Пример HTML-страницы

Менин кошунамдын тагдыры

https://kyrgyzcha.site/?p=11853&preview=true Кызыктуу окуялар.

Менин кошунамдын тагдыры

( Болгон окуя)………..

 

Мени окуп жаткан окурмандарга, баарыңыздарго салам айтам. Бул жолу чындыкты жазгым келди. Менин кошунам жөнүндө жана анын аянычтуу тагдыры жөнүндө жазайын дегем. Анда эмесе сөздү башынан баштасам….

Менин айылымдын аталышы МАСЫ. Айылдын кире беришинде эле жашайм. Менин үйүмдөн жогоруракта бир уй бар эле. Атамдар сүйлөшүп отурганда, ал жерде мурда Закир деген байке жашаган экен,Ал үйдү баласына калтырып өзү көз жумган деп угуп калдым. Баласы үйлөнүп башка жака көчүп кеткен экен. Ошол бойдон мен чоңоюп эсимди тааныганча ал жерде эч ким жашабады. Кыздар балдар болуп топтолуп алып ошол жерде ойночубуз. Кээде ал үйгө кирип алып жашынмак ойночубуз. Бирок ата энелерибиз кирбегиле! Ээси келип калса кулагынарды жулат, ал үйдүн да ээси бар деп коркутуп коюшчу эле. Көптөгөн убакыттар өтүп менин балалык кезим да кетти. Мен 9– класска келгенимде ал үйгө жаңы кошуна көчүп келиптир. Апасы менен эле бир кичинекей 4- класста окуган бала экен. Мага аябай кызык түйүлүп жатты. Ал үйдө мен туулгандан бери эч ким жашаган эмес, анын үстүнө ал үй мен жана менин тең туш досторум үчүн коркунучтуу эле. Бир эки күн сыртка чыккан сайын, ары бери өткөн сайын ошол үйдү карап жүрдүм. Кийин ал мен үчүн кадимкидей эле сезилди. Ар кандай ойго келген сезим жоголо баштады. Кызыгы да кетти. Апасы күндө эртең менен кетип түнү мас болуп кыйкырып келчү. Баласы күндө эртең менен мектепке барчу. Кээде баласын уруп сабачу. Туура башка ата энелер да балдарын тарбия катары урат бирок бул аялдын тарбиялашы мыкаачылык эле. Үйүбүздүн үстү тарабында чоң арык( канал) бар. Ошол жерден суу алып турчумун. Бир күнү сууга чыксам, ошол аял отурат. Ичип алган окшойт дагы. Ага карабай эле сууму алып тезирээк кетип калайын деп ага үн катпадым. Сууну алдым да эми жөнөп калсам : ээээй кыз,,,, не керек сага, жаңжал тилеп атасыңбы өзүңө деп ыктытып койду. Мен артыма бурулуп кандай дейсиз деп сылык эле сүйлөдүм. Ал кайра : ээээй ююууй кыз а!!!! Укпай атасыңбы мени э!!!! Саламдашканды билбей калдыңбы!!!!!???? Ия?? Деп мага асыла баштады. Мен кайра ой эже сизди байкабай калыптырмын кечиресиз….. Кандайсыз жакшы жүрөсүзбү эже деп сурап араң кутулуп кеттим. Оох кудай деп араң калгам жүрөгүм түшүп. Болбосо ага чыр чатак эле болсо да. Жаз эле. Атамдар акем менен адырда чөп чапчу эле. Мен алар менен кошо чыгып аларга жардам берчүмүн. Кундордун биринде атам м-н акем чөп чаап коюп сен чөмөло ( чөптөрдү чогултуп) кылып анан бар үйгө, биз кете берели чарчадык деп кетип калышты. Мен да бир аз эс алайын деп отурсам…кырдын ылдый жагынан бир ый угулду. Мен эмне болуп кетти экен деп карасам тиги кичинекей бала. Ыйлап отурат экен. Башка дос балдары шылдыңдашкан окшойт, өксүп өксүп ыйлап атат. Мен карап отуруп аябай боорум ооруп кетти. Жанына барып сооротуп, кайра өзүм иш кылып жаткан жерге ээрчитип келип,бакалашкадагы суудан ичирип. Болду эми ыйлаба э деп сооротуп койдум. Анан өзүнө келип калганда эми айтчы укам эмнеге ыйладың козуу деп сурасам…башка балдар анын апасы жөнүндө жаман сөздөр менен сөгүп,апасын жамандаптыр. Бир кыйла арманын айтты. Мен аябай боорум ооруду. Досторум жок, мени баары жаман көрүшөт,мени эч ким кошпойт деп ыйлап жиберди. Мен кой андай дебе укам кел экөөбүз дос болобуз. Экөөбүз ойнойбуз э. Бирөө сени дагы ушундай кейитсе мага айт, өзүм сазайын берем деп койдум. Кийин бара бара аны өз укамдай эле жакшы көрүп, тамак кылсам чакырып,үйгө келип калса анча мынча чогу ойноп көңүлүн көтөрүп койчумун. Мектепке чогу кетчүбүз. Кыскасы жакын болуп кеттик. Эми окуянын негизги себебине токтолоюн.

Анын аты Кудайберди. Анын айтымында негизи Таластык. Апасы туурсында көп деле нерсе билбешин айтты. Атасы жакшы киши экен. Ал жакта Таласта үйү бар экен. Кудайберди апасы менен бул жакка келе бергенден кийин атасы Таласта өзү жалгыз калыптыр. Апасы балдар үйүндө тарбияланган экен ( детдом) …. Менимче апасы ошон үчүн тарбиясыз аял. Бир тууган агасы бар экен. Бирок ал авариядан каза болгон экен. Апасы Кудайберди туулуп,эс тарткандан бери ичет экен. Күндө апасынын айынан үйдө жаңжал дейт. Дагы апасы оорушун айтты. Дагы көп иче берсе анда көз жумуп калаарын айткан дейт доктурлар. Аны билсе да апасы иче бере турганын айтып ыйлады. Атасы болсо апасы таш ап кеткен соң, башка бирөөгө үйлөнүп, балалуу болгонун айтты.

Жакында эле келип апасы катуу ооруп, өзүн жаман сезип жатат деп өпкөсүн баса албай ыйлап ыйлап кетти. Тез жардам чакырыныз эже деп болбой, кейип ыйлап жатат. Аннан барсам апасы приступ болуп кыналып, ары бери онтоп баласын коркутуп да кан экен. Үйү чачылган. Күсунду, арактын ишелери чачылып турат. Мен да коркуп кеттим. Тез жардам чакырып бердим. Келип укол сайып, дары берип, эс алсын деп уктатып коюшту. Врач мага сен кимиси болосун деп сурады. Мен кошунасы болом дедим. Алар дагы бир жолу ичсе дароо өлөрүн айтышты. Мен кыжаалат болдум бирок Кудайбердиге айтпай эле коёюн дедим. ……..

Эртеси күнү Кудайберди үйгө дагы ыйлап келди. Мен бир нерсени сезгендей… ага күндөгүдөй, эмне болду деп сурабадым. Ал апасы бул дүйнө менен кош айтышканын айтып боздоп жиберди……..

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE