Жашоо…….

Мен кандай жакшы күндөрдү эстейин десем эле, жашоодогу болуп, өткөн жагымсыз күндөр эки колун көтөрүп маңдайында турат.

Андан кантип, өтүп кетем десем карасан эми кыйын болуп, калган тура деген сансыз ойлор асмандан сапырылып, куюндай кутуруп, бороон-шамалды элестетип, жамгырдай көз жаштар төгүлүп, сүйүүдөн азап жеген түшүнбөс күндөр, түшүнгөндөн кийин экөөбүз эки башка адамдай жолдон жолуксак дагы тааныбастай өткөн күндөр, кайра кечиришип, байкуш сүйгөнүм качан келет деп жол караган, ээрчитип барган балдарын төркүнүмдүн балдары менен кагышып, кеhttps://kyrgyzcha.site/?p=5224&preview=trueтсе бүркөлгөн кабак каштын ортосунда жан биргем апамдын мени билбейт деген ойдо термелип, турганын көрсөм да көрмөксөн болуп » иттүү конок батпайт, биттүү конок жакпайт»- дегендей балдарымдын курсагы тойсо экен:- деп санаа болгон алтын күндөрүм биринен-бири алыстаса, өзүнүн мастыгынан бүтүн жүрөгүмдү жара-жара тилип, ак жеринен канын канча шорголотсо дагы балдарым үчүн кечип, кайра жолун карап, ата-энемдин маңдайына келе албай көрүнгөн кошуна жеңелерге кыйындыгынан урушкансып, улам бирөөнөн чакыртып, «үйдүн кишиси, же Чүйдүн кишиси эмес» кыштын кычыраган, жайдын мээ куйкалган күндөрүндө канчалаган Ата Мекендик Согуштар бүткөндөн дастан болуп, байкуш өмүрдү кор кылып, бирде бардык менен, бирде жокчулук деген жоорубаган атты минип, канча кыйналып, бала-бакыраны өстүрүп, балдарым менин жолумду жолдобой бактылуу жашоодо жашаса экен деп, канчалаган жакшы түндөрдү, үйдөн кубаланып, жылдыз санаган эсеби жок кылымды жашагандай чуулгандуу күндөрдөн чыга албай жүрүп келин алып, кыз берген мезгил келип, биз элден башкача ызы-чуу менен жашап, аткансып, ээрдимди бекем тиштеп, жүрсөм көрсө жашоодогу элдин баары ошол улуу, опурталдуу, машакаттуу, табышмактуу жолду тебелеп-тепсеп каалаган ой максатына араң кырк же кырк беш жашына чейин эзилип, кесилип келгендей күндөр менен өмүрдүн ортосуна жетип, калат экенбиз.

Ошону менен ата-энендин көзү өтсө өзүңдүн өмүрүңдүн он сегизинчи жазына чейин бирөө чекеге чертпей Акымдын эркектен артык кыздары дегенден башка сөз укпай эрдемсип, бүгүн дүкөнгө сапошка түшсө атам айтты деп, алып,түштө бутумду кысып салды байке алмаштырып, бересизби деп, жалдырамыш этип, атакемдин баркы менен үч жолу алмаштырып, кийер элек. Көрсө атам алар менен кайсыл суроо менен кайрылган жок дебестен берип, турган март атам бар эле. Апам мендей болуп, мал жагына эч качан киришчи эмес. Алтын атам аракты оозуна албаган, убаданы так кармаган адам эле.Кичине болуп билбей калбасак атам кыйналып, көрүнгөндөн бар сурап, келчи дегенин көргөн эмесмин.

Бирөө сурап келсе акыркысы болсо дагы берет, бирок ошол киши убаданы жаздым кылса өмүрү мамиле кылбаган жагы бар эле.

Элдин баары Акымдан алба, алсан ошол күндөн калба дешип, дайыма кеп кылышат эле.Турмуштун ысык-суугунан бирде ысып жашоонун ырахатын көрүп жолдошумдун сүйүүсүнө бөлөнүп, бактылуу болгонум менен эрте жетишип, казаныбыз кайнап, отубуз жайнап, дегендей бардарчылык менен балдарыбызды жалаң Фрунзе шаарынын кийимдери менен кийинтсек ичи күйүп, бир көйнөгүм жүз көйнөк көрүнүп, абысындарымдын көздөрү кийимден өтсө, өз абысыным ак жеринен күйгүзүп, катынын мындай сен жокто үйгө жолобой балдарыңды энеңе таштап, кечке көчө таптайт.

Кайда барарын билбейм деп байкуштун кулагына куят. Уулу орондосо эмне болду келиним көр оокаттан колу бошобой, мен бала бакпаганда эмнеге жарайм деп:- кайын энем күйпөлөктөйт. Ишенейин десе энеси кара жалапка ишенип, өз жашоонду бузуп алба балам дегенде эмне айтарын билбей , өзүнүн эмгеги менен жетишип, алма, өрүктөрүбүз шашылгандай гүлдөп, картошканы кенедей айдасак да отоого бастырбай карап турам. Балдарым майда, үй болсо кудайга шүгүр үй оокатымды ата-энем шыпыргыма чейин алып келип, эки жыл мурун сыйын көрүп, кетишкен.

Пример HTML-страницы

-Кагылайын айлам кетти женеңе сүйлөбө деп, кайнагам баарын билет сүйлөй албай мени тыят.

Мен ыйлап, кетемден калгам бирок өлүп, калам го деген жаман ой алга түртөт. Бир күнү мас болуп келип, күйөөм кылдан кыйкым таап, сени уктум мен жокто кайда жүрдүн деп таң атканча уктатпады. Кана айт ким менен бастын , турдун аялдарды жалап,:-деди, эркектерди азыр жетелеп барып, беттештирем дагы экөөңөрдү тең өлтүрөм деп чыкты.

Мен кимди булгайм алтындай теңтуштарымды, жазыгы жок теңтуш балдарды булгагандан көрө өлтүрсө мейли деген чечимге келдим.

Балдарым тигил үйдө апам менен, же апам укпайт ушундай кыйналып, эртең менен турбай калдым.

Шартылдаган аял мына оорулуу аялга айланып, апама болгонун айттым эле эне да колунан эмне келет. Улуу баласын чакырып, бул да бирөөнүн баласы өлүп, калса не болот балам, катының калпты айтып атып иниң бузулду беш баласы эмне болот айланайын деп, өз баласына боздоп, турду.

Жолдошум эми үйгө келбей сенден мен кемминби деп, кайдагы жок шылтоолор жол ачылып, аракка, аялга шылтоо табылды. Атам болсо өзү тапты беле өзү жашайт үй-бүлөө ошонтип, куралат.

Балам аман болсо балдары чоңойсо алга жетет күйөөдөн беш баласы менен чыгып, кайда барат:- деп кулакты жапырат.

Мен ооруп, удаасы менен алты жолу операция болуп, оордумдан тура албай калдым. Болгону кызым сегизинчи класс. Ителеп башы биттеп, апам карай албай, мен өлүм алдында качан :- деп аңдып, калышты. Башымдын ооруганынан акылым эс-мас.

Күндүз төшөктөмүн, түндөсү оокат кылам, камыр ачытам, жарма жазайм, тамак жазап, балдарымдын сүйүнгөнүн айтпа. Күн чыкса ошондой ооруйт.

Күйөөмө кудай берди, колдо мал бар, болгон тилеги өлүп, калса тилейт деп ойлойм бирок ичин билбейм. Жаныма жатмак тургай алымды сурап, койбой калды. Бирок өзүнө тың кийими таза, балдарын жакшы карайт. Апам күнкүлдөп эне да баласын капырай башканы деле сурайт:- деп калат.

Мага бар жогу такыр оюма келбей калды, ал эмес балдарым дагы жолобойт. Апам эле балам чай ичсен боло дегенде чайга отуруп бир чыныга нанды туурап жеп алсам апам өзү колу менен бергендей сүйүнүп калат. Ооругандагы мезгилим апама оорбу, жеңилби менин оюмда болбойт.Бирок күн батаар менен болгон оокаттын кылам. Болгон кирди жууйм, водапроводко коркпой чайкап, жайып жүргөндө келсе дагы жаныма келбейт чоочунбуз.

Көп жакшы жылдар жылып, күндөр күлүп, балдарым чоңоюп, апамдын карылыгы келип, батасын берип, өмүрдөн узап кетти. Өткөндүн оорду толуп кырк эки жашымдан баштап келин алып, бир кызымды берип, ырыска шерик келиндер, оокатка бүйрө балдарым биринен-бири иштерман болуп баягы шарактаган атасы бөтөлкө кучактап эле басып калды. Бир миң тогуз жүз токсон үчүнчү жылдары союз тарап, эл дайнын таппай калганда биз дагы малдан кол жууп отуруп бердик.

Кредит ала коюп, төлөй албай андан-мындан карыз алып, кутулсак алар үйдөн кетпейт тобо кадыр сурашып, чай ичишкендер. Булар эми оңолмок беле деп, кээси жаман айтышып кеттик. Оомалуу төкмөлүү дүнүйө баш болсо баары болот экен төрт балам шаардан алты казактын машинасын айдатып барышып, бир күнү кечке иштеп, айылдын балдарын кошуп алышып, жандарына бир тыйын албай элдин карызынан кутулуп баса беришти.

Эшиктин алдында эки доочу балдарым чыкканда эй акчаны берип, кетпейсиңерби дегенде, байке атам азыр берет деп сумкаларын асынып баса беришти эле отуруп калышты. Атасы мына силерге рахмат буйурса экинчи албаса тобо, менин алган акчамды жалаң силер менен ичтим эле, мейли рахмат деп оозу күйдү.

Мына арактан башы чыкпай, бөтөлкөгө балык болуп кантип,түшүп кеткен күндөрүн сезбей бирок таза кийинген, тамак-аштуу болуп алтымыш эки жашында инфарк деген диагноз менен шаардан кайтыш болду.

Капырай өмүр бою таарынып жашайм деген күндөрдү, заматта колдон алдырып, ичим күйүп, өлгөнүнө көп теңтуштардан мурун кеткенине ызаланып, өзүмдө кошок деген бар эле ушундай төгүп, кыргыздын салты менен эки түнөтүп, кадырлап карасын жамынып, кыз келген күйөөм болсо өлөөр менен жаркырап, баягы азаптын баары унутулуп, алтымыш эки жаштагы күйөөм эмес жыйырма алты жаштагыдай боздоп узаттым го. Мына кудайдын буйругу менен ушунча жыл балдарым менен бактылуу жашап, уулдарым келин алып куда күтүп, кыздары турмушка чыгып неберелерин эркелетип, келиним чоң эне болсо, уулум чоң ата болуп, рахаттуу жашап жатышат.

Кичүүлөрү мына-мына деп эркектери чыбык атты камчыласа, кыздары кылыктанып ойноп турушат.

Жашоонун аягы жок тура баладан бала калып тукум уланып жүрүп отуруп аягы башка болгон күнгө жеткирип, элге тынччылык, балдарга өмүр,ачык асман, жаркыраган ай- жылдыздар, күлүп чыккан күн дайыма жарыгын чачып турсун:- деп сапарлашым бир топ жеңилдеп алып, жолун улады.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️