Эки куйоолу аял 8 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

8-болум.

Чачыкей, сүйлөй отурсаң, мен дагы бир үйдүн жалгыз уулумун, уксаң керек мунумду, айланчыктап ата-энем, көтөрүп турат көөнүмдү. Ай жаркын сиздей сулуунун жары болсом деп келгем, буйруп койсо насипти, күйөөңүз болуп калсам дейм, — күлмүңдөп карап колумду кармамак болгондо колумду тартып алдым. Жолборстон корккон коендой кылт этсе качканы турам.

 

— Мен такыр ойлоно элекмин, күйөөдөн көзүм ката элек, кез келип бойго жеткенде табылаар бир күн сиздей бир эркек, — мен ушинткенде намыстана түштү окшойт:

 

— Текебер окшойсуз, сулуу, жеткирем муну атама, теңсибесең өзүмдү, албай коюп төркүнүңдө карытам, — деп өйдө болуп өргөөдөн чыкмак болгондо ары жактан атам аны чакырып калды. Ал кезде күйөөлөп келген жигитти кайындары оюндагыдай оюн курдуруп, көңүлү ачылсын дечү. Таарынса таарынсын деп мен кенебей, бир жагы атама таарынып ченебей, куш жаздыкка тескери карап жатып алдым. Жеңем келип менин таарынганымды сезип:

 

— Кызыке көңүлүңдү чөгөрдүбү күйөөжан, жакшы эмес мындай күнү тескери карап жатып алганың. Ырас жаш экениңди билемин, бирок акыл калчап карап көр да көңүлүн алгын күйөөнүн, — деп жаныма отуруп чачымдан сылады. Мен эрээркеп ыйлап ийдим, жеңемди жакшы көрчүмүн:

 

— Жеңе, атакем менден тажаганбы, неге алдын ала калыңын алды, бир-эки жыл жок дегенде кое турбайт беле, акылга толуп алгыча, эселек эле бойдонмун. Жообуна күйөөнүн тойбодум, балким акыл толо элек эселектигимби, же энемдин койнунан чыга элек эркелигимби? -деп жеңемди кучактап алып ыйласам ал да ыйлады.

 

— Кызыке, атамдын кадыры бар, ата кадыры менен кыз, соодагер баркы менен бөз өтөт дегендей, атамдын кадыры менен жакшы жер, жаш күйөө балага туш келдиң, жаштыгың болсо керек. Мен деле он төртүмдө сага жеңе болбодумбу, мына төрт балабыз бар жыйырмага араң келдим, — деп сооротуп жатты. Ошол бойдон өргөөдөн чыгып, апамдын жанына келип алдым. Бирок күйөөлөгөн жигит бир ай өргөөдө болуп экөөбүз көнүшүп кеттик. Жүрөгүм аны каалап турганы менен сыр бербейм, ошол жылы дүңгүрөтүп той берип, алып кетмек болуп жатканда кайгылуу кабар келди. Майсалбек аттан жыгылып каза болуптур. — Эне оор үшкүрүп алды. — Садага кетейиним десе, менин жүрөгүмдүн башында көрүнбөй, ачыкка чыкпай өзүм менен кетчү өкүнүчүм ошол!

 

— Анан чоң атамды кайдан таап алдыңыз эле?

 

— Суусамыр деген жайлоодо болчубуз, мен он алтыга толуп, анча-мынчаны көзүмө илбей турган кезим. Кайнатамдар дагы ошол жылы Суусамырда жайлап калган экен. Атам менен кайнатам кымыз ичип отуруп, таанышып калып эле мени чоң атаңа алып бермек болуптур. Көп өтпөй эле той түшүрүп алып кетти, жаман болгон жок, эки уулдуу болдук, силерди көрдүм, кудайдын ушунусуна тобоо келтирип жакшы жашоо көрдүм, жакшы өлүм бере гөр деп отурган убагым, — деп эне небересин жылмая карады. — Үйлөнүп калсаң алган жарыңа эч качан жаман айтпа кагылайын, ансыз дагы пенде аманат жашоодо өмүр сүрөт, сыйлашып өткөнгө жетпейт, каралдым…

 

Алмаз ойлонуп отурду, чоң энесинин көзү өткөнгө үч жылдай болуп калган, Алмаздын эки баласын көрүп өлөөрүндө:

 

— Балдарым, Алмаздын баласынын ич көйнөгүн бетиме жапкыла, — деген эле ыраматылык. Эми аялынын бөлүнөбүз дегенин ойлоп: «Өз жашообузду өзүбүз көрүшүбүз керек, мен дагы чоң энемдей сүйүүнү барктап өтөмүн, Динара экөөбүз бир-бирибизди сүйөбүз» деп чечти.

 

Күз келип жыйым-терим бүткөндөй болду, Алмаз атасына эмне деп айтаарын билбей турду. Динара Ажарга айткан болчу, Калмурат да уккан, уулунун бир нерсени айта албай жатканын сезген ал:

 

— Уулум, шаарга барып иштейин деп жатасыңарбы? — деп сурады озуна.

 

— Ата, сиз тура көрсөңүз…

 

— Мен эмне демек элем, балам, барсаңар баргыла, баягы куда албай койгон акча турат, ошону алгыла да барып соода кылгыла, балдарды орун алгыча таштагыла, — деп Калмурат чечип койду. Ажар жууркан төшөк алып алгыла десе болгон жок, ошентип Динаранын ою ордунан чыгып экөө жолго чыгышты. Алар кеткенден кийин Аймира Азимдин кулагын бурамак болду.

 

— Акемдер бөлүнүп кетти, эми биз деле бөлүнсөк болот да, үйдө Камилалар калат.

 

— Эмне деп атасың, каякка бөлүнмөк элек? — Адеп укканда Азимдин жини келди.

 

— Эмне өмүр бою атаң менен жашап жүрө берет белең, биз дагы өзүбүзчө оокат-тирилик кылабызбы?

 

— Оокатың өтпөй калдыбы? Киймиң бүтүн, кардың ток, балдар багылуу эмнеден кемсиң?

 

— Азим, илгертен эле бала атадан бөлүнөт, кыз энеден алыстайт, ойлосоң балдар чоңойгуча биз дагы каттоо күтүп, иштеп албасак болбойт. Качанкыга чейин атам менен апамдын көзүн карап жашайбыз, алар ушунча багып чоңойтту, эми өз тиричилигибизди өзүбүз өткөрүшүбүз керек го, көргөндөр айтат да, эмдигиче атасынын мойнуна минип жүрөт деп.

 

— Эч ким айтпайт, — Азим корс эте басып кетти. Аймира унчукпай калды. Эки баласы чоңоюп калды. Акыры көнөт да дегендей тим болду.

 

Камила эшикте жүргөн, телефону жаны тынбай чырылдап жатканынан Денис алып, кулагына тутуп, демин ичине кысып калды.

 

— Алло, Камила угуп жатасыңбы, апаң катуу ооруп атат, тезинен келип кал, менден кечип кетсең да, апаңдан кече албайсың, тез келип кал! — Денис унчуккан жок, тү-үт, тү-үт деп атса да кулагына такап алып, ойлуу тура берди: «Дагы эмнени ойлоп тапты экен, дагы бир балээни баштап жүрбөсүн, Камилага айтпай эле койсомбу? Чын эле ооруп жатсачы, анда мени кечирбейт го, билип туруп айтпай койсом» деген түркүн санаада турганда:

 

— Эмне атам чалдыбы? — деди кызын көтөрүп кирген Камила.

 

— Ооба.

 

— Эмне дейт?

 

— Апам ооруп жатыптыр.

 

— Эмне болуп?

 

— Анысын айткан жок, келип кал деди го?

 

— Берчи өзүм чалып көрөйүн, — Камила телефонду басып тыңшап калды. — Алло, ата, апамдын эмнеси ооруп атат, качан, каерде жатат? Макул-макул барып калабыз, эмнеге. Денис барса эмне болот эле? — Камила андан ары уккусу келбей өчүрүп койду.

 

— Эмне дейт?

 

— Кызыңды алып өзүң кел дейт.

 

— Мен барсам болбойт бекен?

 

— Билбейм ай, ушул атамдын кыял-жоругуна түшүнбөй калдым, — Камила унчукпай кызын кучактап отуруп калды, Аруужан жүгүрүп жүрөт, тили аздан чыга баштаган.

 

— Апа-апа, — деп эркелегенде сиркеси суу көтөрбөй акырын түртүп койду:

 

— Турчу, атаңа бар.

