Пример HTML-страницы

Апамдын “балам келдиңби?” деген сөзүн сагынам…))

https://kyrgyzcha.site/?p=9791&preview=true Кызыктуу окуялар.

Апамдын “балам келдиңби?” деген сөзүн сагынам…)) Тамакты өзүм жасайм, бирок, тамагым Апамдын тамагындай даамдуу эмес.)) кийимдерди өзүм жууйм, бирок, Апап жуугандай аппак таза эмес… үйдү жылуу кармайм, бирок, Апам жок болуп калса негедир мага үй муздактай сезилет)

 

Ушул күндөрүм мен үчүн сабак болду. Апамдын даамдуу тамагын сагындым. Кып-кызыл, жыты буркурап турган май токоч нанын сагындым! Эң башкысы күн нурундай чачырап турган мээримин сагындым))) Жүзүндөгү жылмаюусун, күлүп турган көздөрүн сагындым))) а мээрими эчкачан түгөбөйт. Азыр деле жумуштан телефон чалсам “Балам, өзүңдү жакшы кара, өзүңдү көп кыйнап иштебе, убагында тамагыңды жеп жүр” деген сөздөрү эч түгөнбөйт…. жаным Апакем менин… Только менин Апакем))

 

Мен Апамды сагындым…

Азыр мен 22ге чыгып, 23түн тамагын ичип жаткан кезим. ʺМына эми үйлөнөтʺ деген чоң эле жигитмин, бирок, баарыбир деле мен Апамды сагындым))

Билем азыркы жошоодо, азыркы убакытта бул өзүнчө эле бир уят нерсе болуп калган, биррок, бааары бир деле мен кайталайм: Мен Апамды сагындым))

 

Кээ бир эркектердей болуп, мен Апамды көчөдө темселеп жүргөн кыдарга алмаштырбайм. Өз сүйүүмдү Апама гана арнагым келет, а башка адам татыктуу эмес… Мейли, Алла таала мага мээримин төгүп, дүйнөдөгү эң ыймандуу кызга жолуктурса дагы, менин Апам мага эң жакын, эң сүйүктүү адамым болуп калабермекчи. Анткени, бул дүнөдө ар-бир эркектин эң жакын адамы, бул — ЭНЕ!ЭНЕ!ЭНЕ! (хадис)

 

Эсимде бар, але кичинекей кезимде, Апам жумушка кетип бара жатканда, мен ыйлап, артынан ээрчийт элем. Ошондуктан, Апам мага билгизбей кетип калчы эле, а мен алаксып, бирок 5-10 мүнөттөн кийин Апам жанымда жок экенин билгенде, безилдеп барып короону 2-3 айланып, сапырып, Апамды ушунчалык издечи элем, ошондо ыйлаганымды айтпа)) Үйдө Апам жок болгондо уйго киргим деле келбечи, анткени Апам жок жерде муздакты сезчимин). Көчөгө кошуна балдар менен ойногону кетип калчымын)) а качан Апам жумушунан келгенде, чууууркап барып кучактап-кучактап, көзүмдү жумуп, жытынан жыттттап-жытттап алчымын, анан анан эс алып калчы элем…))

Эмнегедир ошол махабат, ошол сүйүү, ошол сезим азыркы күнгө чейин көкүрөгүндө жашап келет, Алладан сураанарым, ошол көкүрөгүмдөгү сезимди эч качан өчүрбөсүн!!!! Анткени, чоноюп алып, мээримсиз таш’боорлук кылып, Апакемди таштап кетеенден корком(((

 

Мындан мурдаарак, Апама бир аз акча чогулттум эле. Оз эмгегим менен тапкан адал акча. Ал акчаны Апама жумшап, алтын сөйкө шакеги менен алып берип, көңүлүн ачып коеюн дегем. Бирок, Апам мага ʺмыдай алтын алып бер, тигиндей алтын аламʺ дегендин ордуна, менин жүрөгүмдү ыйлататурган сөз айтты: ʺбалам, алтындын деле кереги жок, озун аман-эсен болуп, жакшы жүрсөң — ошол менин кийген алтынымʺ…. Мындай жылуу, таттуу сөзүн угуп, чыдай албай кеттим, көз жашымды Апама көрсөтпөй, башка комнатага барып ыйлап-ыйлап алдым)) субханаЛлах, Эне деген ушундай болот экен)

 

Оо Аллахым, дубаларды кабыл кылуучу, Оо Аллахым тилектерди орундатуучу, Оо Аллахым үмүттөрдү улоочу, Сенден гана суранып, Сенден гана тиленем, апамдын дартына шыпааңды бер! Йа Аллахым дагы да мага тирек, жөлөк болуп жүрө беришин насип кыл! Оо момундар, менин Апам бир аз ооруп жатты эле, Апама сакайып кетсин деп дуа кылып коюңуздарчы! Оо Аллахым, бир

туугандарымдын дуасын кабыл кыл!

Амин!

——————

P.S- мындан 9-10 ай мурун Апам ооруп калганда мен сиздердин Дауларыңарга өтө муктаж болгом, ошондо жаздым эле… Азыр кудайга шүгүр, Апам ден соолугу жакшы, инша’а Аллах)) ким Дуа кылса, Аллахым сиздерден ыразы болсун, эки дүйнөнүн бактылуулугун насип этсин, эч качан кем кылбасын. Амин.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE