Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш…16-бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…16-бөлүм

 

 

Кийинип чыктым. Ичимден эми эле таанышкандай толкунданып турсам да, конул кош мамиле жасагандай тур корсотуп:

-Суйлошолу эми,-дедим.

-Бул жерде эмес. Башка жакка барабыз,-деп колумдан жетелеп жоноду.

Ун созсуз жетелешип кете бердик.

-Кардын ачпы?,-деди бир убакта.

Башымды ийкедим. Коп алыс эмес жердеги кичинекей кафеге баш бактык.

Менюну ачып жатып:

-Эмне жейсин?,-деди.

Ийнимди куушурдум. Колундагы менюну мага сунуп жатып жаныбызга келген официантка дубалда илинип турган чон телевизордун унун чонойтуп коюусун отунду. Ага башында маани деле берген эмесмин, орусча создор угулгандыктан телевизорду карай салсам: «Ширинка, выходи за него» деп кезеги менен менин досторум, анын достору, чогуу досторубуз суйлоп жатты. Шок абалда отуруп видеонун канча минут экендигин да сезбей калыпмын:

Официант:

-Сеньора, дегенде карай салсам

-Casarse con el (выходите за него) деп жылмайып туруптур. Ошондо ал кафеде бизден башка эч ким жок экендигин, атайын мурда пландалганын эми сездим. Кызыктай сезим. Кубандымбы же кайгырдымбы билбейм, бирок ушугондой титиреп чыктым. Алмаз колундагы ак розаларды сунуп жатып:

-Выходи за меня,-деп колумдан опту. Озумо келе электе официант атайын даярдалган столго чыкырды. Ал столго кантип жеткенимди билбейм, буттарым мага баш ийбей алсыз болуп калышкандай. Суйлобой отура бердим. Тагыраак айтканда суйлоого дарманым келбей.

-Башында кооптондум, -деп соз баштады Алмаз. Мени чындап суйооруно ишенгим келди. Ишенген сон корктум. «Макул» дебесе эмне кылам деп корктум. Кучумду топтоп, айтууга даярданып жургондо апам отуп кетти. Андан кийин апамдын жылдыгы отсо айтам деп ойлодум. Бирок мындан ары куто алчудай эмесмин. Мен сенин кичиненден бери кыялдангандай, жомоктогудай свадьба откорууну каалачумун. Бирок апамдын жылдыгы отконго чейин жон эле нике кыйдарып чогуу жашаганга макулсунбу? ,-деди созун бутуруп. Дагы деле суйлой алчудай эмесмин.

-Сен ойлон,-деди Алмаз. Мен сени шаштырбайм. Макулмун десен, агамдар ата-энене колунду сурап барышат. Биз Берлиндеги консульствого барып катталып коебуз. Бирок свадьбаны кийин созсуз откоробуз.

 

Бардыгын пландап жургондой суйлоду. Экообуз ун-созсуз тамактандык. Же тамагымдан бир нерсе отсочу. Мен «кечирим сураса керек» деп ойлонуп келбедим беле. Мынчалык тунгуюкка такалып калаарымды этибар албасам керек. Ал деле жарытылуу бир нерсе жеген жок, адатынча бутун титиретип баштайт да, карай салсам токтой калат.

-Билбейм,-дедим созумду топтой албай.

-Эмнени?

-Эмне дешимди билбейм. Булардын баарын мени таарынта электе айтсан баары башкача болмок балким. Же билбейм, таарынтпаганда деле ушундай болмок белем, кутуусуз болгон учун.

-Эмне кыл десен кылам, жазамды тартууга даярмын. Кетирген каталарымды ондойм, унуттурам.

-Кийин аткара албай турган создорду бербе сураныч,-дедим ишенгим келип турса да.

-Аткарам. Анткени мен сенсиз жашай албашымды дагы бир жолу тушундум.

Бир топ жымжырттыктан сон:

-Ойлонушум керек, ата-энеме айтышым керек,-дедим.

-Макул, сен каалаганча кутом.

Кафе уйдон алыс эмес болгондуктан жоо басып келе жаттык. Алмаздын колунда букет.

-А эмнеге ак роза?,-дедим теманы башкага буруу учун.

-Билбейм, курбу кыздарындан сурадым. Колун сураганда ак роза берсе жакшы дешти. Жакпадыбы?,- деди.

-Жакты, жон эле сурадым.

Ийилип бетимден опкондо дароо бурулуп карай калып:

-Оппо,-дедим.

-Эмнеге?

-Сенин баякы кызды опконунду эстетет.

-Койчу жаным, мен коп эле кызды опком да,-деди тамашага салып.

-Сыймыктанып жатасынбы?,- дедим эми чын эле ачууланып.

-Жок. Бирок сенден башка эч кимди суйуп опкон эмесмин. Жон эле болчу бардыгы.

-Оной унутат деп ойлобо.

-Ооба, алар менин акмакчылыным. Бирок соз берем, баарын унуттурам. Сени бактылуу кылам.

Сынай карадым.

-Эмне десем ишенесин? Ошону жасайын,-деди аргасыз адамдай.

-Мындан кийин такыр клубка барбайм,-де дедим тамашалап.

-Макул барбайм,-дей салды ойлонбой туруп.

-Компьютерный оюндарды ойнобойм де,

-Макул.

-Бирок калп эле соз бербе, созундо турасын,-дедим эскертип.

-Калп эмес. Сен жанымда болсон айтканынды кылам.

-Макул ишендим.

-Дагы?,-деди бутургусу келбей.

-Дагы каалап жатасынбы?,- дедим кулуп.

-Эмне каалап жатканымды уксан урушасын,-деди жакындай берип.

Мурдун мурдума тийгизди. Жытын жыттаганда эле баары унутула тушот.

-Анда айтпа,-дедим шыбырап. Кантип козумдун жумулуп кеткенин да байкабай калдым. Букетти жерге кое салып катуу кучактады.

-Сагындынбы? ,-деди чачымдан сылап. Башымды ийкедим.

-Бирок таарынычым кете элек.

-Кетиребиз да анда,-деди мойнумдан жыттап. Журогунун кагышы даана угулуп, бактымдан учуп кетпесем экен турдум. Эрте менен эле «кечиргим келбейт» деген адамды кечирип, жада калса кучагында турганыма озум да ишене албай жаттым.

-Алмаз, кет. Кеч болду.

-Кетирбечи суранам,-деди кое бергиси келбей.

-Кетирем,-дедим колунан озумду бошотуп. Мен эртен жумушума барышым керек.

-Макул,-деди аргасыз жерден букетти алып. Жазамды тартышым керек.

 

Бугун ойгонуп эле апама чалдым. Ал-акыбал сурашып бир топ турган сон:

-Апа,-дедим.

-Оу кызым,

-Бир нерсе айтайын дегем.

-Айта кой.

Мынчалык уялаарымды сезген эмесмин. Аныста да туну менен кызыктай сезимдерге чомулуп, мен турмушка чыкчу жашка келип калдымбы деп толкунданып чыктым.

-Апа… Созду эмнеден баштаарымды билбей жаттым.

-Бир нерсе болдубу, айт эми,-деди апам сарсанаа болгондой.

-Жок баары жакшы денизчи. Алмаз бар го менин досум.

-Ии группалашын ээ?,-деди апам да кошумчалай.

-Колумду сурады.

-Ииий Алмазды оз баламдай кором. Бактылуу эле болсонор болду.

-Апа биз ал жакка барганча уйлонолу дейт. Агалары колумду сураганды барат экен уйго.

-Кызым, чопчон адамсынар. Алмаз жаман болсо бир нерсе демекмин балким. Ойонуп чечесинер да.

«Апам да мени турмушка чыгара албай эле турган экен да»-дедим ичимден телефонду коюп жатып. Баары бир, кундордун биринде турмушка чыгаарымды билсем да мынчалык эрте болот деп ойлобосом керек. Эрте дегеним мен дагы деле озумду чоное элек кичине кыздай сезем. Уй було болуунун жоопкерчилигинен корком. Озумду озум башкарып жургон учун, бир адам менен эркиндигимди болушуудон, айланамдагы уй булолорду карап туруп, суйуунун очуп калуусунан, ажырашуудан корком.

 

Апанын таманы астында бейиш»,-дешет. Апа ардактуу, апа кымбаттуу… Бирок, кыз бала учун атанын дагы орду чон… Ото чон… Анын устуно атам мага кези келгенде досундай, кези келгенде сырдашындай, кези келгенде атадай мамиле жасагандыгы учун, орду демейдегиден да баалуу.

-Апам менен кантип таанышкансыздар? ,-дечумун бала кезде.

-Ал институтту жаны бутуруп, мен иштеген мекемеге келди. Биздики «служебный роман» болгон дечу атам жылмайып.

-Анан дароо эле жактырып калдынызбы?

-Дароо эле жактырдым. Баскан-турганы, озун алып жургону, суйлогону, жылмайганы баары орду менен болчу. «Мен ушул кыз менен чогуу картайгым келет»,-деп айткам ичимден.

-Апам дагы сизди жактырдыбы? ,-деп сурачумун жообун алууга ашыгып.

— Апан мени жаман корчу жаны келгенде. Мен обу жок тийишип, олдоксон суйлосом токтоо кызга кайдан жакмак элем?! Бирок, кээ бир суйуулор ошентип башталат, жаман коруудон,-дечу атам ошол кундорун эскерип. Ошол кезде апам келе калса:

-Сиз эмнеге атамды жаман корчусуз?,-дечумун таарынгандай. Анда апам дагы тамашалай:

-Азыр деле жаман кором,- десе атамдын ордуна мен чычалап калаар элем.

 

Атакем, ардагым, дуйнодогу эн ыйык адамым…

Жаманымды жакшым менен чогуу кабыл алып, мени эч бир шартсыз жакшы коросуз.. Сизге арызданып калганда созсуз жакшы жагын таап, менин конулумду которосуз… Озумду коерго жер таппай кайгырып турсам, менден мээриминизди аябайсыз… Туура эмес иш кылсам, мага ачуулануунун ордуна «мен сен кандай чечим кабыл алсан макулмун» деп айтасыз… Мага ишенесиз… Эч качан «туура эмес кылдын» дебейсиз… Мени досунуздай коруп, сырларынызды болушосуз… Ооруп калсам бардык нерсени жасоого даяр турасыз…

Мен «ата» деген созду сиз деп билдим… Келечектеги жолдошум да «сиздей» болот деп кыялданчумун. Алмаз колумду сурагандан бери, анын сизге окшоштуктарын издедим. Жашоомдогу эн коп ойлонгон учурум ушул болсо керек.

 

Мен сизден бир дагы жаман соз укпай, жаман адатынызды корбой, мээриминизге чомулуп чонойгом.

Менин «жолдошум» боло турчу адам мага сиздей мамиле жасай алабы? Ото сезимтал конулумду оорутпай жанымда боло алабы? Туура эмес иш кылсам, мени урушуунун ордуна, чачымдан сылап «мен жанындамын» дей алабы? Ушугондо мээрими менен жылытып, жакшы созун айта алабы? Кайсы бир кезде жылдар отуп, сулуулугум кетип, «капризная» аялга айланганда да суйо алабы? Тамакты даамдуу жасабаган кундо дагы «эн сонун» деп мактай алабы? Кийимдерин утуктоп, галстугун тагып жумушуна узатсам сиздей болуп кубана алабы? Ар куну кечинде мага жесем-жебесем дагы шоколад алып келе алабы? Капаланып, ыйласам конулумду которо алабы?

 

Кызым, наристем…

 

Ушул убакка чейин айтып келген, айтпай келген создорумду сенин атан катары айтып коюуга милдеттуумун.

 

Бугун болбосо эртен, эртен болбосо андан кийинки кун бироонун булосу болуп, бул жашоодогу аялдык парзынды аткарасын. Тааныш эмес уй булого барасын. Бирок, менин жузумду жер каратпай, тескерисинче сыймыктана турчу келин болооруна чын журогумдон ишенем. Ошентсе да жашсын, бала кыялсын, менин козумдо дагы деле кичинекей наристесин. Кеп-кенешиме муктаж экенинди сезип жатам.

Алгач сага муну айткым келип турат. Ак койногунду жайкалтып, туболукко колунду кармачу адамды коздой бара жатканда, кийип турган ак койногундой аруу жана таза бол. Сага ар дайым жакшы мамиле жасабашы мумкун, кээде капа кылып, кээде тушунбошу да толук ыктымал. Бирок сен аларды конулуно жакын алба, таарынуу менен койгойлор чечилет деп ойлобо. Сен бактысыз болгон сайын аны да бактысыз кыласын. Турмушка чыккандан кийин жашоонун таптакыр башкача экендигин тушуносун. Жакшы, унутулгус жактары болгон сыяктуу кыйынчылыгы да болбой койбойт. Уй було деген пайдубалды тургузаарда анча-мынча эрежелерди эске ала жур. Аны менен сыймыктанаарынды ага бат бат айт. Жолдошун жумуштан келгенде жылмайып тосуп ал. Кээ бир кундору маанайы начар болот, ишинде проблемалары журогун сыгат. Сенин милдетин так ушул жерден башталат. Анын кунду кандай откоргондугун сура, айтып берсе женилдеп калат. Жада калса сенин сурагандыгын учун кубанат. Сенин суйуп жатканынды билген адам, сени да суйот. Милдеттеринди толук аткаруу учун кичинекей кезиндеги эркелик, таарынчактык кыялдарын менен коштош. Жанындагы адамды бактысыз кылууга акын жок, кызым. Эн негизгиси, сен маани бербеген майда нерселер ал учун ото маанилуу болушу мумкун. Ошондуктан анын конулуно карап мамиле жаса. Кээде тажап, баарын таштап кетип калгын келет. Бирок, уй було куруу чыдамкайлыкты талап кылат. Сен канчалык жакшы мамиле кылган сайын ошончолук жакшы мамиле коросун. Айта турчу дагы бир нерсе, баш ийдируу эркектин табиятында бар. Эркек киши башкарат, коргойт, колдойт. Ар дайым аны ук. Ага очошуп бир нерсе жасай турчу болбо. Анткени, очошуу суйууну олтургон себептерден бироосу. Мындан кийин сен озун учун эле эмес, жолдошун, келечектеги балдарын учун жоопкерчилик аласын. Сабырдуу, токтоо, чыдамкай бол. Кыйналганда катымды ачып окуп, создорумду журогуно бекем туй кызым.

Коро албастык, жаман жагын издоо, конул оорутуу… Адамды алагды кылчу ото жакшы хоббилер турса, кээ бир адамдар убактысын ушак айтуу, бироону жамандоо, жаман жагын издоо менен убакыт откоргондугун тушуно албайм. Мен эч кимге эч качан жаман суйлоп, жамандык каалаган эмесмин. Анткени башка бироодон ошондой мамиле корууну каалабайм. Сиздерге да кенешим: «Бироонун жаман жагын издегенче, убактыныздарды пайдалуу нерселерге коротунуздар» .

Мен эч кандай чиновниктин же байдын кызы эмесмин, оз кучум менен окуп оз кучум менен иштеп келе жатам. Ата-энем мага материалдык эмес моралдык жактан колдоо корсотушот

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE