Пример HTML-страницы

Күтүсүз бурулуш 12-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүсүз бурулуш 12-бөлүм

 

«Наливай чайханщик чаю

Вместо крепкого вина

Я вам музыку сыграю

Здесь всем нравится она

На Востоке на Востоке

Что за небо без луны

На Востоке на Востоке

Что за жизнь без чайханы», -деп Ялла тобу ырдап жатты. Будильник учун бул ырды эмнеге тандаганымды билбейм, бирок козум жумулуу бир топко чейин бала кездеги Самаркандга саякатыбызды эстеп жаттым. Озгочо чыгыш архитектурасы, байыркы атмосфера, анан албетте кулинариясына соз жеткис чайханасы мени кызыктырып, озумду кандайдыр бир жомоктун ичинде жургондой сезгем. Ал кезде 5 жашымда болсом керек. Ата-энемди бир маарекеге ардактуу конок катары чакырганда мени да ала барышкан экен.

Жылуу тошок мени кое бергиси келбей жатса да, козумду ушалап турууга аргасыз болдум. Коздорум ачылбай жатып буттарым менен тапочкамды издеп баштадым. Козумду ачып караганда туура эмес кийип алгандыгым учун озумду жемелеп ваннаны коздой жонодум. Аба ырайы кадимкисиндей суук тартып, айлана сарыга боелуп, куз мезгили «мен келдим» деген сындуу суугуна ичиркентет адамды. Эрте менен эч нерсеге табитим тартпаса да, организмди ойготуу учун кофеварканы иштетип коюп, кийимдер турган шкафты ачтым. Бирок кыздарды эрте менен кофе эмес, «бугун эмне кийсем?» деген суроо ойготот болуш керек  Кузгу-кышкы кийимдер турган чемоданды ачып, полкаларга жайгаштурууга кез келсе да, эмнегедир акыркы кундору конулум чаппайт. Жайкы жука свитер менен джинсы шымымды кийип жумушка жонодум. Жумушта албетте классикага басым жасалат, бирок менин утуктогум келбей жатса озумду кыйнамак белем. Аллеяда шашпай кадам таштап ойлуу бара жаттым. Негизи 7де турушум керек болсо, атайын басып баруу учун 6да турам. Кочодо адам аз, кээ бироосу кулагында наушниги менен чуркап бара жаткан, кээ бироосу пародалуу иттерин ээрчитип сейилдеп жургон, ал эми кээ бироосу тиричилик учун магазинин ачып жаткан болот. Жумушка жеткенче баарын ойлоном. Философ болушума деле аз калды окшойт. Же ойлонуу чонойгонумдун белгисиби? Анткени студенттик кезде, окуучулук кезде эрте турмак мындай турсун, аудиторияга уйкусурап кирип барчумун.Эрте менен ойлонуп басууга, ваннага киргенде кузгудон озумду карап копко ойго батып турууга, ойлонуп журууго убактым жок болчу. Ар дайым шайыр, ар дайым суйлоок, ар дайым кулуп жургон адам болчумун. Ангыча ойлорумду телефонума келген билдируунун уну бузду. Шашылыш турдо сумкамды ачып телефонду издей баштадым. Анткени тундо Алмазга билдируу жазып жооп ала албаган болчумун.

 

«Сегодня отправлю футболку» деп жылмайып турган смайлик коюп жонотуптур. Тушунбой калсаныздар менин ага жазган билдируумду жаза кетейин, тагыраак айтканда дал озундой кочуро кетейин:

«Алмаз не наказывай меня так. Очень хочу услышать твой голос, хочу вдыхать твой запах, уткнувшись в твою грудь, хочу смотреть в твои глаза и утонуть в них, хочу ходить в твоей футболке, ощущая твой запах. Я очень хочу чтобы ты был рядом. Не отдаляйся от меня».

Бул создорду чын журоктон айттым. Балким, бир убакта бир адамга ушул создорду айтуу тушумо да кирбесе керек эле. Бирок, айтышым керек болгон создорду айттым окшойт.

«Хорошо. Жду исполнения остальных желаний =)»,-деп жооп жаздым да, бир аз да болсо анын журогундогу музду ээриткениме суйунуп жумушка бардым. Канча кундон бери кабагым туйулуп жургонун байкаган коллегалар бугун да озгорууну байкаган сыяктуу. Туш ооп, саат 2лер чамасы болгондо мага коробка келгенин айтышты. Негизи жумушка клиенттерден, партнерлордон документ посылкасы кундо эле келип тургандыктан эч нерсе оюма келбей столума алып келип ача салдым. Алмаздын футболкасы. .. Аргасыз жылмайып алдым. Мен анын билдируусун тамаша катары гана кабыл алган болчумун. Озумчо жаш баладай кудундап, бат эле жумуштарды бутуруп, бул имараттан качып чыккым келип турду. Алмазга чалсам адатынча албады. Саат деген кызык нерсе.. Куткондо отпой, зарыкканда бат отуп туруп алат. Иш куну бутоору менен шашылыш чуркап жонодум. Алмазга чалам, албаса уйуно барам деп пландадым оз оюмда. Уйго жетип, кийимдеримди алмаштырып жатып Алмазга чалдым. Кайра эле ошол корунуш. Узак убакытка созулган гудок…

-Адара,-дедим аны турткулоп. Телефондун ичине кирип кетчудой болуп отурган экен.

-Мм,-деди конулсуз.

-Алмазга барсамбы?,-дедим.

Башын телефондон которо калып, аландаган козу менен «бул создорду сенден угуп жатамбы» дегендей бир нече секунд карап турду да:

-Уйунобу?,- деди.

Башымды ийкедим.

-Уйундо болбосочу?

-Анан эмне кыл дейсин?,-деп шаабайым сууп кроватька отура кеттим.

-Мен чалып короюн билмексен болуп,-деди ойлоп тапкан идеясына кубанып.

-Макул, бирок албаса керек трубканы.

-Куто тур,-деп телефонду кулагына такады.

 

Ал-акыбал сурашып, бат эле кое салды.

-Эмне деди?,-дедим жанына келе калып.

-Кийин чалайын. Бош эмесмин,-деп айтты.

Эми чын эле маанайым бузула тушту. Телефонун албаса, уйундо болбосо, мен аны кайдан тапмак элем. Кечки тамакка конулсуз отуруп пульт менен каналдарды алмаштырып баштадым.

— Болдучу, бироосуно токтолчу,-деди Адара бир убакта.

Оюмду бузганы учун жактырбай карап алып:

— Алмазга токтолдум го,-дедим. Ал каткырып кулуп баштады. Андан бетер ачууланып:

— Эмнеге кулуп жатасын?,-дедим баса суйлоп.

-Мен каналдардын бирине токтолчу дегем да, сенин оюндун баары Алмаз,-деп андан ары кулуп баштады. Бир аз мурда кашык менен ары-бери кылып отурган тамакты да жебей комнатага кирип кеттим. Ызаланып жаттым. Алмаздын мени ушундай акыбалга салганынабы, Адаранын шылдындаганынабы, айтор 2 алган окуучудай ызаланып, козумдон жаш жаздыгыма тамчылап баштаганда телефонум шынгырады. Конулсуз турдум. Жада калса телефонду карабай коюуну да ойлондум. Бирок караганда коргон козумо ишене албай толкунданып кеттим. Алмаз чалып жаткан экен. Журогумдун сокконун азайтып, унумдун титирегенин сездирбеш учун терен дем алдым да:

-Алло,-дедим.

— Мен келдим,-деди. Коздорумдун кандай жумулуп кеткенин билбейм, мен ото сагынган унду угуу ото бактылуу кылып жатты.

-Каерге?,-дедим тушунбогондой.

-Сага, уйундун жанына. Эч нерсе дебей тура бердим.

-Чыгасынбы?, -деди созун улай.

-Ооба, бир аз куто тур,-деп трубканы кое салдым да эсим оогон адамдай бир топко тура бердим. Кийингим да келген жок, ошол бойдон эшикке далбас урдум.

 

Эки колун шымынын чонтогуно салып артын карап туруптур. Артынан бир нече минут сагынычымды тараткым келгендей карап турдум. Ал мени байкабады окшойт, бир ордунда тура албай адатынча ары-бери болуп жатты. Индия кинолорундагыдай чуркап барып кучактагым келсе да жай басып бардым. Ал да бейтааныш кишидей бурулуп карады. Балдар инициативаны колго албаса жаман экен, же бетинен ооп учурашышымды билбейм, же колумду сунушумду билбейм.

-Салам,-дедим жузуно карай албай.

-Салам,-деди суз гана.

Башымды которуп коздорун карадым. «Чын эле Алмаз озгордубу?» деген ой 1 секундда ичимди ысытып жиберди.

-Алмаз,-дедим козумду албай. Ал да бир нерсе кутуп жаткандай карап тура берди.

-Мен сени сагындым,-дедим болгон кучумду жыйнап. Мен…,-деп андан ары улаганча Алмаз озуно тартып кучактап алды. Ушул бир жумалык сыноо аркылуу кадырымды тушунсун дегенби же чын эле алыс болгусу келгенби, бирок мен чын эле сагынып калыпмын. Убакыт токтоп, экообуз ушул калыпта туболукко калсак ыраазы элем. Качантан бери унутуп калган сигареттин жытын сезгендей болдум. Мени карап бетимден опту да:

-Мен да сагындым,-деди.

-Чынбы?,-дедим козумо бакыттын жашы толо. Башын ийкеди.

-Сен кайрадан баштадынбы сигаретти?,- дедим кабагымды туйо калып.

Башын чайкап кулду да «Башталды» ,-деди.

-Бир аз жакшы кыз болуп бара жаттын эле,-деди кулуп жатып.

-Сурасам жаман кыз боломбу?,-дедим чын эле ачууланып. Бул жаман адаттарынан эми эле кутулбады беле. Дагы баштаган тура деп ызаланып кеттим.

-Алмаз, сен сигарет чекпейм деп соз бербедин беле,-дедим жалооруй.

-Сен жанымда жок болсон мен баягы эле менмин да, карачы я уже бородатый,-деп жылмайды.

-Мен сени капа кылгым келген жок. Мен чын эле кыйналдым, окундум,-деп суйлоп жатканда сууктан ушуп чыкканымды сезгендей кучагына тарта берди да ооп баштады. Каршылык корсоткум келген жок. Мен аны ошончолук сагынып, сигарет жыттанса да, озу айткандай бородатый жузу менин жузумду бир аз оорутуп жатса да каршылык корсоткум келген жок.

-Жаным,-деди бир убакта козумо карап. Бугунку жазгандарын чынбы?,-деди. Козундогу кубанууну коруп турдум. Унсуз-созсуз башымды ийкедим.

— Мен сени суйом,-деди козумо карап. Алмаздан бул созду алгач ирет угуп жаткан сыяктуу уялганымдан коз карашымды ала качтым.

-Сен эс ал, эртен жолугабыз,-деди чачымдан сылап. Дагы башымды ийкедим. Мени бардык нерсеге макул кылчу магия сыяктуу ар бир айткан созуно башымды ийкеп уйго кирдим. Анан дароо компьютерге отуруп форумчу досторумдун конулун жайгарып коюуну чечтим. Кечээ бул убактагы журогумдун койгойу чечилгенине кубанып отурган чагым. Мен Алмазды бактылуу кылгым келет,достор. Мындан кийин ушул сыяктуу койгойлорду, алыстоону, келишпестикти каалабай турам. Мен азыр ото бактылуумун. Сиздерге да ушул сезимдерди каалайм

 

Менин суйуктуу досторум, сырдаштарым, кайгымды болушоор адамдарым, корбосом да коргондой жакын сезгендерим, жакшы создорун аябагандарым, кенешчилерим. .. Жакшы создор учун далай ирет ыраазычылык билдирсем да, дагы бир ирет рахмат айтып отойун. Сиздердин ар бир жазган создорунуздорго жооп бере албасам да ошол учурдагы кубанычымды айтып бере албайм, кадимкисиндей маанайым которулуп, жузумдо жылмаюу пайда болот. Мени кубантып, бактылуу кылып, журогумо жылуулук берип, конулумду коколоткондугунуздор учун рахмат сиздерге. Арманым болсо да, кубанчым болсо да айта берип тажатып алуудан корксом да, кайра эле келип сиздер менен болушом. Бугумду чыгарам жазуу аркылуу. Дем-куч алам сиздердин мага берген колдоонуздардан.

Алмаз экообузго эмне болду билбейм, акыркы учурда кенедей нерсеге таарынышып эле жатабыз. Кечинде бир кечеге барган болчук. Алгачкы жолу кыз-жигит катары Алмаздын тааныштарынын кечесине бардык, тагыраак айтканда бир таанышынын кафесинин ачылышы экен. «Койчу» дегениме болбой жалдырай бергендиги учун макул болдум. Мен негизи копчулукту, тойлорду, кечелерди анча жактыра бербесем да Алмаздын конулун оорутпаш учун ал каалаган койнокту кийип бардым. Алмаз сиздерге айтып откондой ото шайыр адам болгондуктан баары жакшы корушот экен. Ооп, учурашып мени тааныштырып жатты. Ортодо фуршеттер, бокал кармаган сулуу кыздар, аларды жандаган джентельмендери. Озумдун кыргызымдын салтынан айланам, 2-3 жолу тойго барып, ынгайсыз боло калганда бир бурчка барып отура калчымун. Бул жерде отура турчу жер болсочу. Жылмайып суйлоп жаткандардын чын журоктон жылмайып жаткандыгын же калп эле мени сынап жаткандыгын биле албайсын. Стоп! Стоп! Жалан жаман энергия менен суйлоп жатам байкасаныздар. Анткени бул кундордо бардык нерсени жаман кабыл алып, эч нерсени жактырбай жатам (кыздар тушунот  ). Достору менен суйлошуп жаткан Алмаз менин маанайымдын жаман экендигин байкап, жаныма келе калды да колумдан кармап террасага чыктык. Женил койноктон улам ичиркенип чыктым.

-Алмаз кетеличи, мага эч нерсе жакпай турат,-дедим конулсуз.

-Башка учур болсо мен да кетип калмакмын, бугун жакын досумдун бактылуу куну да, бир аз чыдап кой,-деди чачымдан сылап. Унчуга албадым.

-Кафе жактыбы?,-деди созду башкага бурууга аракеттенип. Башымды ийкедим. Башка кун болсо балким конулум куунак болмок, бирок бугун козумо эч нерсе корунбой турду. Алмаз мага жакындай берип:

-Сени оппош учун озумду аран кармап жатам. Ото сулуусун бугун,-деди мойнумдан жыттап.

-Извращенец, -дедим кулуп.

Колумдан жетелеп кайра ичкери кирдик. Негизи кетип калсак деле эч ким байкабаса керек. Ар ким озу менен озу. Алмаздын досу келип:

-Алмаздын айтканындай эле сулуу экенсин,-деди мага бокал сунуп.

Менден мурда Алмаз ала койду бокалды.

-Рахмат,-дедим каалабасам деле калп жылмайып.

Учообуз аркы-беркиден суйлошуп жатканда бир кыз келип Алмазды ооп учурашып жатып:

-Жоголуп кеттин го,-деди. Мени байкабады деле окшойт. Алмаз ынгайсыз абалда туруп калганда досу ал кыз менен тааныштыра кетти:

-Алмаздын суйлошкон кызы,-деп мени корсотуп, анын атын айтты.

-Кубанычтамын, -деп колумду сундум. Ал да баштан аяк сынап карады да колун берди.

-Мен да

 

«Жоголуп кеттин» го дегенине караганда бат-бат жолугуп турчу окшойт деген ой мээмди жеп, суроомо жооп алууну коздодум. Мени жактыра бербеген сары чачтуу кызды коздой барып жанына турдум да:

-Кафе чын эле жакшы курулуптур ээ,-дедим калп жылмайып.

-Аа ооба, мен бул кафени макет кезинен баштап билгендигим учун анча деле тан калган жокмун,-деди конулсуз.

-Тушунуктуу, -дедим оюмда созду кантип уласам,-деп. Коп куттурбой озу соз баштап калды:

-Алмаз менен качантадан бери чогуусунар? -деди менин козумо карап.

-17 жашымдан бери,-дедим аны сынагандай.

-Чынбы?,-деди тан калгандай карап. Ал деген былтыр дайыма эле мени менен чогуу болчу, сени менен качан жолугуп жетишчу?,-деди. Андан кийинкисин эстебейм, ооруп жаткан башыма бироо уруп жибергендей сезилди. Эмне деп жооп беришимди билбей калдым. Ал мага деле маани бербей бизден бир аз ыраакта турган Алмазга кол булгалап:

-Алмаз,-деп анын жанына кетти. Мен артыма бурулуп басып жонодум. Бир жолун таап бул имараттан чыккым келип турду. Келгенден бери кулактын кужурун алып жаткан музыка эми жай музыкага алмашканда аркамдан Алмаздын досу чуркап келип:

-Кайда барасын?,-деди.

-Мен озумду жакшы сезбей турам,капа болбосон кете берейин,-дедим конулсуз.

Ал да тушунгусу келбей:

-Бул вальсты мени менен чогуу бийлебесен уруксат жок,-деди. Айла жок сунуп турган колуна колумду койдум.

-Эмнеге маанайын бузула тушту?,-деди сезгендей.

-Жакшы элемин, башым ооруп эле,-деп козумду ала качтым. Коздорум менен Алмазды издедим, бирок коро албадым.

-Мен билем,-деди баса суйлоп. Сен тиги кыздан кызганып жатат окшойсун. Мен ун катпадым.

-Эми эркекчилик, болуп турат да ар бир эле эркектин жашоосунда, мамилелери туруктуу деле эмес болчу-деп ал созун улап жатты. Ошол созунон кийин тан калып карадым да:

-Кандайча?,-дедим жаман оюмду алыс кубалоого аракет кылып.

-Булардын баары былтыр болчу,-деди актанып. Сени биз былтыр таанычу эмеспиз да.

-Эмне болчу былтыр?,-дедим чын эле ачууланып.

-Сен тушундун,-деди актана албашын сезген сон. Колумду жай бошоттум да эшикти коздой бара жаттым. Эч жетпечудой, узак жолдой сезилип кетти сыртка чыгуу. Алмаздын кыз жандуу экендигин билсем да ичимди кызганыч орттоп баштады. Алмаз кире бериште туруптур. Тиги сары чачтуу кыздын айтып салганын да билет окшойт, куноолуу карады да:

-Уйуно жеткирип коем,-деди.

-Рахмат, мен озум жетип алам,-дедим бейтааныш бироо менен суйлошуп жаткандай. Бурула бергенде аркамдан катуу кучактады:

— Кызгандынбы? ,-деди кулагыма шыбырап. Болгон кучум менен бошонууга аракет кылсам да кучум жетпеди.

-Алардын баары мурда болчу,азыр мен сенден башка эч кимди ойлобойм,-деди Алмаз созун улап. Бурулуп анын коздоруно карадым:

-Эркекчилик болбой калдыбы?,-дедим анын кучактап турган колун туртуп. Мен сенин каалаган нерсенди жасабасам, анда ошол кыздарга бара бер кыйналбай. Эркекчилик да,-дедим какшыктап.

-Кызганчаагым менин, мен жаман адаттарды таштадым го эми. Мындан кийин сени менен гана болот,-деди мага жакындай берип.

-Сен жаман адаттарды таштаганын менен, алар сени таштай албай жатыптыр го. Кордум бугун кызынды. Сени сагынып журот экен.

-Койчу жаным, отконду эстете бербечи,-деп кучактап алды.

-Аны да ушинтип кучактагансын да ээ?,-деп сураганда кызганыч ичимди орттоп жиберди.

-Мен аны кучактаганда сен да башка бироонун кучагында болчусун,-деди баса суйлоп.

-Мен сага окшоп аша чапкан эмесмин,-дедим дагы эле куноолоп.

— Анда эстет, кундо эстет,-деди ачууланып.

Эч нерсе суйлогум келбей калды. Бурулуп такси турган тарапка басып жонодум. Ал да келбеди. Озумду колго ала албагандыгым учун ачууландым. Аны кызгандым. Ичим орттонгончо кызгандым. Кечээтен бери чалып жатат. Бироосуно да жооп бербедим. Грипп болуп, жумушта отурам. Башымдын ооругандыгы грипптен уламбы же аны ойлогондугумданбы, ким билсин…

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE