Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш…14-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…14-бөлүм

 

Кантип баштаарымды билбей турам? Оюмду бир жерге топтой албай, жазып баштап, кайра очуруп отуруп бутурууну туура кордум.

Негизи, отмушумду бироолорго баяндап, алардын сын-пикирин уккум келбейт. Айрыкча, кайгылуу окуяларымды болушуудон корком. Анткени, адамдардын мага жалооруп мамиле кылуусун каалабайм. Ичимде толуп турган коз жашымды жалгыздыкка жашырып, эл козундо башымды бийик которуп, озумду кучтуу корсотуп келем. Бул менин жазылбаган мыйзамым. Далай кыйынчылыкты кулуп женип,эч кимдин жардамысыз жашоомду бир нукка салуунун аракетиндемин. Бирок, журогумдо катылган бир сырым мени туйшолтуп, эстеген сайын конулумду канатып, эми гана учайын деген канаттарымды алсыз кылып салат.

Мектеп жашымда эле балалуу боло албашымды билгем, «Бесплодная» деп коет эмеспи. Апам ишенбей бир топ врачтарга корсотуп, окшош эле жоопторду алганбыз. Диагнозум «детская матка», тагыраак айтканда бала жатчу жатындын оорчубой калуусу. Ал учурда бала болсом балалуу болбоо кандай экенин сезип деле койбогон экенмин. Катуу ооруп, дары-уколдун жардамы менен ден соолугумдун жакшырганына бактылуу болуп кала бергем.Бирок, кун откон сайын, учурунда ойлонуп да койбогон нерсе менин алсыздыгыма айланып барат. Аялзаты турмуш куруп, балалуу боло электе эле «энелик инстинкттер» ойгонобу же мен учун кол жеткис кыял болгону учунбу жаш балдарды корсом эле журогум элжиреп кетчу болдум. Бул сырымды билген аз адамдардын ар дайым кайталачу создору :» Сен деле бактылуу болууга акылуусун. Балким, врачтардын айтканы болбой, кудай сага бала берип калаар», кептин баары «балким» деген создо жатпайбы. А балким болбой калсачы? Менин деле бактылуу болууга акым бар деп бироого турмушка чыгып, ошол адамдын тагдырын талкалагым келбейт. Суйуп калып, баарына кайыл болуп уйлонуп, кийин кандай жашоону башынан откоргондорду коруп эле журом да. Ким эле бала жытын жыттап, бакытка балкыгысы келбесин? Ким эле тукум улап, мурас калтыргысы келбесин? Ким эле канынан жаралган баланы кучактап, ааламда андан артык нерсе жок экендигин билгиси келбесин?

Айтор, турмушка такыр чыкпоого озуо ант берип, жалгыздыкка озумду даярдап жаша келе жатам. Мен бироонун бактысыздыгына себепкер болуудан корком. Мен жашоомо наалат дагы айтпайм. Тагдырыма моюн сунуп, кабыл алган чечимимди кундо кайталап, алсыздыгымды корсотпоо учун кулуп жашап келем.

 

«Мен бул темага жалан гана суйуум жонундо жазам» деген созумдун далили. Жогорудагы форумчу эстетпесе, бул дартымды бул жакка жазгым да келген эмес. Бирок «Унутулдубу? » деп сурасаныздар жооп бере кетейин: Унутулган жок. Тескерисинче кун откон сайын дартым ырбап, Алмаздын жанында озумду куноолуудой сезе берем. Мен ушул сыяктуу болуп жаралганыма албетте куноолуу эмесмин, бирок Алмазга айтпаганым учун куноолуу болсом керек. Ага айткан учурда да ал менден баш тартпашын билем. Анткени ушунча жыл умутун узбой, акыры чогуу болгондо менин куноом болбогон нерсе учун эки ажырым жолго тушууну каалабаса керек. Бирок… Бирок кийин тушунот, баласыз болуу канчалык оор, канчалык жаман экендигин кийин тушунот. Андан кийин экообуздун ортобузда жарака кетип, болоор-болбос нерсе учун уруша берип, жат адамдарга айланып калуудан корком. Бир жагынан мен да бактылуу болгум келет. Бактымды кое бергим келбейт. Айтор…. чеги жок ойлорумда чогуп кетчудой болуп турам…

 

Жазууга конулум чаппай калдыбы, же кубанычым койнума батпай жаза калганда кээ бир адамдардын айткан ачуу создору конул калтырдыбы, ким билсин?! Айтор менде баары жакшы достор, Кудайга рахмат. Бир аз журок ооруткан, суйуктуумдун орду толгус жоготуусуна ортоктош болгон, анан албетте жакшы да коз ирмемдерге толо кундорду откоруп жатам. Бирок, аябай чарчап калган сыяктанам. Кичине кезден бери окусам, иштесем деп максаттан максат кубалап журуп чонойгон болсом, учурда баарына кол шилтеп коюп бир айылда жашагым келип кетет. Айылдын таза абасы, чуркасан чан сапырылган жолдору, жамгыр жаагандын кийинки жердин жыты, булактан аккан суунун даамы… Мурункудай эки этаждуу вилланы эмес, кичинекей кепем болсо деп кыялданам. Айланасында чакан бакчасы, жанымда суйуктуум. Андан кийин кичинекей бобоктор…

Эхх достор, дагы кыялданып кеттим мен 

 

Алмаз жакшы болуп калды, же балким мага билдирбейт. Экообуз жумуштар буткондо кечке жуук корушуп, эми эле уйго келсем кайра чалып алып эки саат суйлошо беребиз. Мурда «Кантип тажашпайт?» «Эмнелерди эле суйлошо берет?» деген суроолорго эми озум жооп берип жатат окшойм. Жок, озумо да жооп бере албайм, анткени «эч нерсе» жонундо суйлошобуз Бир аз мурда эле телефондон суйлошуп буттук:

— Жаттынбы?

-Жок.

-Эмне кылып жатасын анда?

-Компьютерде отурам. Сенчи?

-Мен жаттым.

-Неге?

-Эртерээк уктабасам эрте менен тура албайм да.

-Неге тура албайсын?

-Анткени уйкучумун да.

-Неге уйкучусун?

-Анткени уйкуну жакшы кором да.

-Неге жакшы коросун?

-Анткени уйку таттуу да.

Мен кээде «Неге?» деген суроону бергенден тажабайм, ал да жооп бергенден тажабайт  Акырында озумдун боорум ооруп, теманы башкага бурам.

-Тушундо мени кор.

-Жок, аныста деле кундо сени кором,-дейт жиниме тийип. Мен да атайын айтып жатканын биле туруп куйуго берем:

-Анда эртен кезикпе мага.

-Макул.

-Бурсугуну да кезикпе.

-Бурсугуну сагынып калам да.

Ойлоп корсом экообуз бири-бирибиздин жанында кичинекей жаш балдарга айланып калат экенбиз.

-Жаным,-дейт таарынып калган менин конулумду алуу учун. Ошол созду угуу мен учун жетиштуу. Жан дуйномо кун тийип, гулдор ачкандай сезилип кетет.

-Мен сенсиз бир минут да тура албайм го билесин. Сени тажап кетпесин деп… Сен созунду бутургончо мен суйлоп жиберем:

-Антип ойлобо эч качан. Таарынам.

-Жаным менин,-дейсин чын журогундон, журогундун теренинен.

 

«Аялзаты тагдырына жазылган эркектин кабыргасынан жаратылат» ,-деген аятты жаны укканда балалык бае сезим менен: «Мен кимдин кабыргасынан жаратылдым экен?»,-деп ойлочум ичимден. «Ал адам азыр каякта?», «Эмне кылып журот?» деген суроолорду да сурачумун озумо. Тагдыр сени мага алгач жолуктурганда да этибар албасам керек. Жанымда дос катары, санаалаш катары журчусун бирок, сени суйуп калуу жонундо ойлобогон экенмин. Мен сени чындап тааныгандан кийин, мурун «суйдум» деп жургон адамдарды жек коруп кетем. Сенин жанында башка бироо учун токкон коз жаштардын кечирими оор болсо керек, бирок эч качан эстетпегенин учун ыраазымын. Жогоруда айткан кепти улай, «кимдин кабыргасынын жаратылгандыгымды» сенин жанында эстедим. Кызык, мурда да «суйдум» деген адамдар болгон, бирок, алардын жанында оюма келбеген экен. Балким чын эле мен сенин кабыргандан жаратылгам, балким мен чын эле сенин жанындын жарымымын. Сени менен бирге болуу жонокой эле суйуу эмес, мен учун андан да жогору ыйык сезим. Анткени сен учун да суйуу ото баалуу сезим экендигин айтпасан да сезип турам. Мени жада калса озуно да ыраа корбой, аяр кучактайсын. Мени ирээнжитип алуудан коркосун. Мага хрустальдай аяр мамиле жасайсын. Мени эч бир себепсиз суйосун. Ар бир кылыгын, ар бир кыймылын, мени бактылуу кылганын учун ыраазымын ага

 

Адамдын жашоосу- зебранын денесинин тусундой, ак сызык бутоору менен кара, ал эми кара бутоору менен ак сызык кезектешип отурат. «Эмне учун?» деген суроону берууго акыбыз да жок. Анткени жакшыны баштан откорсон, жаманды да жашоого тийишсин. Ушинтип озумду алаксытып отурам. Бул жакка жазбагандан бери бир кылым откон сыяктуу, ото коп нерсени баштан кечирдим. Анда ирээти менен баяндап берууго аракеттенейин.

Бактылуу коз ирмемдерди курбу кызымдын скайп аркылуу айткан жанылыгы бузду. Ал куну тан эрте уйго Алмаз келип, менин суранычым боюнча завтрак даярдап жаткан. Мен тушунда скайп аркылуу курбу кызым менен суйлошуп отурдум. Алмаздан жашырып эмне, курбу кызым экообуздун маегин ал деле тындап жатты. Кайдан-жайдан эсине келе калды ким билсин:

-Ширинкаа,-деди бир убакта коздору алайып. Сага бир нерсени айтам деп унутуп калыпмын. Жаман оюм жок шашыла сурай калдым:

-Эмнени?

-Руслан ажырашып кетиптир. Оюма бир эле Руслан келсе да, биле туруп суроо узаттым:

-Кайсы Руслан?

-Апей келесоо го бул кыз, Руслан да Мээримге уйлонгон,-деди ойлонбой. Ал Алмаздын жанымда турганын билбей айттыбы же шашылыштан унутуп калдыбы, айтор денемди майда калтырак басып кетти. Курбу кызымдын созун укпай менден бир аз ыраакта турган Алмаздын коздоруно жалдырап тигиле бердим. Анын эн алсыз жери, Руслан-Алмаздын эн алсыз темасы. Колунда сыр туурап жаткан бычакты карыштыра кармап туруптур. Курбу кызым этибар албай созун уланта берди.

-Мен бир аздан кийин чалайынчы Динарка,-дедим созун болуп. Ал созумду тушунуп-тушуно электе очуро салдым да, ордумдан тура бердим. Башым айланып коздорум карангылашып кетти. Акыркы убакта ансыз да каным азайып башым коп айланчу болду эле. Алмаз кухнядан эки аттап чыгып кетти:

-Алмаз,-дедим катуу кыйкырып.

-Мен кетем. Сураныч суйлошолу дебе. Азыр суйлошкум келбейт, эмесе конулунду оорутуп алам,-деди курткасын кийип жатып.

-Ар ким ажырашса, жарашса озунун иши да. Менин эмне куноом бар?,-дегенде козумдон жаш куюла берди.

-Ал сага ар ким болсо, эмнеге курбу кызын сага чалып айтат ал кабарды?-деди катуу суйлоп. Анын коздорунон мынчалык жинденууну биринчи жолу корушум.

 

Эшиктин тарс жабылышы мага бир койгондой эле туюлду. Чарчап калганымды сездим алгачкы жолу. Менин жашоомдогу «Руслан» темасы качан бутот?! Мен качан «Руслансыз» жашайм? Омур бою озу болбосо да, аты менен озун эстетип, Алмаз экообуздун арабызга уусун чача береби? Коз жашым мага баш бербей жузумду жууй берди. Опком опкомо батпай кыйкырып ыйлагым келип турду. Столдун устундо жаны тынбай чырылдаган телефонду карап алдым да болгон кучум менен полго ыргытып жибердим. Ал кунку дем алыш кунум ошондой отту. Козум шишигенче ыйлап, ордумдан турбай жаттым. Алмаздын келээрин умут кылып, ар бир чыккан добушка кулак туруп отуруп тун бир оокум болгондо келбесине ынандым. Ызаландым. Тан атканча душка тушуп, шишиген козумо, бозоргон жузумо карабай жумушка жонодум. Жумушка кирип, столума отураар замат жумуштагы телефондон Алмаздын телефонуна чалдым. Узун гудок кетип барып алды:

-Алло,-деди конулсуз. «Таарынычы таркабаган тура»,-дедим ичимден. Бирок, анын да уктабаганын сезип турдум.

-Кандайсын?, -унум калтырап чыкты.

-Кандай болушум керек эле?

-Алмаз,-дедим жалооруй. Мага жаман жузунду корсотпочу суранам. Сен эч качан мага мындай мамиле жасаган эмессин.

-Анда мындан кийин коросун,-деди андан да корс, мурункудан да ачуу. Мен ошол учурда Алмазды тааный албай турдум.

-Бугун тушто кезигеличи суранам,-дедим.

-Ишим жок болсо,-деди жазыла турчу туру жок.

-Макул, мен кутом сени. Мен сени суйом Алмаз,-дедим чын журогумдон. Жооп иретинде телефондун кыска гудогу кулагыма жанырып жатты. Трубканы койбой канча турдум ким билсин, коллегамдын:

-Кутман тан,-деген унунон улам озумо келдим.

 

-Жакшы элесинби? Ооруп жатасынбы?,- деди суроо узатып коллегам.

-Жакшымын, рахмат,-дедим билдирбоого аракет жасап.

-Мен кофе алганы чыгып жатам, кааласан ала келейин. Сен жакшы эмессин,-деди бул темадан алыс кетууну каалабай.

-Жок,-деп кесе жооп бердим. Мен ооруган жокмун. Ал да ынгайсыз абалда калды окшойт, башын чайкап чыгып кетти. Озумдун орой суйлоп алганыма олдоксон боломбу, журок оорума кейийминби же башым жарылап кетчудой болуп ооруп жатканына окунойунбу. .. Туш болгончо нервден улам, озумду бир жерге кое албай ары-бери баса бердим. Бир дагы жумуш бутурбодум окшойт. Телефонум чыр дегенде ала салсам, секретарь биринчи кабатта бироо кутуп турганын айтты. Сумкамды да унутуп, учуп куйуп чуркап туштум. Кечээки коз караш. Мурункудай кучак жайып эркелетип учурашкан Алмаздан дайын жок.

-Каякка баралы?-деди кесе суйлоп.

-Суйлошо турган жерге.

Мени кутпой бат бат кадам таштап сырткы эшикти коздой бет алды. Артынан чуркап бара жаттымбы, басып бара жаттымбы, айтор жетууго мумкун эмес эле. Менин жумушума жакын жайгашкан кофейняга кирип чонтогунон колун чыгарбай отура кетти.

-Кечээ телефонунду очуруп аябай ойлондунбу, Русланды тандасамбы же Алмазды тандасамбы деп? Ушул созду айтпай эле бетиме бир жолу чапса мынчалык конулум оорумак эмес. Оозума соз келбей калды.

-Мен да сени алаксытпайын деп кайра барбадым. Кененирээк ойлонуп алсын деп,-деди токтогусу келбей.

-Телефонум сынып калды,-дедим. Унум калтырап, эки ооз соз суйлосом козумдон жашым агып кетчудой. Ал унчукпады. Жон гана жерди теше тиктеп отура берди.

-Менин эмне куноом бар?Эмнеге мага жаза берип жатасын сен?,-дедим козумдон кулаган жашты аарчый салып.

-Биз качан Руслансыз жашайбыз?,-деди кабагын карыштыра. Озумду эстеп кеттим. Качандыр бир кездеги озумду. Мен да учурунда Русланга «Биз качан Мээримсиз жашайбыз?» ,-деп сурабадым беле.

-Сен курбу кыздарына азырга чейин ал жонундо бир нерсе айткандыгын учун, курбу кыздарын аны эстетип жатышат да. Сен азыркыга чейин аны эскересин да ээ?,-деди ачуулана.

-Жок,-дедим. Сеники жону жок кызгануу. Мен аны эстебейм да, эскербейм да.

-Жону жок кызгануубу? Мен «суйдум» деген соз оозумдан чыккандан бери артындан чуркадым. Карабасан да, башка бала менен журуп алсан да, кагып салсан да суйо бердим. Эми гана бактылуу болойун деген минуттан бери анын айынан бактылуу боло албай келем. Дайыма ичимде коркунуч сезими бар. Бир куну келип: «Алмаз мен кыйналып турганда жанымда болгонун учун эле суйом деп ойлопмун. Эмесе мен дагы деле Русланды суйот экенмин. Мени кечирип кой»,-деп басып кетсен эмне кылам деген коркуу сезими. Сен тушуносунбу анын кандай сезим экендигин?,- деди баса суйлоп. Мындан ары козумдун жашын башкара алчудай эмесмин.

-Андай болбойт деп канча жолу айттым мен сага,-дедим ызаланып. Тамагымда туз тургандай куйкаланып жатты.

-Соз менен эмес, аракетин менен ишендир. Мени суйсон Руслан деген созду жашоондон очур. Сураба аны курбуларына.

-Мен эч качан сураган эмесмин, эмнеге ишенбейсин мага? Экообуздун суйлошуу манерабыз айланабызда отурган адамдарга тынчсыздык берип баштагандай, копчулугу бизди карап калышканын ошондо сездим. Ордумдан туруп аркамды карабай чыгып кеттим.

 

Озумо озум суранып басып бара жаттым: «Чыда Ширин! Жыгыла корбо. Ыйлай корбо. Кучтуу бол Ширин!» .

Ансайын козумо жаш толуп, алдымдан бироо чыгып «Эмне болду?» десе кучактап ыйлап жиберчудоймун. Жумуштан чыгып бара жатканда бизди тан кала карап калган секретарь кыз, тан кала карап тосуп алды.

-Бир нерсе керекпи?,-деди жалооруй.

-Рахмат,-дедим да бат бат басып уборныйга кирип ичинен беките салдым. Шишиген коздорум ансайын кызарып, кузгудон караганда озумо боорум ооруп жатты. Сууну болушунча ачып салып, кузгудон озумо тигилип копко турдум. Жакын адамындын сага ишенбегени- ото оор сокку.

Жумуштан уруксат алып, уйдо кечке дейре жаттым. Кеч киргенде чыдабай такси чыкыртып, Алмаздын уйуно бардым. Каалганы уч-торт жолу каккылаганда аран эшик ачылды.

-Алмаз,-дегенче бейтааныш бала башын ийкеп учурашты. Бир колунда сигарет, бир колунда ичимдик. Суйлогончо андан озуп уйго кире бердим. Залда 3-4 бала, 2 кыз отурушуптур. Мен аларды, алар мени тан калып карап турушту. Алмаздын тааныштары, достору коп экендигин билчимун, бирок буларды биринчи жолу корушум. Сигареттин тутунунон аран дем аласын. Аларга суроо да сурабай, Алмаз жаткан болмого кире бергенде бир кызды ооп жатыптыр. Демейде чыгармаларда «Башындан ылдый кайнак суу куюлгандай» деп суроттоп коюшат эмеспи, бирок башына келгенде чын экендигин жон терин менен сезет экенсин. Ал учурда козумо жаш да келбеди. Мени байкап калган кыз бат бат басып ийнимден туртуп чыгып кетти. Мен болсо Алмазды жек коруу сезими менен карап турдум. Жаныма басып келип кечирим сураса же кучактаса балким баары унутулуп кетмек. Ал анткен жок, жон гана жаныма басып келип:

-Жону жок кызгануу бул,-деди.

Кантип бетине чапканымды байкабай калдым. Унчукпады. Уйдон кантип атып чыкканымды билбейм, жолго чуркап жетип таксиге кол котордум.

«Мен омурдон жапжалгыз отууго даярмын. Суйуунун да, уй булонун да кереги жок мага»,-деген антымды ичимден келмедей келтирип кайталап бара жаттым жол ката.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE