Пример HTML-страницы

Күнөө кимде?

https://kyrgyzcha.site/?p=60624&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күндөгүдөй офисте өтүп жаткан жумуш күнүн телефондон чыккан курбусу Айзиректин үнү бузду.

 

— Алло, Аида сенби?

 

-Ооба .. Айзирек, Эмне болду!?,тынччылыкпы?

 

.. Оор үшкүрүп алды курбусу телефондун тиги башынан.

 

— Тез келчи үйүнө, мен азыр барам…

 

Курбусунун үнүнөн анын терең кайгыга батып турганын сезе калып, шашкалактап стол үстүндөгү кагаздарын жыйыштырып, катчы кызга:

 

— Шашылыш жумуш чыгып калды, мен бүгүн болбойм- деди да, үйүн көздөй жөнөдү

 

 

 

Кайгыга басырылып, ыйлагандан көздөрү кызарган курбусу сүйлөп атты

 

— Гулперинин боюнда бар экен

 

— Эмне!?Кантип? Качан? Ким айтты? Чоочугандан бир нече суроону катар жаадыруу менен Айзиректин турмушка чыга элек али жапжаш, көздөрү балбылдаган кичүү сиңдисин элестетип жиберди көз алдына.

 

— Азыр гинкелогго барып келатабыз. Гулпери тай эжемдикине буюмдарын жыйнаштырганы кетти. Бир нерсе ойлоп тапкыча, сеникинде көздөн далдаа … тура турсун. Үнү буулуп ыйлап кирди курбусу.

 

— Койчу эми , болоор иш болуптур . Айтып берчи кайдан,анан кимден. Гүлперинин андай жүргөнүн деле байкабадым эле..

 

— Көптөн бери «Ашказаным» дегенинен, атам Өзгөндө ооруканада врач болуп иштеген аяш атама дайындап дарылатууга жаткырган. Анан аяш атам Гүлпериге өзү айта албай, анализдери чыккан соң «Сенин боюңда бар, кызым» деп кагаз жазып коюптур. Ал кагазын көтөрүп мага келиптир Гүлпери, эч ким менен болгон эмесмин деп көз жашын көлдөткөндө адегенде аябай урушуп анан, анан .. « мүмкүн адашуу» деген ниетте гинекологго алып барсам..оох. . чын эле боюнда бар экен! 3 айлык, бирок гинеколог айтат «Сиңдин кыз боюнча, кыздыгынын үстүнө болуп калыптыр». «Кантип» десем, «Ушинтип көп кыздар алданып калат, эч нерсе болбойт деп… Аны эмне бекем тосулган чеп деп ойлойсуңарбы. . Эрендик ыңгайлуу учурда түшүп калат, анан дайыма жогору карай жылат да, бойго бүтүп калат» деп түшүндүрдү. Ушундай болот деп ким ойлоптур, укканым менен гезиттерден окуганым менен, менин карачечекей сиңдим ушундай абалда калат деп ойлободум эле. Ишенбейсиң десем, тажрыйбалуу гинеколог айтып атат.

 

— Атамдар билсе.. Атамдын көзүн кантип карайбыз. Гүлперинин өзгөчө жакшы көрүп көзүнүн агы менен тең айланып турчу. Бул болсо..Айзирек жүрөк тушун мычкый отуруп калды. Курбусунун туулгандан жүрөк оорусу бар экенин билген Аида сооротуп кирди чебелектеп

 

— Айзирек, кайгырганда эмне пайда, кел андан көрө эмне кылабыз эми ошону ойлонолу.

 

— Алдап сурасам айтып берди, Токтогулдук бир бала менен сүйлөшкөнсүп жүрчү экен. Бир жолу, мындан үч ай мурун курбусунун туулган күнүндө бирге отурушуптур. Андан ары «Болгон эмесмин» дегенден башка сөз айтпайт.

— Демек кыз бойдон болсо, бирок боюнда болсо, туулган күндө бирге болушкан күнү ал бала алдап, анан да эч нерсе болбойт деп …. бул балээге кабылган окшобойбу. Санааркай сөзгө аралашты Аида. Бала ошондон болгондон кийин ал баланы «ал» дейбиз да. Адреси бар бекен?

 

— Азыр Гүлпери өзү келгенде тактап сурачы. Бирок Аида, «ал» деген менен ал бала ала коёр бекен?! Тийген эмесмин дейт да.

 

— Ооба тийбепсиң бирок боюнда болуп калыптыр, кыз боюнча дейбиз, ишенбесе өзү тааныган гинекологго алып барсын.Чечкиндүү сүйлөдү Аида. Кыз боюнча туруп боюна болуп калаарын көп укканы менен, турмушта болоорун, болгондо да жакын курбусунун сиңдиси кабылганга таңыркап да, санааркап да жатты.

 

Көпкө курулган кеңеш учурунда, болгон окуяны эч кимге айтпай туруп өз-ара аракет кылып көрүүнү чечишти. Аида жалгыз жашагандыктан Гүлпери анын үйүндө туруп калды. Көздөрү шишип күнүгө ыйлап атып бечара кыз өңүнөн азып да кетти. Ал күндөрү Аида менен Айзирек Мирлан аттуу токтогулдук жигитке жолугушуп, ал стажер болуп иштеген милиция бөлүмүнө барып начальнигине, бир ишканада жетекчи болуп иштеген алысыраак айылдаш агасына да барып болгон иштин баарын айтты. Алгач сурап көрөлү Мирландан, чын болсо алббетте биз каршы эмеспиз дегендей кылышканы менен экинчи жолу жолукканда алар биринчи багытынан теңирден тескери кеткендиктерин сезди. «Кыз бойдон» дегенди уккан Мирлан «албайм, мен тийишкен эмесмин, керек болсо тааныбайм» деп чыкты. Бул жолугушуулар учурунда милициянын бөлүмүнүн начальниги тарабынан да, Мирландын алыс агасы тарабынан да кандайдыр мыскылды, ишенбөөчүлүктү, турмушка чыга элек өзүнө карата жасалган текеберчиликти сезди. «Хмм, кандай эле кыз болуп туруп боюнда болуп калат экен, жомок го, сиңдиңер өзү жөн жүрбөгөн кыз болсо керек да» деген сыяктуу сөздөрдү угууга, жан курбусу, анын тажрыйбасыз бактысы кыйылганы турган сиңдиси үчүн андай басынтууларды көтөрүүгө тура келди.

 

Кайрадан курулган кеңеште Айзирек

 

— Жетишет эми, ал шүмшүк Гүлперини алам десе да бербейм деди. Мындай жарытылуу тууганы жок, колунан коко тыйын келбеген, кыйынчылык түшкөндө тааныбайм деп танган немеге Гулперини намыс деп таңуулап берип коюунун эмне кереги бар. Жашап кетээрине да көзүм жетпейт. Башка арга табуу керек

 

— Боюнан алдырса болбойт дешет го деди Аида.

 

— Жок болбойт анда, биринчисин алдырса болбойт деген гинеколог. Кийин төрөбөй калат экен. Өзүнүн оюна койсо бүгүн эле чуркап барып алдырып салгысы, кутулгусу бар. Айлам кетти эмне кыларды билбей, муну урушуштан да корком, өзүн бир нерсе кылып алабы деп. Ээ төрөсө төрөсүн, жалгыз эле Гулпери бекен төрөп аткан!

 

— Ошону айтсаң!- караңгы туңгуюктан бир жарык көрүнгөндөй кубанып кетти Аида да.

 

— Азыр жүрө берсин мени менен, мүмкүн ага че аяш ата, аяш энемдерге да айтып, алар деле түшүнөөр. Эл кеп кылып анан жаңы ушак табылганда унутуп да калышат. Али жаш эмеспи, кудайым бак берсе дале бешенеси ачылаар.

 

Арадан төрт ай өткөндө Гүлпери «ичим» деп жыгылып, тез жардам алып кетти шаардык ооруканага. Айзирек менен Аида энтеңдеп жетет келишип оорукананын эшик алдында турушту. Кыйладан соң чыккан врач

 

— Өзү оор абалда. Боюнан түштү, анын үстүнө ичин таңып жүргөнбү, баласы деле өспөй ичинде куурап калыптыр. Же кубана албай же ыйлай албай эки курбу жарык дүйнөгө жаралбай туруп куурап калган күнөөсүз наристенин өмүрү үчүн ким күнөөлүү экенин, мойнуна албаган уятсыз жигитпи, билбей алданганынын азабын тарткан жаш Гулпериби, же ата-энесине, улууларга айтууга даабай койгон өздөрү күнөөлүү экенин билбей шалдырап турушту.

 

Күнөө кимде?

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE