Анарбек мен Шурубек үчөөбүз ар дайым бирге ойнойбуз. Анарбек бизге караганда үч жаш улуу болгону менен ал деле биз сыяктуу бала кыял. Биз эмне кылсак ал да ошону кылып, чогуу жүрө берет. Шурубек мага жээн, Анарбек Керимбек байкемдин жалгыз уулу. Керимбек байкем бизге эки үч ата өткөн тууган, совхоздун башкы бухгалтери. Совхоздо аброю чоң экенин аны тегеректеп жүргөн адамдардан улам билем. Кээде кечкисин байкемди машина менен жеткизип коюшат. Жумуштан кийин кылт этеби, алаа күү келет. Айрым учурда колтуктан сүйөп үйгө киргизишет. Керимбек байкемдин чогуу окуган классташтары бар. Алар байкемди тегеректеп бош учурунда үйүнөн кетишпейт. Тамакты азып коюп, бака — шака түшүп, олтурганды жактырышат. Байкем өзү ак көңүл, бир мүнөздүү унчукпаган адам. Соо кезинде үн сөз жок жүрө бермей адаты бар. Бир нерсе кылт этсе ички дүйнөсүндөгүнү төккүсү келет. Анарбекти өпкүлөп жашый түшкөнүнөн байкайм. Ичинде оор кайгы капанын сыры басылып жатканын сезем. Байкем ички сырын жан адамга айтпай арактан чыгарып, киши жокто ыйлап алганын көрбөсөм да баамдайм. Бүгүн да жоро жолдоштору менен дуулдап олтурушту. Анарбекти чакырып жанына олтургузуп, керебеттин үстүндө турган акардеонду тарттырып жашып алды. Достору калп да болсо кошомат артып, кол чаап жиберишти. Керимбек байкем уулун кучагына бек кысып, көптөн берки сагынычын чыгарып өпкүсү келди эле Анарбек буркураган арактын жытынан жийркенип бетин ала качты. Байкемдин сакал муруту жүдөттүбү Анарбек кетенчиктеп эшикке качып чыкты. Ушундай көрүнүш байкемдин үйүндө көп кайталанчу. Байкем бойдок, аялы менен ажырашып алган, жалгыз бой жашайт. Аялы жок болгондуктан үйгө кээде келсе кээде келбей калган күндөрү көп болот. Байкемдин кайгысы минтип башталыптыр. Өз айылындагы эле келишкен сулуу кыздардын бирин алган. Андан бир уулду болуп, атын Анарбек коет. Байкем экөөнүн жашоосу адам суктанаарлык жакшы башталыптыр, кийинчерээк аялы келин кесек менен көп байланышып, ичип кетти деп чоң апабыз көп айтчу. Себеби эмне, анысын билбейм, ошого беймаза болчумун. Мен кичине болсгондуктан аны териштирмек белем, анын деле кереги жок. Жөн гана байкеме боорум ачыйт. Ошентип ал табышмак бойдон калды…
Күндөрдүн биринде адаттагыдай ойноп жүрүп Шурубектин үйүнө барып калдык. Кызыл тунуке менен жабылган чакан үй жолдун боюнда турчу. Эшиктин алдында ар кандай эски — уску буюм терим жаткандыктан ошолор менен алагды болуп жатканбыз. Аңгыча эле;
-Анарбек, — деген аянычтуу аялдын үнү чыкканда үчөөбүз тең жалт карадык. Кырктын кырына жетпеген сулууча татынакай аял бизди карап турган экен. Жолдон өтүп бара жатып токтогон окшойт. Бир топ эле ала күү. Ал Анарбектин атын эки үч ирет кайталап жиберди. Шурубек аны көрөөрү менен өңү бузулуп, бозоруп кетти.
-Ал Аныйпа деп акырын шыбырады. Үйдө бизден башка эч ким жок эле. Эмне кылаар айлабызды таппай делдейип туруп калдык. Аял бизди көздөй шашып жөнөдү. Анарбек тамдын дубалына жөлөнүп турган корккон бойдон шатыга жармашты. Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Ала күү болгон аял жини кармап, бизди эрмектегиси келип жатабы деген ойдо болдум.
-Менин артыман чыккыла, — деп кыйкырды да, Анарбек шаты менен жогору көтөрүлдү. Аял бизди көздөй жулунуп, тебелеп салчуу трактирдей болуп келаткандыктан корккон бойдон Анарбектин артынан тепкичке тырмыштык. Экөөбүз тең анын артынан жөрмөлөгөн бойдон чатырга чыгып кеттик. Аял тез эле жетип келип, бизден кийин шатыга жармашып, биздин артыбыздан жогору көтөрүлдү. Чатырдын эшигин ичинен илип салалык дегенбиз тилекке каршы илгичи жок экен. Колубузга илинген эшиктин тактайын бек кармап,ичин көздөй тартып турууга аргасыз болдук.
— Анарбек уулум, сагындым келчи, — деген жалооруган үн кыл кыяктай сызылып боздоп турду. Биз чатырдын эшигин бек кармап киргизбей коелу,- деген ойдо тырышып эшикти тартып тура бердик. Бирок эшиктин туткасы болбогондуктан көпкө туруштук берүү мүмкүн эмес эле. Ошондой болсо да балалык ойдо колубуз карышканча кармап турдук. Аялдын чачтары апсайып — сапсайып, чатырдын эшигин жулкулдатканда жомоктогу жезкемпир эсиме түшүп коркуп кеттим. Жулкулдаткан сайын биздин үрөйүбүз учуп, коркунуч чындап каптады.
-Уулум, келчи бери? Уулум, сагындым, — деп шолоктоп ыйлап кирди… Анарбек эч нерседен капары жок, чатырдын эшигин чирене тартып ызырынды. Кет, көзүмө көрүнбө! Сен менин апам эмессиң… Экинчи менин атымды атоочу болбо, жогол — деп кайталай берди. Мен эч нерсеге түшүнбөй, карышкан колумду эшиктин болоор — болбос илинчегинен кармап, кое бербей турдум. Үчөөбүз канчалык эшиктин тактайын алыбыздын жетишинче кармасак да колубуз акырындап карыша баштады. Эшиктин сыртында туткасы болгондуктан аялга көп деле күч жумшоонун кереги жок эле. Ал бар күчүн жумшап жулкулдатып олтуруп ачып алды. Чатырдын ичинде бир топко чейин карматпай айланып качып жүрдүк. Чатыр көптөн бери каралбай желе басып кеткендиктен көртирлик буюмдарга уруна берип, ботала болуп бүттүк. Ошондуктан кайра жерге түшүүгө туура келди.Үчөөбүз тыгылышып тепкичке батпай ортосуна жетип жетпей кулап түштүк. Жамбашыбыз менен жерге катуу тийсек да коркконубуздан ооруган жерибизди карабай качып жөнөдүк. Эненин кусасын ошондо көрдүм. Биз болсо тысылдаган бойдон ыраак качып бардык да токтоп туруп калдык.
Апасы ыйлаган бойдон уулуна;
-Уулум, келчи сагындым, уулум – деп кайталай берди. Анарбек болсо;
-Менин атымды айтпа, экинчи келбе, — деп ашатып сөгүп жатты. Апасы кинолордогу каармандардай эки колун алдыга созуп, саксайган чачтары шамалга желбиреп, уулунуна жалынып жалбарып боздоп, бир кучагына кысып алууга зар болуп жатты… Эненин жалооруган аянычтуу үнү, кебетеси көз алдымдан өмүр бою кетпей кала берди… Күнөө кимде, апасындабы же уулундабы, билбейм…