Күтүүсүз бурулуш…10-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…10-бөлүм

 

 

 

21-сентябрь. Саат эрте менен 8дер чамасы..

 

Кундо эрте туруп конуп калган учун дем алыш куну да эрте туруп алмайым бар. Бирок коздорумду ачып, потолокту тиктеп копко жатам. Комнаталаш кызым да келип, жалгыздык бир аз унутулгандай болду. Ал менден да эрте туруп, завтрак даярдап жатат. Омлеттин жыты мени ачырканткандай болсо да, аптанын башка кундорунон очумду алгым келип, турбай жата бердим. Ангыча эшиктин конгуроосу шынгырады.

-Турасынбы?, -деген ун келди кухня тараптан.

-Жок,-дедим эркелеп. Сен эле ача койчу эшикти.

-Жалкоо,-деди комнаталаш кызым эшик тарапка бара жатып.

Анын андан бетер жинине тийгим келип терезе тарапка бурулуп жатып алдым. Жай чыккан ундон улам эркек адамдын уну экендигин билсем да анча маани бербей ойго батып кеттим. «Комнаталаш кызым келбесе, жалгыздыктын колуно чогуп кетмек экенмин», -деп ойлодум ичимден. Акыркы убактагы уч ай уч жыл сыяктуу коп болду. Балким, эн кыйын учурума туура келгендиктен болсо керек. Балким, жалгыздыктан. .. Айтор эшиктен келген создор угулбай калды. Эн кулук ой демекчи 2 секундда ото коп нерсе ойлоп жетишип жиберем. Ушуларды ойлонуп жатканда денеме муздак кол тийди.

Комнаталаш кызымдын аты Адара.

-Адара сураныч,-дедим ичиркенип. Анын дайыма ушинтип ойготчу адаты бар.

 

Мага андан бетер жакындаганда эркек адамдын парфюму жыттанып кетти. Мен карап эле ордумдан жылбай калдым. Алмаз жылмайып туруптур:

-Спящая красавица, кеттикпи?

Устумдогу пледди бетиме жаап алдым. Бир аз мурда Алмаздын колу денеме тийгенин эми тушунуп, кызыктай сезимдер пайда болду.

-Бол эми батыраак,-деди.

-Сен комнатадан чыксан анан турамбы? дедим пледден бетимди чыгарып. Кыргыздар азбыз бул жакта негизи. Майрамдарда анан туулган кундорду шылтоолоп жолугуп турабыз. Бугун да туулган кун белгилоо учун пикникке барышыбыз керек болчу.

-Турбай эле койчу, менин да уйкум келип жатат,-деп мага артын салып жаныма кыйшайып жата кетти. Алмаз ото уйкучу. Жаворонок деп коюшат эмеспи ушул типтеги адамдарга. Кечинде жаткыра албай, эрте менен тургуза албай кыйналасын. Бугун да эрте эле туруп келе калганына тан калдым. Уйкусураган уну менен:

-Барбай эле коелучу, кечинде кафеге чыкырып куттуктап коебуз да,-деп козун жумуп суйлоп жатты.

Уруксатсыз комнатага киргени учун аябай урушайын деген ойлорум эмнегедир жок болуп кетти.

-Сен барбасан барба, мен барам,-дедим.

-Сураныыч,-деди уйкусураган уну менен.

Анын жаш баладай кылыгын коруп аргасыз жылмайдым. Плдедди ачып ордуман тура бергенде колумдан катуу кармап, кроватка озуно тарта бергенде кучагына жыгылдым.

-Алмаз,-дедим кабагымды буркой.

Аркамдан катуу кучактап алды. Журогум бир башкача согуп, колун бошотууга аракет кылып жатканда Ажара эшикти ачып кире калды.

-Завтракка келесинерби? ,-деп ынгайсыз абалга келгендей туруп калды.

-Адара, куткар мени,-дедим абалдан чыгуу учун. Алмаз кое берип ордунан тура калды да, Адаранын аркасынан чыгып бара жатып козун кысып койду. Тишимди жууп жатып, денемди бир нерсе каптагандай толкунданып жатканымды байкадым. Кинолордон, чыгармалардан окуп калсам ойлочумун: «Эмне учун автор каармандарды ажыратып, кайра башка адамга бат эле суйдуруп коет?»,-деп. Кузгуну карап, козумду катуу жумуп башымды чайкап алдым. «Жок, бул суйуу болушу мумкун эмес, мен эч кимди суйбошум керек». Кийинип жатканда, Алмаз:

-Бизди кутуп туруптур

 

Атайын шашпай кийинип чыктым. Алмаз босогодо кутуп туруптур. Менин чыкканымды коро салып:

-Кайсы бут кийиминди кийесин?,-деди шашкан калыбында.

-Бир аз мурда «барбай эле коелучу» деген адам шашып жатабы?,-дедим тамашалап.

Бут кийимди алып озу кийдирчудой даярданып отуруп калды. Тан калган тейде Адараны карасам, ал да ийин куушуруп жылмайып койду.Алмаз негизи кыздарга мындай мамиле кылчу адам эмес. Кыздарды ойнотуп, устудон карап, кыздарды жалбартып, сурантканды жакшы корот. Бирок мага дайыма башкача мамиле кылса да бул жолкусу ото озгочо болчу. Ото намыской, кыйынсынган, эч кимди тенине алгысы келбеген адам менин бут кийимимди берилуу менен кийгизип жатты.

Ал куну пикник абдан конулдуу отту. Коптон бери жаратылышты, таза абаны, достор менен чогуу пайда болчу атмосфераны сагынып калган экенмин. Бирок, ал куну демейдеги шайыр Алмаз ото ойлуу болчу. Бардыгы тан калышты. Алмаздын копчулуктун арасынды журогу сыгылып жургонун коруу мумкун эмес. Дайыма тамашалап, бироонун жинине тийип, катуу кулуп жургонун коросун. Мен да эл менен болуп жанына барбай койдум. Аныста да эрте мененки кылыктарын унута албай, эстеген сайын кызыктай сезимдер курчап жатты. Дайыма Алмазга жармаша берген Сезим деген кыз бар. Сезим да демейдегидей элден обочороок отурган Алмаздын жанынан чыкпай калды ал куну. Бул конуп калган конумуш адат болсо да, ал куну негедир Алмазды кызганып турдум. «Ушул кунго чейин эч кимден кызганбай эле бугун мага эмне болуп жатат?»,-деп суроо берем озумо. Айтор аларга маани бербегенге аракет кылып, мумкун болушунча конулумду которууго аракет кылдым.

 

Туштон кийин шаарга кайтып, кечинде башка жерден улантмакчы болушту туулган кунду. Ар ким сумка-рюкзактарын которунуп, спринтерден жай ала башташты. Алмаз эн арткы орундардан жай алып терезеге карай отура кетти. Канчалык конул бурбагандай тур корстоууго аракет кылсам да, козум мага баш бербей ал тарапты карап жатты. Сезим адаттагыдай Алмаздын жанына отурду. Сезим жакшы кыз. «Алмаз мени озунон алыстатып турткон сайын андан да катуу жакшы кором. Ал сенин созунду угат. Сен айтып корчу»,-деп мага арманын айтып ыйлаган болчу. Мен экоосун жакындатыш учун ар нерсе кылып коргом. Аны байкап калган Алмаз: «Сен мага боорун ооруп, бироого жакындатпай эле кой. «,-деп таарынган жада калса. «Кызык жашоо»,-деп ойлондум. Озумдон алыстатып, Сезим экоосунун бирге болуусун каалачумун бир кезде, азыр болсо тескерисинче ичим орттонуп кызганыч сезими курчап алган сыяктуу. Оюмду Алмаздын уну бузду. Жанымда отурган Эрмекке:

-Менин ордума отуп алчы,-деди. Эрмек да каршылык корсотпой туруп кетти.

-Каршы эмессинби сулуу кыз?,-деди отуруп жатып.

-Жайгашып алгандан кийин сурабай эле кой да,-дедим кулуп.

-Маданияттуу болушту эми уйронуп баштадым. Уйронгончо чыдай тур,-деди тамашаны улай.

 

Кулагыма наушникти салып, Алмазга мурункудай маани бербеген адам болуп, музыка угуп бара жаттым. Алмаз козун жумуп уктоого аракет кылды, телефондон оюн ойноду, айтор зээригип кетти окшойт, менин кулагымдагы наушниктин бироосун алып кулагына коюп жатып, мага жакындай берди. Rihanna нын «Unfaithful» ырына экообуз тен кошулуп кынылдап баштадык. Уну жетпей калганда экообуз тен кулуп жибердик. Алмаз кулагыма:

-Кечинде барбай эле коелучу. Эртен жумушка эрте кетишим керек деп шылтоо айтасын,-деди.

-Эмнеге?,-дедим тан калганымды жашырбай.

-Мен сени менен жалгыз болгум келип жатат.

-А сен эмне деп шылтоо айтасын?

-Демек макул болдун ээ?,-деди кубанып.

-Жок, билбейм,-дедим эмне дешимди билбей.

-Мен бир шылтоо табам, сен макул болсон болду,-деди бетимден ооп. Ошол учурда Сезимдин коздоруно козум чагыла тушту. Бизди карап турган экен.

 

Туулган кун ээсине белегимди берип кечинде келе албашымды айтып коштоштум. Алмаз учун жалган айтканыма тан калып жаттым. Кечке чейин потолокту тиктеп жата бердим. Коп ойлондум. Отмушумду, келечегимди, сезимдеримди суракка алып, ичимде ото чон согуш болду. Сааттын кечки 8 болгонун коруп, шашылыш душка кирдим. Чачымды кургатып жетише электе Алмаз чалды:

-Мен кутуп жатам сени,-деди бактылуу уну менен.

-Сен дароо эле комнатага кирчу эмес белен,-дедим тамашалап.

-Адаранын журогу тушуп калбасын деп кирбедим, качан чыгасын?,-деди.

-Куто тур.

-Макул,-деп телефонду койду.

Эми эле бой жетип, откоол курактагы кыз сыяктанып, толкунданып чыктым. Алмаз менен кантип учурашсам, эмнеден соз баштасам деп ушул убакка чейин ойлонбосом керек. Алмаз озгордубу же менби? Же болбосо менин сезимдеримби?

Алмаз телефонун кармап скамейкада отуруптур. Жанына келип отуруп, мен да анын телефонуна унуло калып:

-Оюн ойноп жатасынбы?,- деп караганча бетимден ооп алды.

Мурунку суйгон адамымдан Алмаз алда канча айырмаланчу. Ага караганда озу айтмакчы маданиятсызыраак, орусча айтмакчы «шустрый» анан ото шок болчу.

-Алмаз,-дедим таарынгандай.

— Кечирип койчу, сенин жанында озумду колго ала албайм. Сулуусун, таттуусун, журогумдун башкаруучусусун. Ушул создорду уккан сайын козумо жаш толуп бара жатты. Алмаздын ар бир кыймыл-аракетин мурунку суйуктуу адамыма салыштыра берем тымызын. Ал канчалык суйуп, кыймыл-аракети менен сезимдерин билдирип турса да мындай создорду айта бербечу. «Кыз кулагы менен суйот» деген сыяктуу кыз ар дайым жакшы создорду уккусу келет тура.

 

Созду башка жакка бургум келип:

-Каякка барабыз?

Жооп бербей ордунан тура калып мага колун сунду. Колумду берип жатып ойлондум «Мен кыйналганда, ыйлаганда, кубанганда, кайгырганда ушул колдор колумду кармап, эч качан жалгыздыкка таштаган эмес. Мен жалгыздыктын колуно чогуп жатканда ушул ишеничтуу колдор куткарып, ушул ишеничтуу колдор чачымды сылаган». Коп баспай чон жолго чыга бергенде такси токтотту. Таксиге отурган сон мен эч качан укпаган адрести айтты.

-Ал кайсы жакта?,-дедим.

-Сюрприз,-деди менин кызыгуумду арттырып.

Шаардын чет жагындагы бир жерге келип туштук. Айлана жарык, жаштар коп, бул жакта жашоо эми эле башталып жаткандай. Алмаз колумдан жетелеп басып жоноду. Тоо сыяктуу бийиктикке тепкичтер менен чыгып бара жаттык.

-Алмаз, жайыраак басалычы,-дедим ордумда токтой калып.

-Чарчадынбы? ,-деди.

-Ооба, озумду мультфильмдеги Кунг Фу пандадай сезип кеттим десем каткырып кулуп баштады.

Эн бийигине чыкканда, чарчоом унутулуп, мындай кооздукту коргонумо жетине албай кубанып турдум. Шаардын сулуулугун ушул жерден корууго толук мумкун экен.

-Эч качан келбедин беле?,-деди Алмаз. Ал мындай нерселер учун кубанчудай деле туру жок.

-Жок, алгачкы жолу,-дедим кубанганымды жашырбай.

-А мен коп келем,-деди. Айрыкча маанайым ото жаман болгондо келип, копко отурам.

-Сезимди да алып келесинби?,- дедим тамашага салып. Канткен менен кундузгу кызганыч сезимдери унутула элек да.

-Жок, ал менен сен баякыда мени киного чыкырып коюп, оозундун ордуна Сезимди жонотуп койгондон бери эч жакка бара элекмин,-деди таарынганын эстетип.

-Мен буздумбу ошондо келечегинерди? ,-дедим тамашалап.

-Жоок, андай эмес,-деди да токтой калып:

-Токтосон, сен мени Сезимден кызганып жатасынбы?,- деп кулуп карады.

Мен айыбым ачылып калгандай шашып кеттим:

-Жок, мен сенин эмненди кызганмак элем,-дедим андан козумду ала качып.

-Аа, ошондой эле болсун,-деп жерге отура кетти. Ал жак бийик болгону учун шаардан бир топ эле салкын экен. Бирок азыркы учурда адамдар сенин ар кайсы жерде ынгайлуулугунду ойлонот эмеспи. Дегеним ал жакта да кичинекей кофейнялар бар экен. Официант сыртка чыгып бир нерсе керекпи деп сурады.

-Плед, дедим менен дароо эле.

-Биз бир аздан кийин киребиз ичине, азырынча плед берип коюнуз,-деди Алмаз официантка.

 

Ун-созсуз бир топко отурдук. Мен мындай кооз пейзажды унуткум келбегендей ар бир детальды жаттап жаттым окшойт. Бирок ото ушукчоол болгондугум учун покрывало сыяктуу жука пледдер ысыткан деле жок. Мен шаарды, Алмаз мени карап отурган окшойт, ушугонумду дароо эле сезди. Озуно тартып, бекем кучактады. Мурда деле Алмаз мени кучактаганы менен, ал кезде баары башкача болчу. Анда ага дос катары карачумун. Бул жолкусунда бир аз башкача. Кокурогуно башымды жолоп, анын парфюмунун жыты мени мас кылып жатты окшойт. Андан бетер жакындап мен да ото жакын болууну кааладым. Алмаздын журогунун ар бир кагышы даана угулуп жатты.

-Алмаз,-дедим тынчтыкты бузуп.

-Ооу,-деди мээримдуу уну менен.

-Бир аз мурда суроо бердин го…

-Эмне деп?

-Кызгандынбы деп.

-Ии,

-Кызгандым,- дедим жашыргым келбей. Андан ары уланткым келбеди.

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️