Күтүүсүз бурулуш…13-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…13-бөлүм

 

 

Анын коздору… Копко тигилсем чогуп кетчудоймун. Анын уну… Копко уксам чексиздикке синип кетчудоймун. Анын жыты… Копко жыттасам мейкиндикке учуп кетчудоймун. Анын жылуулугу… Копко жанында турсам куйуп кетчудоймун. Анын жылмаюусу… Копко карасам озумду жоготуп койчудаймын. Анын ар бир кыял жоругу: басканы, эркелеткени, кызгаанчактыгы, ачууланганда муштумун туйо калганы, калп айтканда бат бат коздорун ирмегендиги, уялса билдирбеш учун токтоо адам боло калгандыгы, менден башка эч кимге корсотпогон бала кыялы, бир жерге тынч отурбай буттарын титирете бергени… Ага карап копко ойлоном: «Кадимкидей эки козу, мурду, оозу, кулактары, чачтары, эки буту, эки колу бар.» Анан ага суроо узатам:

 

-Сенин эмнен озгочо башкалардан?

 

Ойлонбой туруп козумо тигиле карайт да:

 

-Мен бир сен учун жаратылгам, -дейт.

 

Журогумду кандайдыр бир жылуулук каптап, ага жооп катары ичимден шыбырайм: «Мен дагы бир сен учун жаратылгам» .

 

3-4 кундон бери дене табы тушпой, сыркоолоп жаткан суйуктуумду ойлонуп отурам жумушта. Кеч кирип, саат 5 болду дегенче бутум бутума тийбей анын уйун коздой шашып жонойм. Эшикти ача бергенде уйго синип калган дарынын жыты конулду аздырып, дароо ал жаткан болмого баш багам. Адаттагыдай мени кутуп, ойгоо жаткан болот. Урпойгон чачын, бозоргон кебетесин коруп ичим эзилип кетет. Жакындап жузунон суйо бергенде денесинен чыккан ысыкка куйуп кетейин дейм.

-Сени сагындым, деди колумду кармап.

-Сен чын эле ооруп жатасынбы же мага эркелегин келип жатабы?,-дедим ал жаткан кроваттын кырына отура берип.

-Бат бат ооруп турушум керек экен, сен менин жанымдан чыкпай калат экенсин,-деди тамашалап.

-Жаман создорду айтпачы. Оозуна таш,-дедим ага тамак даярдаш учун ордумдан тура берип. Колумду кое бербей, озуно тартты.

-Жаныма жатчы,-деди тошогун ача берип.

-Тамак жасайм сага,-дедим козумду аландатып. Мага ботон адамдай жузум кызарып, уялып кеттим.

Макул болчудай туру жок. Озуно тарта берди. Жок дегенде ушул учурда анын каприздерин аткарууга милдеттудой сезип кеттим озумду. Жанына кыйшайып жата кеттим.

-Жакыныраак, -деди озу артка жыла берип.

-Мындан да жакын болбойт,-дедим.

-Эбола вирусу жугуп калабы?,-деди таарынгандай.

-Кайдагы жаман создорду айта бербечи, Кудай сактасын десен андайдан.

-Анда кел жаныма. «Кудайга тооба» дедим ичимден. Чопчон эле адам кээде жаш баладай болуп калат. Кутула албасымды билип, жанына жыла бердим. 38 температурасынын ысыгы мени да куйгузуп жатты.

-Алмаз,-дедим 10 минуттай откондо.

-Мм,-деди козун ача бербей.

-Мен куйуп кете турган болдум.

-Анда чеч кофтанды,-деди мага карап. Алгач нес болуп коздоруно карадым. Менин жиниме тийгиси келгенде ушинтип жылмайып калчу.

-Извращенец, -дедим колум менен туртуп.

-Макул, тамашаладым, -деди кулуп жатып.

Ордумдан туруп, ага тамак даярдаш учун кухня тарапты коздой жонодум.

 

Жападан жалгыз, Мекенимден, ата-энемден узак 2 жыл жашап, 3-жылымды да бутурууго да аз калыптыр. Ортодо курбу кызымдын келип кеткени болбосо, Алмаздан башка кам короорум жок. Анын тамагын берип коюп, идиштерди жууп, кийимдерин машинага салдым. Жыйнап болуп киргенче дарылардын таасиринен улам болсо керек, уктап калыптыр. 3 кун температурасы 39 дан бугун 37.4 ко тушту. Копко чейин карап отурдум жанында. Козумо аргасыздан жаш толду. Канча жыл жаныма жакын жолотпой, озумдон алыстаткан Алмаз бугун менин эн жакын адамым. Аны жаны кыйналса, кадимкидей журогум сайышып, колумдан эч нерсе келбегендиги учун озумду жаман коруп кетем. Аны ушул абалда таштап уйго да кетким келбейт, жада калса тундо башка комнатада да жаткым келбейт. «Жерге жатпа» деп кундо ошонун айынан бир жолу таарынышсак да, кайра эле жерге тошончу салып ошол жерге жата кеттим. Уйкум келбейт. Келечигимди ойлоном, ата-энемди сагынам, анан менден бир аз эле ары жаткан Алмазды карап, жаш баладай кубанып алам. Тундо бир аз уктап эле ойгонуп алдым. Алмаздын жерде жатканымды бугун корбой калганына кубанып, тошончону жыйнадым. Жумушка кетуу учун даярданып буткон сон, кроваттын чекесине отура кеттим. Чачынан сылап, жаш балача эркелетип опкум келип турса да ойготуп албаш учун жузунон жай гана суйуп, тура бергенде колумдан тартты.

-Ай сени,-дедим ага бурулуп. Уктабай жаттын беле?

-Качан оозумдан обот?,-деп кутуп жаткам да деди адатынча жылмайып.

-Озунду кандай сезип калдын?

-Бугун жакшы. Сен жумушка барбай эле койчу.

-Сен биротоло бобок болуп алдын го,-дедим аргасыз кулуп.

Кыйылып жатып аран жоноткону учун бугун кечке дейре оюмдан чыкпады.

 

Откон кундорубузду, менин ага кылган жамандыктарымды, анын кылган куноолорун. .. Айтор бири бирибиз жонундо ичибизде кымындай да кумон саноо, шектенуу калбасын дедикпи. Ичте катылган жакшы-жаман ойлорубузду айтышып алууга 2 кундо жакшы шарт тузулду окшойт. Ал озу жонундо айткандарымдын баарын чыдап угуп отурса да, мен жонундо айтканда чычалай баштадым. Кыздар негизи ушундай болот эмеспизби. Кантип катуу суйлоп баштаганымды да сезбей калыпмын.

-Мен сени менен урушкум келбейт,-деди Алмаз.

-Менин дагы урушкум келбейт, бирок ичимде сен жонундо жаман нерсе калбасын деп жатам, баарын айтам,-дедим ачуумду кармана албай.

-Айт,-деди.

Коптон бери суйлогум келип калганбы, айтор 15 минуттай токтобой суйлодум окшойт. Балким Алмаз да жооп берсе урушуп кетмекпиз. Ал жон гана телмирип карап отурганы учун уялып токтой калдым.

-Женилдединби? ,-деди мага мээримдуу карап.

Кантип кулуп жибергенимди билбейм.

-Сен коптон бери бироо менен урушкун келип жургон окшойт,-деди мени шылдындап. Ал ушинтип жылмайып калганда эле уялып кетем. Мени кобуроок караса кызарып чыкпайын деп дароо кучактап алдым.

Адатынча «Жаныма жат» деди кеч киргенде.

Мен конуп калгандай жерге тошончу сала баштадым.

-Анда жерге мен жатам,-деди Алмаз.

-Жок, мага жерде жаткан жагат.

-Мен да макул эмесмин, же менин жаныма жатасын же мен жерге жатам.

-Жерде жаткандын эмнеси бар экен, анын устуно жерде жаткан жакшы экен.

-Суранам,-деди мени жанына жаткызуу учун убара болуп.

-Уйлонгончо болбойт,-дедим тошогумду жамынып.

-Мага уйлон дегени турасынбы?,- деди эрмектчу нерсе табыла бергенине кубанып.

Туура эмес суйлоп алганымды эми тушунгондой аркама бурулуп жатып алдым.

-Макул тамашаладым, мени карап жатчы.

-Ыкы, жакшы эс ал.

-Суранам.

Башымды чайкадым тек гана. Ортодогу светильниктин жарыгынан башка жарык жок, жымжырттык. Бир топ убакыт откондо:

-Сага окшогон кызыбыз болсо, атын ким коебуз?,-деди тынчтыкты бузуп.

Ал тарапка бурулдум.

-Апан койсун,-дедим. «Кызыбыз» деген создун озу эле адамды мынчалык толкундатаарын мурда эч ойлобосом керек.

-Апан дебечи, апабыз,-деди созумду ондоп.

Алмаздын эжеси да карындашы да жок. Эки агасы бар. Апасы «кызым болсо» деп коп тилек кылчу экен. Мен ал мээримдуу эже менен да, Алмаздын агалары менен да жакшы тааныш болчумун. Бирок «эже» деген созду «апа» деп айтуу кыйын болсо керек. Ошентсе да, бар кучумду жыйып:

-Апабыз,-дедим. Мындан кийин «сенин» же «менин» деп болуно албашыбызды, мындан кийин жалан гана «биздики» болоорун аз аздан тушуно баштадым окшойт.

 

Алмаздын агалары менен тааныштырган учуру коз алдыма келе тушту. Экообуз дос болуп жургондо эле Алмаз мени уй булосуно башкача тааныштырган экен. Ал куну жамгыр жаап, аба ырайы ото начар болуп турган кез. Университеттен чыгып жатып, суйлонуп алдым. Маршруткага тушуу учун жамгырда басуума туура келет болчу. Анын устуно зонтигимди да унутуп калыпмын. Озумдун унутчаакдыгыма жинденип, чыга бергенде Алмазга жолуктум. Ал куну анын университетке келгенин корбодум эле.

-Мен сени издеп жаткам,-деди энтигип.

-Телефон деген технология бар го,-дедим кебетесине кулкум келип. Курткасы, чачы суу болуп калыптыр.

Мага жооп бербей бир аз демин басып туруп, колумдан тартып жоноду.

-Каякка?,-дедим шашылыш.

-Агам кутуп жатат бизди.

-Эмнеге? Тан калып туруп калдым.

Машинада агасы кутуп отуруптур.

Алмаз мага арткы эшикти ачып отура бергенде агасы артына бурулуп:

-Тушуп учурашалы ээ,-деп жылмайып койду. Алмаз менин жаныма отура кетти. Агасына тынбай суйлоп бара жатты жол ката. Бир кафенин алдына келип токтой бергенде агасы:

-Эч кандай планын жок беле? Бизде баары спонтанно болуп кетти. Негизи коптон бери таанышайын деп жургом.

Улуу адамга эмне демек элем, унчукпай башымды ийкедим.

Ал куну кафеде копко Алмаздын уй булосу жонундо суйлошуп отурдук. Улуу агасы уй булолуу экен. Мени менен таанышканы экинчи агасы. Алмазга караганда ото токтоо, ото салабаттуу чон адамдай сезилди. Кийинки жолугушууда улуу агасынын уйуно конокко барган элек. Апасы менен да ал жакта таанышкам. Эки агасы тен ишкер, бир компаниянын акционерлери экен. Ошондо ойлодум, Алмаздын эрке, оюнкараак болуп калгандыгынын себеби эки агасынын дайыма колдоп тургандыгынан болсо керек. Андан кийин бат эле жакын болуп кеттик. Жада калса менин уй булом да Алмазды жакшы таанышчу. Мен Алмаз менен суйлошпой качып жургон кезде да, апасы бат бат чалып ал-акыбалымды сурап турчу. Балким ошондо эле тагдырыбыз бизден кабарсыз байлана баштаган окшойт.

 

«Вспомнишь солнце-вот и лучик» дегендей откондо киминиздер эстеттиниздер эле, бывшийим чалыптыр кечинде. Алмаздын жанында отургам. Телефонум шынгыраганда карай салсам, тааныш эмес +996 менен башталган номер. Оюма эч нерсе деле келген жок, мага Кыргызстандан чалчу адамдар коп да.

-Алло,-дедим кубанычтуу унум менен. Балким апам, балким курбу кыздарым, балким туугандарым деп ойлодум.

Жымжырттык улана берди. «Байланыш начар окшойт» деген ойдо эки уч жолу «алло» деп коюп койдум.

-Ким экен?,-деди жанымда компьютерде оюн ойноп жаткан Алмаз.

-Уну угулган жок.

Ушул учурда экинчи жолу шынгырап калды.

Алмаз компьютерден башын которбой туруп:

-Берчи мага телефонду, мен алайын.

Ага карматып коюп, кухняга анын дарысын алып келууго чыгып кеттим. Бир убакта Алмаздын катуу суйлоп жатканын угуп чоочуп кеттим. Анын кыйкырып суйлогонун эч качан уккан эмесмин. Стакандагы жылуу сууга лимон туурап жаткам, колумдан тушуп, бармагымды бычак кесип кетти. Бир жагынан жанымдын ооруксунуп чыкканы, бир жагынан да Алмаздын ачууланышына журогум зырп деп алды. Колумду да унутуп, дароо чуркап кирдим. Коздорунун кычыгы жашка толуп, телефонумду карыштыра кармап туруптур.

-Ким?,-дедим коздорум алайып. Мынчалык катуу ачууланганын биринчи жолу корушум.

Суйлогон жок. Колумдан кармап озуно тарта бергенде колумдун канап жатканын корду.

-Эмне болду?,-деди тан калгандай карап. Ийнимди куушурдум. Дароо аптечканы алып келип, мени диванга отургузду да йод менен кесилген жердин айланасын тазалап жатты. Бир тараптан тушундуруп баштады:

-Колунду жуубаганын жакшы болуптур. Эч качан жуубаш керек. Эмесе инфекция жугуп калат. Азыр йод менен тазалап, андан кийин перекис водорода менен аарчып анан стерильный менен байлаш керек. Озу абайлаш керек да.

Оюмда бул мунун баарын кайдан билет дегенче:

-Алмаз,-дедим. Баятан бери башын которбой колумду берилип байлап жаткан жеринен башын которду. Козуно жаш толуп калганын эми даана кордум.

-Эмне болду? Кайдагы инфекцияны айтпай эмне болгонун айтчы, журогум сыгылып кетти.

-Мен сени эч кимге бербейм,-деди коздорумо карап.

Анын чалганын эми тушундум. Мени ушунчалык кыйнаганы аз келгенсип, Мээримин да кыйнап жатса керек эми. Кайрып кеткен канатымды айыктырып, эми гана учаарда кайра озунун бар экендигин эстетип турат.

-Мен эч кимге кетпейм,-дедим Алмазды кучактап.

Башымда мин туркун ой, конулумдо бурганак. Бактысыз таштап кеткенден кийин, тапкан бактымды кыйратпаса болгону. Мээримди учурунда «бактымды колдон тартып алды» деп ичимден жаман корсом да, ал да аялзаты да. Жанында жаткан жолдошу эски суйгонун ойлоп жатса журогу сыздабайбы. .. Мээримге азыр тескерисинче ыраазымын. Ал менин Алмазды суйушумо ото чон жардамчы болду окшойт. Алмаз мени кучактап, диванда телевизор коруп отурдук.

-Суйлоп ойлончу,-деди Алмаз.

Ага карап жылмайып алдым.

-Айт, эмнени ойлондун?

-Сени,

-Мен жанында отурам го,

-Сен жанымда отурсан деле сени ойлогончолук суйуп калсам эмне кылайын?!

-Ай менин тапкычым,-деди бетимден ооп.

-Чын айттым.

-Макул ишендим. Бирок ичинден ойлонбочу азыр. Журогум сыгылып кетти.

-Макул,-дедим башымды ийкеп.

-Кел андан коро келечекти ойлонобуз.

-Кантип?

-Мисалы, мен эн кичуусу болгон учун мамам менен жашайбыз. Мен кечинде жумуштан келсем, мамам экоон тамак даярдап жаткан болосун.

Мага да бул идея жага бергендей:

-Эмне тамак?,-дедим.

-Лагман да. Сага мамам уйротуп жаткан болот.

-Анан?

-Анан мен эки букет алып кухняга кирем дароо эле. Сени сагынып калган болом да, дароо эле кучактайм.

-Мамандын жанында уят го.

-Ал тушунот,-деди кулуп.

-Макул мен да сени кучактайм.

-Ии ошентсен,

-Ун колдорум менен,-дедим кулуп жатып.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️