Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш…15-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…15-бөлүм

 

Озум жонундо айтсам, кайгырып-чогуп кеткен жокмун. Мен бул учурга чейин дагы бироолор учун коп коз жашымды токком. Мындан ары эч ким менин коз жашыма татыбаарын билдим. Болгону бир аз убакытка муктажмын, башымдагы чаташкан ойлордун туйунун чечуу учун бир аз убакыт керек

Жумуш жана уй… Озумду алаксытуу учун качантан бери унутта калган тренажерный залга барып баштадым. Кинотеатрда убакыт откормой, магазин кыдырмай, салондордо отурмай… Бирок эмне кылсам да ал боштуктун орду толчудай эмес. Анткени баскан кочолор, кинотеатрдын залдары, магазиндердин примерочныйлары ал жонундогу эскеруулор менен курчалган.

Кечинде да уйго кеч келдим. Уйдо эс алганды жакшы корсом да акыркы убакта жалгыз калгандан коркуп турам. Озум менен озум суйлошуудон качам. Анткени журогум менен акылым жуздошууну каалабайт. Кийимдерди чечпей, жарыкты жандырбай кроватка жата кеттим. Кайрадан ойлор… Эшиктин звоногу жанырганда чоочуп тура калдым.

-Ким болушу мумкун? «Алмазбы? » деп сурайт журогум толкунданып. «Алмаз эмес»,-дейт акылым журогумду аябастан. Экинчи жолу звонок басылганда эшикке жакындап:

-Ким бул?,-дедим. Мага дээрлик эч ким келбейт, келсе да чалып анан келишет. Бирок телефонум жок болгондугу учун кайдан чалмак эле. Телефонумдун сынып калгандыгын унута бере турган болдум. Жанысын да алгым келбей журот.

-Мен,-деди тааныш ун. Ичимдеги сезимдердин бир учурда ойгонуусуна кубо болдум окшойт: сагынуу, жек коруу, таарынуу, кызгануу… Эшикти ачпай туруп:

-Эмнеге келдин?,-дедим.

-Сураныч, суйлошуп алалычы. Эшикти аччы суранам. Ачтым. Коздоруно карагым келбей турду. Ун катпадым. Ичимдеги ойлор сыртка чыккысы келип, айтылгысы келип турса да унчукпадым.

-Сага муну берип коеюн дедим. Карасам телефондун коробкасын сунуп туруптур.

-Албайм. Мага телефондун кереги жок.

-Сураныч, мени кечирбесинди да билип турам, бирок сарсанаа болуп жатам, кайда журот, кантип журот деп.

-Сенин мени ойлгонго убактын барбы?,-дедим жай гана. Ушул создорумдун ичинде ыза да таарынуу да бар эле.

-Сени ойлобогон убактым жок,-деди жооп иретинде.

-А менин сени ойлой турган убактым жок, сураныч кет,-деп эшикти жаба салдым. Очошкондой кайра кайра звонок басыла берди. Ошол учурдагы чечкинсиздигим ай. Эшикти ачпай койдум когоруп. Бир топ убакыт отуп, тынчып калганда эшикти ачсам, телефонду эшиктин тубуно таштап коюптур.

Эрте менен эшиктин алдында бир букет ромашка мени кутуп туруптур. Эмнеге адамдар конулду оорутуу учун 5 минутун коротуп, кайрадан конул алуу учун аракет кыла беришет?! Тушунуксуз. .. Азыр жумушта ойлонуп отурам. Бир тараптан баарын унутуп салгым келет, ал эми бир тараптан кечирууну каалабайм…

 

Алмаздын билдируусу. ..

 

 

Сколько людей — столько мнений,

Но на мгновение закрой глаза и чувствуй…

Только дуновение легкого ветра…

Без голосов подруг

Поговори со своим сердцем начистоту

Сколько раз ты поступала мне наперекор

Сколько раз ты звонила первой после ссор?

Ты скажешь «это вздор», но сколько раз повторно

Ты принимала в спорах явно не мою сторону

Скажи мне, почему: мелочно, но все же

Я часто говорил «люблю» , а ты всего лишь «тоже»

И смысл может тот же, и даже глупо малость

Но было б здорово,

Если б ты опережала меня хоть иногда в проявленьи чувств своих

И забирая тебя, заберет пусть двоих Бог.

На миг даже не позволив пережить мне тебя…

Как всегда… От души

 

 

Бул создор Bahh Tee- Нелюбимый мужчина деген ырынан алыныптыр. Угуп жатып ыйлабай коё албадым.

Руслан экообуздун ортобуздагы мамиле суйуу беле же Алмаз экообуздунбу? Бул суроого озум да так жооп бере албайм. Жооп да издебейм. Бирок ойлонуп отуруп, Алмазга коп туура эмес нерселерди жасаганымды тушундум. Анын ошол жол менен оч алуусу балким туура эмес эле. Бирок «Мен ал учун эмне кылдым?» деп озумо суроо узатканда жарытылуу жооп таба албайм. Мен жалан гана андан талап кылыпмын: конул буруусун, суйуусун, мээримин, мени тынчдандыруусун, мени кызгануусун, мени сагынуусун. Экообуздун мамилебизде менин озумчулдугум жогору турчу экен. Албетте дароо кечирип сала албайм, бирок кечируу учун бир кадам таштагым келди. Ал алып келген телефонго номеримди салып, WhatsApp ка кирдим. Телефонун колдонгонумду билсин деген ойдо…

 

 

Алмаз менен жолуктум.

 

Кечинде жумуштан уйго келсем эшиктин алдында кутуп туруптур. Артынан карап ичимден бир кубанып алган менен жанынан таанымаксан болуп отуп кетууну чечтим. Жанынан ото бергенде колумдан кармай калды:

-Сураныч суйлошолучу,

Башымды чайкадым.

-Мен суйлойм, сен угуп эле койчу суранам.

-Ал поезддин кеткенине коп болду,-дедим колумду тартып.

Катуу кучактап:

-Макул болбосон кое бербейм. Аябай аракет кылсам да кучум жетчудой эмес.

-Кое бер,-дедим катуу ун менен. Азыр бироо-жарым корсо озуно эле жаман болот.

-Эмне болот?,-деди тамашага салып.

-Билбейм, кое бер мени,-дедим эми эле кучум жетип кете турчудай турткулоп жатып.

-Эмне болсо боло берсин, мен сен макул болмоюнча кетпейм,-деди когоруп.

-Макул, макул. Кийимиди алмаштырып чыгам,-дедим кутула албасымды билген сон.

-Чынбы?,-деди козумо карап. Сагынганымды сездим. Бардык нерсени артка таштап, кечире алсам, кучагындан чыкпай тура берсем кана. «Кечирмдуулук- кучтуу адамдын сапаты» дешет. Демек мен алсыз адам экенмин да.

-Чын,-дедим.

-Макул, мен кутуп турам,-деди жаш баладай суйунуп.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE