Пример HTML-страницы

Улгайсак да сүйүүбүз өчпөдү

https://kyrgyzcha.site/?p=6983&preview=true Кызыктуу окуялар.

«УЛГАЙСАК ДА СҮЙҮҮБҮЗ ӨЧПӨДҮ;;
40 жашка барып калган айым , өзүнүн 20 жыл мурдагы махабаты туурасында баяндап берди.

– Биз улгайсак да, сүйүүбүз 20 жыл мурдагыдай жалындаган бойдон экен. Ал кезде агайым 35теги от болуп жанып турган жигит эле.
Тайпада көбүнчө кыздар окучубуз. Бир күнү шыңга бойлуу, тыкан кийинген, көз айнекчен агай кирип келди. Ага көп кыздар кат жазышар эле. Мен башка кыздарга окшоп атымды
жазчу эмесмин, анын ордуна алты чекит коюп койчумун.
Негедир лекция учурунда ыр жазууга аябай эргүү келчү. Ошентип отурганымда агай мага «Сиз мен келгенден бери лекцияга көңүл бурбай отурасыз. Экөөбүз кыл көпүрөдөн көрүшөбүз» деди. Студенттердин арасында жаман абалда калдым. Анан «Агай, кыл көпүрө дегениңиз эмне? Экзаменби? Мен түшүнгөн жокмун сөзүңүзгө. Жообун жалгыз уккум келет…» деп жазып узатып жибердим. Аны окуп агайдын өңү башкача боло түштү. Лекциясы мурдагыдай болбой, сабакты эптеп бүтүрдү.
Агайдан жооп угуу үчүн акырында калдым. «Дареметим жетсе, сиздин кыл көпүрөдөн өтүп кетсем болдубу?» десем, «ушунчалык дареметтүүлүгүңүздү убагы келгенде көрөм» деди. Ошондон кийин «Агайда жүрөк барбы?» деген ойдо анын сезими менен ойной баштадым. Дареги жок сүйүү саптарын узатып жүрдүм.
– Экзамен тапшырчу учур келди. Тест берип, жообун өзүнчө баракка жазып бергиле деп калды. Жазып жаткам, агай улам башкача көз караш менен тиктеп коёт. «Эмнеге мындай болуп жатат…» деп ойлоп, агай биздин кол жазмабызды текшерүүнү, ага дарексиз катты ким жазып жатканын билүүнү максат кылганын түшүндүм. Башка барак алып, кол жазмамды өзгөртөйүн деп шашкалактап жазып жатканымда агай басып келди да, барактын четин басып калды. Коркуп кеттим. «Агай, мен бүтө элекмин, туура эмес жазып алдым. Башкага көчүрүп берейин» деп чырылдап жибердим. Ал «болду, убактыңар бүттү, баарыңар жыйнап бергиле» деди.
Сыртка чыгып алып уурулугу кармалып калган адамдай калтыраганымды айтпа. Жатаканага кетип калдым. Старостабызга мени эртең саат 9га кафедрага келсин деп айтыптыр. Түнү менен ойлонуп, мага бериле элек суроолорго жооп даярдадым. Кафедрага келсем агай отуруптур, башымды жерге салып, мектеп окуучусундай болуп турдум. Бирок мен күткөндөй болбоду. «Коркпой, мага жакыныраак отурчу. Азамат, жакшы ыр жазат экенсиң. Сен болсоң керек деп ойлогон элем» деди. Ошол сөздү укканда демим бошой түштү. «Күчтүү студенттер силерде аябай көп. Сен алардан да күчтүү турбайсыңбы. Жүрөгүңдө отуң бар экенин биринчи келгенде эле байкагам» деп мени күлдүргөнгө аракет кылды. Узатарда мени менен кошо басты да, эшикти ачайын десем, ал эшикти түртүп мени кучактай калып өпкүлөп жиберди..
– Ошол күндөн кийин мен агайдын сезими менен ойнобой, тескерисинче, ага байлана баштадым. Дайыма эртең менен сабакка келе жатканыбызда агай факультеттин алдында турган болор эле. Кийин айтып жатпайбы, «сени бир көрүп алып сабакка кирбесем көңүлүм тынчычу эмес» деп.
Кийин бат-бат жолугуп сүйлөшчү болдук. Бир жолу университетте фестиваль болуп калды. «Мен калыстар тобунда болом, сен да баргын, ээ» деди. Көпчүлүктүн арасында болсок да, көзүбүз менен бири-бирибизди издеп таап алчубуз. Фестивалга барсам агай сахнада сүйлөп жатыптыр. Көзү эл арасынан мени издеп жатат. Акыры көрдү да, карап калды. Эрте жаз болчу, фестиваль жыйынтыкталганда чоң, кыпкызыл алма аукционго коюлуп, ал «калыстар тобунун төрагасына» деп агайга берилди. Аны акырын сумкасына салып койду.
Агайдын кабинетине барсам кызыл алмасын мага берди да, «канча адамдын көзү түшкөн алма, калыстар тобуна бөлүп бербестен сага бергени атайын алып койдум» деди. Бирөөнү сүйүүдөн да сүйдүрө алуу ушунчалык чоң бакыт экенин ошондон улам билем. Жашым кырктан ашып калды. Ушуга чейин агайды сүйгөнчөлүк эч кимди сүйө алган жокмун. Айрылышып, алыста жүрсөк да агайды көп ойлоп, көз жашымды төгүп жүрдүм.
Агайдын кыздардын арзуу толгон каректерине, назик сезимдерине канчалык арбалганы өзүнүн жүрөгүндө сыр бойдон кала берсе керек… Бирок мага кайдигер эмес эле. Арадан көп убакыт өтпөй биздин мамилебиз тереңдеп кетти. Ансыз кантип жашап жүрдүм экен?! Жүрөгүмдүн төрүн ээлеп, турган турпаты кан-жаныма сиңип, сүйүү, махабат деген улуу сезимди таанытты, менин жашоомдогу жалгыз эркек так ошол агайым болду. Кол чатыр кармап кеч күздүн нөшөрлөгөн жамгырында, кыштын көз ачырбай жааган карларында агайыма жолугууга барам. Ал болсо сагыныч толгон каректери менен мени арбагандан арбай берет. Бул бактылуу күндөр кайсы бир күнү аягына чыгарын билсек да, өз дүйнөбүздө бир келген бакыттын даамын татып жашай бердик. Анткени ал кезде экөөбүздүн бири-бирибизге барчу тагдыр жолдорубуз жылчыксыз жабык эле. Мен үй-бүлөлүү, ал да ата, бирөөгө жар эле.
– Убакыт келип, мен айылга кетчү күн келди. Экөөбүз бир күн мурда коштошконбуз. Жатаканада студенттер жок. Бир аз иштер менен кармалып, курбум экөөбүз калганбыз. Эртең биз да жолго чыгабыз. Беш жыл окуп жаштыктын, сүйүүнүн, канчалаган жакшы окуялардын күбөсү болгон окуу жайыбызды, жатакананы таштап кетерибизге өкүнүп, терезени тиктеп тургам. Шашып келаткан агайымды көрдүм. Мен ичкериде, агайым сыртта тиктешип туруп калдык. Ак көйнөкчөн, бир аз буруп тараган чачына күрөң көз айнеги жарашып ажарын ачып турду. «Неге келдиңиз мени кыйнап? Кечээ эле коштошподук беле…» дедим күбүрөнө. Айрылуунун ачуу ызасы муунтуп, жүрөгүмдү өрттөп турду. Ыйлап жиберүүдөн өзүмдү кармасам да, көзүмдөн мөлт-мөлт жаш куюлуп жатты. «Кечинде келебиз» деп бурулуп кетти. Күүгүм ченде аккордеон тарткан досу менен келиптир. Ошол күн эсимде. Таң агарганча шаңдуу отурганбыз. Бул биздин бирге өткөргөн акыркы түнүбүз, акыркы жолу таңды бирге тосконубуз эле.
Турмуштун агымы кайсы гана жээктерди көргөзбөдү? Бир топ жыл сыртта да жүрдүм. Кыргызстанга келип кеткен сайын агайдын дарегин угуп кетем, бирок өзүнө такыр жолободум. Сыртта жашоого көнүп калсам да,, өз шаарыма, агайым жашаган шаарга кайтып келдим.
20 жыл өттү арадан, шаарга келүү максатым сүйүүмө жакын жашоо болгону менен, ал адамга такыр кезиккен жокмун. Бир күнү үйүмө Аксынын Караван деген жеринен 68дерге барып калган эже келди. Сүйлөшүп отуруп өзүнүн сүйүүсүн айтып бергенде көзүмдөн жаш куюлду. Сүйүү жаш улгайганда да жашай берет экен. Ал эже жакын аяшы менен сүйүшүп калып, бирок экөө алыста жүрүп, эже алтышмыштан, абышка жетимиштен ашканда, абышканын көзү өтөр күнү кол кармашып алып үнсүз көз жаш төгүшкөн экен. Менин кайрадан сүйүүмө кезигүүмө ошол эже түрткү болду.
– Агайымдын телефонун тааныштар аркылуу таап, байланышка чыктым. «Алло!» деген коңур үндү угуп, баягы адатымча «бул мен» дедим. Унчукпай туруп калды, мен сүрдөдүмбү же таарындымбы билбейм, трубканы коёюн деп калсам күлүп жиберди. Мурда мен телефон чалган сайын «бул мен» дечүмүн. Ушул сөзүмдү көп жылдар бою күтүп жүргөнүн айтты. Дарегимди сурап, айткан жерге бат эле жетип келди. Сунган колума карабай кучактай кетти. Эриндеримден, моюнумдан, көздөрүмдөн өөп-жыттады. «Жаным менин, сагынычым, кусалыгым, азабым» деп акырын шыбырап жатты.
Бакыттын даамын ага бет келген билер. Тиктешип турдук, мезгил өз өкүмүн жүргүзбөй койбойт экен, экөөбүздө тең бир топ өзгөрүү бар, бирок агайдын оттуу, курч көздөрү, сүйүү толгон кумарлуу каректери ошол бойдон экен. Күн кечтегенче кучагынан чыгарбай жатты. Тагдыр бизди дагы бир жолдон кезиктирди. Жолдун узактыгы канча экен, аны турмуш көрсөтөр.
Андан бери тез-тез жолугабыз, күн сайын сүйлөшөбүз, а биздин сүйлөшөр сөзүбүз, сырдашар сырыбыз эми башталды. Мен бул бактылуу күндөрдү канча күткөм? Ага бул турмушта канча аялзаты өз сүйүүсүн арнабасын, ошого татыктуу. А менин чындыгым – менин ага болгон арзуум бир келип кетчү жеңил сезим эмес, анын түбөлүктүүлүгү. Эртедир-кечтир бул конок дүйнөдөн көчөрдө аруу болгон аруу махабатым өзүм менен кошо кетет.

Айым
(аты өзгөртүлүп берилди)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE