Пример HTML-страницы

Фортепианодо ойногон Сүйдү түшүнө сахна көп кирерин айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун 9 жаштагы тургуну Сүйдү Калдышүкүрова апасынын жолун жолдоп, чыгармачылыкка жакын болуп өсүп келе жатат. Учурда ал Ат-Башы районундагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин фортепиано классында 2-класста окуйт. Аймактык кабарчы жаш талант менен маек курду.

«Мен райондогу Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде 3-класста окуйм. Мектепте бардык сабактарды жакшы көрөм жана баарын «5» деген баага окуйм. Мектептен сырткары музыкалык мектепке барам. Ал жакта фортепиано классында 2-класста окуйм. Негизи 5 жыл окуйбуз. Мугалимимдин аты Жыпара эже.

Негизи мен фортепиано, музыкага кызыгам. Кичинекей кезимде апам музыкалык мектепке алып барган. Ал киши мени шыктандырып, кызыгуумду арттырды. Азыр 3 чыгарма билем. Апам өзү баян, фортепиано чертүүнү үйрөткөн. Музыкалык мектепте сабак өтчү. Азыр үйдө», — деди ал.

Кичинекей жаш талант музыканы сүйгөндүктөн, музыкалык аспаптар түшүнө чейин кирерин айтат.

«Фортепианону сүйүп ойнойм. Кээде түшүмө сахнага чыгып, фортепиано ойноп жатканым кирет. Келечекте белгилүү музыкант болгум келет. 2 бөбөгүм бар. Алардын дагы мыкты музыкант же ырчы болуп чыгуусун каалайм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE