13- бөлүм.
Менден башка жабыркаган кыздар, балдар аябай көп экен. Сот жабык өттү, журналист дегендерди киргизген жок. Сот залынан тергөөчү менен чогу чыгып баратсак, мени жаш толгон көздөр менен карап Аврамдын аялы туруптур. Кызын бекем кучактап алган, башка тарапка салып кеттим, артымдан чуркап жетип келиптир.
— Сага каргыш тийсин, өлүп кет..
— Жакшылыкты билбеген экенсиң, алдымдан чыкпа жоголуп кет. Жиниме тийсең сени дагы каматам, сени ушул кыз үчүн аядым. Мен го кечирдим, эми мени эле эмес канчалаган адамды жарым жан кылганыңар үчүн, канчалаган жандын жанын уурдап алганынар үчүн кудай кечирсин.
— Кудайдын дагы, сенин дагы кечириминерге суусаган жокмун. Бул кызды аясаң Аврамды алып калбайт белең. Аврамсыз мага бул сокурдун эмне кереги бар?
— Сага өгөй кызбы? Кантип ушундай таш боор болосуң?
— Өз канымдан жаралган бала, бирок мен сокур бала сураган эмесмин. Ошол Кудай, Аврамды алгыча ушул желмогузду албайбы.
Карап турсам, бул аял акылдан азган неме турбайбы. Аврамга болгон сүйүүсү өз наристесине болгон мээримди өчүрүп салыптыр. Аврамды кадимки Кудай ордуна көрүп алыптыр. Кыз акыл-эс тартып калган, апасынын айтканын баарын түшүнүп жатат. Карасам ичке колдору титиреп, көзү көрбөсө да апасынан жийиркенип ары алыстап, көзүнөн жаш чыкпаса дагы үнүн чыгарып ыйлап жиберди.
— Кызың керек эмес болсо, бизге окшотуп органга сат. Кутулганча акча дагы таап аласың, кудай сени урсун.
Ушул сөздү тилеп жатты эле жанатан бери, албетте мен чын жүрөктөн айткан эмесмин. Болгону кызынын органы сатылып жатканын элестетсе, кызына болгон энелик мээрим ойгонуп кетеби деп үмүт кылдым. Бул сөздү укканда турган жеринде токтоп, үнү дароо басылды. Мен артты карабай басып кетип калдым. Үйгө барып алып Аврамдын кызын ойлоп тынчым кетти. Башка адамдардын, бирөөнүн баласын, бирөөнүн кызын мыйзамсыз, алдап, бычак астына коюп берген адамдан эмнени күтсө болот? Мен бул аялдан боштондукка калганы үчүн, кандайдыр бир башкача сөз же башкача сезим күтсөм керек. Үмүт кылган нерсем тескерисинче чыгып, дагы бир жолу жолумдан адашып кеттим. Эртеси ишти алып барган тергөөчүгө жолугууга барууну көздөп, кеңешүү үчүн Катя апага байланышсам, эми калганы сенин ишиң эмес, тынчыраак жатып айыгып, мекениңе кет деди. Кош көңүлдүк кыла албаганга, кеңешин укпай, баарыбир бардым. Ачык айтпасам дагы, Аврамдын аялын бирөө өлтүрүп кетпесин деп койдум. Ал деле бир нерседен шекшип, артынан аңдуу койгонун айтты. Бирок, сен кылмышкерди жашырдын!-деп күнөөлөгөн жок. Моралдык жана материалдык жактан жабыркаганым үчүн, мага көп суммадагы компенсация беришип, толук айыгууга мүмкүнчүлүк түзүштү. Психологдордун кароосунан өттүм, качан гана учакка олтурууга уруксат бергенде ооруканадан чыгарышты. Люда апамдын үйүнө келдим, андан башка бараар жерим жок болчу. Аз болсо да акчам бар, эптеп өз эле, өз жериме барып, жеке ишкер болсомбу дейм. Айтат эмеспи «бөтөн элдин ханы болгуча, өз жериңдин кулу бол»-деп. Мага окшогон ишенчээк адамдын шаары эмес экен көрсө бул жак. Катя апам акыбалымды сурап келиптир, алдыга койгон максаттары айтсам, байкушум ыйлап алды. Ал деле мага көнүп, өз кызындай көрүп калган экен.
— Айжамал, сенин тандоонду албетте сыйлайм. Бирок ал жакта эч ким жок болсо эмне кыласың барып? Андан көрө бул жактын жарандыгын алууга аракет кыл. Мен дагы Люданын аманатынан кутулайын. Жарандык алсаң жашоо бир топ жеңил болот, бул үйдү сага өткөрүп берем. Анан билесиң го менин дагы Люда апаңдан башка жакыным жок эле. Сени өз кызымдай көрүп, байланып калганда кетип калсаң мен кантем?
— Туура айтасыз, мен дагы сизди жакын тутуп калдым. Бирок бирөөнүн тону мага кийим болбойт экен. Баарыбир бул бирөөнүн эли, ал жакта жакын тууганым жок болгону менен, элим бар, жерим бар. Туулган жеримдин алтын топурагы бар. Мен ал жерде коркпой жашай алам.
— Айжамал, өз агаң сени эмне кылганы эсиңден чыктыбы? Аврам сага ким болуп калыптыр агандын жанында. Болгону сен ишенчек болбогун, жашоо үчүн күрөшүп, бактылуу болууга аракет кыл. Азыр сенин өмүрүң эми башталган учуру, турмушка чыгасың, балалуу болосуң. Сен сөзсүз бактылуу болосуң.
— Айтканыңыз келсин, андан көрө жүрүңүз мени менен. Биздин жер бул жерден өтсө өтөөр, бирок кем калбайт. Чогу жашайбыз, биздин эл кандай кичи пейил экенин көрөсүз.
— Жок, мен бул жерге көнүп калдым. Бул жер мага өтө кымбат болуп калды, сен таарынба бирок, мен албетте конокко барып турам сага. Айжамал, бирок сага таштап кеткен Люда апаңдын бул үйүн сага кантип өткөрүп берем? Сен сөзсүз жарандык алышың керек да, мен бул үйдү сатууга акым жок. Дагы жакшылап ойлонуп көрчү.
Ойлонуп көрүүгө сөз берип, Катя апаны узатып койдум. Бирок мекенге болгон сагыныч калууга жол берген жок. Учакка билет алып, кетүүгө саналуу күн калганда күн өтпөй кууратты. Башка эч нерсе ойлогум келген жок, мекенге барсам кучак жайып күтүп алган бир дагы тууганым жок. Өз элимде баары мага жакын, өзүмдүкү болгону менен, баарыбир жалгыз элем. Жумуштагы эжелер баары ыйлап узатышты, Катя апам болсо коштошууга дарманым жетпейт деп кетип калыптыр. Белек деп кичинекей баштык таштап кеткен экен, кыздар алып чыгып беришти. Ачкан жокмун, ичиндеги нерсени көрүп, Катя апамдын көңүлүн кыя албай калып калуудан корктум. Аэропорттко чейин таксиге олтуруп, машинанын артында кетип бараттым. Шамал экенине карабай терезени толук ачып, мага экинчи мекен болуп калган жердин, таза абасын кере-кере жутуп, көз суктанткан кооз жерлерин карап, көзүм тойбой жатты. Билем, мен аябай көңүлү назик адаммын. Израиль мага саткындык, эки жүздүүлүк гана эмес таза махабатты, бөтөн адамдардын канчалык деңгээлде мээримдүү болушун көрсөттү. Израиль мени өз агамдан сактап, койнуна катты. Израиль мага сүйүүнү, ооруну, адамгерчиликти, көз жаш төгүүнү, жакшы жаманды ажыратууну үйрөттү. Мен сага ыраазымын, сен менин жүрөгүмдө таттуу элесиң менен гана сакталып каласың. Кош бол ….
Эч кимге айта албаган сырларымды, ушул жансыз ак баракка катып көндүм. Ичимде болуп жаткан туйгунун баарын ушул аппак барактын бетин булгап жазам. Адамга, инсанга, мага оор болуп, көтөрүүгө алым калбаганда ушул жакка жазсам, байкуш ушул барак көтөрөт. Эч кимге айтпайт, урушпайт, сооротпойт дагы. Жөн гана укканды, жашырганды билет. Балким, кийин мен дагы эне болуп калсам, балдарыма башымдан кандай күндөр өткөнүн айтып берээрмин. Мейли өз балдарым болбосо дагы, бөтөн бирөөлөр укса, окуса жашоону, сүйүүнү, өмүрдү, жакын адамдарды, ата-энени, мекенди баалоону үйрөнүшөт. Миң жыгылып, миң сүрүлүп, миң турдум. Ийилдим бирок сынган жокмун. Жанымды берсем берээрмин бирок, намысымды берген жокмун. Ушундай кыйынчылык артта калды, эми менин жеңилүүгө акым жок. Жашашым керек, бир адамды бактылуу кылып, көп баланын энеси болушум керек. Буйруса, буйруса..
Колумдагы дептерчеге тигилип алаксып кеткен экенмин, качан Аэропорттун кызматкери жаныма келгенде чочуп кеттим. Кыялым башка жакта . Регстрациядан өткөндөн кийин күтүү залында олтуруп, учакка олтургузуп баштаганын байкабай калыптырмын. Сылык гана учакка олтургузуу жүрүп жатат деп, кирүүчү эшикти колу менен көрсөттү. Учакта терезенин жанындагы жай туура келиптир, өтүп олтуруп эшикти карадым. Ошол боюнча учуп дагы кеттик. Канча жолу учакка олтурсам дагы, эч качан бийиктиктен жер кандай көрүнгөнүн караган эмес экенмин. Майда көрүнөт экен, бийик асман тиреген имараттар кумурскадай болуп турат. Адамдар көрүнбөй калат тура. Мен дагы ушундай учак сыяктуу болсом кана деген ой кетти. Бийикте турсам, майда маселелер көзгө көрүнбөй кетсе. Эң олуттуу маселе кумурскадай болсо, мен ал маселени тоготпой, бутум менен тепсеп өтүп кетсем. Бийик, кол жеткис адам болсом. Жерде туруп учуп бара жаткан учакка биз суктанган сымал, башка инсандар дагы мени карап, суктанып, үлгү алса дейм. Сөз берем, бүгүндөн баштап жөнөкөй болом. Жөнөкөй болуу менен бирге кайраттуу, сабырдуу болом. Жүрөгүмдү таштай катырам, жок таш боор болуу үчүн эмес. Болбогон жаман сөздөрдү киргизбөө үчүн, жаман адамдар үчүн байкуш жүрөктү оорутуп албоо үчүн.
Кусага баткан жериме жетүү үчүн дагы бир учак калды. Саналуу сааттан кийин мекенге жетем. Анан болду.. Өзүмдүн арабамды өзүм тартам.
Сайтыбызды колдоп, биздин сайт менен бөлүшүп коюңуздар
Уландысы бар терең урмат менен КЫРГЫЗЧА.САЙТ