Пример HTML-страницы

Тагдыр сыноолору 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17341&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАГДЫР СЫНООЛОРУ….1-болум.

 

Мектепти аяктап,жогорку окуу жайга тапшырууга каражаттын жоктугунан окуй албай калдым.Мен да эл катары Россияга барып иштеп келип окуйм деп чечтим.Бирок кантип барам ким менен барам туну куну ойлогонум ошол болчу . Бир куну таэжем Россияга алып кетем,бир досум бар ошонун баласын карайм десен деп калды.Мен ойлонбостон макул болдум.Эптеп айылдан кетиш болду максатым.Айылда калсам жуучу келет анан куйоого беришет.А ал кезде менин оюмда да жок болчу куйоого тийуу.Иштеп келсем анан окусам деп гана тилек кылчуумун.

Ошентип Россияга келдик.Эжемдин досу кутуп алып квартирасына алып барды.Баласы десе мен кичинекей эми баскан бала деп ойлопмун а бирок ал бала 7 жашар такыр баса албаган (ДЦП)экен.Айлам жоктон карап калдым.Эжем мени тааныбаган корбогон,билбеген адамдарга таштап озу башка квартирага кетип калды.Ал эже да бир жумада бир кун гана уйдо болот калган куну Кыргызстандан товар ташып жолдо болот.5-кабатта жашайбыз кундо эшикке которуп чыгып кирем.массаж жасайм, тамагын жегизем ,кирин жууйм иши кылып ушунчалык кыйналдым.Таэжем болсо бир да жолу кабар албай койду.Досунан сурайт экен ал жакшы деп коёт экен.

6 ай карадым.Ондон азып,жудоп бир жагынан апамдарды сагынып кыйналып кеттим.Бир куну эже келгенде мен кетем айлыгымды бериниз десем айлыгынды таэжене берип койгом деп койду.Эжеме айтып коюнуз мени алып кетсин дедим.Кундо кутом эжем келбеди.Жаныбызда комнатада жашаган бир эже бар болчу.Аты Жамила.Ал менин кыйналганымды коруп жардам берем деп журду.Арадан 1ай откондо эжем келди.Озунун квартирасын алып барып сага азырынча жумуш жок мен товарым

таможенныйга тушуп банкрот болуп калдым кичине кутуп тур сени жакшы жумушка орнотом деп коюп кундо базарга кетет.Бир куну ичимдик ичип мас болуп келди.Минтип отурганын болбойт мен сага жардам бере турган адам таптым бугун туштон кийин келет деди.Эжемдин тапкан жумушу,менден 15жаш улуу, аялы авариядан каза болгон,2баласы бар бироого куйоого бермекчи экен.Айылда апандарда кыйналып жашашат,сени жакшы карайт апандаргада каралашат,жакшы бизнеси бар акчасы коп киши деди.Уккан кулагыма ишенбей ыйлап отура бердим.Бир маалда эжем уктап калды.Мен ар нерсени ойлонуп,Жамила эженин квартирасына качып бардым.Болгон окуяны айтып ыйладым.Ал мени эжен бул жакка барибир издеп келет деп досунун уйуно апарып койду.Ал досу башка шаарга иштегени жолдошу экоо кетип атышкан экен менида алып кетишти.Оздон коро жат жакшы деген ушу экенда мага алар аябай жардам беришти Мен 1жылдай базарда соода кылып иштеп,Кыргызстанга келдим.Уйдогулорго жардам берип,кайра Россияга барып иштеп калдым.Соода кылам ,ишим жакшы болуп атты.Бир куну менден соода кылып бир бала келип калды.Таанышып,сурашып атып экобуз тен Оштон болуп калдык.Жакшы мамиледе болуп экобуз кыз жигит болуп суйлошуп журдук. Мен башымдан откондун баарын айтып ал мени сени эч качан кор кылбайм деп соз берди.7ай суйлошуп журдук.Бир кун бири бирибизди корбой калсак сагынышып укмуш бактылуу элек.Кыргызтанга келдик уйлонуп баш кошуп жашап калдык.Анан менин боюмда болду.Кайненем минтип баарыбыз уйдо отурганыбыз болбойт келин калсын,сен барып иштеп кел деп менин ыйлаганыма карабай Россияга жонотуп жиберди.Келин тороп баласын бастырып коюп барат.Баланарды мен бага берем анан деди.Чыда жаным кичине иштеп сени чакырып алам деп куйом кетти.Менин 2айлык боюмда бар эле.Торогучо 7ай бар анан баскыча 1жыл отсо мен 1жыл 7ай Уланымды корбой кантип жашайм деп туну менен ыйлап чыгам.Апамдын уйуно кайненем такыр жонотпойт,эртеден кечке жаным тынбайт,туну менен Уланды сагынып ыйлап чыгам.Арадан 3 ай откондо Улан мени чакырып алды.Кайненем сен эми барсан иштебейсин Уланды кыйнайсын деп суйлонгон боюнча калды.Улан иштейт мен уйдо.Кайненеме званок кылсак эле ана келин сени кыйнабай уйдо эле отуруп турса болот эле барып алып даардайып уйдо отуратта эми деп урушат.Акча жибер дейт айтканын жибербесе дагы мага асылат.Улан кыйналып кетти.Квартирага толойт апасына жиберет экобуздун тамак ашыбыз.

Мына ошентип мен уул тородум.Улан укмуш шашып келет жумуштан баласына.А мен каным аздыгынан бойрогум ооруганынан аябай кыйналып тородум.

Уландын тапканы эч нерсеге жетпей апасынын барына мени куноологону акыркы кундору ичип келе баштады.Балабыз 6 ай болгондо мен Кыргызстанга жонодум.Баланы таштап менда иштейм деп.Келсем кайненем мен карай албайм бастырып анан кет деп жибербей койду.Улан болсо кундо телефон чалат мас болуп мен силерди сагындым деп.Мен баламды озумдун апама 8айлык болгондо таштап Уландын жанына келдим.Бат эле жумуш таап иштей баштадым Баламды сагынам ,кайненем болсо Улан телефон чалган сайын арам сутун аяды эмчек эмбеген бала оорукчан болуп калат деп урушканын койбоду.Акыркы кундору апасынын тилине кирип ичип алып мага асыла баштады.Бир куну жумуштан чарчап келгем.Улан кеч келип баягы создорун баштады.Энем мага мынча асылат деп койгон созумо сен апамы жаман дедин деп мени когала кылып сабап салды.Эртеси мен эчтекени билбейм кечирип кой деп жалдырады.Арадан 10 кун отот дагы баягы корунуш мен баламды сагындым сен апана апарып таштадын деп сабайт.Мен жыргаганымдан таштаган жокмунго.Сабап салат эртеси когала болуп жумушка барбай калам анан жумуштан айдалам.Дагы башка жумуш издейм анан дагы ошо корунуш.Ушунчалык кыйналып мен аны суйгонум учун урсада соксода чыдап жашадым.Бир куну жумушта ичим катуу ооруп жумуштан суранып келе бердим.Чыдай албай,Уланга телефон чалдым.Ал больницага бар мен бош эмесмин деп очуруп койду.Больницага бардым.Жакын адамдарын барбы чакыр срочно операция жасаш керек деди.Сокур ичегимден операции жасашты.Больницадан чыктым.Дагы иштебей уйдо 1 жарым ай жаттым Кыргызстанга келгенге шартым жок.Кыйналганынан ичкени кобойду Уландын. (уландысы бар)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE