Пример HTML-страницы

Эльвира Мамбеталиева апасынан үйрөнгөн өнөр аркылуу киреше таап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну Эльвира Мамбеталиева 5 жылдан ашык убакыттан бери курак курап келет. Ал хоббиси катары эсептеген өнөрү аркылуу 2 жылдан бери киреше таап келе жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Өзүнүн айтымында, негизи кесиби боюнча экономист. Апасы чебер уз болгон. Жанында кайчы узатып, жип берип отуруп, кантип кызыгуу пайда болгонун өзү да байкабай калган.

«Өзүмдүн апам кичинекей кезимден эле кол өнөрчүлүк менен алектенип, курак курап, кийим тигип жүргөндүктөн жанында кайчы алып берип, жип өткөрүп берип жүрүп кызыгып кеттим. Бой жетип калганда баарын үйрөнүп, азыр апам экөөбүз бул өнөрдүн артынан нан табабыз», — деди ал.

Ал кыздарга сеп даярдап, бешик жабдуу, көшөгө, дасторкон тигет. Буюртма берип, аны алган кардардын ыраазычылыгы шыктандырарын айтат.

«Алгач тигип баштаганда пайда деле көргөн жокмун. Кийинчерээк эмгегим бааланып, баары кызыгып калды. Эмгектеримди сатып алышып, менин кызыгуумду жогорулатып, ыраазычылык айтып, мага мотивация беришти. Кыздарына сеп жасатып, жаңы төшөктөрдү тиктирип башташты», — дейт ал.

Кол өнөрчү сапатка басым жасайт. Ошондуктан кездемелерди Түркиядан, Бишкектен буюртма менен алдырат.

«Эң негизгиси сапаты. Мага биринчи орунда кездеменин сапаты керек. Акчасы кымбат болсо да, сапаттуу кездемелерди тандап, тигип берем. Анткени ал көпкө чыдайт, жакшы көрүнөт, тигилиши да адамды кыйнабайт. Ошон үчүн Түркиядан түз алдырам. Бишкектен, кээде Кара-Суу базарынан да сатып алам. Анткени төшөктөр да үйдөгү эмеректер сыяктуу сатып алган кардарга жок дегенде 10 жыл кызмат кылыш керек же андан да көп. Ошондуктан курактарга да, кездемеге да кылдаттык менен көңүл буруу зарыл. Анткени көпчүлүк учурда курактарды сапатсыз тигип коюшат. Курак сөгүлүп кетсе, аны эч жерде эч ким оңдоп бере албайт. Кардарларыма да көпчүлүк учурда арзан сатылган курак төшөктөргө чуркабай, сапатка көңүл буруу керектигин ачык айтам», — дейт ал.

Төшөктөр сапатына жана санына карата бааланат. Мисалы, 4 жер төшөк 6 жөлөнгүч жаздыгы менен 15 миң сомдон 23 миң сомго чейин сатылат. Бирок аны курап чыгуу үчүн 1 жумадан 1 айга чейин убакыт кетет.

«Баалары анын дизайнына карап да өзгөрөт. Көбүнчө жаңы үйгө көчүп барган үй-бүлөлөргө, турмушка чыгып жаткан кыздарга төшөк тигип бергем. Эң кызыгы туристтерге да тиккен учурлар болду», — деди кол өнөрчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE