Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш 18-бөлүм (Аягы) 

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш 18-бөлүм

 

Акыркы бөлүм.

 

 

Арадан 6 ай откон менен, мен аябай озгордум. Жашоого коз карашым озгорду. Бактылуу болууну жана бактылуу кылууну уйрондум. Албетте, кээде «сенин тууганын, менин тууганым» , «сеники туура, меники туура» деген талаш-тартыштар болуп, казан-аяк кагышат дениздерчи. Бирок, эн негизгиси жолдошунуздун- жубайыныздын кемчилигин, катачылыгын издебениздер демекчимин. Алмазга «Мен сага ишенем, сен ото ийгиликтуу ишкер болосун» деген сайын мурунку жалкоолуктары азайып, токтолуп бара жатканын байкайм. Маанайы жаман болуп келген куну тынчын албайм. Таарыныша кетсек да башка болмого жатпайм. Кээ бир таарынычтарды унутуп, эч нерсе болбогондой мамиле жасайм. Мен бара бара ичимдеги эгоизмди женип, жалгыз озум учун эмес эки адам учун жашоону уйронуп жатам.

Мен бактылуумун, сиздерге да бакыт каалайм  Айрыкча «балалуу бол» деген тилектер жакты, канчалык ичим ачышса да. Айтор, ошол темада коп ойлончу болдум. Жаш балдарды корсом, озумдун дартым козголот. Эч кимге айта албай ичимден сыгылып, ичимден ойлонуп, анын айынан себепсиз эле Алмазга таарынып алам.

— «Суйуу бутот» дегенге ишенесинби? ,- деп сурайм Алмазга.

— Мен ишенбейм. Бутсо алда качан эле бутмок менин суйуум. Сен мага эмнелерди гана кылбадын,- дейт какшыктап.

— «Суйуу кандайдыр бир убакыттан кийин балдарга отот» дешет го.

— Сен кайрадан теманы балага алып келдинби?,- дейт чын эле ачууланып.

— А сен балалуу болгун келбейби?

— Ал Кудайдын буйругу. Анчалык ойлонбочу. Балалуу дагы, кыздуу дагы болобуз буйруган куну.

Козумдон жашым ага бергенде, кокурогунон колумду алып, аркама бурулуп жата кеттим. Артымдан бекем кучактап, кулагыма шыбырайт: «Бала карап, уйкуну сагынчу кундор да келет. Ага чейин мени эркелете тур». Аргасыз жылмаям.LaraKroff18 Февраль 2016 — 17:17

 

Телегейи тегиз адам болбосо керек бул жашоодо. «Бул кыздын жашоосу жомоктогудай, кинодогудай» дегендерге айтаарым баласыз жашоо жомок эмес экен. Баласыз уй мазар экен. Туптуура 10 кундон кийин тутун булатканыма 1 жылдын жузу болот. «Бобоктуу болом» деген умутту акмалап жашасам да, кээде коп ойлонуп озумду кыйнап коем. Жакында эле баласын дааратканга таштап койгон эне жонундо кабар окуп (чын-тогунун ким билсин), бироого зар дуйно, бироого кор дуйно деп кейип алдым. Албетте, тагдырыма наалат айтып окунбойм. Кудайым ар кимди ар кандай жол менен сынайт тура.

Кыргызстанга барып келдик Алмаздын апасынын жылдыгына. Апасы деген сайын да журогум сыздайт, апам деп айтууга улгурбой калбадымбы. Сиздерге журок ойкогон сырларымды айтып баштадым арба дегенде эле

Ал эми уй булолук жашоом жонундо айта турган болсом, казан-аяк кагышпай койбойт. Ар бир уй булодо койгойлор болуп турат. Уй було болуу ото чон сабырды талап кылаарын жон терим менен сезип отурам. Мен азыркы учурда бир жыл мурунку кыздан алда канча чонойо туштум окшойт. Анткени былтыр ушул убакта «кечкиге эмне тамак жасасам?» деп ойлончу эмесмин, жумуштан келгенде кырын чыгара койнок утуктоп, эртенкиге носкиси барбы деп тун уйкумдан калчу эмесмин, тамактанып буткон сон бироонун артын жыйнап, идиш жуучу эмесмин, бироо менен конфликт пайда болуп калса «сеники туура» деп айтчу эмесмин, эн негизгиси кундо эрте менен бактылуу ойгончу эмесмин  Айтаарым уй було- бактылуу болуу гана эмес, бактылуу кылуу дагы экен/ Ушинтип бир жылдык тажрыйбам менен чон энедей акыл айтып калайын 

Бактылуу болуу учун тынымсыз курошуу керек экен. Дегеним бактылуу турмуш учун сабырдуулук, сабырдуулук жана сабырдуулук абзел. Коп кыйынчылык отту башымдан. Кайнене- келин арасында тушунбостуктор коп болот деп айтышат негизи. Мен тескерисинче кайненем болгондо, азыркы абалымда болбойт белем деп коп ойлоном. Кыргызда «тууганчылык» деген нерсе бар эмеспи, чоноюп эс тарткандан бери туугандарымдын жакшылыгынан жамандыгын коп кордум. Озумдун сыноом менен алпурушуп, чыдоого аракет кылып жургондо арам создорду айтып, жашоодон бездирген туугандарыма эмне деп жооп берсем? Кантип чыдасам? Жоопсуз суроолор. Абысындарым, алыс тууган кайнежелерим, женелерим айтор «тууган» деген аты бар бардык адамдар менин балалуу боло албаганымды талкуулашып, менин отмушум жонундо соз кылышып, мени журок оору кылганга ант беришкен окшойт. Укпайын десем угулат, маани бербейин десем эн чон жарамды козгоп жатышпайбы. Жалган жерден жалаага кабылуу ото оор нерсе экен. Арам создорго чыдамым жетпей, Алмаз менен коп урушчу болдук. «Сенин туугандарын» деп эч качан айтпайм деген жаным, ичиме батпай кеткенде айтып ыйлап алам. Уй буломо доо кетируудон коркуп жашап келем!Эх жашоо… Турмуш кура элек кезимде коп ойлоноор элем: Эмнеге адам баласы баарыбыз билген шаблон менен жашайбыз? Торолуп балдар бакчасы, мектеп, университет андан кийин жумушка орношуу, турмуш куруу, бала-чакалуу болуу, кайра эле бала чакабыз жогоруда жазылгандарды кайталасын деп картаюу. Бул шаблонго коз каранды болбой жашоо мумкун эмеспи? Менин кыялымда жер кезип дуйно таануу, башка маданияттар менен таанышуу, карьерамды онуктуруп качандыр бир убакта Кыргызстандын онугуусуно салым кошкон саясатчы болуу бар эле. Президенттик шайлоонун алдында саясат жонундо мен да айтып калайын.Айтор, ошол шаблондон алыстап башкача жашагым келчу.

Азыр бала терметип отуруп озумдун тоону томкоруп жиберчудой ойлорума кулкум келип жатат.

Ооба, суйунчу ! Мен кыздуу болдум. 9 ай мурда эле жакшы кабарымды айтып, мени жакшы коргондор менен тен болушкум келген. Бирок, жаман коз, жаман соз деп коюшат экен улууларыбыз. Жада калса ичим чонойгончо туугандарга да айтпай журдук. Айтайын дегеним, ошол турмуш куруу, балалуу болуп, аны тарбиялап чонойтуу аялдык бакыттын дал озу турбайбы. Кыйынчылык менен коштолгон 9 ай жонундо кеп кылбай эле коеюн, эн негизгиси учурда ото бактылуумун. Андыктан бойдокторго кенешим; тез арада уйлонуп, турмушка чыгып, балалуу болунуздар.

 

Аягы……..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE