7-болум.
Дегеле кол бошобойт, тыңыраак отуруп сүйлөшкөнгө убакыт жок, — деп Ажар узатып коюп үйгө кирди. — Өңгөнүн сөзү бүтсө да Анар эженин сөзү бүтпөйт, байкуш келинин эле жамандай берет, жалгыз баласынын келинин жамандагандан тажабайт.
— Ээк, ошондой жаралса эмне кыласың, жөн эле келинимди ким мактаар экен деген сөзүдүр, ал жамандаса сен мактап кой да келиниң мыкты деп.
— Ырасында мыкты келини бар, канча асылып атса да апалап турат, кудай бере турган эле келин.
— Ошентип койбойт белең анан?
— Эмне кылам, ансыз деле элдин баары билет, Азиманын жакшы келин экенин, мен экөөнө тең бирдей мамиле кылып коем, мунун сөзүн ага айтпайм. — Ажар отуруп калды. — Эми келиндер качан турат экен?
— Алар го мейли түндөп жол жүрүп чарчап келишти, Алмаз эмне тура элек? — Калмурат аялына суроолуу карады, тиги жондогу чөп чабыкка жарады бекен көрүп келсе болбойт беле?
— Тур дебейсиңби өзүң.
— Эмне болду? — Алмаз баш бакты. — Бир пас уктап калсам жиниңер келип жатабы?
— Түш болду, балам, улам бирден келгениңерге чай бере берип белим ооруп калды, алтымыштан ашканда казан кармап кыйналдым го.
— Кылбай эле койбойсузбу, турганда өзү кылат да.
— Ошо кантип болсун, уктап алышсын, үч бирдей келинди карап отура бермек белем, атаң таң атпай чай ичет чайкор дегеле. — Алмаз унчукпай чыгып кетти.
— Ээ кемпир, буларга сүйлөдүң балээге калдың, сүйлөбөс дудук, көрбөс сокурдай болуп унчукпай отурбасак эми, карыганда балдарга жаман көрүнбөй.
— Сүйлөп эмне кылам оокат-тиричилик ушулардыкы, кылса ана, кылбаса мына, ичээрим бир чыны чай, бир кесе аш экен, — экөө унчукпай отуруп калды.
Тээ түш оогон маалда Аймира турду, балдарын карап, карды ачкан-ачпаганын бир сыйра сурап анан үйгө кирди.
Динара да туруп кир жуумакка камынды.
Эки келин бир-бирине тирелишип кала турган, бүгүн да экөө иштерин жасап калганда Камила келип кызын Ажарга берди да, жумуш жасай баштады.
Динара менен Аймира өзүнчө балдарынын кирин жууп жатып да, Камиланын кыймыл-аракетине көз салып жатышты. Камила кечки тамакты жасамак болуп чоң казанды асып от жакмак болуп жатканда Денис ага отунун алып келип от жагып берди. Муну байкаган Аймира Динарага көзүн ымдай:
— Биздин бала аялын катуу сүйөт окшойт? — деп койду акырын, анткени экөө жакын отуруп жууп жаткан болчу.
— Сүйсө сүйөт, алар азыр жаш, экөөбүз үчтөн балалуу болуп калдык го, мен келгенде Алмаз деле ошентчү.
— Азим от жакмак турсун от алып келип берчи десем өзүң алып ал дечү, ай жеңе, атасынан уялып.
— Баары бирдей боло бермек беле, байкуш аялынын ал-абалын көрүп боору ачып жаткандыр…
— Чыны кыйын экен, мен болсом келбей коймокмун, элге уят болгондон кийин, — Экөө шыбырашып жатып кирин бүтүп коюп анан Динара үйгө кирип кайра чыкты.
— Башым ооруп салмактанып калыптыр, — деп Аруужанды алып отуруп калды. — Эй кыз, апаңды таппай жатасыңбы, ыя?
— Чоочун боло түшүптүр, зорго алып отурам.
— Атам бир жакка кеттиби?
— Жондогу чөптү көргөнү кетти, чабыкка кирип калса чаба коелу деп.
— Чөп чапса жарма жасаш керек да?
— Шашпа, балам, көрүп келсин, чалгы-орогун курчуткуча жасай коесуңар.
— Камиланы сиз тамак жаса дедиңизби?
— Жо-ок өзү эле баланы мага берип коюп эле кыбырап жүрөт, силердин колуңар бошобой жатканын көрдү окшойт.
— Аа-а, — Динара унчукпай калды.
— Атасы акчаны албай койдубу? — Ажар эртеден бери жүрөгүн өйүгөн суроосун берди.
— Жо-ок, качып келди, атасы жокто качып баса берди.
— Оо кокуй күн, бечарага жаман болгон экен, өзүнүн эле атасы бекен, ыя?
— Өзүнүкү эле экен, башка бирөөгө бермек болгондо бул биздин бала менен качып кетиптир, ошого кекетип жатат дейт.
— Куураган киши тура.
— Ар кандай адам бар да, апа.
— Ооба десең, бечаранын жүрөгү ооруп турат го.
— Санаа тартып калды, бир күнү эле ата-бала болуп чыга келет, көрөсүз го. — Динара кайненеси менен сүйлөшүп отуруп, эптеп бөлүнсөк деген оюн айтмак болуп отурган, аңгыча Алмаз менен Калмурат кирип келди.
— Чөп жарап калыптыр, жаныбар суйсалат тим эле, эртең чалгыны кайрап, балка дөөшүнү алып, балдар менен бир паста чаап коелу.
— Жарма алып аласыңарбы?
— Албай анан, ысыкта балдардын жумуру курубайбы?
— Анда жасай коелу, — Динара шыпылдай ордунан туруп кетти.
— Ээ балам, Динара бирдеме айталбай турат да, ушу силер бөлүнөбүз дегени турсаңар керек? — Ажар Алмазды суроолуу карады.
— Жо-ок, ошенттиби?
— Айткан жок, өзү бирдеме айтаарда шынаарлап калчу адаты бар, жакшы билем, он жылдан бери келинимдин сырын билбей анан.
— Мен билбейм, башка сөз айтайын дегендир да.
— Та-аң.
— Бөлүнөбүз десе бөлүнсүн, үч келин бир үйдө батыша албай калышы мүмкүн, жакшы эле жүрүштү, — Калмурат аялына карап ээк какты, Азимди деле бөлүп жиберебиз, үй кенен болсо да, батпай калышы ыктымал.
— Мен бөлүнбөйм, — Алмаз бурк этти. — Каякка бармак элек?
— Аны өзүңөр билесиңер, балким шаарга барып иштейсиңер, чоңурактаарын таштап койгула.
— Айтайынчы Динарага, — Алмаз сыртка чыгып кетти.
— Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт деген сөз бар, алыс болушса сый болушат, балдарды улуулата бөлөлү, кемпир.
— Келиндин кеткиси бар го, балаң деле билет, билмексен болуп атпайбы.
— Бөлүнөм деп айталбай жаткан чыгаар…
— Ким билет, менин оюма койсо дегеле жаныман чыгаргым жок, бир курсакка баткан кургурум ушул бир чоң үйгө кантип батпай калат, ботом?
— Эми өздөрүнчө болгусу келет да, биерде Денистер калат.
— Мейли эми, өздөрү билсинчи, — Ажар алдындагы небересин термете солкулдап койду.
— Кудайга шүгүр, ыймандуу балдарыбыз бар, элдин балдарын көрбөйсүңбү, үйлөнөөрү менен качышат, өмүрлөрү узун болсунчу, — деп койду Калмурат. Аңгыча үч уулу келип улуулата төргө отуруп, келиндери тамагын куюп, алдын ата-энесине берип, анан күйөөлөрүнө сунду. Камила идиштерин көтөрүп келип, кыркаларынан отуруп калды. Динара улуулук кылып алда качан эле кайненесинин жанынан орун алган. Чынында абдан ынтымактуу үйбүлө, баары суктанып калышчу. Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей анча-мынча чукулдаша койгону менен элдин көзүнчө бир-биринин таламын талашып турушат.
Динара жаткандан кийин Алмазга минтти:
— Алмаз, Денис үйлөндү, Азимдер турат, бөлүнүп кетпейлиби?
— Бөлүнгөндө кайда барабыз?
— Кайда барат элең, өмүр бою атаңдарды карап отура берет белек, балдар чоңоюп баратат, шаарга эле иштеп кетип калалы.
— Барганда эле шаарда жумуш даяр туруптурбу?
— Табылат издесең, аракет кылып табабыз да, кызыксың го, тиги Аймира деле бөлүнөбүз дейт. Атамдарды Денистер эле карайт, али өздөрү деле күүлү эмеспи?
— Көрөбүз.
— Көрөбүз дебей атама айт, эртелеп күн жылууда барып, жайланышып алалы.
— Көрөбүз да, уктачы какшай бербей.
— Эгер сен айтпасаң мен айтам, болбосо шаарга иштеп келем өзүм.
— Жиндисиңби, же бирөөгө макулдашып койдуң беле, тез эле кетем деп, оруу-жыйууну бүтүрүп жардам берип коелу, анан деле көрөбүз акылдашып.
— Мейли унутпа, Алмаз, быйыл бөлүнөлү, үч келин болуп топтошуп жүрө бермек белек. «Көп суур ийин казбайт, казса кең казбайт» болбой, өз алдынча жашаганга көнөлү да, атамдарга жүк болбой.
— Эмне сени бирөө жүк болдуң деп жатабы?
— Айтпаса деле уялбайсыңбы, карыгыча чогуу тура беребизби? — Динара күйөөсүнүн кулак-мээсин жеп көндүрүүгө аракет кылып жатты. Алмаз качан гана:
— Кетсек да күздө кетебиз, жыйым-теримди бүтүрүп коелу, — дегенде гана кубанып кетип, кучактап өпкүлөп ийди:
— Алтыным десе, күзгө чейин мен эки жактан сураштыра берейин, ээ?
— Сураштырганда эмне, барганда көрөбүз, унчукпай кое тур, апамдарга деле айтпа өзүм эле чечип коем.
— Ма-акул, жаным, а балдарды кантебиз.
— Чоңураактарын таштайбыз, кичүүсүн алып кетели.
— Бир-эки жыл иштеп алгыча үчөөнү тең таштап койсок кантет?
— Апама кыйын болуп калат го, ансыз да ооруп жүрөт.
— Анда экөөнү биерге, кичинекейди атамдарга таштайлы, Нурсултан деле чоңойуп калбадыбы?
— Аны ошондо көрөбүз, уктайлы эми, эртең чөп чабабыз.
— Эрте туруп мен жарма жасайм, тигил экөө кайдан турмак эле? — Динара дагы унчукпай жатып калды.
Эртеси эрте туруп Динара чоң казанга жарма жасап, сапырып кайнатып коюп, кайната-кайненеси менен кайнилерине эртең мененки тамагын ысытып берди. Алар дасторкондо отурганда Алмаз кирип келди. Эртелеп карындарын кампайтып алышып эки атка учкашып, чалгыларын алып, чоң идиштерге жарма алып жөнөп кетишти. Аймира туруп келип:
— Камила тура элекпи? — деди.
— Эмне кылат элең? — Ажар аны таңдана сурады. — Түндө кызы ыйлап чыкты окшойт.
— Буудай тазалайбыз да, буудайдын кантип тазаланганын көрөйүн деп аткан өзү.
— Ийи, турат да, — деп койду Ажар.
— Келгенине бир жарым жыл болуп калды ошону көрө элек бекен? — Динара сөздү улады.
— Ой үлпүлдөп үйдөн чыкпаса көрбөйт да, мен он беш күндөн кийин эле баарына аралашкам, чынбы, апа? — Аймира кайненесин карап койду.
— Сен эми өз айылыбыздан болуп билинген жок да, а бу байкуштун ата-энеси кыйнап жатпайбы, ага деле кыйын болду арзып-сүйүп келип алса алары жактырбай, — Ажар аны боору ачый жактап сүйлөдү эки келини унчукпай калды, балким алар дагы дилинде абысынын аяп жаткандыр. Ар кимиси өз алдынча ойлонуп отуруп калганда Камила Аруужанды алып кирди. Динара аны ала коюп өпкүлөп калды. Кызы ушундай жакшынакай кыз, көздөрү бакырайып көзгө сүйкүмдүү.
— Ээ кызым, уйку кандыбы, кана-кана мени карап койчу, — деп жерге карап жүткүнгөн Аруужанды эркелетип, анан Ажарга алып барды. — Муну кое берсек баарын чачканы турат, сиз ала туруңуз.
— Ананайын, бопойгон, ушу кимдин кызы экен, садагасы кетейин, Денисимдин кызы экен, — Ажар аны алып эркелетип жатты.
Уул-келиндерин эне бирдей көрөт, бирок ар кандай тарбия алган келиндер өз ойлорун бербей эркиндикти эңсеп, кээде кайненесинин болоор-болбос сөзүнө туруштук бере албай тултуңдап кетишет. Анысын эне байкамаксан болуп коет. Балдары кой оозунан чөп албаган момун, ата-энесин сыйлашат. Кудуң-шудуңу жок. Жашоонун өйдө-ылдый, ачуу-татуусун көрө элек немелер ата-энесинин жанынан чыккысы келбейт. Аял деген баарын эрте түшүнүп, өз алдынча жашоону самагандыктан, эртерээк эле бөлүнсөк деп тынчы кетип жатты. Аймира болсо эптеп эле Алмаздар бөлүнүп кетсе кезек биздики дегендей жымыят.
Жазгы талаачылыкты, күзгү жыйым-теримди үч баласы биригип атасына жардам берип эч кимге көз каранды эмес. Калмурат өзүнчө кудайга тобоо келтирип алат. Өзү эки бир тууган, карыган энеси сексенден ашып калганда Бекболунун колунда кайтыш болгон.. Неберелерин, чөбүрөлөрүн көргөн сайын айланып, кагылып турар эле.
— Кагылайындарым, кудай силерге менин өмүр жашымды берсин, өксүбөй ылайым бакубат жашап өткүлө, айланайындарым, кудай сүйүп узун өмүр берди, эми силердин алдыңарда эле кетсем экен, — Кары тарамыштуу алакандарын жаят, — Ээ жараткан, ушул жашооңо ыраазымын, чүрпөлөрүмө бак-таалай, дөөлөт бере гөр, ушулардан топурак, көз жаш буйруй көр! — деп катар-катар тырыш баскан жүзүнө сыйпап алат.
— Эне, дагы көп жашап жүзгө чыгыңыз, сизди көтөрүп багабыз, балдарыңызга же келиндериңизге же жашооңузга өкүнүчүңүз барбы? — деп кээде Алмаз сурап калганда:
— Жо-ок, каралдым, балдарыма, келиндериме эч кандай өкүнүч, таарынычым жок, адамдын өмүрүндө өмүр бою кетчү өкүнүчү болбой койбойт экен, садага, канча жылдар өтсө да күнү бүгүнкүдөй бир элес калды, түшүм сыяктуу сезилип кетет, — Эне жүлжүйгөн көздөрүн жума отуруп калчу.
— Ал кандай өкүнүч, эне, айтып бербейсизби?
— Ээ, садага кетейин, карыганда мени темтеңдетпечи. — Эне болоор-болбос жылмайып Алмазды башынан сылай мээримдүү карады. — Мен эскирдим, картайдым, балам, көзүмдүн курчу, жүрөктүн жалыны кайтып, өзөктөгү өчпөс дарт алда качан эскирип бүтсө да, көңүлдүн бир бурчунда жүрө берет экен…
— Чоң атамды жакшы көрчү белеңиз, эне?
— Тентек десе, болбогон суроо бересиң да, каралдым, чоң атаң жакшы киши болчу, өмүр бою азап көрсөткөн жок, балдарга ата мурас катары мал-жан, дүнүйө таштап кетти, абдан жакшы адам болчу, — Эне оор үшкүрүнө жанындагы небересин да унутуп койгондой телмирип отурганда Алмаз ага эркелей тизесине жөлөнө калып дагы сурады. Анда ал үйлөнө элек эле.
— Эне, жанагы өкүнүчүңүздү айтып берсеңиз, мен эч кимге айтпайм.
Эне Алмазды бир аз ойлуу карап отурду да, анан:
— Анда мен он үч жашта гана болчумун, ал убакта он үч-он төрт жашка чыкканда эле сөйкө салып, калыңды айдап келип таштап койчу. Менин атам бир айылдын жакшысы, эл билгиси, колунда бар, кадыр-барктуу киши болчу. Мен он үчкө чыкканда эле бир бай элүү кой, он уй, беш жылкы айдап келип таштады… — Эне үшкүрүнүп алды. — Бир билем менден беш-алты жаш улуу, суусар тебетей кийген жигитти жеңем керегеден шыкаалатып: «Кызыке, көрдүңбү тигил сенин күйөөң» дегени эсимде. Жаштыгымдан күйөө деген сөзгө анча түшүнбөсөм да татынакай жигитти көпкө-ө тиктегенмин. Ошондон көп өтпөй эле күйөөлөтүп келишти. Мен жалгыз эрке кыз элем, өзүнчө өргөө көтөрүп, мени үлпүнчөк кийгизип өргөөгө жеңем алып барды. Башымда кундуз тебетей, кызыл баркыттан тигилген чыптама, кош этек шайыдан тигилген көйнөгүм жер чиет, эки бөлүп өрүп койгон чачым этегиме аз гана жетпей турчу. Жеңем мени төргө отургузуп, үлпүнчөктү ачып:
— Кызыке, күйөө бала менен сүйлөшүп тур, мен чай алып келе калайын, — деп сыртка чыгып кетти, мен жүрөгүм дүкүлдөп өйдө карай албай отурганымда:
— Чачыкей, сүйлө, сен эми менин колуктумсуң, — деди үнү калтаарый. — Балким атымды билерсиң, мени Майсалбек дей берсең болот.
— Эмнени сүйлөйм, мен али жашмын да?
— Шарт ошондой экен, эмдиги жылы күздө алып кетем, сен мени сүйөсүңбү?
— Бир эле көргөндөбү? — Мен ага кайра суроо узаттым.
— А мен сени сыртыңан бир көргөндө эле жактырып калгам.
— Билбейм.
— Айтчы, жок дегенде жагамбы?
— Билбейм.
— Эртең тиги коктудан жолугалы, экөөбүз жакшылап сүйлөшөбүз, жеңем келатат окшойт, — деп унчукпай калды.
— Күйөө бала, кызыкемди зериктирген жоксуңбу? — Жеңем дасторконун алып келип жайып, үстүн мейиз-өрүккө толтурду да, экөөбүзгө чай куйду. — Буйруса эртең атам кыз оюн куруп берет экен, бүгүн мал союлуп жатат, күйөөнү коноктогону го?
— Жеңе, кызыңыз өтө эле уяң экен? — Майсалбек жеңеме карай күлө сүйлөдү. -Эртерээк тарбиялап сөз үйрөтүп койсоңуз болмок экен.
— Кызыкемдин Акылкарачачтай акылы бар, көргөндү эс тандыргыдай көркү бар, сүйлөсө сөзү, ырдаса үнү коңгуроодой, бир гана айыбы жаштыгы, — Жеңем шакылдай жооп берди.
— Оо, анда мени сынап жаткан болуп жүрбөсүн?
— Куш кондурдук тууруңа, күйөө бала, куштап алыш өзүңдөн, жаштыгын эске алсаң дейм?
— Кечиресиз, айып менде, кыскасы кастарлап өстүргөн гүлүбүздү соолутпай карап ал дегениңиз го?
— Дал ошондой, күйөө бала, бир үйдүн жалгыз эрке кызы, эгерде жакпай калсаңыз көөнүнө, чечип коеор бир өзү, атасы менен апасы кызыкенин айтканын кылат, абайла күйөө! — деп коюп чыгып кетти, ал бизди ээн-эркин сүйлөшсүн дегени эле.
Уландысы бар….