Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Бактысыз баш кошуу……

https://kyrgyzcha.site/?p=7979&preview=true Кызыктуу окуялар.

БАКТЫСЫЗ БАШ КОШУУ.

Чоң энемдин 12 жашында 80 деги чалга токол болуп барганы тууралуу укканымды баян кылгым келди…
1910- жылы жут болду, мал кырылып, эгин чыкпай калды деп сөзүн баштоочу.

Эптеп кыштан чыгып, ала шалбырт болуп турганда аркы айылдын аксакалы Макамбай үйүбүз тарапка ат бастырып келип, аттан түшпөй амандашып, атамдын чай ич дегенине көңүл бөлбөй, нан алып чыккан мени жүлүрөйгөн көздөрү менен теше тиктеп, жылмайганда оозунда бир да тиши калбаганын көрдүм…
— Ата, бул чал өткөндө да келген эмнеге келиптир десем, атам ачуулана,
-Сен киришпе!- деп кагып салды…
Жаз келгенде атам өгүзгө бир линка кап менен жүгөрү жүктөп келип калды, өңү жайдары, жаш балача кубанып алган. Эки сөзүнүн бири эле Макамбай байды жерге сууга тийгизбей мактайт..
Ошентип, жүгөрүнүн жарымын иргеп уруктука алып, калганын жаргылчака тартып аштык кылдык. Жерди айдап, жүгөрү эгип, чыкканда сүйүнгөнүбүздү айтпа. Малдан кооруйбуз, алдын жумшартып, сугарабыз…Өскөн сайын кубаныч коюнга батпайт.
Ушундай күндө каргаша басты, атам жер тепкилеп, жашы мончок, мончок куюлат..Апам да кошо ыйлап алган. Таңга маал мындай жорук жүрөгүмдүн үшүн алды..
Көрсө Макамбайдын мал жылкысы атам эккен жүгөрүнү түнү менен талкалап, жеп чыгыптыр…
Уккан кулагыма ишенбей жылаң аяк бойдон чуркап барсам, биз эккен жүгөрүдөн дайын жок, жарымы калган же тебеленип жок болгон… Мен да буркурап ыйлап, жер чапчып отуруп калдым. Ошондо мен кайдан билипмин, атамдын жүгөрүсү менен кошо көчөт кызынын тагдыры талкаланганын….
Ыйлап сыктап, жаз өтүп күз келди….
Макамбай чал, күз келгенден баштап үйгө жүз келди. Кийин билсем атама күздө 2 кап жүгөрү бересиң деп, карызга берип, атамды доого жыгаар жаман оюу бар экен, акыры ишке ашырды…
Казыга жүгөрүнү өзүнүн малы жеди деп арызданып барса, эртең кел деп жолго салат…
Эртеси күн көтөрүлгөндө казынын үйүнө барса Макамбай экөө кыраан каткы күлкү менен тосуп алышат.
Акыры атамды боздотуп, доодон кутулганы мени секелек кызын берүүсүнө чечим чыгарып берет. Атам үйгө келе албай жума бою ар жерде жатып жүрүптүр, байкуш атам..
Мени эрге беребиз деп даярдана башташты…
Той болот, сага жаңы кийимдерди кийгизебиз десе, сүйүнгөнүмү айтпа, тез эле болсо экен деп… Эрге тиесиң десе, жаңы көйнөктөн башканы билбеген жаным, элеп желеп…
Атам байкуш беш күндө эле бүкүрү чалга айланды, кийин өлөөр өлгүчө көзүмө тиктебей, атамдын жылуу, мени эркелеткен көздөрүн көрбөдүм. Мен келсем эле жер тиктеп, башын көтөрчү эмес. Жүгөрү жүрөк оорусуна айланган бейм. Мага чыккынчылык кылып, боор этинен бүткөн наристесинин келечеги, кыйнап турчу окшойт..
Анан да менин барчу чалым атамдан 20 жаш улуу киши эле..
Жүгөрүнү Макамбайдын малынан коорубаган мен экендей кээде өзүмдү да күнөөлү сезем…
Ошентип, кембагалдын калыңы бир эчки болдубу, союп кошуна колоңдор жеп кетти.. Мага кызыл көйнөк, жоолук берип жасап, жеңи узуун чепкен кийгизип коюшту…
Энелерибиз ошондой чепкендери менен айылга барганда жеңдерине кант катала, эт салып келеер эле…Мен качан кием апа? -десем,
-Эрге тийгенде,- деп корс тийчү.
Ошентип, Бопо жеңем коштоп, мени Макамбай чалдын үйүнө жеткирип барышты. Кой союп мени төргө отургузуп, дасторкондо мен көрбөгөн таттуулар, боорсок кымыз.
Мен оңтоюу келгенде жаңы боорсок, канттардан жеңиме салып отурдум.
Койдун эти бышып, мага чооң жиликти устукан катары бергенде көздөрүм жадырай түштү..
Мууздай элегинде эле ооз тийип, жеңиме салганымды Бопо жеңем көрүп калып, кайра сууруп чыкты..
— Каралдым, биз кеткенде жей бересиң, эми антип катпа!
— Ээ, жеңе апама алпарым берем, көптөн бери эт турмак, шорпо иче элек.
— Садагаң болоюн козум, эми сен көпкө чейин апаңа барбайсың, сени калтырып кетебиз. Сени күйөөгө беребиз..
— Макул берсеңер бергиле, бирок, мени калтырбай ала кет жеңе, мен апама жүн тытышып кийиз кыламын…
Бопо жеңем бурулуп, ийини солкулдап тизесин кучактай, наристе баланын кусуру урсун деп, кимдир бирөөнү каргагандай болот.
Тамак желип бүткөндөн кийин, мени жетелеп көшөгөнүн ичине алып киришип, эрге бергенин, азыр нике кыйылаарын, молдонун суроосуна макул деп айтаарымды эки жеңем эки кулагыма куюп жатты.
Эр эмне экенин билбеген жаным же кубанаарымды же ыйлаарымды билбейм..
Бир убакта Макамбай чал молдо менен кошо кирип келгенде карышкырдан качкан улактай бурчка тыгылдым..
Уй бүлөгө азап салган шүмшүк ушул адам экени билип тургандыктан жүрөгүмдү ансайын үшүттү… Кулагыма эч нерсе кирбеди, бата кылып баары чыгып кетишти…
Үксүйгөн чал мени баса калып, бакырып, ыйлаганыма карабай өз мүдөөсүнө жетүүгө жанталашып жатты…
Бопо жеңем энеси эгиз туугандай сүйүнчүлөп жүрөт…
Менин бактысыз сүйүүмө, келечексиз жашоомо, армандуу күндөрүмө сүйүнгөндөрү курусун…
Апалап тоону жаңыртып, эчкире — эчкире ыйлап, калып кеттим. Бопо жеңем да ботосунан айрылган төөдөй көз жашы тыйылбай карааны узап кетти. Апам байкуш канти экен, эми башын ким карап берет, жүндү ким тытышып кийиз кылат деп кейий берипмин, карангүн..
Ошентип 12 жашымда 80 деги чалга төртүнчү аялы- токолу болдум…
Күн сайын чалымдын неберелери менен топ таш ойнойм, кубалашмай, күндүзу секелек кыздар эрмегим…Кечинде чалдын эрмегимин, боздогонума карабай жетелеп койнуна салып беришет..Ошентип 9 балалуу болуп, бир баламдан башкасы 1 жаштан узак жашабады.
Мени эрге бергенден кийин 3 кар түшкөндөн кийин Атам кайтыш болуп, мени кошок айтып кел десе, атама эч жакшы сөз айта албайм.. Бопо жеңем кана айтчы жетим десе,
-Атам сатты макага (жүгөрү)
Аксакал бир такага (текеге) десем,
-Токтот, жетим кыз кантип ушундай болсун деп оё чымчыды..
Жылдар өтүп, менинби же ата энемдин каргышыбы чалымдын эки көзу көрбөй калды. Чыккынчылыкты жактырбаганданбы же өч алгысы келдиби менден мурдагы 3 байбичечеси тең карабай койду…
Жөлөп таяп, жаш баладай жетелеп жүрүп, акыры ичер суусу түгөндү…
Ошентип жашап жүрүп чалдан 28 жашымда бир бала менен жесир калып, сенин чоң атаңа тийгемин деп калчу, бейиши болгур чоң энем.
Мен күбө болгонум Бопо, Бурма энелер чогуу үйдө, чай үстүндө ушул өткөн күндөрүн эскерип алчу.. Бопо энебиздин төшүндө күмүштөн жасалган, кичинекей тарелкадай кооздогучун тагып журчү… Чоң энемди атынан айтпай » Оо кыз » тергөөчу. Кемпирлер бирин бири кыз десе таң калчумун…
Алардын суранычы менен «Аксаткын менен Кулмурза», «Курманбек», «Эр Төштүк» жана башка эпосторун окуп же жат айтып берип, алар угуп черин жазып кетчү окурманым…

Пример HTML-страницы

Бул окуяны эстегеним эки катын алам деген эрендер, кыздарыңар токол болушуна шарт түзбөгүлө!
Чечсе болот, көптү самагандарга
Күйөөсү өлгөнгө, ажырашкандарга, балалуу жубандарга үйлөнсө сооп гана болот эле. Уруксат берүү керек 30дан өткөн кыздар турмушка чыгам десе…Азыркы эргулдар Макамбай чалга окшоп бир үй бүлөнүн, наристе кыздардын тагдырын талкалабайт деп ким кепил боло алат, ушундай акыйкатсыз заманда…
Ал эми ислам дининде 4 аял алуу болот дегенге жамынбаш керек, себеби ал кез согушкер заман, эр жигиттер өлүп, жетим жесир көп болгон, тукум улоо зарылчылыгы бар эле…

Бар болуңуздар окурмандарым!

Сайтыбыз менен бөлүшүп коюнуздар!!!

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE