Гулго оролгон ак сүйүү 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

Гулго оролгон ак суйуу

5-болум

Ата-а!- Кой, кызым, жокту баштабай тынч бол.- Уктуңбу, балам, фирманы жетектеп өзүңөр үчүн жашагыла, тоюңарды өткөрө албай калдым, арман ай! — деп алды Надырбек.- Өзүңдү кыйнай бербечи, атасы.- Уктум, ата, — деп Турсун бир жагында отурду.- Тагаларыңды качанкыга чакырдың эле?- Бүгүн келишмек.- Анда камыңарды көрө бергиле, жок дегенде кудаларым менен чай ичишкенге жараармын, — деп жылмайган болду. Света күйөөсүнүн жанында болду, Гүлина менен Турсун базарга кетишти. Кечке маал Турсундун бир тууган тагасы аялы менен иниси Жүрсүндү алып, мындайыраак тууганы Бекболу аялы менен келип калышты. Тойго деп бир жылкыны машинага жүктөп, элүү миң сомду ала келген тагасы Шерикбай жана башкалар кудасынын ооруп калганын угуп, кейип калышты. Бекболу Надырбекти билет экен. Союз учурунда өкмөт жиберген жакка барчу эмес беле, Надырбек райком комсомолунун биринчи секретары болуп барганын айтып сүйлөшүп отурушту.Турсунбек, Жүрсүнбек деп, ата-энеси балдары токтобой жүрүп койгон экен, баарын айтып келишти, карындашы Сажирага Гүлина жаккан жок. Жакшылап коноктоп, эки-үч күн аерде болуп, анан жолго чыкканда Турсундун телефону чырылдап калды. Надырбекти ооруканага алып кетишкен. Света Турсунду кара жолтой болду деп ичинен жаман көрүп калды, бирок туугандары келгенче андан башка жүгүрөөр эч кимиси болбогондуктан, телефон чалган. Гүлина жанында болчу. Бекболулар жаман абалда калышты, тойго келебиз деп мындай болоорун кайдан билиптир. Акыры кудасын койгуча күтмөк болуп калышты. Гүлина боздоп ыйлап жатты. Тууган-уругу келип, кадыр-барк менен жерге беришти.Турсундун тагдыры ойлогон оюнан да ашып түшүп, эки тизгин, бир чылбыр колуна тийди. Заңгыраган үйдө жашайт, чоң килейген фирма колунда. Алдында машинасы бар. Инисин жанына алып, окутуп койду. Акырындык менен бир жерден орун алып, эч кимге билгизбей үй салдырууга киришти. Гүлина эчтеке менен иши жок, фирмага барууну ойлоп койбойт, күндө салонго барып жасанып-түзөнүп, кечинде күйөөсүнө эркелегенди гана билет.- Кызым, — деди бир күнү Света, — күйөөңдүн ишине бир карап койсоң болот эле, эмне кылып жатат?- Ой, апа, мен Турсунга ишенем.- Ишенгениң го дурус, бирок көз салбасаң болбойт.- Койчу, апа, эмнесине көз салам, баары ойдогудай, — деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Миллиондогон сумманын тегерегинде продукция чыгарчу фирма акырындап банкротко учурап баратты. Эки жылдын ичинде Турсун үйүн салып бүтүп, башка аял алмак болду. Анын шылтоосу Гүлинанын боюна болбогону болду. Бирок эч кимге билгизбей бир кыз менен тымызын сүйлөшүп жүрдү. Ошол күнү ал кызды үйүнө жеткирип коюп, кеч келди.- Жа-аным, эмнеге кечиктиң? — деп Гүлина мойнуна асылды.- Иш көп, жаным, иш көп, атам фирманын иши артка кеткенин байкап, сары санаадан кан басымы көтөрүлүп кеткен тура.- Эмне, артка кетип жатабы?- Банкрот болуу алдында турабыз, көп иштеш керек, — деп колуктусун кучактап өөп, — Бир аз чыдасаң кайра ордуна алып келем, ошонун айынан күндөп-түндөп иштеп жатам, — деди сыр билгизбей.- Менин жардамым керек эмеспи?- Жо-ок, өзүм жетишем, — деп кайненеси даярдаган чайдан ичип, курсакты тойгузгандан кийин өз бөлмөлөрүнө келишти. — Жаным, качанкыга апам эле тамак жасап берип турат бизге, сен жасабайсыңбы? — Мен жасай албайм.- Үйрөнүшүң керек, кокус өзүбүзчө жашасак кантесиң?- Үй кызматчы алабыз.- Кандайча, толгон бүлөбүз болбосо, экөөбүз үчүн бир кызматчы жалдап кереги эмне?- Өзүм үчүн жалдайм, атам мени эч качан казан кармабайсың деген, мен эч качан тамак жасабайм.- Макул-макул, жаным, качан балалуу болобуз?- Мен жыйырмага эми чыгам, эми эле балалуу болуунун эмне кереги бар, эмитен бала багып…- Мейли, жаным, жапжаш, супсулуу болуп жүрө бер, балалуу болууга жетишебиз, — деп кучакташа спальныйга жата кетишти. Гүлина ага эркелөө менен гана алек. Света күйөө баласынан күмөнсүп, бир күнү фирмага барсамбы деп ойлоду, бирок уялды. «Турсун эмне дейт, кокус көрүп калса эмнеге келдиңиз десе эмне дейм, балким жакшы эле болуп жаткандыр» , — деп кала берди. Ал күнү кечинде:- Балам, иштериң кандай? — деди акырын.- Жакшы, апа.- Эсеп-чотун берсең боло, эки жылдан бери бир дагы жолу эсеп бербедиң, кайда кетип жатат, банкка да акча салына элек.- Эртең эсептешейин, апа, бир аз кетенчиктеп кеткен экен, эми буйруса жакшы, — деп Турсун тайсалдай түшкөндө Света баарын түшүндү.Көздөрүнөн бир шойкомду сезип:- Турсун, эртең фирманын жетекчилигин Гүлинага өткөрүп бер. Мен өзүм баш-көз болбосом болчудай эмес, — деди акырын.- Апа, негизи эле фирма банкрот болуп калган экен, мен бир аз жылдырып койдум, бул бойдон сиз жүргүзө аласызбы?- Мен баарын билем, балам, фирма банкрот болгон эмес, атаң мага канча акча айланаарын айткан, ай сайын банкка акча салчубуз. Сен жакшы жөндөй албай жаткандырсың? — Жо-ок, апа, баары жайында, — деп Турсун кызарып-татарып кетти.Гүлина: — Апа, эмне эле болуп жатасыз, Турсун эле иштей берсин, — деп чоюлуп туруп кетти.- Ай кызым ай, сенин айыңдан атаң өлдү, эми мени өлтүрүп алсаң талаада калаар бекенсиң?- Апа, кантип эле мен Гүлүнү таштап койойун?- Андай дегеним жок, байкабаган уу ичет болбосун дейм да, балам, фирманын иши жакшы болсо өзүңөр үчүн.- Макул, апа, эртең Гүлинага өткөрүп берем, сиз барбай эле коюңуз, экөөлөп иштейли анда, жүрү десем эле өзү барбайт, — деген Турсун ордунан туруп, сыртка чыгып туталанып жатты. «Келесоо кызы фирманын ишин билип коймок беле? Шашпагыла, мен эми силерди так сызга отургузам» , — деп чылым чегип, көпкө басып жүрдү. Анын жоголуп кеткенинен улам Гүлина эшикке чыкты.- Турсун, кайда жүрөсүң?- Эмне болду?- Кирбейсиңби? — Азыр, — деп чылымдын бөчөгүн ары ыргытып, үйгө кирип, аялынын жанына отурган соң: — Апам мага ишенбей жүрөт окшойт, — деди үнү кекээрлүү.- Эмнеге, жөн эле айтып жатат, койчу ээ аны, өзүм сага ишенип баарын берип жатам го? — деп асыла кетти. — Жатчы, апам айта берет.- Азыр, жаным, мен чарчадым, нерв чарчап калат экен.- Турсун, кел фирманы башка бирөөгө өткөрүп берип, эсептешип эле турабыз?- Эмнеге? — Турсун чочуп кетти, кызыл-жашыл акчалардын башка бирөөнүн колуна түшүп жатканын элестеткиси да келбеди. — Жаным, аны өткөрүп берип коюп экөөбүз эмне кылабыз? Эс алабыз, Америкага, Европага саякат куруп, көңүл ачабыз. Убактылуу өткөрө турсак эмне болмок эле? — деп мойнунан кучактап алып, өпкүлөдү Гүлина.- Шашпа, жаным, келерки жылы барабыз.- Ырас элеби?- Ооба, менин дагы эс алгым келип жүрөт.- Макул, бир жылга чейин фирма оңолуп кетет да.- Ооба, ойдогудай бутка туруп калабыз.- Мага акча керек, жаным.- Канча?- Он миң.- Аны эмне кыласың?- Пальто алам.- Ошончого албай койо тур, кийимиң көп эле го?- Модадан калып калды.- Быйылча кийип тур, эмдиги жылы отуз беш миңдик пальто алып берем.- Жо-ок, мен аларды кийбейм, чоң аялдар кийишет аны.- Модага ылайыгы деле бар экен, мен жыйырма жети миңдик пальто көрдүм, дал сенин размериң.- Чын элеби?- Калп айтып эмне кылам, кой жаталы, — деп жатып калышты. Света улам-улам күйөө баласынын тайсалдаган көз карашынан шекший: «Бул соо эмес, сызга отургузуп кетпегей эле. Гүлинанын болсо эчтеке менен иши жок, фирма жоюлуп кетсе кызымдын келечеги кандай болот? Кой өзүм киришпесем болбойт экен, бул оңой бала эмес, шордуу кызым кайдан да кабылды буга?» — деп санааркап жатып, кеч уктады. Эртеси негедир Турсун эчтеке ичпей таң заардан туруп кетип калыптыр. Ал жанталашып бир имаратты ижарага алып, өзүнчө фирма ачууга ниеттене документтерин даярдап жүгүрүп жүрдү. Күмөн санап калбасын үчүн эки миң долларды кайненесине кечинде алып келип берди.- Балам, күнүнө миллион айланчу фирмадан эки миң доллар эле алып калдыкпы?- Апа, фирма банкротко учураган кезде Турсун оңдоп баратат, эмнеге эле мынча такып калдың? — деп Гүлина апасына нааразы боло карады.- Жо-ок, кызым, эч кандай банкротко учураган эмес, жаңыласыңар, кызым. Бул бойдон калтырганда болбойт, эртеңден баштап баарын өз колума алам, — деп Света туруп кетти.Турсун бул жолу эчтеке дей албады. Ичинен: «Колуңдан эмне келээр экен, кызың экөөңөргө көрсөтпөсөм элеби», — деп кекенип алып, зыңгырай отуруп калды. Эртеси Света фирмага келип, бухгалтер менен сүйлөшүп, жылдык, айлык кирешелерди эсептешкенде баарын Турсун алып жатканы белгилүү болду. Ичтен тынган Света бухгалтерге: «Келгеним жөнүндө Турсунга айтпа», — деп коюп жөнөп кетти. Ал келсе Гүлина уктап жатыптыр, Турсун эбак кеткен. Ал фирмага келип, керектүү жабдыктарды жүктөмөк болуп жатканда бухгалтер келип:- Буларды кайда алып барасың? — деп сурады.- Фирманын филиалын ачып жатам, кеңейтүү керек.- Андай кылууга болбойт, Надырбек аганын аялы келип көрсүн, ошого кеңеш, — деп такыр жүктөтпөй койду. Турсун кабинетинде кыжаалат болуп отурганда Гүлина менен Света кирди. Света кызын урушуп жатып ээрчитип келген. Кайненесин көрүп Турсун ордунан тура калды.- Кана, балам, эки жылдан берки акчалар кайда кетти, ишенип койсо бул кылганың жакшыбы?- Апа… — Жок, жүрү бухгалтерге барып, баарын эсептешебиз, — деди эле, Турсун:- Азыр, бара бериңиз, кагаздарымды тактап алайын, — деп тартмасын аңтарымыш болуп кала берди. Сыртка чыккан Света:- Көрдүңбү, кызым, бул сени эмес, сенин байлыгыңды сүйүп келген экен, дагы бир аз оюна койсок фирманы жок кылып туруп, изин суутмак, — деди.- Ии-ий, апа, мелочная болуп кетесиз да, кайда алпармак эле?- Шашпагын, кайда алып барганын билебиз, — деди да, Света бухгалтерге кирип, анын айтканын угуп ого бетер таңгалды. Канча күтсө дагы Турсун келбегенинен кайра кабинетке келишип, бек экенин көргөндө эстери ооп калды.- Мына коркутуп кууп ийдиңизби? — деп Гүлина апасына тултуңдап жатты. Бул кезде Турсун: «Болоору болду, эми изимди жашырып кетейин», — деп үйгө келип, кайненесинин бөлмөсүн тинтип, эки кабат үйдүн ичин бүт оодарып, акча издеп кечээги эки миң долларды табаары менен чыгып кетти…Элмурат Гүлина кеткенден кийин көп ойлонуп, үйлөнүүгө ыктады. Бирок көңүлүнө жаккан кыз жок, иштеп жүрө берди. Дарыйка тапкан-ташыганын катып, келин алганга камданып жатты. Билинбей эле эки жылдын жүзү болуп кетти, бир күнү жумушта жүрүп, Надырбектин дүйнө салганын укту. Гүлинага боору ооруду. Анан телефон чалып, көңүл айтып койсомбу деди, дал ошол учурда Турсун үйдү тоноп кеткен болчу.- Алло, — деди Света трубканы ала коюп, — бул ким экен?- Алло, саламатсызбы, апа, атамдын өлгөнүн кеч угуп көңүл айтып, ал-абалыңызды билейин дедим эле, — деген Элмураттын үнүн тааный койду.- Рахмат, балам, өзүң жакшы жүрөсүңбү?- Жакшы, апа, жаман болуптур, али жаш эле да.- Жазмыш, балам, ошондой болуп кетти.- Калган өмүр жашын сиздерге берсин дегенден башка сөзүм жок, апа, белиңизди бек бууңуз, жакшы жүрүңүз, — деп трубканы коюп койгондо Света Гүлинага карады.- Кайдагы аферистке жолугуп, жакшынакай күйөөдөн кол жууп калдың. Дүнүйөгө азгырылган эмес эле, өз эмгеги, мээнети менен жашаганды сүйгөн адам башкага жамандык кылбайт. Турсун сенин өзүңдү эмес, биздин байлыгыбызды сүйгөн тура, эми фирмага жолобой турган кылыш керек, алтурсун издөөгө берип карматып, абийирин төгөбүз анын.- Апа-а, койчу, кудай жалгагыр.- Дагы эмне кылайын ыя, бир сен деп жашап келди атаң дагы, эми жашоо кайда баратканын билбейсиң сен, бул кебетең менен менин көзүм өтүп кетсе ара жолдо гана каласың.- Мейли, мага эчтекенин кереги жок.- Анда Турсунду таап ал, кийин сенин бүт баарыңды өзүнө өткөрүп алат да, сени таштандыдай ыргытып салат! — Эне-бала көпкө талашып-тартышып, бир урушуп, кайра табышып, анан отуруп калышты.Элмурат өзүн жеңил сезе түштү. «Бир күн даам таткан жериңе миң күн салам айт дегендей көңүл айтып дурус кылдым», — деп ойлоно жумушунан чыгып келе жатып, Алмашка жолугуп калды. Үйүнө көңүлдүү келген уулун көргөн Дарыйка:- Уулум, жакшы кабарың бар дейм? — деп жылмая карады.- Жок, апа, кайната өтүп кеткен тура, телефон чалып көңүл айттым.- Рахматы болсун бечара, жаткан жери жайлуу болсун.- Угуп алып жаман болдум, анан үйүнө чалдым.- Туура кылыпсың, балам, жүзүң кубанычтуу көрүнгөнүнөн жакшы кабарың барбы деп ойлодум эле.- Апа, бир кыз менен тааныштым, мага жакты, сага жагабы же жакпайбы билбейм, — деп Элмурат апасын күлмүңдөй карады.- Ошондойбу деп ойлогомун, балам, мага эмне өзүңө эле жакса болду, алып келе бер, — деди эне уулун шаштыргандай. — Дагы байкап көрөйүн, жакында туулган күнүм болот эмеспи, ошондо иштешкендеримди чакырам, ал кызды ошондо көрөсүң ээ, апа?- Макул, садагам, сенин бактылуу болгонуңду көрсөм болду. Мен эмне картайдым, канча өмүрүм калды кудай билет, өлсөм да көөнүм тынып, бактыңды көрүп кетсем экен.- Өлөм дебечи, апа, атамдын эрте өлгөнү деле жетет, неберелериңди көрүп, келиниңдин чайын ич, апа, сыйымды көрсөң андан көрө.- Кудай көргөзсө көрөөрмүн, балам, алганың ыймандуу, ырыс-кешиктүү болсо эле болду.- Буйруса жакшы эле кыздай көрүндү, мага жакты, апа, — деп Элмурат кудуңдап отурду. Эне-бала кечки тамагын ичип, жатып калышты. Эртеси телефон чалып, Алмашты жумушуна алып келмек болду. Алмаш кечикпей эле макулдашкан жерге келип калды.- Алмаш кандайсың? — Элмурат күлмүңдөй тосуп алды.- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?- Баары жакшы, кеттикпи?- Кеттик, — деп Алмаш дагы жылмайды. Экөө фирмага келгенде Алмашты директоруна алып кирди. Жумушчулар керек болуп жаткан, дароо эле кирип, адегенде бир сыйра көрүп, үйрөнүп алып, иштей баштады. Алмашка жеңил жумуш жагып калды. Бир жумада бир акы төлөй турган болушту. Ошентип Алмаш жумуш да таап, өзүнө түбөлүк жарды да тапканын сезген, бирок…Экөө күндө жумуштан бирге чыгышат. Элмурат ага балмуздак алып берет, тамашалап анекдот айтып көпкө жүрүп, анан бөлүнүшөт. Арадан бир жума өткөндө акысын алып:- Сизге жакшы сыйлык кылайын, — деп күлө карады Алмаш.- Жок-жок, мен сага сыйлык кылышым керек, сен бул жерде туруп тур, — деген Элмурат базарга кирип кетип эле гүл көтөрүп келип калды. — Бул менин алгачкы маянаңды куттуктаганым болсун! — деп гүлүн кызга сунду.- Рахмат. — Кыз гүлдү кумарлана жыттап күлүп койду.- Алмаш, жүрү концертке барабыз.- Эжем кечиксем урушат.- Телефон чалып айтып койолу.- Эмне деп?- Иштешкен кыздар менен оюн көрөбүз деп.- Жооп бербейт чыгаар, эртең суранып келейин, — деди тартына ыйбаа кылып жигиттен уялгандай.- Макул анда, эртеңге чейин, жакшы түш көр.- Макул.- Жакшы бар.- Жакшы барыңыз. — Экөө эки бөлүнүп жөнөштү.- Уулум, кыз кандай? — деди апасы уулу кирээри менен.- Буйруса, ыймандуу келиндүү болосуң, апа.- Болсун, балам, тилегиңди берсин, кагылайын, ата-энесин сурадыңбы?- Жок, сурабадым, эжеси бар экен шаарда.- Тактап сура, ата-энесин, кайдан экенин бил.- Макул. — Элмурат апасын ойлуу карап, — Кайдан экени, ата-энесинин кандай тиешеси бар, апа, келиниң жакшы чыкса болду да? — деди.- Аа-а, балам, энесин көрүп кызын ал деген, эми энесин көрө албасак дагы өзүбүзгө ылайыктуу болсо болду.- Көрөсүң, апа, Алмаш абдан назик кыз, сага жакшы келин болуп берет, — деп Элмурат апасын кучактап эркелей көпкө сүйлөштү. Келчү келинге көйнөк-жоолукту дайындап, кийит-кечени эртелетип камдай берели деп кеңешип жатышты. Алар кеч уктаганга эртең менен кеч ойгонушту. Анан дагы эшик тыкылдаганынан өйдө болгон Дарыйка каалганы ача берип маңдайында турган Гүлинаны көрүп чочуп кетти:- Кел-кел…- Кандайсыз, апа, ден-соолугуңуз дуруспу?- Жакшы, айланайын, кайдан жүрөсүң таң атпай?- Апа, Элмурат барбы?- Бар-бар.- Чакырып койосузбу?- Ийи, мейли, — деп Дарыйка үйгө кирип, Элмуратты ойготту. — Тур, балам, Гүлина келиптир, турчу, — деди акырын. Баласынын аны жактырбасын билип турса да, аргасыз айтты. Элмурат:- Ал эмнеге келиптир? — деп уйкулуу көзүн ушалай кийимин кийип, сыртка чыкты.- Элмурат, кандайсың? — Гүлина жылмая сурады.- Жакшы, а сага менден эмне керек?- Элмурат, мени кечир, — Гүлина жер карап үлдүрөдү.- Кечиргенде, кечирбегенде баары бир эмеспи, экөөбүздүн жолубуз эчак эки бөлүнгөн, менин убактым жок, — деп артына кайрыла бергенде Гүлина аны жеңинен кармап калды.- Мени кечир, Элмурат, жок дебе, кайра жарашалы, жашайлы бирге, мен жаңылдым…- Сен өзү соосуңбу? — Элмурат аны эми көргөндөй таң калып да, жини келип да карады. — Түш көрүп жаткан жоксуңбу, оорукчан эмессиңби деги, мени жайыма кой дебедим беле?- Элмурат, мен сени баары бир сүйөм, кетпейм эч жакка! — деп босогону аттап кирип келатканда Элмурат аны карыдан ала жетелеп короодон чыгарды.- Экинчи ушул жерге келет экенсиң таарынба, мен сени тааныбайм дагы! — деп короосун бекитип кирип кетти.

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️