Озум чалдым достор, кучумду топтоп. Бир топ убакытка чейин гудок барып, анан алды.
-Алло,-дедим унумду окум чыгарууга болгон кучумду жумшап.
………………… . Жымжырттык гана угулуп жатты кулагыма. Анын суйлобогонуно карабай телефонду кантип кармап турганын, билинер билинбес дем алып жатканын, эрдин тиштеп турганын коз алдыма элестеттим. Анын кыял-жоруктары менен бирге адаттарын да жадыбалдай билем да.
-Макул,-дедим созду улай. Суйлогун келбесе суйлобо. Бирок, мен оз созумду айтып жатканда угуп турсан болду. Ушунча убакыт отту. Коп ойлондум. Демейде бироонун созун укпаган жаным, сенин оозундан чыкчу эки ооз созунду куттум. Мен жашоомдо чыныгы суйууну издечу элем, таптым. Бирок, аны жоготууну каалабайм. Сени эмес, сага болгон суйуумду жоготууну каалабайм. Сени менен болом деп канча аракет кылып азап тарткан сайын, суйуум жек корууго айланып кетпесе экен деп чочулайм. Андыктан, сен мендик болбосон да, суйуум аруу бойдон калсын. Сен мени суйсон мындай азапка салмак эмессин,-деп атайын жазып-жаттагандай суйлоп жаттым.
-Мен сени суйом,-деди каргылданган уну менен. Козумдо толуп турган жаш жузумо куюлуп кетти. Андан ары улантууга дараметим жетпей, ыйлаганымды билбесин деп турдум.
-Бирок озун айткандай таанышкандан тартып, бактылуу кунубуз менен таарынышкан кундорду эсептесем, бактылуу кундорубуз аз экен,-деп созду улады. Сенин омурунду бактысыз муноттор менен толуктагым келбейт. Мен да коп ойлондум. Кайрадан чалып кечирим сурап, кайрадан жарашып, кайрадан соз беруудон уялдым. Анткени сага берген убадаларымды аткара албадым. Мени кечир. Омурундун ушунча убагын уурдаганым учун кечир,-деп аран суйлоду.
-Мен тушундум,-деп суйлогончо озумду токтото албай ыйлап жаттым.
-Бир тамчы коз жашына арзыбайм. Мындан ары кыйнагым келбейт сени. Бирок, омур бою сен айткандай журогумдо аруу бойдон каласын. Сен мен учун кол жеткис ыйык адамсын,-деди. Ыйлап жатканын билген сайын , менин коз жашым токтобой жатты.
Журогумду орт каптагандай ичим ысып ызаланып турдум. Башка эч нерсе суйлой албай телефонду очурдум. Озумду кыйнап, ыйлаган сайын башым айланып кетти. Муздак душту ачып, ичиркенгениме карабай тура бердим. Журогумду да дал ушундай муздак сууга тоскондой ушуп жатты, муздап жатты. Душтан чыгып козумдо жаш калбай калгандай терезеге тигили копко отурдум. Мен эч качан тааныбаган ботон адам жашоомо кирип, кетип жатканда жашоомду ала кеткендей болду. Ал экообуз тун жарымда отуруп алып ырдаган «Мечтатели» ырын коюп алып, экообуз жазышкан архивди башынан баштап китеп окугандай окуп баштадым. Акыркы жылы телефондон коп суйлошкон учун жазышпай деле калыппыз. Башындагы жазышуулар, экообуздун пикир келишпестиктер, андан ары суйуубузду арнаган аруу создор… Бир убакта онлайн болду. Дагы эле кургур журок умутун узбой дукулдоп кетти. Окуп жаткан жеримден оюма эч нерсе келбей отуруп калдым.
-Кандай ?,-деп жазды эч нерсе болбогондой.
-Жакшы,-дедим жазышын кутуп эле тургандай.
-Чынбы?
-Мен калп суйлобойм.
-Билем.
-Озун кандайсын?
-Билбейм.
-Бул жактан баштаган мамилебизди бул жактан бутуролу деп чечтинби?
-Андай оюм жок.
-Анда мен ошентип чечтим.
-Сенин чечиминди ар дайым урматтайм.
-Рахмат.
-Бирок, сен менин жашоомдо дайыма болосун. Сенин ал-акыбалынды, кайда жургонунду, ким менен жургонундун баарын билип, кыйын убактарында жардамымды аябайм.
-Рахмат. Бирок, экообуз тен бири-бирибизди мындан ары тааныбасак жакшы болсо керек.
-Мени кечир. Мен сага татыктуу эмесмин.
-Кечирдим.
-Рахмат.
-Сага да рахмат.
Андан ары жазып жатканына карабай очуро салдым. Ушул минуттарда бироо мени орттоп жиберсе бул сезимдерден женилирээк болмок. Физикалык жактан жабыр тартсам, балким мынчалык кыйналмак эмесмин. Бардык дуйномду бироо тартып кеткенсип , томсоруп калаарымды эч качан ойлобосом керек. Орусча «Не связывай с одним человеком все, что у тебя есть в жизни,иначе, потеряв его, потеряешь всё.» ,-деген соз бар эмеспи. Ушул соз жалгыз мага айтылгандай болду окшойт. Жарыгы очурулгон болмомдо канча отурганымды ким билсин, телефондун унунон чоочуп кеттим.
-Алло,
-Кандаай?,-деди Алмаз шандуу ун менен.
-Жакшы,-дедим озумду болушунча колго алып.
-Маанайын жакшыбы?
-Мени паркка алып барчы,-дедим суроосуна жооп бербей туруп.
-Эмне болду? Ностальгиябы? деди менин ойлорумду тушуно бербей.
-Ооба.
-Азыр барам, куто тур,-деди,балалыктын эмес, суйуктуум менен откоргон убактымдын ностальгиясын каалап жатканымды тушунбостон.
Алмазды ал менен барган дээрлик бардык жерге алып бардым. Ал деле тушунуп жетти окшойт. Артымдан ун катпай журо берди. Тун жарымдап калганда келдик уйумо.
-Жакшысынбы? ,-деди эшиктен киргизип жатып.
-Жакшы. Мага тамак жасап бересинби?,- дедим аны тамашалай карап.
-Ушул убакта тамактанасынбы? ,-деди тан калганын жашырбай.
-Бугун орозо башталат да, орозо тутам.
-Ай черт, унутуп деле калыпмын.
-Орозо тутчудай айттын го,-дедим кулуп.
-Тутпайм дечи, эстеп деле койсом сооп болмок,-деди уялгандай.
-Киресинби?, -дедим эшикти жапканга даярданып.
-Албетте да. Ал конуп калган кухняга кирип:
-Эмне жейсин?
-Сен эмне жасап берсен,-дедим эркелегим келип. Мен душка кирем. Капа болбосон,жасай турчу,-дедим жалдырагандай.
-Капа болбой эле жасайм да. Сен эле кааласан мен жасабай коймок белем,-деди кулуп.
Душка кирип кайрадан чубалган ойлор мээмден тунок таба баштады. Алмазды умуттондургум келбейт, бирок, жанымда бир адам болбосо чыга албачудай тунгуюкка тушуп кетуудон корком. Же Кыргызстанга кетип калсамбы?! Ал жакка барсам кайрадан жарам ырбайт. Бул жакта журсом, Алмазды умуттондургондой болом. Эмне кылсам? Кантип жашасам?!!
Ооруганымды угуп, келип калыптыр Кыргызстандан. Мен учун келгенби, башка иштери учун келгенби, айтор ким билсин. Ооруп уйго келгенден 2 кундон кийин эшик каккылады бироо. Оюмда Алмаз го деп ойлодум. Тынбай тамак алып келип, жаш баладай карап, «ооруп калба» деп кам коруп жургон андан башка ким келмек эле менин уйумо чейин. Пижама-майкачан кебетемди Алмаздан башка эч ким коро элек болчу. Акыркы кундору кебетеме деле маани бербей калгам. Тынчтыгымды бузгандыгы учун бир аз кабагым карышып эшикти ачтым. Тушумбу же онумбу ?Анын жалдыраган коздорунон башка эч нерсе корунбой жатты коздорумо. Кубанаарымды же ыйлаарымды билбейм, журогумдун согушу тездегенден тездей берди. 5 секунддай тиктешип турсак да ал убакыттын ичинде коодондогу суроолорду коздор менен сурап салгандай болдум. Ал суйлой бергенде эшикти жаап салып, жерге отура кеттим. Ал кетип калчудай туру жок, кайра-кайра каккылайт.

Ачууга аргасыз болдум. Антпесем капризи ашыккан кошуналар дароо полицияга чалып жиберишмек.
-Кир, дедим конулдонбой.
Ун-созсуз кирип, кире бериште турган креслого отура калды. Мен ордумда тура бердим. Эки колун тынбай кармалап, башын жерге салып отура берди.
-Эмнеге келдин?,-дедим кекете суйлоп тынчтыкты бузуш учун.
-Келгениме 10 кундой болуп калды,-деди башын которбой.
-Анан?
-Кантип жолугушумду билбей жаттым.
Мен да ага карама каршы турган стулга отура кеттим. Кайрадан жымжырттык.
Канча убакыт отконун билбейм, кайрадан эшик каккылады бироо. Эми Алмаз келгенинин айттырбай билдим. Негедир анын келишине кубанып кеттим. Мени бул чечкинсиз, жалан гана кыйноо тартуулаган адамдын туткунунан Алмаз куткарчудай сезилип кетти. Эшикти ачсам, эки колунда пакет,дайымкыдай жылмайып туруптур.
-Кир,дедим кубанганымды билдирип.
-Маанайлар жакшы го,-деп адатынча катуу суйлоп келе жатып креслодо отурган аны коро калып кабагы карыша тушту.
Бирок дароо жагдайды ондой калып:
-Саламатсынарбы ?,-деди.
Ал отурган жерден башын ийкеп тим болду. Анткен менен коздорунон кызганычын корбой коюу мумкун эмес болчу. Унумду ондоп:
-Айтчу нерсен болсо айт, болбосо Алмаз кутуп калат,-дедим.
Ордунан дароо тура калып:
-Башка учурда жолуксак болобу? Мен сага чалам кечинде,-деди.
-Менин бош убактым жок,
-Сураныч,-деди жалооруп.
Жактырбагандай башымды ийкегенде гана,
-Корушкончо, -деп эшикти ачып чыгып кетти.
Алмаз турган жеринде тура берди. Ал учурда анын оюн мен кайдан билмекмин. Колундагы пакетти ала калып:
-Ээээй статуя свободы! Канча турасын дагы?,-дедим.
Эми эле эсине келген адамдай:
-Эмне деди сага?,-деди жактырбаганын жашырбай.
-Дей электе сен келип калдын. Дагы жакшы келип калдын,-дедим жылмайып.
-Адресинди кайдан билет?
Билбейм деген тейде ийин куушурдум.
-Суракка аласынбы мени? Батыраак тамак жейличи,-дедим абалдан чыгуу учун.
Дароо жузуно жылмаюу келе тушту.
-Сен «тамак жейм» деп калгансын го.

Алмаз экообуз тамак жасап, тамак жеп, кино коруп кантип кеч киргенин этибар албай калыппыз. Комедия кинонун таасиринен чыга албай, каармандардын кылыктарын айтып кулуп жатканда телефондун уну бул атмосфераны бузду. Алмаз тигинин чалып жатканын билгендей ону бузула тушту.
-Алло,- дедим унумду ондоп.
-Бошодунбу?
-Жок,-дедим Алмазды карап.
Ал да мени кандай жооп айтаар экен дегендей карап турган экен.
-Качан жолуга аласын?,-деди.
-Бугун эмес.
-Алмаз сеникинде калабы бугун?,-деди жини келгенин билдирип.
-Отчет берууго милдеттуу эмесмин.
-Тушунуктуу, -деди кекете.
-Сени бул суроолор кызыктырбасын мындан кийин,……. деп созумду улаганча телефонду очуруп койду. «Кызганчаактыгын тим эле. Мээримге уйлонуп жатса, мен озумду озум кыйнап ыйлап жургон экенмин корсо, бул мага кайсы бети менен отчет сурап , кайсы ары менен кызганат» ,-деп жиним келип жатты. Тамагымда бир нерсе туруп калгандай кыйналып жаттым негедир.
Ойго батып кеткен экенмин, Алмаз колумду кармады. Аны караганда козум жашка толуп калган болчу.
-Коз жашын эле даяр турат,-деди колумду андан да бекем кысып. Козумдон жаш тамчылап кетти. Алмаз озуно тарта бергенде эч каршылык корсотподум. Тескерисинче анын кучактаганы мага дем куч берип жаткандай колум менен анын колун кантип катуу кысып алганымды сезбей калыпмын. Ушундай абалда канча отурдук билбейм, Алмаз мени карап:
-Кеч болуп кетти, мен кетейин. Алгачкы жолу аны эч жакка кетиргим келбей турду. Демейде мен «кетесинби» демейинче кетпеген Алмаз, бугун кеткиси келип калат.
-Узатып коеюн,-дедим ордумдан туруп.
Экообуз жарыкты да жандырбаганга комната карангыга болонуп турган. Чыгып баратып, адаттагыдай биринчи бетимден ооп, экинчи жолу обоюн дегенде оозума тийип кетти. Байкабастыкпы, атайын кылдыбы, ун-созсуз туруп калдым. Ал эшикти жаап чыгып кетти.
Уландысы бар….