Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш…11-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…11-бөлүм

 

Убакытты откорбой сезимдеримди сиздер менен болушуп коюу учун кирдим. Сезимдерим демекчи же кубанышымды, же ыйлашымды билбей, томсоруп отурам азыр. Кечээ кечке дейре аны куттум. Чалып сурайын деп, кайра бул оюмдан кайттым. Анткени, чарчап келсе, уктап жаткан болсо чалып ойготкум келбеди. Бирок, мага чалып «мен келдим» деген эки ооз созун айтып койсо мынчалык кыйналмак эмесмин. «Неге аны мынчалык толкунданып кутуп жатам?»,-деп ойлодум. Адара достору менен weekend учун 2 кунго бир жакка кеткен. Эшикте аба ырайы да бат бат озгоруп жатты, дал эле менин маанайым сыяктуу. «Бугун келсе, кантип тосуп алсам? Кантип кийинсем? Чачымды эмне кылсам?» Ушул суроолор менен уйдун ичинде адашпасам 2 саат ары-бери бастым окшойт. Туш ооп, кеч кире баштаганда умутум узулду. «Бугун келбейт», -дедим озумо. Ичимден ызаланып, ичимден аны жемелеп жаттым. «Таарынам ага. Конулумду алганча суйлобойм. Мени ойлонтуп, чалып айтып да койбойт», -деп суйлонуп алдым. Саат кечки 9.30 болгондо жаттым. Кочонун жарыктары комнатаны жарык кылып турду. Демейде терезени карангылатып жаап салчумун. Бирок бул жолкусунда эшикте себелеп баштаган жамгырды карап жаткым келди. Кулагыма наушникти салып Pharrell Willams Happy деген ырын эн чон унуно чейин чыгарып угуп жаттым. Бул ырды уккандар билсе керек, чын эле конул которчу, бийлегинди келтирчу ыр. Анткени, кайгылуу бир нерсе угуп баштасам, коз жашымды токтото алмак эмесмин. Кечке дейре апасын шоколад алып келет деп куткон балага алып келбей койгондо кандай акыбалда болсо, мен да дал ошондой акыбалда болчумун. Ойлорум ар тарапта. Ата-энемди сагындым. Досторумду. Балким бугун алар жанымда болсо, Алмазды ойлоп да коймок эмесмин. Балким, ойлонмокмун. Ар бир эле адам озу менен озу суйлошсо керек. Мен да озум менен озум суйлошуп жаттым. Ары оонап, бери оонап, канча убакуыт отконун билбейм, коздорум жумулуп баштады. Кулагымдагы наушникти алганга дараметим жетпей уйку соонун арасында жатканда, кроватым кыймылдагандай болдубу дегенче аркамдан бироо кучактады. Коркуп жетише электе Алмаздын жыты экендигин дароо билдим. Эки сезимди бир учурда баштан откоруу ушул болсо керек: Коркуу жана кубануу. Журогум ордунан чыгып кетчудой согуп баштады. Балким коркуп кеткендигим учундур же болбосо кубанганым учунбу. Ошол калыбымда озумо келуу учун 5 минуттай жаттым окшойт. Кулагымдагы наушниктерди алып ага бурулдум. «Кантип кирдин? Ключту Адарадан качан алып жетиштин? Эмнеге коркуттун? Эмнеге бугун чалбадын?» ,-деген суроолорумду беруу учун даярданып бурулдум. Бирок комнатага тушкон жарыктан анын коздорун коргондо алардын баары бир заматта унутулуп кетти. Коздорунон сагынганын, бактылуулугун, кубанганын коруу мумкун болчу.

-Мен сага таарындым,-деп шыбырадым тынчтыкты бузуп.

-Коркутканым учунбу?,-деди ал да мендей шыбырап.

-Бугун чалбаганын учун,-дедим. Экообуз комнатада бобок уктап жаткансып, шыбырашып суйлошуп жаттык.

-Сагындынбы? ,-деди.

Башымды ийкедим. Мага жакындаган сайын, анын жылуу демин, жытын сезип баштадым. Колдору менен байланган чачымды бошотуп сылап баштады. Эрди эрдиме жакындаган сайын озумду жоготуп, коздорум жумулуп бара жатты. Ар ким ар нерсе ойлонушу мумкун,»жаман кыз, тарбиясыз кыз» деген сыяктуу. Бирок ал учурда бул ойлордун баарын алыс кубалап, суйуктуу адамындын даамын татуу башкача бир сезим болсо керек. Мени ооп жатканда каршылык корсоткон жокмун. Тескерисинче, убакыт токтоп, экообуз туболукко ушул бойдон калсак экен деп тилеп жаттым. Ал акырын озун менден алыстатып, мени карады. Бул темада канчалык принципиалдуу экендигимди ал да билчу. Мен бир уй було болбой туруп мындай ишке бара албашымды ал баарынан жакшы билчу. Коздорумду ала качып, анын кокурогуно башымды коюп жата кеттим. Ал да мен качып кетчудой бекем кучактады. Бир топ убакыт бири бирибиздин журогубуздун кагышын тыншап жаттык. Ойлонуп жаттык.

-Мен кетейин,-деди тынчтыкты бузуп.

Башымды которуп анын коздоруно карадым.

-Кетпе,-дедим бетинен ооп. Алгачкы жолу оюмду ачык айткан адам Алмаз болсо керек. Мен мурда сагынсам сагындым, кетиргим келбесе кетпе деп айтчу эмесмин. Алмаз мени сезимдеримди ачык айтууга уйротту окшойт.

Аны кучактап жатып уктап кетипмин. Бир убакта ойгонуп кетсем Алмаз мени карап жатыптыр. Дагы деле тан ата элек экен.

-Уктай элексинби?,- дедим уйкусурап.

Башын чайкап чачымды сылады. Артыма бурулуп Алмаздын колун кармадым. Ал да мени аркамдан катуу кучактады. Ойгонсом саат 8 экен. Алмаз уктап калыптыр. Ойготуп албаш учун жай туруп, аны карап жылмайып алдым. Кечинде кийип келген устундогу жука курткасын да чечпептир. Шашылыш завтрак даярдап баштадым. Колум эпке келбей, бутум чалынып, оюм бир жерде болбой толкунданып жаттым окшойт. Ойлосом анын эмнени жактырып жешин да билбейт экенмин. «Узун убакыт жанымда болгон адамды кантип тааныбайм?» ,-деп сурадым озумо. Демек ушунча жыл ага артымды салып, тааныганды каалабаган экенмин да. Озум жактырган панкейкти жасап бутоордо Алмаз мени кухнянын босогосунда жылмайып карап туруптур.

-Мен сенин эмне жакшы корушунду билбейт экенмин,-дедим ийнимди куушуруп.

-Мен аныста деле омурумдо завтрак жебесем керек,-деди кулуп.

-Уйкучу,-дедим столго коюп жатып.

-Карачы, бугун эрте турдум,-деди чон иш жасагандай отуруп жатып.

-Ынгайсыз уктасан анан эрте турасын да,-дедим чай сунуп.

-Менин кыялым ушундай,-деди чайды алып жатып. Сенин жанында уктап, сенин завтрагын учун эрте тургум келет омур бою. Ордумдан жылбай аны карап тура бердим. Бир убакта эсиме келгендей темадан алыстап:

-Кечинде неге коркуттун мени?,-дедим таарынгандай.

-Кеч келдим. Келейин десем, келбе демексин да. Андан коро айтпай эле келейин,-дедим.

-Адарадан качан алдын ключту?

-Аа,-деп кулду, коп болгон. На всякий случай,-деди да: Кел отур эми, мени суракка албай,-деп колумдан тартты.

Ал завтрактан сон уйдон чыгып бара жатып:

-Кечинде келем ээ, сен да эс ал. Мен сени жашы уктатпадым окшойт,-деди бетимден ооп.

-Жакшы эле уктадым мен. Сен уктай албадынбы?

-Уктагым келген жок менин,-деп ойлонуп тура калды да. Эн жакшы тун тойдун биринчи туну (брачнач ночь) дешет го, ал кандай болот билбейм. Бирок бул тун жашоомдун ушул кунуно чейин откоргон эн жакшы тунум,-деди. Балким, брачная ночь мындан да жакшы болсо керек ээ,-деди жылмайып.

-Извращенец, -дедим кабагымды туйуп. Бар кете кал жиниме тийбей.

— Ал кун да алыс эместир,-деди созун бутургусу келбей.

-Алмаз,-дедим чын эле жиним келип. Сенин оюн эле ошолбу?

-Оюм ошол эле эмес, бирок боло турчу нерсе да,-деди бут кийимин кийип. Мен суйлогончо ордунан туруп бетимден катуу опту да чыгып кетти.

Аргасыз жылмайып алдым. Ичим уйгу-туйгу сезимдер менен курчалып, идиштерди да жуугум келбеди. Мен ото бактылуу болушум керек болгон учурда, эмне учун мынчалык кыйналып жатам? Менин оюмда эмне бар? Озум да тушуно албай турам.

 

Азыр дагы бир проблема менен журом журогум сыгылып.Мурунку жигитим уйлонуп, Мээрим мага свадьбасындагы суротторду жонотуптур. Атайын жиниме тийгиси келгенби же …. айтор тушуно албадым. Бирок катуу ызаландым. «Сен тарттырып жиберген адам меники болду» деген мамилесиби дедим ичимден. 2 жылдан ашык чогуу болгон адамды бир заматта журоктон, акылдан чыгаруу кыйын болсо да аз аздан озумду алыстатып жатпадым беле. Алардын жашоосуна кийлигишпеген сон, ал эмне учун менин жашоомо булук салат? Адамдар эмнеге мынча таш боор? Мен Мээримди, анын ден соолугун ойлогонум учун мурунку жигитимдин оз эркине койбодум беле. Мен деле анын ата-энесине жаман корунуп бул жакка алып келе берсем болмок. Айтор компьютерде суротторун коргон сайын унута албаганым учун ыйлап жаттымбы же Мээримге жиним келип ыйлап жаттымбы, балким отмуштун баары журоктон ошол коз жашым менен чыгып жаттыбы,ошол убакта Алмаз келип калды. Ал комнатага киргенге дейре байкабаган экенмин.Ал кулуп кирип эле салам да бербей бурулуп чыгып кетти. Артынан чыккым келбеди.Отурган жерде отура бердим. Адара кирип:

 

-Эээй эмне болду сага?,-дегенде ойгонгондой болдум окшойт.

 

Ал да компьютерде ачык турган суроттон тушунду окшойт. Келип жаныма отуруп:

 

-Алмазды эч качан анчалык ачуулуу коргон эмес болчумун. Сен да аны кыйнабачы,-деди мени жемелей.

 

Чындыгында ага бере турган жообум жок болчу. Ичимде ысып, вулкан кайнап жаткандай эмне кылышымды билбей турдум. Кучумду компьютерден чыгарчудай катуу жаап салдым да кроватька куладым. Ушул учурда эч ким жок ээн талаада унумду болушунча чыгарып кыйкыргым келип турду. Адара жаныма жата кетти.

 

-Болчу иш болду эми. Алмаздын конулун ал,-деди тынчтыкты бузуп.

 

Башымды чайкадым.

 

-Эмнеге?, -деп мени карады. Жузумду жаздыкка койдум да, дем ала албай жатканыма карабай башымды которбой жата бердим. Адара мени турткулоп:

 

-Тур, Алмазга чал,-деп суйлогонунон анын да мага жини келип жатканын билуу мумкун эле.

 

Ал учурда чалсам деле Алмаздын жооп бербешин билип жаттым. Жамгыр жаап, суук болуп турганына карабай эшикке чыгып дениздин жанына бардым. Ушуп чыксам да муздак шамалга жузумду тосуп отура берип кеч киргенин да байкабай калыпмын. Бир учурда телефон шынгырады, Алмаз чалып жаткан экен. Озумду дуйнонун эн куноолуу адамы сезип кантип актансам, эмне деп конулун алсам деп 2 секундда оюма турдуу нерселер келе тушту.

-Алло,-дедим аяр суйлоп.

-Кезигеличи, -деди ото сурдуу.

-Макул, мен бул жактамын,-деп адрести айта салдым дароо эле.

Эч нерсе дебей телефонду коюп салды. Алмаздын мындай адатын эч качан корбосом керек. Бир тараптан ал да кыйналды, чайналды. Аныкы да туура. Оюмда соз даярдап, анын конулун алууга аракеттенем деп жаттым. Жаныма келип отура калды. Жузуно даап карай албай, кетирген катачылыгым, тагыраак айтканда катачылыктарым учун кыйналып турдум. Ал да суйлобой отура берди. Менин айтышымды кутуп жаткандай.

-Алмаз,-дедим кучумду топтоп. Мен сени ото коп кыйнадым. Бирок, сен баарына чыдагансын. Балким убагында сага конул койбой катачылык кетиргенмин, бирок мен эми тушундум баарын. Кимдин ким экендигин… .

Создорум бирикпей жатты. Унум калтырап чыгып жатты. Ушуп да кеттим. Аны караганда козу жашка толуп турганын кордум. Ичимди бычак менен тилип кеткендей журогум сыздады. Эч нерсени ойлонбой кучактап алдым. Ичип келгенин ошондо сездим. Бирок алгачкы жолу жийиркенбедим. Тескерисинче анын оозунан ооп озумду да конулумду да ысыткым келди. Ал каршылык корсотподу. Бирок бир нече секунд отпой ал мени аяр туртуп озун бошотту.

-Ширин,-деди аран суйлоп. Мен ото коп кыйналдым. Кээде журогумо наалайт айтам. Акылым журогумдон кучтуу болгондо бул жакка чейин келбейт болчумун. Мендик болушуна ишендим. Жалгыз адам учун келечекке койгон пландарды озгорттум. Окунбойм бирок. Бир жолу да окунбойм. Бирок бугун коргонум менин ошончо жыл кыйналганымдан да кыйын болду. Мен эми бактылуу болуп учуп баштаганда канатымды алып койгондой болдун бугун.

Эмне деп айтса жарашат Алмаз. Мен анын айтып жатканына бир жооп таба алсамчы.. Жон гана козумдон жаш тогулуп отура бердим. Коп эле ичсе керек, суйлоп жатып кучу калбай калгандай кокурогумо башын жолоп отура кетти. Катуу кучактадым. Кучагымдан чыгарсам мени таштап кетчудой сезилип жатты. Башын которуп мага карады да:

— Сен аны дагы деле унута элек экенсин,-деди унуно ыза аралаш.

-Мен аны унуттум,-деп башымды чайкадым.

-Карасан кызык ээ жашоо, ал сени ыйлатат, сен болсо мени,-деди.

-Алмаз,-дедим жалооруп. Мен аны унуттум. Ал такыр жашообузда болбойт. Кечирчи мени.

Бир топко унсуз отурган сон мени карап:

— Сен биротоло аны журогундон чыгарганына озун ишегенде гана чыкырчы мени,-деп ордунан тура берди. Кадамдары так шилтенбей, таксилер турган жакты коздой тенселип басып бара жатты. Мен артынан чуркап бара албай, эмне дешимди билбей отура бердим. Козумдогу жашты да, журоктогу ойлорумду да токтотууга мумкун эмес эле. Ушул создорун соо учурда айта албай ,атайын ичип келгендир.

Ошол кундон бери смс жазышып эле журобуз. 5 кун отту.

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE