери Шириндин денесине матырылып кирип жатты..Жардаааам…..жардааам деп кыйкырып жатты.Түн ортосу болгондуктан чал угуп,ойгонуп чыккыча убакыт өтүп кетти..Иттердин таламайында калсада кызын коргоп жатканына ыраазы..Ичинен бүт жашоосу жөнүндө ойлонууга жетишти..Көз алдынан бала чагы,студент кези,энеси,сүйүүсү,балдарын төрөгөндө бакытка батканы,Нурбектин мурунку мээрими,сүйүүсү жана азыркы кылыгы айтор баардык жок тизилип плёнкадай катар менен өтүп жатты.
Азыр бир жеримди үзө тиштесе өлсөм керек деп жатты…Өлсөмда мейли..Мен өлгүчөм бирөө чыгып калып кызымды алып калса экен эээ кудаааай,кудааай,жаратканыым баламды сакта.Жалбарып суранам сактаа…Бул ачуу үн жандын ооруганы кошулганда чыккан үн баардык кошуналарды ойготту…Акыры адам канын даамдап калган иттер тиштеген жерин кой бербей үзүүгө аракет кылып баштаганда үйдүн кожойну чал чыгып калды..Ай Балтек,Актөш күчү күчү..Иттер тиштеген жерин азмаз үзүп алышып чалды көздөй чуркашты.Таяк менен чаап чаап калды чал..
—Ай кудаай ай силер кайдан чыктыңар?Үйдө жок болсом силерди тирүү коймок эмес экен.Эртең буларды аттырам адам жегичтер атаң оозурайын деп Ширин менен Нестанды үйгө алып кирди..Баягы белден келген аппак каар бир топ жери кыпкызылга бойолгон,жада калса кан бир метрдей каарга сиңип түбүнө жетип кеткен.Караңгы болгонуна дагы жакшы Нестан көрбөй калды..Жарадан кан шаркырап жатсада эшиктин оозуна киргенде илинип турган куртканы үстүнө жаба койду..Канды Нестанды көрүп чоочубасын деп..Светти жандырып эле кемпирда туруп ай кокууй ай канча айтам я сага бул иттерди жогот деп карачы бул байкуштарды эмне кылган.Бир күнү сенида жейт булар адам канынын даамын сезип калышты..
—Ай ммакул кызды кара иттерди болсо эртең аттырам..Нестанга арак сыйпап денесине ыссыкты түшүрөт деп чай берди эле мемиреп ыссык үйдө уйкуга кетти…
Анаан барып Ширин кийимдерин чечип чалданда уялбады карады эле бир бүтүн жери жок бүүт тиштин ийзи.Жамбаш жагынан бир,балтырын бир колун бир тиштеп үзүп алышкан..Муну көргөн кемпирда ыйлап жиберди..Бир бөтөлкө аракты денесин куюп жиберди.Бакырсам Нестан ойгонот деп жаздыкты тиштеп ошого бакырып алды.Тумчуккан үндө бүт денеси куйкаланынып жаткандын белгиси болчу..Кан баарыбир токтобой чал эски кийизди өрттөп жаратка басты эле кан басылып калды..Больницага алып барайын десе түндө машина кайдан тапмак?
Айла жок таңды күтүп жатышты.
—Айтчы я кимсиң сен?
—Мен тиги айылдын башындагы Нурбектин келинчегимин..Бир аз мас кызды коркпосун дееп барып ыйлап жиберди.Ансызда мунун кылыгын билишкен чал-кемпир Нурбекти каргап жатышты…
Иттин үргөнүнөн Нурбек ушул жактаго деп көчөнү айланып чалдын үйүнө келди..Дарбазаны талкалачудай какты эле чал чыгып Нурбекти таанып колундагы союл менен башына бир салды..
—Омей ата эмне кылдым?
—Атаңдын башы кылдың,акмак.Энең кече өлсө аялыңды бүгүн түндөтүп кууп жүргөнүң эмнеси ыя?Итке жем болду катының…
Энеңдин арбагы урса экен сени.
Уяты жок акмак деп союл менен сабап салды..
Нурбек туруп кетип калды..
Уландысын бар: