Эки куйоолу аял 4 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

4-болум.

Кайда барасың? — деген Саадаттын суроосуна :

 

— Кыздарга, төрөй турган аял издейм, — дейт да, чыгып кетет. Саадат унчукпай калат. Кийинки кездерде алардын жашоосу болбой бараткандай, аны экөө тең эле сезип, туюп турат, бирок сыртына чыгарышпайт. Эки жакка чыкса эрди-катын, үйгө келсе экөө эки башка, бири келсе бири кетип калат. Самат бул сырын кимге айтып, ички бугун чыгаргысы келет, кимге? Акыры баягы Нурмира менен Миргүлгө жолукмак болду оюнда, алар курбу болгондуктан ар убак дүкөндө отурушаар эле. Нурмира кызынын дүкөнүн иштетип, Миргүлдү ал көпчүлүгү чакырып алчу. Кээде өзү келет, алар ар дайым тааныштарын тоноп тамашалашып жатып эле пиво менен арак өндүрүп, кээде тооктун куурулган санын, колбаса алдырып жеп отура беришчү. Соодасы болуп жатканына кубанган Нурмира Миргүлдү түнкүсүн жанына коюп алып, арак ичип отурушкан.

 

Пример HTML-страницы

— Оо, кыздар, кандайсыңар? — Самат кирип эле учураша кетти.

 

— Жакшы, өзүң кандайсың? — Нурмира аны сурап койду.

 

— Эн сонун, силерди сагынып келип калдым, көздөн учтуңар го тим эле?

 

— Эмне, биз деле кыз болуп далай жигитти жалдыратканбыз, ушул бойдон түшүптүрбүзбү энебизден, — Миргүл ары карап жактырбагандай сүйлөдү.

 

— Ай, чоң кыз, тааныбагандай сүйлөп жатасың, билесиңби былтыркы жаңы жылды? — Самат ушинткенде Миргүл Нурмираны карады.

 

— Ой, баягы экөөбүзгө арак алып берип, жаңы жылды куттуктаган Самат да, сен кызуу болуп билбей калгансың, мен жүрчү эмес белем, — Нурмира Миргүлгө түшүндүрүшмөк болгондо:

 

— Аа-а, ошол ушул киши беле, кечиресиз, мен билбей калыптырмын, — деп Миргүл аны күлө карады. — Анча-мынча эсимде, кантип билбей калайын, бирок тааныбай калганым чын.

 

— Ошондо аялыма кыздар менен тааныштым деп бардым, конокторум күтүп отуруптур.

 

— Сен да кызык экенсиң, конокторуңду күттүрүп коюп эки сааттай отурбадыңбы, — Нурмира каткыра күлүп калды. — Сен эми арак ичпейсиң, пиво бузайынбы?

 

— Жо-ок, азыр эчтекенин кереги жок, жүрөк дартыма силер гана даба болчудай болуп турасыңар. Ээ атасынын көрү, бу адам алды жагын көрө билсе гана, ошол кадамга бар-бай токтолуп калат беле?

 

— Ушунчалык өкүнүчүң күчпү?

 

— Айтпа, эмне кылаарымды билбей эки ортодо калдым, ыза болуп да турам, эгер билсем чиедей төрт баласы барын билип туруп, катын алат белем? — Самат оор үшкүрүнүп алып, анан болгонун аларга айтып берди. — Чынында үйбүлөлүк жыргалды көрбөдүм, биринчи аялымдан көңүлүм калып, балдарыма да карабай ушунун төрт баласына кошуп, эрин кошо багып келдим эле, эми чоңоюп алышып, энесин атасы менен жараштырабыз деп атышат.

 

Миргүл менен Нурмира бир-бирин карап туруп калышты. Самат аларга болгонун болгондой божурап отурганда дүкөнгө ак саргыл толук аял баш бакты. Нурмира аны тааныгандыктан селейе туруп калды, Миргүл сүйлөй берди:

 

— Демек, кыздар менен жүрөм деп кой?

 

— Миргүл, — Нурмира аны тыйып ымдап койду. Саадатты эми гана байкаган Самат дагы:

 

— Мына менин чоң кызым, Саадат, баягы жаңы жылда ушул эки кыз менен таанышып кечигип калгам, — деди ага.

 

— Жакшы-жакшы, эмесе мен дагы таанышып алайын бул кыздар менен, эми жоголсоң эле ушул жерден табат экемин да, — Саадат да жөн калбай тамашалай күлүп калды. — Силердин жигитиңердин чыныгы сүйгөнү менмин, атым Саадат.

 

— Нурмира.

 

— Миргүл.

 

— Таанышканыбыз үчүн бир деменин башын сындыралы эми, жигитимдин силердей кыздар менен достошконуна кубанычтуумун, — деп Саадат Саматка карады эле, ал тизилип турган витринадагы арактарды бир карап алды да, Нурмирага:

 

— Атасынын гөрү, кырк байталдын карызы карызбы деген тура, тиги жакшы арагыңды ал, — деди.

 

— Бере бериңиз, чалым турганда беребиз да? — Саадат да шар кетти. — Ушул убакка чейин ичпей-жебей деле жашап көрдүк, Саматтын арты менен майрамдап коелу. Ошентип үчөө арак ичип, Самат пиводон алып жатты. Нурмира менен Миргүл эртеден бери кирип-чыккан тааныштарды тоноп олтуруп, бир топ эле кызуу болчу. Саадат болсо жумушунан эле кызуу келген экен. Бака-шака болуп отуруп, түнкү он бирлерде дагы бир бөтөлкө менен суудан алып алышты да, дүкөндү кулпулап, Миргүл жашаган батирдин тосмосунун четине келип, көк чөпкө олтуруп алып, отурушту улантышты. Айыл уйкуга кирген маал болсо да, алар түндү жара ырдап жатышты. Саадаттын үнү менен Миргүлдүн үнү аябай бийик экен, ага Нурмираныкы кошулуп бир далайда барып, абдан кызыганда Самат Саадатты колтуктап алып кетти. Нурмира менен Миргүл экөө батирге келип жатып калышты. Чынында кызуу болгондо Нурмира Миргүлдүн батирине келип жатып алчу. Экөөнү тең балдары ичпе дешет, бирок алар ага карабай таң эрте кайрадан баштап алып, кызып калганын байкабай калышчу.

 

***

 

Камила бир үйдүн тун кызы. Ак саргыл, көздөрү өзүнө жарашыктуу, атайылап жасалгандай сурмасы жок, бети тегерек татынакай кыз. Ата-энеси аны окууга жөнөткөн, бирок ал Денисин учуратып калып, экөө сүйүүнүн магдыраткан машакаттуу торуна чалынып алып, окуусу да калып. экөө бир батирде жашап калышты. Аны угуп алып атасы Асылбек менен апасы Жийде телефон чалса өчүрүлгөн деген белгини угуп тажатканда шаарга келип, аны таап алуу үчүн бир топ убараланышты. Ошол күнү Камила телефонун жандырып коюп унутуп калыптыр, чырылдаганынан караса атасы, дароо Дениске карады:

 

— Денис, атам экен, эмне дейин?

 

— Сүйлөшө бер, жакында айылга кетээрибизди айт.

 

— Ай-ий, кантип айтам?

 

— Турмушка чыгам деп айт.

 

— Айта албайм, — Камила өчүрүп койду.

 

— Мен азыр үйгө телефон чалам да, келин алып барам деп айтам, анан экөөбүз үйгө барабыз, киши жиберебиз.

 

— Ошондо эле айтпайлыбы? — дегиче болбой өчү бардай телефон дагы жаны калбай чырылдап жатты. Камила акыры аргасыз алды эле, ары жактан Асылбектин күңкүлдөгөн үнү угулду:

 

— Камила, тез автовокзалга келип кал, апаң экөөбүз күтүп жатабыз.

 

— Ата…

 

— Бол деп жатам, телефонду өчүрбө!

 

— Ата дейм.

 

— Сүйлөөчү болбо, тезирээк келип кал, айылга кетебиз, шашылышпыз.

 

— Ата, мен бара албайм, турмушка чыгам жакында, — Камила атасы сөз бербей күңүлдөп жатса да эптеп айтты эле, бакырып жиберди Асылбек:

 

— Аталыктан кечип таштайм, азыр келбесең милиция менен издеп табам!

 

— Ата, баары бир барбайм, мен өзүм сүйгөн адамга турмушка чыгып жатам.

 

— Бас жагыңды! — деп кыйкырганда телефонду Жийде ала коюп:

 

— Кызым, күйөөгө чыксаң деле үйдөн чыкканың жакшы го, талаада жүрүп кеткениң кантип болсун, жок дегенде келип жолукчу, бир айласын табаарбыз, кеңешээрбиз. Өзүңдү-өзүң билип, талаада жүрүп чечкениң туура эмес, кантсе да сени биз чоңойтподук беле, боор этибиз менен тең балабызсың, кызым. Камила ыйлап отуруп, жылуу сөзгө ийиди, кантсе да сүйүктүү апасы эмеспи, Дениске бир карап алды да, кийине баштады.

 

— Камила, кетесиңби?

 

— Жо-ок, жолугуп келейин.

 

— Мейли, мен сени күтөм, атам менен сүйлөшүп, сага жакшы жаңылык даярдап турам, — Денис аны бетинен сүйө узатып калды. Эки жагын элендей караган Камила үйдөн чыгып, аялдамага келип, автовокзалга кетчү автобуска отуруп, жөнөп кетти. Ал келгенде Жийде Асылбекти жайгарып турган экен. Асылбек Камиланы көрүп эле жетип келип:

 

— Кыз болбой кара жерге киргир, мен сени биякка эр изде деп жөнөттүм беле, окусун деп жөнөтпөдүм беле, — деп жини келип кетти.

 

— Болду эми, бизди көргөндөр эмне дейт, — Жийде аны акырын нукуду эле ал унчукпай калды. Жибек кызын бетинен сүйө колтугунан алып, ээн жерге алып барды да:

 

— Кызым, кана эми айтып берчи, жигитиң кай жерлик, кандай үйбүлөдөн экен? — деди жай гана токтоо үнү менен.

 

— Апа, жигитим Токтогулдан, ата-энеси бар, дурус эле жашайт окшойт. Денистин тарбиялуу үйдө өскөнү байкалып турат.

 

— Эмне үйлөнөлү деп чечтиңерби?

 

— Ооба, эки-үч күндө алып кетем деп атат.

 

— Канча бир тууган экен?

 

— Беш, үч уул, эки кыз.

 

— Өзүң кийин өкүнбөйсүңбү анан?

 

— Өкүнбөйм, — дегенде Асылбектин жини кайнап чыкты.

 

— Жаш-шабагыр, эмитен күйөөгө тийе чагын кара, машинага отур, үйгө кетебиз, күйөө эле керек болсо, мен өзүм берем сени.

 

— Кое турчу, баланын үрөйүн учурбай, — Жийде дагы күйөөсүн тыйды. — Сүйлөшүп атам го.

 

— Кыйраттың, анысы бир селсаяктыр да, азыр алып кетем, алып кел бери, такыр болбосо таңып алып кетем, — деген атасынын сөзүнө көнбөсүн билген Камила аларды алдай баштады:

 

— Анда кийим-кечелеримди алып, эртең үйгө барып калам.

 

— Чогуу барып алабыз, мен азыр машинаны айдайын, — Асылбек стоянкадагы машинасын жылдырганда эне-кыз келип отурду. Камила эмне кылаарын билбей эптеп жолдон калып калууну ойлоп, Ош базарына жакын быты-чыты көчөлөрдүн биринин жанына токтотту да:

 

— Азыр алып чыгам, — деп жүгүрүп кетти. Аны чыгат деп күткөн ата-эне түңүлүп калды. Асылбек түшүп Камила кирген көчөдөгү батирлерге кирип, андай кыз жашабайт дегенди угуп, кыжыры кайнап, супсуну сууй да түштү.

 

— Бу кызың качкан экен, кийимиңди кой деп алып кете берсек болмок экен.

 

— Ошентпей, — Жийде күйөөсүнүн тилинен чыкпаганы менен анын оюна каршы эле, кызынын качып кеткенине кейиген деле жок: «Мейли, өзү каалаганга барсын, мен жетпегенге ошол жетсин» деп ойлонуп отура берди. Камиладан кабар болбогондон кийин телефон чалды: «Сиз чалган абонент өчүрүлгөн» дегенден башка жооп болбоду. Аргасы кеткен Асылбек машинасын ачуусу менен ызылдата айдап жолго салганда Жийде:

 

— Акырын айда, жолдо жалгыз эмессиң — деди коркконунан.

 

— Ушундай кызды өстүрүп жатканымды билсем кичинесинде тумчуктуруп өлтүрмөкмүн!

 

— Кой эми анчалыкка барба, бактылуу болсо болду, бизге анын бактылуулугу керек эмеспи?

 

— Ооба, кайдагы бир немени сүйдүм деп эне-атасын алдап, качкан кыз кайсы болоор дейсиң, ата-энени нааразы кылганы жетээр…

 

— Нааразы болбо, атасы, өз каныңдан жаралган кызыңа ак батаңды берүүң керек, акыры өгөй кызың эмес го?

 

— Уккум да келбейт, — эрди-катын ажылдашып үйгө келди. Жийде абдан токтоо, эстүү аял кызын түшүндү, жаштыктын алоолонгон чагын жакшы билет. Бир кезде өзү да күйүп-жанып бир жигит менен сүйлөшүп жүргөндө Асылбек ала качып келгенде ботодой боздоп: «Мени кое бергиле, мен силерге бүлө боло албайм, кое бергиле сураныч» дегенде Асылбектин ата-энеси босогого туруп алып: «Мына бизди аттап кетсең кете гой, кийинкиңди ойло, кызым, кыз бизде да бар, уулубуз сени жактырып калса айла канча» деп босогонун эки жагына отуруп, жолду тосо буттарын сунуп алышып, кетирбей койгон эле. Жийде бетин басып солкулдап, ыйлап аргасыз тагдырга моюн сунуп берген. Асылбекти сүйбөсө да бир уул, эки кыз төрөп берип отуруп калган. Өмүр бою жүрөк башында өчпөгөн сезим сакталуу, бир адамдын атын көкүрөгүндө сактап жашап келет. Ошондуктан ал да кызын өкүнүчтө жүрүп өтпөсүн деп ойлоп, дилинде ага бакыт-таалай каалап жатты. Асылбек канчалык жинденген менен Жийденин айтканына каршы чыкчу эмес. Бул жолу таптакыр карайды. Жакында эле атасы өлүп кыркын чыгара элек болчу.

 

Камила келгенде Денис телефондо сүйлөшүп жаткан, Камила унчукпай угуп турду. Телефонун улам кармалап коет, жандырса эле атасы чалып бакырчудай сезилип, босогого жөлөнүп алып ойлонуп атты. Денис:

 

— Ата, эртең барып калам, — деди бир кезде. — Ооба, кыз Чүйдөн эле болот, ата-энеси бар, жакшы үйбүлөдөн. Ооба, эртерээк эле жеткендей болобуз, эрте чыгабыз. — бери караган Денис Камиланы көрө кучагын жая: — Жаным, баары жайында, атам алып келе бер деди, кыскасы, иш бүттү, — деди.

 

— Бул батирдеги буюмдар калабы?

 

— Калса калат, батирдин акысы дагы боло элек, балким иштемек болуп кайра келэрбиз.

 

— Макул болушабы?

 

— Эмнеге болбойт, экөөбүз иштейбиз.

 

— Макул анда, — Камила жигитинин төшүнө башын жөлөдү. — Биз бактылуу болобузбу, Денис?

 

— Ананчы, биз бактылуубуз, мисалы, мен өзүмдү аябай бактылуу сезип турам, жанымда сен, жүрөгүмдө сүйүү, алдымда чоң максат.

 

— Кандай максат?

 

— Кө-өп максат, кийинки жылы мен да окууга тапшырам, жок дегенде шоопур болом, анан машина алып алам да, сени отургузуп алып сенин ата-энеңе, меникине барып турабыз. Шаарда заңгыраган үйүбүз болот, сен экөөбүзгө окшогон уул-кыз төрөп бересиң, аларга биз жакшы тарбия берип чоңойтобуз.

 

— Тилегиңе жет.

 

— Экөөбүздүн тилегибиз, Камила, билесиңби бул тилегимди экөөбүз үчүн тилеп жатам.

 

— Алтыным десе, мени ата-энеңдин алдына алып барсаң, башыма аппак жоолук салынып жүгүнүп, ак дилимден кызмат кылсам, өмүр бою сенин айтканың менен болууга ант берем.

 

— Ырысым менин, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, ошондуктан бизди эч ким бөлө албайт, — Экөө кучакташып тура беришти, Камила ойлуу телмире:

 

— Денис, — деди бир топтон кийин.

 

— Оов.

 

— Менин атам абдан кызык киши, оюндагыдай болбой калса бизди жашатпай кыйнашы мүмкүн, анын үстүнө жакында эле чоң атам кайтыш болгон, ошого да капаланып сөз укпай жатат.

 

— Эмне болду?

 

— Каршы болуп жатат, ал мени өзү жактырганга бергиси келген экен, ошого жинденип калды.

 

— Эмне деп келдиң, кайра барасыңбы?

 

— Жо-ок, качып баса бердим.

 

— Ошо кантип болсун, бара берсең болмок.

 

— Эмнеге?

 

— Мен сени үйдөн алып кетет элем да.

 

— Ой, ал мени үйдөн чыгарбайт, сен барсаң токмоктоп коюшу мүмкүн.

 

— Ошончо эле залимби?

 

— Андай деле эмес.

 

— Анан кандай, кызы мендей жигитке чыгып жатканына нааразыбы?

 

— Ооба, өзү билгенге берет имиш.

 

— Акыры көнөт эле да, апамдарды жуучулукка жиберсем болобу?

 

— Ага да болбойт. Кыскасы, мен сенин үйүңө аларга билгизбей барышым керек, андан кийин көрөбүз, — Камила жылмайып койду, бирок жүрөк түпкүрүндө жүрөксүү турду.

 

— Ойлонбо, жаным, биз экөөбүз ата-энебизди жибитип алабыз, балалуу болуп калсак небересин көргөнү өздөрү эле келет.

 

— Билбейм, — Камила унчукпай калды, ал атасынын сырын билчү, бир жок дегенинен кайтчу эмес, апасынын кебин да укпай коет жини келгенде. «Элдин көзүнчө уят кылбаса болду, эми эмне кылам, Денистин ата-энесиндей эле макул болуп койсо болот эле го?» деп ойлоп жатты. Бирок аз да болсо көңүлүнө жагып, жүрөгү каалап сүйгөн адамы жанында турганына көңүлү көтөрүлүп, бактылуу болуп турду. Экөө кеңешип Денис кечки тамакка керектүүнү базардан алып келүүгө жөнөдү. Камила атасы чалып калаар бекен деп телефонун жандырып: «Мен азыр чындыкты айтам, эки-үч айдан бери жашап жатканымды, боюмда бар экенин айтам, анан эмне дээр экен» деп күтүп жатты. «Денис келгенче чалса сүйлөшүп алат элем» деп чый-пыйы чыгып отурганда кудай берип чалып калды. Жүрөгү дүк-дүк этип бир аз тайсалдап, ата-энеси маңдайында тургандай калтырай түшкөн Камила телефондун кулагына такап:

 

— Алло, — деди акырын.

 

— Камила, кайда кетип калдың, атаң жинденип жатат, куураган кыз болдуң го, муну билсек шаарга окутпай коймокпуз, кайдасың азыр? — деген Жийденин үнүн угуп бир аз өзүнө келген Камила ага бүт сырын айтмак болду.

 

— Апа, мен Денис менен үч айдан бери жашап жатам да, эртең айылга келебиз, анан алар алдыңарга келет.

 

— Кок-уй, муну укса атаң ажалынан мурун өлөт. Баягы Баатырбек деген досу бар го, ошолор келин кылып алабыз деп жаткан, эми эмне дейм ал кирип келатат. Мейли эми бактылуу болгула, менин айтаарым ушул, кызым, кудай багыңды ачсын, — Жийде шашып телефонду өчүрүп койду. Камила ойлуу отуруп калды: «апамды урушуп жаткан го, байкуш апам ай мен үчүн азап чеге турган болду». Ушул учурда Денис эки колуна эки пакет көтөрүп кирип келди. Тура калган Камила пакетти ала коюп, кечки тамакка өзү киришти. Камила үйдө тамак жасап көрбөгөн, Денис экөө жашап жүргөндөн бери Денис жасап жүрчү. Ал апасы оорукчан болуп, өздөрү жасап көнүп калган. Эми картошканы, пиязды аарчып, этти туурап койду да:

 

 

Уландысы бар……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️