2-болум
Света, кам санаба менден, сенден эч жакка кетпейм, ажырашалы деген сөзүңдү укпайын, кудайдын башка салганын көрөлү, — деди күйөөсү жибий. — Толкунбек келип жатабы? — дегенде Света уурусу кармалгандай көзүн ала качып тайсалдап кетти. Анын бул түрүнөн Надырбек дароо түшүндү, «Демек, бирдеме бар, балким өзү деле төрөбөйттүр, дагы байкап көрөйүн», — деп ойлоду да: — Окуп жатыптырбы? — деп сурап койду билмексен боло.- Мен андан сурап жүрмөк белем, келет-кетет, кээде келбей да калат. — Чай куюп жатып негедир өзүнөн-өзү кысынгансыды. Надырбек үн деген жок, тиричилик менен ишкердигин бирге алып кетээрине көзү жеткендей ойлуу төркү бөлмөгө кирди. Кайнатасы алып берген үйдөн кийин өздөрү кененирээк үй сатып алышкан эле, үч бөлмөлүү, үчүнчү кабатта.- Света, жер үй алсак кантет? — деди ал бир топтон кийин.- Кайда бар экен?- Толуп жатпайбы, бири сатат, бири алат дегендей, кабат үйдөн көрө жер үй жакшыбы дейм да.- Өзүң бил, мага эчтекенин кереги жок, бир башыма эмне жетпейт, өлсөм артымда карманып калаарым болбогондон кийин, бир кийип, ичээрим болсо болду.- Ал эмне дегениң, бала багып алсак ошол үчүн жашайбыз, ага деп үй салдырабыз, бир жетимди бактылуу кылабыз. Ал бизге бала деген кубаныч тартуулайт же жалган айтамбы?- Ошондо деле эл айтат, баккан бала эстүү чыкса жакшы, акылсыз болсо көйгөйүн тартабыз го?- Келе элек баланы кандай болжоого болот, өзүң ойлончу? Кыргызстан боюнча миңдеген балдар ата-энесиз балдар үйүндө чоңоюп жатышат, бизди билгендер каршы болушпайт деле.- Байкап көрөлү. — Света эрин жылмая карады.- Ырас айтасың, дароо эле айтканда болбойт, — деди Надырбек. — Барып көрүп, сүйлөшөйүн, эгерде эне-атасы жок бирөө жарымы жагып калса багып алалы.- Ошентишибиз керек, кийин да талаштырып отурбай.- Туура айтасың, байбиче, деги сенден кээде көп акыл чыгат, — деп тамашалап калды. Ошол бойдон экөө тең унчукпай калышты. Кеч киргенде Света аябай кыйналды, чоочун бирөөнүн койнуна жата тургандай өзү менен өзү болуп, жумушун жасап кылдырап жүрө берди. «Эмне деп ойлойт, балким билип койсочу? Толкунбекке көнүп калдым эле, бүгүн ал келбей эле койсо экен», — деп ойлонуп турганда Надырбек ваннадан чыгып, жанына келди. Акырын артынан кучактап, кулак тушунан өөп, мойнунан аймалай:- Жаталычы, жаным, — деп шыбырады.- Койо тур эми, мен жумушумду бүтөйүн.- Жумушуңду токтотчу, бир айдан бери сагындым.- Чын эле сагындыңбы? — Шарт артына бурулуп жылмая карады Света.- Эмнеге калп айтам, өз аялымсың да, бирөөнүн аялын сагынып жаттым беле? — деп кылыктанып, назданган аялын көтөрүп алып жатак бөлмөгө кирип баратканда сырткы эшик ачылып, Толкунбек кирди. Надырбек андан тартына Светаны жерге түшүрдү.- Ассалоому алейкум, байке? — деди ал дароо эле.- Аллеки салам, кел, баатыр, окуу кандай?- Баары жакшы.- Атаңдар менен кабарлашып жатасыңбы?- Ооба, кечээ эле сүйлөштүм.- Жатышыптырбы? — Жатышат, салам айтышты.- Саламат болсун.- Эртең апам келем деген.- Оо, шаарга келмекпи?- Ооба, байке.- Жакшы анда, эртең жеңең экөөң коноктогула, — деп койду. — Кайниңдин кардын тойгуз, бирдемең бар беле? — деп Светаны карады. Анын айткан сөзү Светага сынап айтып жаткандай туюлду. Толкунбек билмексен боло кийимин которунду да, ашканага кирди.- Жеңе, өзүм эле ичип алам.- Макул анда, тамак бар, ысык бойдон, — деп Света ашканадан чыкканча шашты.- Мен эртең дагы кетем, сен жеңем келсе жакшылап коноктоп кой, — деди Надырбек Светага. — Баласынын кандай жашап жатканын көргүсү келген го?- Келсе көрөбүз да.- Ошент, алтыным, абысыныңды жакшылап сыйла, коньяктын жакшысынан апкелип кой. Ал өзү жакшы көрөт ичкиликти, айылдагылар ушундай бир отуруш жасап, гүлдөшөт дейсиң, — деп бакылдап төшөгүнө жатып калды. Көптөн кийин гана Света жанына отуруп:- Надыр, — деди акырын.- Ийи.- Сенин башка жактырганың жокпу?- Койсоңчу, кайдагыны айтпачы.- Эмнеге бир ай жоголдуң?- Иштер көп, алтыным.- Сен балким айткандан…- Эмнеге, эгер болсо ачык эле айтмакмын.- Билбейм, мурункудай эмессиң.- Эч ойлонбо, сенден башка сүйгөнүм жок. — Надырбек аялын имере кучактап койнуна тартты. Көз алдында жаш, сулуу ойношу. «Мен аларды сүйбөйм, эгерде бала төрөтө алчу кудуретим болгондо балким эмдигиче төрөшмөк. Гуля да, Салима да төрөгөн жок, бел кубатым жараксыз деп кимге айтмак элем», — деп ойлоно Светаны кучактап көпкө жатты. Света Толкунбектин дабышын тыңшап жаткан. Ал ашкананын жарыгын өчүрүп, өз бөлмөсүнө кирип жаткандай болду. Эртеси Надырбек эрте кетти. Кызмат машинасы эрте келип, аны алып кеткенден кийин дароо Толкунбек эшикти илип келип, жеңесинин койнуна кирди.- Ой, жеңе, түнү менен уктай албай чыктым, — деди бекем кучактап өпкүлөй.- Эмнеге?- Сизди ойлоп.- Кой, Толкунбек, сен мындан ары башка жакка же жатаканага барып жаша, билинип калса экөөбүз тең жаман болобуз.- Билгизбейбиз, жеңе, эч кыйналба. Байкем андай майда кишилерден эмес, болоор-болбоско көңүл бурбайт, коркпой эле коюңуз. Апам келсе эки-үч күндөй жүрөт чыгаар, ансыз да сизге жолуга албай кыйналам. Койчу, жеңе, мен сизди көрбөй калсам жаман болом, сабакта дагы ойлоно берчү болдум, кыскасы мен сизди жакшы көрөм, балким сүйүп да баратам, — деп жанталаша өпкүлөп, ишке өттү.- Толкунбек, андай дебе, сен экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес, ортобузду бөлгөн он жаш менен туугандык жайыбызды унутпай сый болууга тийишпиз. Сүйүү-күйүү дегендерди оюңа да алба, андай болушу эч бир мүмкүн эмес, Толкунбек, — деп Света көзүн жумду. — Мен жазгырсам боюма болуп калса деп гана сага жакындадым, кээ бирөөдөн болбосо кээсинен төрөсө болот имиш, ошого ишендим.- Жаным жеңем го? — Толкунбек бети-башын аймалап, өпкүлөп жатты.- Сабактан кечигесиң.- Азыр эрте.- Сүйгөн кызың барбы?- Жок, азырынча эч кимим жок, жүрөгүм бош, — Жигит күлө чалкасынан түшүп жатып алды. — Кандай гана рахат ээ, аял менен эркектин жакындашуусу гана өмүргө шаттык берет экен да? — деп керилип алды.- Мурда аял менен болгон белең?- Ооба, бир эле жолу.- Иий, — деп Света жылмайып койду.- Шакабалап турасызбы?- Эмнеге?- Менин аял менен болбогонумду. — Жо-ок, жаштыгыңды ойлоп жатам.- Мен жаш эмесмин.- Качан үйлөнөсүң?- Үйлөнсөм сизге келе албай калам да.- Муну токтотушубуз керек.- Мен сизден ажырабайм.- Эмне?.. Аял алсам дагы сизге келип турам.- Андайыңды кой, үйлөнгөн соң кыйшаңдабай алганың менен жашашың керек. Тур, сабагыңа жөнө, мен дагы ата-энемдикине бир топ күн кетем, — деп Света туруп кийинип, сыртка чыгып кетти. Толкунбек байкесинин төшөгүндө көпкө жатып, анан турду. Жуунуп келип, өзү газды күйгүзүп, жылытманы ысытып ичти. Света анын жанына отургандан тартынып, ал кеткенче эшикте басып жүрүп, анан кирди. «Бул шерменделигимди Надырбек билсе өлтүрөт, экөөбүздү тең өлтүрөт, үйгө барып апама кеңешип, кетип калышым керек», — деп ойлоно ашканага киргенде тамактын жытынан көңүлү айнып, кускусу келип кетти. «Ооруп калдымбы?» , — деген ойдо кайра чыкты да, кийинип-жасанып алып, эч нерсе ичпей эле чыгып кетти. Маршруткага түшүп, ата-энесиникине келди. Атасы үйүндө жок экен, апасы Зуура ийик ийрип отуруптур, эки небереси эшикте ойноп жүрөт.- Кел, кызым, — деп Зуура кызын карады.- Келдим, апа, өзүңөр жакшы жатасыңарбы? — Жакшы, кудайга шүгүр, өзүңөр кандай?- Дурус, — деп дасторкондогу даамды көргөндө жүрөгү айланып кетти, оозун баса сырткы бөлмөгө атып чыкты.- Эмне болду, кызым? — деди Зуура ал кайра келгенде.- Жүрөгүм айланып кетти. Эртең менен эчтеке ичкен эмесмин.- Качантан бери?- Бүгүн эле, ашказаным ооруп калса керек, эчтеке ичким келбейт, — деп мурдун чүйрө оозун жаап отурду.- Ой, кыз, доктурга көрүнүп көрсөңчү.- Эмнеге, апа, ооруган жокмун, жөн эле майлуу тамак-аш ашказаныма жакпай калганга го?- Келе тамырыңды кармап көрөйүн, — деп Светанын колун өзүнө тартып, билегине үч сөөмөйүн тийгизе бир топко тыңшап, кайра сол колунун билегин ошентип кармаган соң, — Кызым, сенин боюңда бар экен, кудайга шүгүр! — деди. Света эмне дээрин билбей дабдырап калды. — Кудай берет деген ушул, кызым, бир айдан өтүп калыптыр. Надырбекке сүйүнчүлөй бер. — Зуура кудуңдай кызын кучактап өөп койду. — Кудай берээрин унутпасын дегендей, бергиси келсе бат эле, — деп туруп барып ун алып келип, муштумдай камыр жууруду. — Эмне кыласыз, апа?- Жети токоч жасай койойун.- Эмнеге?- Сенин боюңа болгонуна ыраазычылык билдирип, ата арбакка арнап куран окуп койойун, кызым, мындайда антпесе болбойт, — деп апасынын кубанып алганын көрүп Света ичин баса кубанаарын же кайгыраарын билбей турду. «Толкунбектен болуп калды го, эми эмне болот, ага окшошуп калсачы? Же Надыр кимден болду, мен үйдө бир ай болгон эмесмин деп урушсачы» , — деп сары санаага батты.- Апа, чын эле боюмда бар бекен? — деди анан. Зуура жаш кезинен ар кайсы жери ооруп, тамырчыларга көрүнүп, өзүн-өзү таптап чөп-чар кайнатып ичип көнгөн аял, анча-мынча туугандарынын да тамырларын кармап калчу.- Ооба, кызым, күмөнсүбөй эле кой, врачка барсаң дагы ошону айтат, кубана бер, — деп Зуура мулуңдай карады. Эне-бала көпкө сүйлөшүштү, токоч жасап, куран окуп чай ичишти. Света бир аз ооз тийгени менен эч нерсе иче алган жок. Ал күнү кетпейм дегенине болбой Зуура жөнөтүп ийди. Үйүнө келген Света дагы эле таңгалып жатты. «Кантип болуп калды экен, Толкунбек билсе эмне дейт? Надырбекчи, ал кубанабы же күйүнөбү? Ай кудай ай, эмнеси болсо да өзүм эне болуп төрөп алсам болду, башкасынын кереги жок, баласыз дегенче же бирөөнүн баласын бакканча өзүмдүкү эмеспи», — деп көп ойлонду. Тамак жасамак болду эле, окшуй берип жасай албай койду, ал ошентип отурганда эшик ачылып, бирөөлөр киргендей болду. Тура калып караса Толкунбек апасы экөө экен.- Кандай, айланайын, жакшы жатасыңарбы? — деди абысыны Кайнар көрүп эле. — Бала жүрөбү, иши жакшыбы?- Жакшы, жеңе, келиңиз.- Ошондой болсун, Токумун кандай окуп жатканын көрөйүн деп эле келип калдым, жаткан жери го жайлуу дечи. Акча-тыйындан кыйналып калдыбы деп эле атасы экөөбүз тынч алалбайбыз, — деп сүйлөгөнчө төргө өттү, көтөрүнчөгү да оор экен, Толкунбекке кайрылды. — Келинге бер, этти муздаткычка салып алсын, кымызды куюп ал, айланайын. Эми ушул бойдон жаз-күз келе албайбыз, тоодо болобуз, бу мал деп жүрүп биротоло мал болгону калдык, — деп какшанып жатты. Бир койдун эти, эки-үч чучук бар экен. Май-сүзмө, бир чанач кымыз.- Мынчаны эмне кыласыз, тим эле койсоңуз болмок.- Кой, капырай, атайын келатып анан куру келемби, балам деле жүрбөйбү? Ичип-жейсиңер, бу базарыңардан алсаңар бир топ акча да, анан ала келбей эмне кылам, бир тууган экенсиңер батырып жатасыңар, башка бирөө батырмак беле?- Коюңузчу, жеңе, ошондо деле ушунча тамакты көтөрүп эмне убара болдуңуз? — деди Света эч нерсеге көңүлү келбесе дагы күлө карап.- Оой, келиним, сен бергенди ала бер да, биз дагы берчүгө берип, алчудан алабыз, ушу кайним болбосо биз кайдан сени тааныйбыз, ыя? — деп атайын өз киши боло Светага ормойду. — Кичине бала деп койчумун кичинекейинде. — Болуптур эми, жеңе. — Света ага ыраазы боло карап, көңүл улай, — мен эми чай койойун, сиз эс алып отура туруңуз, — деп чыгып баратып, этти көрүп дагы окшуп алды. Айласы жок эптеп Толкунбекке шыбырады эле, ал этти туурап, казанга салып берди. Ошентип Света ал күнү абысыны менен сүйлөшүп отуруп, өтө кысынып жатты, бирдемени байкап койгондой ыңгайсыз абалда болду. Бир коньякты алып келип бузду, өзү аздан алып, Кайнарга алдырып отурду. Толкунбек тамак ичкенден кийин өз бөлмөсүнө кирип жатып алган.- Света, качан балалуу болосуңар, ботом? — деди кызый баштаган Кайнар эңкейе берип.- Билбейм, жеңе, болбой жатат го, кайниңизди башка аял ал, ажырашалы десем болбойт…- Мейли, кудай берем десе кулуна, белен кылат жолуна деп, унутпаса жараткан өзү жалгап койоор, — деп кайра келинине боору ооругандай болду.- Ажырашып башка аял алса болот эле деп жиниңер келип жаткан жокпу? — деп күлгөн Света абысынын сынай карады.- Ой, келин, айтсак ачык эле айтпайлыбы, тим эле карасаң ой, жиниңер келген жокпу деп, силерге жакшылыктан башка тилегибиз жок, айланайын, кудайым буйруса бир күнү берип койот.- Кечир, жеңе, тамашалап койдум, — деди Света күлө.- Антип тамашалабай жүр, биз силерди бөлүнүп-жарылып кетсин деп ойлобойбуз, балалуу болуп калсын дейбиз да. Жашыңар өтүп баратат, силердейлер үч-төрттөн бала күтүп калды, алды чоңоюп баратат. Ошого акең экөөбүз кейип калабыз, оозум шок жаным, ачык айтам деп сага жакпай калдымбы? — деп таарынгандай кебетеленди. — Мейли, жеңе, кудай деп туралычы, кудай деген кур калбайт дешет го?- Ошентсең, айланайын, кудайды унутпасаң ал да сени унутпайт. Келиңиз эми, дагы бир жолу алып коюңуз, кайниңиздин үйүнө атайын келсеңиз анан коньяк ичпей, сый көрбөй кетсеңиз болбой калбайбы? — Света дагы рюмкага коньяктан куюп сунду. — Алып коюңуз эми.- Сен деле алсаң боло? — Кайнар Светаны суроолуу карап калды. — Алып кой мени менен.- Жеңе, мен ооруп, дары ичип жаттым эле.- Мейли эми, сени кыстабай эле койойун, — деп Кайнар рюмканы көңтөрүп ийди. Ошондон кийин дасторконго бата кылышып, аны арыдан-бери жыйнай салган Света Кайнарга диванга орун салып берди. Ал ичип алганга көп сүйлөп, ар кайсыны айтып жатып, бир маалда тарс эле уктады. Света: «Эгер төрөп алганымды укса билип койоор бекен, айрыкча Надырбек эмне дейт? Эртең догдурга көрүнүп келейин», — деп ойлоп жатып, уйкуга кирди. Эртең менен катуу уктап калган экен, эшиктин жабылганынан улам ойгонуп кетти, саатты караса тогуз болуп калыптыр. Туруп эшикке чыкса, Кайнар короодо ары-бери басып жүрүптүр.- Жеңе, эрте туруп алдыңызбы?- Ооба, шаардыктар түшкө чейин уктай бересиңер да.- Кеч жатканга уктап калыптырмын. — Кеч жатмактан балээ болсо да таң заарынан турабыз, кудай эрте турганга ырыскы чачат имиш, көңүлүң да сергек болот.- Жеңе, үйгө кириңиз эми.- Мына баратам, — деп эки жакты карай кирип баратты. Ичкери киргенден кийин жуунушуп чайга отурушту. Тамагын ысытып келип, зорго куюп берди да, мына эми чай сунаарда окшуп ийди. — Ой, келин, сен соосуңбу? — Кайнар Светаны ормойо карады.- Кечээ сиздин көңүлүңүздү улап, бир аз коньяк ичип койгонго жүрөгүм айланып жатат, жеңе.- Капыра-ай де, сен ооз тийдиң, мен ичтим го, кана мен жөн эле отурбайымбы, чыныңды айт, ай келин, бой-союңда жокпу? — деп оңурая карап калды.- Койчу, жеңе, мен таптакыр ичпейм да, иниңиздин келишин күтүп эле отурам, курбу-курдаш да күтпөптүрмүн. — Эми-и, күтсөң эриң, үзүрүн көрүп жатасың, эптеп эле бирди төрөп койсоң болду эле, анан жата бер чартаңбай тээп, асмандан акча жаагандай эчтеме менен ишиң жок, — деп Кайнар санын чаба өз сөзүнө өзү каткырды.- Болоор-болбосун көрөөрбүз, жеңе.- Ушу сен бери карачы, сепкил түшүп калганбы, ыя? Ушу сенин боюңда бар ай! Оо кудай, айланайын, акеңен барып сүйүнчү алайын, ал байкуш укса тим эле так секирип кубанат, — деп бапылдап жатты.- Койсоңчу, жеңе, кантип эле, ишенбейм дагы, — деди Света абысынын жактырбай. — Ушунча жыл төрөбөй жүргөн киши кантип эле?..- Ой, антип тескери сүйлөбөсөңчү, берсе таштабайм, бербесе какшабайм деген сөз бар, айланайын абысын. Доктурга көрүнүп көр, кош кабат болгон аялдын жүзүнө сепкил түшүп, көздөрү кош кабаттанып киртийип калат, эч нерсе жүрөгүнө барбайт, тезирээк көрүн доктурга.- Мейли, жеңе, бир күнү бараармын.- Бир күнү дебей эртерээк бар, же өзүм алпарсамбы сени? — деп ойлоно калды.- Жок, жеңе, шашпай көрүнүп көрөм, бар болсо сүйүнчү сиздики.- Сүйүнчүңө ыраазымын, кайнимди эле балалуу кылсаң болду. — Света анын көп сүйлөгөнүнөн жадап кетти.- Жеңе, баш жазыңыз эми, — деп дагы коньяк куюп сунду.- Алып кел, башым ооруп турат, ичсе ичип алайын. — Кайнар араң эле тургандай Светанын колунан рюмканы ала коюп ичип жиберди. — Ой, бир мактанып калайын кызматчы кайнимдикине барып, коньякка тоюп келдим деп…- Ошентиңиз, дагы куяйын ээ?- Куя бер, акең менен кажылдашып кырк жыл жашадым, эми мени тескей албайт, уул-келиниме барганда келиним бекитип берет, кыздарым болсо ичпе дей берет. Балдарды туудум, багып чоңойттум, эми жөн эле чардай турган убагым да, — деп Светаны карады. — Ырас айтамбы, ыя?- Ооба, жеңе, силер эми сыйдын үстүндө гана жүрө турган убагыңар да. — Света коштоп койду. Ошентип отуруп, коньякты түгөтүп бүткөндөн кийин төркү үйгө кирип, телевизор көрүп жатып, кайра уктап калды. Света абысынын кетишин тилеп аткан. Бирок анын уктап калганын көргөндө: «Эми бул кеткиче жүдөтөт, көп сүйлөйт экен өзү дагы», — деп жини келе карап турганда Кайнар ойгонуп кетип, кайра бежирей баштады. Света ал уктап жатканда врачка догдурга барып келсемби деп ойлогон, бирок үлгүрбөдү. Эки-үч күн катары менен көңүлү айнып кыйналса дагы эптеп тамагын жасап, коньягын куюп, абысынын болушунча сыйлады. Үчүнчү күнү Кайнар Светага кайрылды.- Света, күйөөң эмнеге келбейт?- Жумуш менен алыска кеткен.- Иий, ошондой дейм да. — Шыпшына отуруп калды.- Кайда барам дедиңиз бүгүн? — Света анын кетишин каалап, атайын сурады.- Ой, бул шаарда сиңдим бар, ошонукун таап барсамбы дедим эле.- Дарегин билесизби?- Билбегендечи, билем да, — дегенде Света: «Билсең эмнеге үч күндөн бери жатасың, бара бербейт белең», — деп ичинен кыжынып алды. Ошол бойдон унчукпай отурушуп, Толкунбек келгенде түшкү чайын ичишти.- Апа, качан кетесиз? — деди Толкунбек.- Омээй, кетпегенде жатып алат белем? Байкеңди күтсөм жок го, жумуш дайындады эле атаң.- Байкемдин жумуштары көп экен да колу бошобойт, мага же жеңеме айтып койо бер да, — деди Толкунбек кабак бүркөй.- Мейли, балам. Менин бир тууган иним чоң окууну бүткөн, ошого бир жакшы кызмат керек эле, сүйлөшүп көрчү деп эриңе айтсамбы дегем, — деп Светага кайрылды.- Айтам, жеңе, сөзсүз айтамын.- Кантип кабарлашабыз анан?- Мен переговор берсеңер сүйлөшөм да.- Ийи, макул анда, мен эми Суусаркандыкына барайын.- Кийин, кеттик, — деди Толкунбек шаштырып.- Шашпа эми, алдымдагыны ичип алайын, — деп Кайнар рюмканы колуна алды. — Мейли эми, бала экөөңөр бактылуу болгула, ылайым бала-чакалуу болуп, этегиңди заңга толтуруп отура бер, айланайын, — деп стаканды так көтөрүп, коньякты түгөтө жутту.- Айтканыңыз келсин, жеңе.- Кой эми барайын, кайра эртең кетем.- Жакшы барыңыз. — Света коштошмок болгондо Кайнар аны ормойо карады.- Ой келин, кайра келип, анан кетем, эми эле кете койбойм.- Мейли-мейли, келе бериңиз, жеңе, көпкө жүрүп кетсеңиз да болот. — Сыртынан ушинткени менен ичинен тез эле кетип калса экен деп тилеп турду. Кайнар ар кайсыны айтып жатып, Толкунбек менен ээрчише чыгып кетти. Аларды узатып коюп, Света жеңилдей: «Ө-өх», — деп алды. Анан жуунуп, өзүн ирээтке келтирип алып, врачка көрүнүүгө жөнөдү. Ал келгенде түштөнүү убагы болуп калган. Күтүп отуруп, элден биринчи кирди.- Эже, көрүнөйүн деп келдим эле.- Эмне, боюңда барбы?- Билбейм.- Канчанчың, же алдырасыңбы? — Жо-ок, эже, барбы, жокпу билишим керек.- Ушу жаштар эмне болуп баратасыңар билбейм, эптеп эле бирди төрөп же капысынан болуп калса алдырып жок кылууга ашыгасыңар. — Эже, таптакыр андай эмес, мен төрөбөй жүргөмүн, анан болуп калдыбы деп…- Андай болсо жөнү башка, кана жата гой, көрө койойун, — деп гинеколог шыпылдай калды. Света далдоодогу креслого чыгып жатканда толкунданганга жүрөгү лакылдап чыкты. «Чын эле боюмда бар болду бекен? Эгерде болуп калса Надырбекке такыр айтпай койом, анан билингенде өзү сурайт», — деп ойлонуп жатканда врач кирип келип, бир топко көрдү да: — Боюңда бар, бир айдан ашыптыр, учетко турушуң керек, мурда төрөбөй жүрсөң тез-тез көрүнүп турбасаң болбойт, — деди.- Ыраспы, эже, ырас эле бар бекен, чын эле төрөймбү? — Света ыйламсырап кубанычы койнуна батпай врачты суроолуу карады:- Чын эле, кубана берсең болот, бир айдан ашып калыптыр.- Рахмат, эже, буйруса сүйүнчүсү болот, — деди Света кийинип бүткөн соң врачтын жанына келип отуруп.- Эчтеке эмес, тез арада учетко туруп кой.- Макул, эже, — деди да, кубанычтан жүрөгү алып учуп, үйүнө келди. Өзүн койоорго жер таппай өзүнчө эле бир кызык абалда болуп, эчтекеге көңүлү чаппай базардан алма алып жегиси келди. Эми үйдөн чыгып кетмек болгондо телефон чырылдап калды, жетип барып ала койсо Надырбек экен:- Алло, жаным, зериккен жоксуңбу? — деди Надырбектин үнү.- Жакшы чалбадыңбы, Надыр, — деди жашырам дегенин унуткан Света, кубанычтуу демиге сүйүнчүлөп киргенин да байкабай сүйлөп жатты. — Надыр, сүйүнчү, менин бир жарым айлык боюмда бар экен!