 

— Камила, Аруужанды таштап эле бар анда, балким дагы бир нерсени ойлоп тапкан болсо дагы…

 

— Мен да ошону ойлоп жатам, апамды шылтоо кылып, бирдемени чыгарганы турат.

 

— Качан жөнөйсүң?

 

— Эртең эле жөнөйүн, адегенде таенемдердикине барып билем да калп болсо баса берем.

 

— Таенеңдин телефону болсо сурап билмек экенбиз.

 

— Бар, бирок унутуп калдым.

 

— Мейли, анда барып кел, — Денис ата-энесине айтканы чыгып кетти. Камила кызын алып баруудан коркуп турду: «Эмне кылам, ата-энем бар туруп жетим болуп калдым, өз атам өзүмө душман болду, эмнеге мындай болуп жаралдым экен, дагы кандай шумдук болуп кетээр экен? «Кызыңды ала кел» дегенинде кеп бар, дагы акча бербесең кызыңды өлтүрөм деп алып калганы жатабы?» деп ойлонуп алды да, апасын эстегенде эртең эле жөнөгүсү келип турду. Денис кайра кирип келди.

 

— Камила, эртең бара берсең болот, баарын даярдап койдум, эртерээк чыксаң кайра келип каласың, эгер бирдеме болсо мага чалып кой.

 

— Макул, Денис, Аруужанды ыйлатпа, ээ?

 

— Ыйлатпайм.

 

— Эгер атамдар мени жибербей койсо кантем?

 

— Кала бересиң, кайнатам өз кызын алса мен өз кызымды алып калбадымбы?

 

— Койчу, Денис, чыныңды айтсаң, мени жибербей коюшса издеп барасыңбы, бизди бөлөбүз дегендерге туруштук берем дебедиң беле?

 

— Атаң киргизбей жолдон кууп жатса эмне кылам, кызым сенин көчүрмөң жетет мага.

 

— Сенин мени сүйгөнүң жалган го?

 

— Чын болгондо кантем, канча аракет кылдым, токмок да жедим.

 

— Мен сени, кызымды сагынып куса болом го, Денис.

 

— Биз дагы сагынабыз, сен да эрте келүүгө аракет кыл.

 

— Оюма койсо барып эле кайра келет элем, баргым келбей турат, апамды гана аяп жатам, — Камила ыйлагысы келип көпкө отурду. Денис аны жубатып, Камила жанында тепилдеп ойноп жаткан көпөлөктөй кызынын элесин карегине катып алгысы келгендей телмирип андан көзүн албайт. «Кудай, ай жакшы күнгө жетээр бекенмин, Денис менен кызымдын жанында тынч жашай турган күнүм болобу, атам неге мага ушинтип эле калды, же мени жаман көрчү окшойт, жаман көрбөсө минтпейт эле» деп ойлонуп атты.

 

.. . . . . … …. … …. … …. .

 

Ошентип Самат менен жакшы болуп кетишти. Күндө кечинде Нурмира менен Миргүл отурганда Самат келип калат, ал келген сайын экиден арпа ичет, тигилерге бир бөтөлкө арак алып келип берет. Ошентип үчөө бака-шака болуп сүйлөшүп отурушуп келген клиенттерди да тейлешет. Көп ичкен Дуулат аттуу жаш жигит бар, кийинки кездерде аларды аңдый баштады, анткени ал келгенде дайым жүз граммдан берип коюшчу. Көбүнчө карыз сурайт. Бир күнү ичпей эле отурушкан. Дуулат коркок балача кирип, тартынып туруп калды:

 

— Дуулат, карызды алып келдиңби? — деди Нурмира.

 

— Эже, берем, берем, дагы бир читок берип турбайсызбы? — деп калды.

 

— Жок, бере албайм, экинчи карыз бербейм сага, алганың качан, алганды билесиң да бергенди билбейсиң.

 

— Эже, эми берип турсаңыз, бир эле читок…

 

— Жок дедимби, жок!

 

— Эже…

 

— Сүйлөбө дейм, акчаны алып кел!

 

— Эже, берем да, эми.

 

— Берем да деп, тим эле карасаң, ичип алгандан кийин бергиси келбей калышат, балекет-садагаң кеткир десе, — Нурмира ачуулана булкулдай кетти, ошол убакта Саадат менен Самат келип калды.

 

— Бу чоң кыздын ачуусу келип калган го? — Самат күлө кол сунду. — Кандайсыңар?

 

— Майга бышкан нандай, анан калса тандырга жапкандай, — Нурмира дагы күлө алар менен учурашып калды.

 

— Кандайсыңар? — Саадат андан кийин учурашты, бир аз өзүн көтөрүңкүдөй көрсөтүп туруп калды, анткенинин себеби Нурмиранын күйөөсү бар, Миргүлдүн күйөөсү жок, Саматты кызгангандай түрү бар. Миргүлгө кырын сала бош учурашты, Нурмирага жакшы жалпаңдап, ал-абалын сурап дегеле болбой калды, себеби андан карыз-куруз ала коет эмеспи.

 

— Кандай, Нурмира эже, бүгүн бир эс алалы деп келип калдык, бирдемеңизден бериңиз эми.

 

— Силерге эми кандайы жагат? — Самат ойлонуп, тизилип турган бөтөлкөлөрдү карап калганда Миргүл тамашалай кетти:

 

— Дагы жаңы жыл болуп калыптыр, тобоо ошондон бери бир жыл өткөнүн байкабай калыптырбыз, алып берсең тиги койкойгон шпильканы алып бер!

 

— Чын эле, ушуну ал, — Нурмира шпилька арагын кармалап калды.

 

— Ошол мага да жагып калган, билесиңби, Самат, баягыда кудагый да шпилька бузуп берген, таза арак экен.

 

— Мейли, кыздар, шпилканы кийет, чачына тагат, эми ичип койгулачы, келе ошонуңду бер, — Самат андан аракты алып, оозун ача баштады, — Стакан бербейсиңби?

 

— Жазайынбы? — Нурмира Саматты карап, стакандарды берип жатып сурады.

 

— Ой эне, жазасың да азыр эчтеке жок!

 

— Биз тирүү турсак беребиз, эже, Сакем аман болсо беребиз, — Самат Нурмираны эжекелей күлө карап сүйлөп жатты, ал өзү чындап эле алардан беш-алты жаш кичүү болчу.

 

— Өзүңө пиво берейинби же бизди карап отурасыңбы? — Нурмира Саматты карады.

 

— Бересиң да, бербесең суусап өлбөйүнбү? — деген Саматка пивону берди эле, ал тиши менен ачып алды. Нурмира закускага конфет менен курут койду, аңгыча кызы келип:

 

— Тамак ичсин деп атат, — деди.

 

— Мен клиенттерди таштап бара албайм, биерге алып келип бергиле.

 

— Баягы эле алкаштарбы?

 

— Эй кыз, эмне деп жатасың? — Нурмира ачуулана кетти.

 

— Анан эмне күндө эле ичип атасың?

 

— Бекер арак ичип атам, сыйласа ичпейинби? — Нурмира беркилерди карап көз кысып койду.

 

— Ай, чоң кыз, биз алкаш эмеспиз, башыңа келгенде билип аласың, азыр жашсың да, — Саадат актана кетти. — Бизде да бала бар, баарын чоңойтуп коюп анан ичип атабыз.

 

Нурмиранын кызы тултуңдай чыгып кетти. Үчөө улам бир тост айтып ичип жатканда Бермет табака оромо алып келди, аны ортого коюп кесип койду. Ичи ачышкан эмелер оромодон алып анан Миргүл сүйлөдү:

 

— Эмесе, мен ушул аракты алып жаткан эрди-катынга… — дегенде Саадат сөзүн бөлүп жиберди:

 

— Эже, эрди-катын дебей жубайлар десеңиз боло, биз али жапжаш элебиз, — күлүп калды. — Туурабы, Самат?

 

— Баары бир да, энең, сүйлөтпөй койдуң да.

 

— Кечирип коюңуз, Миргүл эже, бирок жымсалыраак айтсаңыз.

 

— Анда мындай, — Миргүл үнүн жасай, — ушул эки кыз-жигитке денсоолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалоо менен бирге келгендердин «сыйына» татып арак өндүрүп турууга Нурмира экөөбүз аман бололу, кана эмесе алып койгула! — Үчөө алып ийишти. Ичкенге келгенде да Саадаттын алдыга киши чыгарбасы белгилүү болду. Көздү жумуп туруп алып ийди эле Нурмира менен Миргүл бири-бирин карап калышты. Мурун өздөрү кызуу болгондуктан, аны байкашкан эмес. Андан кийин «менден-сенден» болуп отуруп үч бөтөлкө ичилип Миргүл ырдап кирди. Анан Саадат ырдады, Нурмира кошулуп дүкөн ичинде отуруш уланды. Самат өзү эле эки-үч бөтөлкө пивону ичип койду. Түнкү он бирлерде үйлөрүнө тарап, Миргүлдү Нурмира алып калды:

 

— Миргүл, токто, мен сеникине барып жатам, бир читок алып алайынбы?

 

— Үйдөгүлөр көрсө…

 

— Коркпо эбин табабыз.

 

— Анда ала бер, — Миргүл дүкөндөн чыга берди, Нурмира анын артынан читокту койнуна салып алып, эшигин бекитти да, экөө ээрчишип жөнөдү. Алар келгенде Айдана менен Сажира уктай элек болчу. Айдана аларды көрүп эле:

 

— Ушу силер жаман жинге тийдиңер да, дагы тоюп алдыңарбы? — деди жиндене.

 

— Ичкенде силерге зыяныбыз тийип жатабы, же эмне акчаңар кетип жатабы? — Миргүл күнөөлүүдөй отуруп калды. — Ичип көчөдө жатып алган жокмун го?

 

— Жолго жатып калганча ичкиң келсе анда көчөгө чыгып кет, биздин сөзүбүз жакпай калса каалаганыңды кылчы, — Айдана ары карап жатып алды.

 

— Эй, булардын сөзүнө капаланбай эле кой, — деп Миргүлдү акырын нукуган Нурмира аракты көрсөтө стакан алып кел дегендей ымдады.

 

Миргүл кыздарын карады да, суу издегендей идиштерин калдыратып эки чыны алып келди.

 

— Жатпайсыңарбы эми, — Айдана бурк этти.

 

— Азыр жатабыз да, суу алып келген жок белеңер?

 

— Турбайбы, көзүңөр көрбөйт да.

 

— Көрдүм, менин сууну көп ичээримди билбейсиңби? — Миргүл ушинтти да, чай ичкен столдун астына бекитип куюп берген аракты алып ийди. Экөө дагы бирден алып ийди да, салынуу орунга барып жатып калышты. Түндөсү Нурмира туруп, дагы бирди жутуп алып, кайра жатып алды. Башы ооруп калган Миргүл эртеси сулк эле жатып калды. Нурмира эрте туруп, үйүнө кетти. Аны качан ачат деп карап жаткан Миргүл уктап калган экен бир кезде Нурмиранын небереси чакырып келип калды. Араң эле туруп дүкөндү көздөй жөнөдү. Ал келсе кечээги эле Самат менен Саадат, анан дагы Сейит деген айдоочу отуруптур. Алдыларында дагы деле баягы бөтөлкө.

 

— Кайда жүрөсүң, эртеден бери канча арактар кетти, куру калдың, — деп кирери менен Нурмира күлдү.

 

— Өлөйүн деп турам ай, ичпейм көрөйүн деген көзүм жок.

 

— Оңолуп каласың, ичкендин эртеси баш жазсаң жакшы болуп каласың, — Сейит сөзгө кошулду. Ошол убакта бир келин келип калды. Гүлзананы баары таанышат, аны көрөөрү менен Миргүл:

 

— Гүлзана кайнатаң аял алдыбы? — деди тамашалай.

 

— Ой, эже, алган, бирок кетип калбадыбы, сиз болбой койдуңуз го?

 

— Мен өз баам эки жылкы дедим, бирин алып таштап, эжелесең көнөт элем да, — күлүп калды.

 

— Кымбат айтсаңыз корктук да, — Гүлзана да күлүмсүрөй карады. — Ансыз деле ошончо кетип калды.

 

— Азыр жаш келиндерден карыган аялдар кымбат турат, эмне дегенде таза, көп жүрбөйт, ооруп калам деп коркпойт, — Миргүл колундагы стаканды алып ийди да, оозун басып отуруп калды.

 

— Ох, туура айтат, чоң аялдар моссоветке бара албайт, барса дагы эч ким карабайт, жалаң он төрт жашар кыздар жүрсө аларды эмне кылсын? — Сейит аржактап күлүп калды.

 

— Чоң аялдардын мезгили башка болчу, уят, намыс деген күчтүү болчу, анан дагы элдин пейили жакшы болчу, акчанын берекеси бар болчу. «Улуу Ленин атабыз» деп ырдап жүрүп бейпил турмушту кечирдик. Анда эл башчы деген элди ойлоп, мамлекет үчүн иштечү, азыр ар ким өзү үчүн иштеп калбадыбы?

 

— Туура, азыр элди ойлогон эч ким жок, өлсөң да өз арбайыңды сого бер деген мезгил болуп калды.

 

Ар кимиси ар кайсыны айтып жатып улам ичип коюп, бүгүн дагы кызуу болуп калышты. Ошол убакта Нурмиранын кызы келип:

 

— Ийи, дагы ичип отурасыңар, сен, апа, мындан кийин дүкөндү ачпай эле койчу, ээ? -деп коюп кайра чыгып баратып: — Биз Марияныкына кеттик, — деп чыгып кетти.

 

— Өлүңдү көрөйүн десе, ушулардыкы өттү, ичпе деген сайын ичем, шашпагыла, — Нурмира жартысынан турган бөтөлкөнү алып стаканга куйду да. — Ал, ушулардан коркуп жүрүп өтүп кетмек белек, — деди да, жутуп ийди.

 

— Койсоңчу ай, эми келсе экөөбүзгө бирди көрсөтүп жүрбөсүн? — Миргүл саксактай сүйлөдү.

 

— Эчтеке кылбайт, мага ичпе деген сайын өчөшүп ичем, тим кой! — деп болбой койду. Ошентип отуруп Миргүл кетип калды. Түн кирип жатмак болуп төшөк салып Айдана менен Сажира жатып алган. Миргүл кино көрүп отурган эле, эшик ачылып Аселкан кирип келди, бир топ кызуу жана конокко кетип жаткан, ичип алганы көрүнүп турду.

 

— Жүрүңүз, Миргүл эже, — деп кирип эле ага албууттана кетти. — Керээли кечке ичесиңер, кимдин акчасы кетип жатат ишиңер да жок, мен талаадан таап келген жокмун, балдарымды багайын деп жанталашып жүрөм.

 

— Асел, айланайын, кой эми, мен барганда эмне, — Миргүл тарткынчыктай калды.

 

— Жок, барасыз, азыр мен да ичем, ушу силер менен ичем мен азыр, — деп Миргүлдү колдон алды. — Басыңыз азыр, Нурмира менен Көкөңөр да турат. Миргүл аргасы жок, кыздарындай болгон неме менен айтышпайын деп кошо жөнөдү. Артына кайрылган Аселкан бир убакта Айдана менен Сажиранын үстүндөгү төшөктү сыйрып: — Силер тынч уктап жаткыла, мен булардын азабын тартайын, жүргүлө силер дагы, арак ичебиз, — деп тарткылаганда Айдана күлүп туруп калды.

 

— Койчу эй, Аселкан, ичсе өздөрү жооп берет да, мага эмне бар, алып кете бер апамды, — десе болбой сүйрөгөндө туруп экөө тең караңгыга чыгып качып кетишти. Миргүл дүкөнгө кетип баратса жолдо Аселкандын күйөөсү Нурлан туруптур. Асел ага:

 

— Бар, Миргүл эжеңдин кыздарын алып кел! — деди эле ал короого кирип кетсе кайра, — Нурлан, эмне жоголдуң, ошолорго кирип ал! — деп бакырса болобу. Миргүл анча деле кызуу эмес болчу, баарын билип, көрүп теңелгиси да келбеди. Алар келсе Нурмира менен Көкө унчукпай отурган экен. Дүкөндүн ичи чачылган, бир убакта Аселкан:

 

— Керекпи ме? — деп кудай бетин салбасын арак менен пивонү дүкөндүн ичине чачып, бөтөлкөлөрдү сындыра баштады. Нурмира унчукпай отурат. Бир маалда Аселкан алаксып калды эле Миргүл качып кетти. Батирине келип жатканы калды эле кайра артынан Аселкан келиптир, ортодон жарым саат убакыт өткөн эле.

 

— Эмнеге баса бердиңиз, досуңуз чакырып жатат, өлсөңөр да бөлүнбөй калдыңар го? — деп дагы колунан тартты.

 

— Аселкан, койчу эми, мен барбай эле коеюн, — дегенине карабай алып келди. Нурмира эшиктин алдындагы керебетте жаткан экен. Көкө болсо отурат, Аселкан сүйлөп жатат, эч кимиси унчукпады.

 

 

Уландысы бар……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️