КАДЫРЫҢ КЫМБАТ….
…….3-БӨЛҮМ…….
Балким,ошол убакта Нурбек келип Шириндин колунан аста тартпаганда Ширин ошол жерде катып калмак жүрөгү токтоп…
—-Ширин бас,куда келиптир бираз олтуруп кетели..Же базарга барып аз болсода төшөк,шейшептерин алып келип берсекпи..Уххх кызым жаш тийип жатат.Ичимдин ачышканын айт…Айла жок бирөө үчүн багат экенсиңда кызды….Нурбек күңкүлдөп жатты.Анын сөздөрүн уксада меесине кирбей жатты..
—Ээ кудаай ушунчада жер тарбы?
Бул менен кудай эмнени аныктагың келип жатат?Тогуз жыл өттү,баары унутулуп эми жашап баштаганда кайра башынан башташ керекпи?—деп ичинен ойлонуп жиберди…
—-Ширин жааным дейм..!Угуп жатасыңбы?Ий сенда Салияга аябай кабатырсыңго э?Сага рахмат ушунча энелик мээримиңди аябай өз кызыңдай көргөнүң үчүн….
—Аа Нурбек бул менин милдетимда.Нестанды деле сен бир жолуда башкасың дебей келесиңго…
—-Чүүүш Шириним ал меники,уктуңбу жалгыз меники…
—Нурбек кызыбыз жаш ойлондум.Бербей эле коёлукчу..Азырда кеч эмес алып кетелик…
—Ай ай могуну.Сен артистсиң э тооба.Жанале жанды койбой мени көндүрүп алып эми өзүң айныдыңбы.Кызыңды кыйбайсыңда эээ…Кой кайдагын айтпай…Бас чыктык уят кудаларга..
—Нурбек мен барбайм.Чыкпайм.Кетеличи…Салияныда бербейбиз..Бас…
Ары жактан олдоксон кыймыл менен шалпактап Гуля кирип келди..
—Ай апееей бунуңар эмне ыя.Тиги кудаңар келди кулдугу бар экен.Жүргүлө чайга,этта бышты..
Бас..бас ай…
Шириндин каршылыгына карабай Нурбек колунан жетелеп эле чыкты…
Астынан кычыраган кастюм-шым кийген Ренат чыкты..
—Оооо куда,кулдугум бар деп кучак жая кучакташканда артында жерди карап турган Ширинди көрүп тилин жутуп алгандай калган сөздөрү чыкпай калды..Баягы эле аялы Гулядан коркуп унчукпай эле Ширинге карап Саламатсызбы деп койду..Башын ийкемиш болгон Ширин Салиянын бөлмөсүнө кирип кетти…
——Салия Салия дейм..Сен калбайсың..Отургузбай турган болдук жашсың….
—Маам эмне деп жатасың?Всё нике кыйылбадыбы…
Калам мен калаам..
—Салия сен жашсың,баары алдыда.Жашоодо адашып калышыңдан корком…
—-Мама сен адашкандайбы?Түндө баары уктаганда ваннага кирип ыйлайсыңго..Демек атама тийгениңе өкүнөсүң сүйгөн адамың башкада туурабы?Мен чоңойгондо түшүнүп жатам баарын..Ошол адашасыз Маам мен Актанды сүйөм.Жашап кетишиме көзүм жетет…Кетпейм..
Шылк этип эле Ширин жерге отура калды.Мариям ары жактан келип Ширин сага эмне болду? Уят кой антпе деп жатты..Ким билсин бул деген чооң махабаты,тун кызынын атасы экенин….
Баары столго жайгашышты…Гуля шакылдап болоор болбос кепти сүйлөп олтурат….
Кеч болуп кала электе Нурбеке айтууну чечти.
—Нурбек бассаң,сөз бар эле..
Экөө аркы бөлмөгө чыкты..Ширин сөзүн баштай электе эле артынан Ренат кирип келди..
—Бул магада тиешелүү болгондуктан менда угушум керек,менинда сөздөрүм бар деди Ренат..
Эшикти ичинен жаап алгандыктан Гуля кире албай,таманы күйгөн немедей эмне сөз экенин уккусу келип стаканды алып тамга кадап угуп жатты.Ары жакта отурган Майрам баарын көрүп турсада айласыз олтуруп калды…
—Нурбек Ренат мен азыр болгонун болгондой айтам.Чечимди силер чыгаргыла…Нурбек эсиңдеби сен менден биринчи эркегим тууралуу сураганыңды Оштук бала аты Ренат дегем?Мына ошол алдыңда турат..Жер тоголок десе анча көңүл бөлбөпмүн…Мына эми,биз куда боло албайбыз бул деген баарына маалым…Мен Салияны аЛып кетем..
—Эмне?Ширин мага түшүндүрчү.Мен ошондон бери өзүмдү күнөөлү сезип жүрөм…Сени таштадым,абийирин алып деп ушул күнгө чейин өзүмдү жеп келем..Көрсө сенин жолдошуңда жада калса ушул кызыңда бар турбайбы…Сенде адамдык касиет калбаптыр мени алдаганың аз келгенсип,күйөөңдүн көзүнө чөп салып.А мен жинди өзүмдү кыйнап келипмин…
——Адашасың Ренат…..Ушунча болду баары ачык болсун..Мен сени жок дегенде Ширинди алдап таштап кеткениң үчүн бир уруп калуу милдетим болчу.Бирок антпейм сени турмуш ошол калпың үчүн күндө муштай берип айлаң калбаптыр..
Сени аялга көз каранды кылып кудайда жазалаптыр..Анда ук сөздүн ачыгын..
—Нурбек кереги жок….Аны айтпачы..
—-Жок Ширин ушул кунгө чейин жашырып келдиң.Эми уксун..
Ренат сен Ширинди таштап кеткениңде Ширинде адамдарга деген сүйүү,ишеним калбаган экен.Жүрөгү таштан айрымаланбай калган экен..Мен аны жолуктурганда менин издегеним ушул Ширин экенин дароо түшүнгөм..Жүрөгүн ээритиш кандай кыйынга турду билесиңби?Мына тогуз жылдан бери мен ошол менен алекмин.Муз ушунча тереңдеп каптаган экен кандайдыр калдыктары ээрий элеги мага сезилет…Ширинди алганымда беш айлык боюнда бар болчу.Туура ал сенин кызың болчу..Салия болсо менин кызым..Салия өз энесиндей өз сиңдисиндей кабыл алды буларды.Сен өз күнөөңдү Ширинге оодарып жеңилдейм дебе..Мына ушундай эми болсо балаңа айт Салияны кой берсин..Жообунда берсин..
—Ренат Ширинди тешип салчу көз караш менен карап эмнеге?Эмнеге кызым тууралуу айтпадың?Менин акым бар болчу..Туура эми кудалык туүралуу кеп болушу мүмкүн эмес..
—Ха Ренат дөөрүп кетесиң э..Эсиңдеби курсагыңды тойгузган менен жата бересиңби дегениң.Намысың азмаз болсо издебе дегениң..Мына сенин каалооң бул..
Кеттик Нурбек…..
—Мен кызымды көргүм келет..
—Түшүңдө көрөсүң эми..Ал деген Нурбектин кызы,фамилиясыда Нурбектики..Кыздын психикасын бузба.Жашообузда пайда болбо уктуңбу?
Башын шалкыйткан Ренат кыңк эте албай турду..Баарын уккан Гүля ошончо элдин алдында аңкылдап чыкты…
—-Ай бетимдин беш теерисида чыдабайт бул шермендечилике…Келинимдин энеси аягы суюктардан экен..Ар бир экинчи үйдө жашаган ойношу окшоойтт…Менин эримден тууган болчу экен.Шерменде ийй бетииим деп жатты…Майрамда баарын түшүнгөндөй башын жерге салды…
Салия менен Актанды чакырып түшүндүрүүгө аракет кылышты бирок жаштар эч түшүнгүсү келбеди.Күч менен Салияны алып чыгышып жөнөп кетишти..Салия ичинен Ширинди жек көрүп турду.Сүйгөнү экөөнү ажыраштырганы үчүн ызасы ичине батпай жатты…Үн сөз жок үйгө жетишти…Салия ичпей жебей бөлмөсунөн чыкпай калды..Арыктап эле баратты..Окууга өткөзөлү деседа болбой койду..Ширин адвокаттардын канторасын ачып кайра ишке киришкен болчу..
Арадан үч-төрт күн өтпөй Ренаттын 18жаштагы баласы үйгө келип алды.
—-Ата-апа мен аялыма жооп берген эмесмин..Айткылачы силердин катаңар үчүн биз күнөөлүү эмеспизда туурабы…Мен Салия үчүн баарын кечип чыктым.Суранам Салияны мага бергиле…Мен ансыз жашай албайм…Анын ичинде менин бир бөлүгүм жашайт…Атасыз калтырбагыла…
Муну уккан Нурбек чаңкасынан кетти…Эмне дейт?Эй акмак кыз эмне боозуп алдың беле??Тууй ата..Алдырасың уктуңбу?Чет өлкөгө окуганы кетесиң деп Актанды үйдөн кууп чыкты…
Салияны түнү менен өзүнө бирнерсе кылып албасын деп жанынан жылбай жатыш..Баарыбир таңга маал баары уктап калганда Салия чыгып туруп жипти байлап туруп асынып алды…Карабай байлап алгангабы баягы байлаган жыгачы Салия өзүнөн кетип баратканда сынып Салия жерге гүүппп түштү.Каттуу дабыштан баары ойгонуп эшике чуркашты.Жерде эс учун жоготуп жаткан Салияны көрүшүп эле баары үйүлүп барып калышты…Больницага алпарып догдурлардын жардамы менен Салияны өзүнө келтиришти..Актанда келген.Ошол күнү Актан кетпей үйлөрүнүн түбүндө отургучта түнөп калган болчу.Бааына күбөө болуп артынан келгени ошол.
——Ата силер деле сүйүүнү башыңардан өткөргөнсүңөрда.Бизди түшүнүп койгулачы..Салияны мунусунда алып калдык кийинкисинда кечигип калышыбыз мүмкүн.Бизге уруксат бергиле.Биз башка жака кетип калалы..Эгер Салия өлсө менда өлөм.Экөөбүздүн өлүмүбүз силердин мойнуңарга илинип өмүр бою кыйналасыңар..Суранам деп жаш болсода жүрөкө жетчү сөздөрдү айтты..Шириндин каршылыгына карабай Нурбек кызына доверенность жазып берип Екатенбургка досунун жанына салып жиберди экөөнү..
Баары тынчып таарынычтар жазылып жашоо уланып баштаганда Гуля баласын издеп келди..
—Өлүгүңдү көрөйүн айбандар десе кызыда шумдук экен баламдын башын айлантып күч күйөө кылганын кара..Кана балам?
—Ширин чыгып бул нерсени экөөбүзгө койбой жаштар өзү чечип Россияга кетип калышты.Мурункуну унутуп жөн койсок балдардан айрылбайт элек.Мына бизден акылдуу экен кетип калды.Эч нерсе кыла албайбыз..
—Куурган куу жетим,тексиз ит десе сенин тарбияңда.Ий Ренаттан өч алганыңбы.Ар кимдин эри менен жүрүп тапкан кызың ушулбу деп ары жакта ойноп жаткан Нестанды колу менен кезеп жатты..
—Сенин ишиң эмне?Ээриң болсо эмне кылайын ал сеники болсо сүйүүсү,жүрөгү меники болгон..Ичиң күйсө туз жала.Жоголуп кет бар..
—Мунун сүйлөгөнүн ыя.Мен сага көрсөтөм деп Шириндин чачына жармашты..Экөө мушташып жатты..Арык болсода тарамыш Ширин Гуляны сабап салды.Майрам чыгып калып экөөнү токтотуп Гуляны сыртка түртүп жатты.Таяк жегенине арданган Гуля бошонуп ары жактагы Нестанга чууркап барып Аррам десе.Өлүп кеткир деп Нестанды буту менен тееп салды..Өзү жүрөгү тубаса оору болгон Нестан шак эле өзүнөн кетти.Коркуп кеткен Гуля бурулуп качып кетти.Ширин кызына чуркап барып даарысын оозуна даасырысын куюп жардам берүүгө аракет кылып жатты..Келинине көңүлү бузулган Майрам жинденип турду..Өздөрүнүн Врачын чакырышты..Каттуу сокку алган Нестан батбаттан өзүнөн кетчү болуп калды.Кичинекей болсода баарын түшүнгөн Нестан ичинен эзилип жүрдү.Балада атам башка болсо мени таштап салышабы деп ичинен бушайман.Психика жактанда жабыркап Нестанды оорусу күчөп баратты.Ширин чындап Гуля менен Ренатка өчөшүп калды.
Уландысы бар…