Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш 17-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш 17-бөлүм

 

 

«Макул» … «Макул» дедим, копко ойлонгон сон. Ал менин ошончо коп адилетсиздигимди кечирип, капаланткандыгыма коз жумуп жатса, мен ага жок дегенде бир шанс берууго милдеттуу болчумун.

-Эмне кубанган жоксунбу?,-дедим таныркап эки ооз суйлой албай турган Алмазды карап.

-Мен… мен..,-деп мени так которуп айлантып баштады.

-Мени жерге кой Алмаз. Башым айланып жатат,- дедим ага кошулуп кулуп жатып.

-Сен куттургон сайын бир кун бир кылымдай сезилип жатты. Кутуудон журогум жарылып кетпесин деп бошой калганда уктаганга аракет кылып журдум.

-Ошончолук куттунбу?,-дедим аргасыз кулуп.

-Куткондо да кандай. Рахмат, мени бактылуу кылгандыгын учун,- деди бооруна бекем кысып.

Ошентип копко турдук окшойт. Ар ким оз ойлору менен алпурушуп жаткандыгын айтпасак да билет элек. Бир учурда Алмаз мени карап:

-Мен анда дароо байкеме чалайын,-деди.

-Мынчалык шашылбачы,- дедим мени менен азыр эле уйлоно калчудай болуп.

-Шашылбачы? Сен тушунбодун окшойт. Мен сени менен дароо уйлоном,- деди таныркай карап.

-Жок аны тушундум. «Дароо чалба»,-дедим. Тан атсын эми ал жакта.

-Макул жаным,-дедим кайра мени озуно тарта берип.

-Дароо дегенде качан? Эртенби?,-дедим унумду жай чыгарып.

-Дароо дегенде сенин ата-энен менин байкелериме уруксат берээр замат.

-Жазды кутолучу.

-Куткум келбей калды. Кутуудон тажадым.

-Аз калды. Ото аз. Менин жакшы коргон мезгилимде болсун бактылуу кунубуз. Оюмда андан ары да кечиктиргим келсе да, Алмаздын каршы чыгаарын билип эле турдум. Толкундануу, кубануу, ошол эле учурда коркуу…

-Сен учун маанилуубу? ,-деди козумо карап. Башымды ийкедим.

-Анда сен каалагандай болсун. 1-март куну.

 

Журогум ордуна батпай согуп, эмне ойлошумду, эмне кылышымды билбей жатам. Биротоло башымды байлап, бир жаздыкка башымды жаздачу адамым менен отот омурум. Коркуп да, тайсалдап да, кубанып да турам… Жалгыздыгымдын акыркы 7-куну…

Бактылуумун. .. Жашоомдо эч качан болуп корбогондой, башкача бактылуу. Сиздер ойлогондой деле даярдык корулгон жок тойго, дегеним 1-март кунун мечитке барып нике кыйдырып, 10 чакты адам менен белгилеп койдук. Болгону башка уйго кочуу учун бир аз убакыт кетти. Чуркачу иштердин кобун Алмаз бутурду. Мен коркуп, ойлонуп эле отурдум 1-мартка чейин 

Азырынча баары ойдогудай.. Жашоо образым 2 кундо эле туп тамыры менен озгоргондой. Мурда озумдун оюмдагыдай жашаган болсом, азыр жанымдагы адамдан сурап иш кылыш керек экендигине коно албай жатам. Албетте жакшы жактары да жок эмес. Мындан кийин жашоомдо эрте менен жузумдон ооп ойготуп, тан эртеден жашоону суйдургон бироо бар.

 

Алмаз 2 кундук иши менен башка шаарга кетти. Ошол иштери бутсо анан чогуу эс алабыз деп пландап жатабыз.

Ванныйда 2 тиш щеткасы, кире бериште эркектин бут кийимдери, полкаларда эркектин кийимдери… Анан албетте эркек парфюму… Башка бироонун уйуно конокко келгенсип коно албай, жада калса уйкудан жаны ойгонгондо «мен каердемин?» деп озумо суроо берип жатам. Бирок, эн кызыгы Алмаз мурункудан да жакын, мурункудан да жакшы сезилип калды. 2 кунго кыйылып атып узаттым. 2 кун мага эч качан мынчалык узун болбойт болуш керек. Ал эми ата-энемдин кубанычында чек жок. Тоюбузду биз эмес эле алар тойлоду окшойт

-Апа, мынчалык кубанаарынарды билсем мурда эле турмушка чыкмакмын,-дедим тамашалап.

-Кубанбай эмне анан? Ичим ачышат дейин десем, ансыз да бизден алыс чонойдун.

-Мени кетире албай тургансыздар го анда,-дедим таарынгандай.

-Кыздын бараар жери да, эртеби-кечпи. Алмазга турмушка чыкканын учун, сени ага аманат кылганым учун кубанып жатам. Сен да аны жакшы кара. Жалкоолонбо, тамак жаса. Кийимдерин утукто.

Апам бир дем менен мага адатынча акыл-насаатын айтып жатат. Жанында болсом, тизесине баш жаздасам, чачымды сыласа гана. Анан ушул создорун айтса, жада калса жемелесе да ыраазы болуп укмакмын.

-Апа, мумкунчулук болоору менен келинизчи бул жакка. Сагындым. Божурап суйлоп жаткан апам токтой калып:

-Мен дагы сагындым алтыным. Тундо тушумо кирсен уктабай чыкчу элем, ачпы-токпу, оорубай сыркабай журобу деп. Алмаз бар эми жанында, ал сени жакшы карайт.

-Ооба, апа ал карап жатат. Бирок сиз да келиниз ээ?,

-Макул буйруса барам. Кыйылып жатып коштоштум.Баш кошуп, бир жаздыкка жаздангандан бери туптуура 2 ай жана 25 кун отту. Кыз кезде уйлонуунун маанилуу экендигин билсем да, мынчалык бактылуу болоорумду ойлобосом керек. Тескерисинче коп учурда: «Бироого баш ийип жашагым келбейт» деп айтчу элем. Мен антип айткан менен табияттын мыйзамына каршы чыгып болобу. Эркек киши аялдын мээримине зар болсо, аял киши жолоноор эркегин издейт тура. Азыр жашоомо, жашоомду шанга бологон жан шеригиме, анан албетте бул бакытты ыраа коргон Жаратканыма ыраазымын. Бирок…. Телегейи тегиз жашоо болбосо керек. Бул жакка да жазып жургондой баласыз калуу коркунучу бар. Анткен менен умуттун шооласы узулбойт экен да. «10 жылдап балалуу боло албагандар бар, бизге эми эле эки жарым ай болбодубу» ,-деп озумду сооротуп коем. Больницадан алган жыйынтыктардын баары конул жылытаарлык эмес. Эч кимге айта албай, ичимден бук болуп кетем. Алмаз бала жонундо соз козгоп калса, ичим тилинип кеткендей болот. «Баласыз уй- мазар» демекчи, качандыр бир кезде алоолонгон сезимдер очуп, суйуубуз сый-урматка алмашканда, азыркы уябыз мазарга айланып кетеби деп корком. Балким, бул жон гана менин жаман оюм… Балким, бактымды жоготуп алуу коркунучу… Жалгыз калганда жаман ойлор келе берет…Тушумдо бир имаратка кирдим. Устумдо ак пальто, конулум негедир куунак. Баспай эле учуп бара жаткандаймын. Бир кыз, бир бала менен аркасын салып суйлошуп турган жигиттин коздорун алаканым менен жаба салдым.

-Сени жытындан тааныйм, — деди тааныш ун. Мен ал ансайын толкунданам. Колумдан аяр кармап мага бурула бергенде коз алдымда Руслан турду. Чоочуп кеттим.

— Алмаз кайда?

Андан аркысын эстей албайм. Онумдо «Алмаз» деп кыйкырган ондоном , коздорумду ачсам Алмаз коздорун ушалап , мени карап туруптур.

— Корктунбу?-деди чачымдан сылап. Унсуз гана башымды ийкедим да аркама бурулуп жата кеттим. Балким Алмазга айтуудан корктум, озумду куноолуу сездим. Бирок тушум учун мен куноолуу эмесмин да.»Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?»,-демекчи жолдошундун сага уйлоноордон мурда корсотпогон кыял-жоруктарын коргон сайын жаман аял болот окшобойбузбу. Алмазды эрте менен ойготуу- озунчо эле азап. Музыка коём, мурдунан чымчыйм, кроваттын устуно чыгып секирем, катуу кыйкырып ырдайм, айтор бардык эле методду колдонуп кордум окшойт. Анан тан эрте туруп даярдаган завтрак муздап калганда, ызаланып жумушка жонойм. Уйдон кээ бир учурларда эрте чыгып алам. Ансыз да таарынчак жаным, акыркы кундору аябай сезимтал болуп калгансыйм. Алмаз телефонду албай койсо деле таарына берем.

Бугун да окшош эле окуя кайталанды. Алмаз ойгонбоду, завтрак муздаган бойдон калды.

-Мындан кийин жалдырасан да завтрак даярдабайм, — деп суйлонуп келдим жумушка. Компьютерди ачып жайгаша бергенде адаттагыдай Алмаздан смс келди: «Завтрак учун рахмат жаным». «Чын эле таарынганымды сезбейби же сезмексен болобу?»,- деп ойлондум. Мен чогуу отуруп тамактануу учун тан эрте турам да. Бул жолкусунда таарынычым ачууга айланды окшойт. Азыркыга чейин жиним таркай элек. «Уйго барганда суйлобой коем»,-деп аттанып отурам жумушта.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE