Эки тагдыр — бир сезим .

https://kyrgyzcha.site/?p=51932&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки тагдыр — бир сезим .

 

— Кандайсың жаным , жакшы болуп кайттынбы — деп күйөөм мени эшиктен күлмүңдөп тосуп алды. Көңүл көөнүм пас болсо да мен аны билдирбөөгө тырыштым . Алгачкы бой кат болгонум үчүн тез тез чарчап , кээде өзүмдөн өзүм ыйлагым келе берет . Бүгүн да көңүлүм азып , жүрөгүм алдын ала бир нерсени сезгендей жанчып мазамды ала бергени кыйнап турган . Мен аяк кийимимди чечип күйөөмө карап өзүмө тарттым

— Баары жакшы Дарыгер папасына айтыңыз балапаны жаман адам болуп калбасын деп эскертти .

Муну уккан күйөөм алаканы менен ичимди сылап :

— Биздин бала жаман бала болбойт . Атасы жакшы жигит — деди да мени колуман кармап үйгө жетеледи .

— Бүгүн үйдө конок бар . Дасторкондо олтуруп көп нерсени талкууладык . Жүр сени тааныштырып койойун — деди .

Мен үйдүн босогосун аттай берип эсим ооп калууга аз калдым . Столдо отурган адам мага тааныш эле . Мен өмүрдө кайра жолуктурам ойлогон эмесмин .

Коноктун да жүзү бирден ир өзгөрдү . Ал дагы мени жолуктурам деп ойлогон эмес окшойт .

— Таанышын койунуз Жаке . Перизат келиниңиз болот . Бул Жоомарт менин бизнес жолумдагы алгачкы демөөрчүм болот. Жалгас Муратаалынын кенжеси — деп күйөөм экөөбүздү тааныштыруу менен алек .

Тааныштык аракетин жасап колун созсо да Жоомарт оордунан турбады . Эми гана байкадым . Ал үстөлдү бойлой койгон оорундукта эмес , майыптар отуруучу креслодо экен .

Жүрөгүм бир түрлүү согуп , жанчып кетти .

Мен жооп ирээтинде башымды ийкеп койуп , кийимимди алмаштырып келүүгө сыртка бөлмөгө чыгып кеттим . Мен жатчуу бөлмөгө араң жеттим .

Билип болбогон табышмагын көп тагдыр не деген шум элең . Бир болууну жазбапсың , анда неге кезиктирдиң.

 

— Сенсиз өмүр — маанисиз экенин түшүндүм жаным . Мага өмүрлүк жар болууга келишесиңби ? — деп сыпайы Жоомарт күлмүңдөп карады . Арийне ага жар болуу кыялым эле . Кечкурун машина ичинде мындай сунуш жасайт деп ойлобогом . Кубанычымды жашыра албай :

— Ооба ооба келишем — дедим . Ал мени кучактап алды .

— Мен эртең ата — энеме жетип сага куда түшүртөм . Сени Алматыга алып кетем — деп ал менин узака жүзүмдөн сүйдү . Ошол кеч өмүрүмдөгү эң бактылуу кеч эле . Жоомарт Алматылык жигит эле .

Биздин таанышканыбыз да кызык эле . Вокзалда Алматы — Астана поездин күтүп отурганда * таанышалы * деп жанымдан айланчыктап кетпей койгон . Андан кийин жолдогу шериктер менен келишип поездге отуруп алыптыр . Бейтааныш кыз үчүн ушунча түйшүк тарткан жигиттин аракети ыңгайсыз сезилген менен , ошол тааныштык чоң махабатка оролошуу боло турган .

Ал атайы унаасы менен алтынчы базар дем алыш күндөрү Астанага келип кетип турган .

* Чарчайсың го .. Убара болбочу ..* да есем ал * Мени сагынбаймынбы * деп таарынып кала турган .

Таң атаары ал жол жүрүп кетти . Анын кабарын күтүп мен калдым . Бирок ал кабарлашпады . Чыдамым кетип телефон чалдым . Абонент байланыш сырт жерде дегенинен байланыша албадым . Үмүтүмдү үзбөй телефондон карыш жылбадым . Тобокелге салып өзүм Алматыга аттандым .Бири бирибизди бир жылдан бери билсек да үйүн , досторун билбегениме өкүндүм . Үйүнүн дарегин арадагы аңгемеден улап божомолдоп , учактан түшүп жетип бардым .

Жоомарттын турмушу жакшы боло турган . Дарбаза алдынан күзөтчү тосуп алды .Келген жанымды , аты жөнүмдү сурап билген соң * Күтө туруңуз * деп ичкериге кабар берди . Жар ы сааттай убакыт өткөн соң күтүүчу аял келип * Менин соңумдан жүр * дегендей ишаарат менен үйгө киргизди да өзү чыгып кетти . Эки кабаттуу чоң үйдүн кире бериш жерине аппак диван койулган экен . Мен зарыгып күткөн Жоомарт ошо отурат . Бир ай башта ушундай ысык жаныма жакын жан бүгүн түсү суук . Мени көрүп кабагын түйдү . Мен андан ары аттай албай ордумда туруп калдым .

— Айта бер — деди . Мени көп көрүп жүргөн адамдай . Оозума сөз келбей көпкө туруп калдым .

— Перизат сен мени бекер издеп келдиң . Кабарлашсам өзүм кабарлашат элем . Көңүлүм чаппады . . Убакытты бош келтирүүнүн кереги жок — деди .

Көңүлүмдө , жүрөгүмдө оорун алган үмүт менен үрөй учурган бул сезимди сөз менен айтып жеткируу болбос эле . Мен не дээримди билбей колумдагы шакекти чыгарып кичинекей столдун бетине койдум да * Мунун кажети канча * дедим .

Ал күлдү . Мурун күлкүсүн жактырат элем .Азыр оорунсуз күлкүсү бетиме түкүргөндөй болду .

— Каталык жасапмын . Мен тойдон айныдым — деп күлдү да :

— Бар айтаары ушул болсо Калима бул кызды чыгарып жибер — деди .

— Кажети жок . Өзүм чыгып кетем — дедим . Ал оордунан турган жок . Кош деп да айткан жок . Мен кусалыктан күн кечирип көп кайгырдым .

Кийин Медетти кезиктирдим. Мен аны Жоомарттай сүйө албадым . Бирок ал мени сүйөт эле . Экөөбүз үй бүлөө курдук . Эки айдан соң перзент көрөбүз .Бактылуу элек . Тагдыр неге жолуктурду ? Мен көзүмдөн жашымды сүртүп төшөктүн четинде отурган элем .Бөлмөгө Медет кирди .

— Жаным сага не болду — деп кучактай калды .

— Эчтеке . Анчейин көңүлүм бир түрлүү азып турат — деп күйөөмдү бек кучактадым . Анын махабаты үчүн урматтайын дедим .

— Айтмакчы коногуң кайда ?

— А Жоомартбы ? Шашылыш иши чыгып ошол менен кетти . Негизи ал өтө жакшы жигит .

— Жакшы ?!

— Ия ..Өтө тамаша жигит атасы да алтын адам — деп жонума көрпө жаап жолдошум жаныма отурду . Колумду алды .

— Бул жигиттин да көрбөгөнү жок . Бир жыл башта бир кызга ашык болгон экен . Баса ал жердешиң Астаналык . Ошентип экөө үйлөнмөкчү болушат .

Күйөөм мага аңгемени баштады .

— Баягы кыздын ата энесин сыйлап кула түшөмүн деп кеткен кезде жол кырсыкка учурап эки аягынан ажырайт .

Жүрөгүм зырп эте түштү . Башында кейипкери мен окшогон аңгеме эми Мен билбегенге окшоду .

— Ал кызчы ? — дедим .

— Кызда да күнөө жок . Ал Астанадан издеп келсе керек . Бирок бул кыздын тагдырын байлыгысы келбей майып экенин айтпаптыр . Эбин таап үйүнөн кууп чыгыптыр .

Тамагыма бир нерсе келип тирелип калгандай болду . Клзумдогу жашты жолдошума түшүндүрө албасымды билип анын кучагына тыгылдым.

— Жаным , жаным ансыз да көңүлүн ооруп турганда бекер айттым . Убайым тартпачы . Ал кыз да жакында турмуш курганын эшитип , эсин жыйнаган көрүнөт . Ал бактылуу болсо мен өмүрүмдү өз өзүмө күнөө артпай жашай берем деп чечиптир . Ошондон жумушка чыкты . Мен да. Ага көмөктөшүүгө тырышам.

— Сен андан көрө айтчы . Дарыгер балапаныбыз жөнүндө дагы эмне деди .

Мен үндөй албадым .

Анткени мен эч нерсе айта албай күйүткө түшкөн элем .

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️