Эки куйоолу аял 3 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

3-болум.

Самат ак саргыл келинге туш болгонуна ыраазы болуп, жашоонун сырдуу да, табышмактуу да жолуна түшүп, эт-бети менен киришти. Иштеп тапкан акчасын коротпой алып келип берет, жашаган жери батир, жеген-ичкени кул жебестен болуп Саадат оңоло баштады. Каны аз болуп ооруп калды. Самат ага кагор виносун алып келип, жашиги менен коюп койду.

 

— Мына мындан ичсең аз кандуулук сенден өзү эле качат, — деди Самат.

 

— Кантип ичем, такыр иччү эмесмин да?

 

— Эчтеке болбойт, аз-аздан ичкенден эчтеке болбойт, сен оорудан арылып кетсең болду да.

 

— Көрөйүн, — Саадат унчукпай калды. Самат Саадатты ооруп жатат деп болгон акчасын алып келип берет да, өзү жумушка кетет. Саадаттын асмандан тилегени жерден табылып, ал кетээри менен өзүнүн кыйналып турганына карабай базарга барып, тамак-ашын көтөрүп алып, үйүн көздөй жөнөдү. Ал келгенде эшикте жүргөн Темир бурк этти:

 

— Ийи, дайынсыз жоголуп кеттиң да, мени ойлобосоң да, балдарды ойлобойсуңбу, ыя?

 

— Үйдөн кууп чыккан өзүң, балдар үчүн келип атам, болбосо сен үчүн келмек турсун ойлонбойт да болчумун, карызды экөөбүз алсак, сен мени күнөөлөп отурасың. Сен деле иштесең боло, мени карап олтура бербей.

 

— Мени эмне кыласың, иш болбосо кайда бармак элем, тамак-аш, эт-пет алдыңбы?

 

— Ооба, алып келдим.

 

— Апа, кетпейсизби эми?

 

— Апа, эмнеге көпкө кечиктиңиз?

 

— Сиз шаардан эми келбейсизби? — деп төрт баласы төрт жактан чыкты, ар бирин баса калып өөп, анан алып келгендерин бир баштан алып жайып:

 

— Мен эртерээк кетишим керек, тиги карыздын беш миңин берип коюп кетем, — деди.

 

— Эмне анчалык шашып, күткөнүң барбы? — Темир аны сынай карады. — Бирөөнү тапкансың го?

 

— Эмне кылышым керек деги, иштеп карызды төлөп, тамак-ашты ташып турсам дагы жакпадым го?

 

— Бар, бар, кете бер! — Темир кекете ички бөлмөгө кирип кетти.

 

— Кетмек турсун, күйөөгө тийем, сага жагынып өмүрүмдү өткөрмөк белем? — Саадат балдарын кучактап өөп-өөп алды да, үйдөн көзүнө жаш ала чыкты. Бул анын кыз тийген күйөөсү менен коштошкону эле, кантсе дагы балалык чагы, кыз өмүрү өткөн жери, кыз кезинде байыр алган үйүнөн биротоло кетиши эле. Саадат Самат келгенче келип, атайын ооруп калгандай болуп жатып алды. Кеч күүгүмдө Самат шашыла үйгө кирди:

 

— Ой, бирдеме ичтиңби же жөн эле жатасыңбы?

 

— Жүрөгүмө эчтеке барбайт, көңүлүм да ачылбай тамак жасабадым, — зорго сүйлөгөн болду.

 

— Мейли, жата бер, өзүм жасайм, винодон ичип жатасыңбы?

 

— Ооба, азыраак ичтим.

 

— Аздан эмес күнүнө бир бөтөлкөдөн ич.

 

— Алкаш болуп кетпейин.

 

— Кагор ичкенден алкаш болгон кимди көрдүң эле, мен сени жакшы болуп кетсин деп жатам.

 

— Сага рахмат, Самат. — Саадат ойлуу ордунан турмак болду.

 

— Жат, жата бер. Жакшы болгончо жакшылап өзүңдү кара, мен сени багам деп алгандан кийин багам, абайлап жүр, бири-бирибизди ушундайда карабасак болбойт.

 

Самат өзү эт туурап, тамак жасаганга киришти. Саадат өзүнчө ойлуу «Неге адамдар ар кандай, Темир Саматтай болсо кандай жакшы эле, балдарым да жанымда болмок. Ушундай адамды алдап жаткан менде уят, абийир жок, апкелген акчасын сураса эмне деп жооп берээр экенмин, эгер карыздарым көп экенин билип калса басып кетээр» деп жата берди.

 

— Тур, Саадат, тамак ичип ал, — Самат анын үстүндөгү төшөгүн алып, колунан тартты. — Тамак ичпесең ачкалыктан башың айланып, жыгылып каласың.

 

— Ичким келбей атат, — деген Саадат Саматтын жардамы менен өйдө болду.

 

— Адегенде мына муну жутуп ий, анан тамак ичип аласың, — Самат ага винодон бир чыны куюп берди.

 

— Ий-ий ичпей эле койбоюнбу?

 

— Болбойт, мага денсоолугу чың аял керек, дыңылдап чың жүргөнүңдү каалайм, — Самат ушинткенде Саадат аны карап калды: «Кандай жакшы адам, мен ушунун кадырына жете аламбы?»

 

— Эмне болду, ойлонуп кеттиң го?

 

— Эмне болсун, винону ичкенден коркуп эле… — Саадат оюнан адашып ага калп айтып, көзүнөн көзүн ала качты.

 

— Эмнеге коркосуң, бул деген дарылыкка эле… — Самат ага болбой бир чыны кагорду ичирип ийди да, алдына чоң чыныга тамак куюп алып келди:

 

— Бир аздан кийин ичейин, өзүң иче бер, — Саадат жатмак болду эле, Самат аны жаткызбады.

 

— Тамак болбосо адам алдан-күчтөн таят, каның аз болсо, жарытып тамак ичпей керээли кечке жатсаң эмне болосуң, бол ысыгында ичип ал.

 

— Макул эми, мага каралабай өзүң иче бер, — Саадат кашыкты алып, тамакты иче баштады. Анын оюнун баары балдарында, күйөөсүндө эле, тамагынан өткөн ар бир кашык тамак түйүлүп, анын үйбүлөсүнүн бекем боло албай, тагдыр эки бөлүп койгонуна өкүнүп жатып ичти. Саматта ой-санаа кайдан болсун. Балдарына керектүү тамак-ашын алып барып, өзү минтип үйбүлө очогун тутантып отурганына өзүнчө ыраазы болгону менен аны ойлонткон Саадаттын аз кандуулук менен ооруп жатканы. Саадат зымырайып эч нерсени билгизбейт, эптеп бир топ карызынан кутулуп баратат, бирок эки-үч жердеги акчасы өсүп жатты. Аны сарсанаа кылганы эле акча. Саматтын алып келгенин эптеп бөлүштүрүп, тамак-ашка да жеткирип, эч нерсе жок дебей эт-аш менен май-чайын алып коюп, ал келгенде төшөктө жатып калып, арадан эки-үч ай өттү. Дары-дармекке кетти деген шылтоо ага чоң огожо болду. Акырындап оорусунан сакайып врачка барып көрүнсө, жакшы болуп калганын айтты. Абдан сакайып калганда Самат аны ооруканага жумушка орноштуруп койду. Ооруканага иштегенден кийин дагы тааныш күтүп калганда үстүнө үстөк кошкон акчадан алып, Саматтын акчаларын кошуп, карыздарын төлөп жатты. Бирок үстүн гана берет. Самат Кеминдик балдар менен иштеп калды. Сөз арасында Мухтар каткырып күлүп тамашалап калчу болду.

 

— Демек, жезде экенсиз да?

 

— Ошондой, жездеңди капа кылбай жүр.

 

— Жезде, эжем менен качан тааныштырасыз?

 

— Качан болсо, азыр десең азыр барабыз, эжеңе күйөө болгонум үчүн сыйлоо менден.

 

— Ал турган иш, күйөө баланы пайгамбар сыйлаган тура, эжем экөөңө белек алууну унутпайм, сиздей табышкер күйөөнү тапкан эжем Айчүрөктөй эле болсо керек.

 

— Айтпа, күн тийгис жерге багайын десем болбой иштеп алды, кызганып зорго жүрөм, ха-ха-ха! — Самат каткырып алды.

 

— Азамат эжем бар тура жездемди кызгантып коюп кебелбей жүргөн, — деп азилдешип отурду, ошол күнү Мухтар аны менен үйгө бирге келди. Саадат жумуштан келсе Самат менен Мухтар үйдө отурган экен.

 

— Саадат, бул иниң болот экен таанышып кой, — Самат аны көрөөрү менен тааныштыра кетти.

 

— Жакшы экен, иним болсо таанышсам болот, атым Саадат, өзүңдүн атың ким, иним, кайсы айылдан болосуң?

 

— Атым Мухтар. Кичи Кеминден болом.

 

— Жакшы, келип тур, жездеңди бейчеки бастырбай кайтарып турганга өзүң болгонуң дурус экен.

 

— Эже, жездемди кызганасызбы?

 

— Анан эмне, кызганыч болбой жашоо болобу, үйбүлөлүк бакыттын негизи кызганычта болсо керек, бири-бирин жакшы көрсө кызгануу болот, — Саадат дасторконун жайып, чайнек-чыныларын алып келип, сүйлөп жатты.

 

— Азамат эже, кантсе да кыз Сайкалдай жүрөктүү да, бетке айтаар экенсиз.

 

Мухтар көпкө отуруп, анан коштошуп үйүнө жөнөп кетти. Самат эч нерседен капарсыз, үй-бүлө куруп, тынч жашоосу өтүп жатканына ыраазы болуп, тапкан акчасын Саадатка берип, эмне кылып жатканын сурап койбой жүрө берди. Ошентип Саадат бир топ эле карызын жеңилдетип алды. Арадан убакыт өтүп, Саадаттын күйөөсү Темир акыры анын күйөөгө тийип алганын укту, эки кызын өзүнө берип, уулу менен кичүү кызын алып калды. Саадат эки кызына үйрүлүп түшүп, кийим-кечесин алып берип өнтөлөп багып жүргөндө үчүнчү кызы да келди. Ошенткен менен көзүнүн карегиндей көргөн жалгыз уулу үчүн дагы эле Кеминге барганын токтоткон жок. Темирдин иштейин деген ою жок, дагы деле Саадаттын алып келген тамак-ашын жеп-ичип, уулу Айбек менен жашап жүрө берди. Убакыт өтүп, улуу кызы университетке тапшырмак болуп контракт төлөгөнгө келгенде Самат дардаңдай минтти:

 

— Эч кам санаба, кызым, сени окутам, контрактты өзүм төлөйм.

 

— Жыл сайын он эки миң төлөш керек экен, — Саадат күнөөлүдөй үнүн акырын чыгарды. Ал Саматтын сырын билип калгандыктан, ыйламсырай калып, андан сөз чыгышын күткөн эле.

 

— Ошо да, ай сайын буйруса он беш, жыйырма алып атам го, бирок акча жегич болуп баратасың, кыздарды ойдогудай окутуп, кийим-кечесин көңүлүңдөгүдөй алып бер.

 

— Алып бербей анан, Назгүлдү окутуп алсак жакшы болот эле?

 

— Буйруса кызым окуйт, — деп Самат ишеничтүү айтты. Ошентип Саадаттын дагы бир маселеси чечилди, ошол жылы Назгүл университетке өтүп, окуп калды. Айбек анда-мында келип-кетип жүрдү. Үч кызы бири-биринин артынан чоңоюп калды. Бир күнү алардын үйүнө бир аял келиптир. Саадат ыйлап отурганда Самат кирип келди.

 

— Күйөөң иштеп жатса деле карызыңды үзбөйсүң, дагы үстөгүн кошом, болбосо беш миң сомду азыр бересиң, — деди аял ага угуза.

 

— Эмне болду, кандайча карыз?

 

— Катыныңдын канча жылдан берки карызы бар, ушул убакка чейин үстүн да араң берип узартып эле келатат, эмне билбейсиңби?

 

— Уккан эмесмин.

 

— Укпасаң угуп ал, азыр беш миң сомду бербесе үстөгүн эки эсе коем, дегеле жакшылык жок адамга, кудайдан тапкыр!

 

— Кое туруңузчу, кайсыл убакта алды эле?

 

— Он жылдан бери эжелеп келатат, үстөгүн берет да куйругун үзбөйт, эми эки эселетип коемун.

 

— Кечиресиз, он жыл болсо ал карызын билбейт экенмин, экинчиден мунун өмүрүн тилеңиз, кокус бул өлсө сиз эчтеке албай каласыз, мен ушул болсо төлөйм, болбосо сизди тааныбайм дагы.

 

— Эмне деп жатасың, эмне ошончо акчадан кечип кетет деп турасыңбы?

 

— Жо-ок, күтөсүз, мен сизге баарын дароо бере албайм, үч күн биерде жатыңыз да, күтүңүз.

 

— Апээй, мен эмне бекерчи белем? — деген Койсун күтпөскө аргасы жок экенин билдиби унчукпай калды. Үч күндөн кийин Койсунга беш миң сом берип узатты Самат. Саадат күнөөлүдөй унчукпайт.

 

— Саадат, бир ооз айтсаң эбак бүтчү иш тура, болбосо канча акча берип жатам, алар кайда берип койбойт белең?

 

— Өзүм кутулам деп ойлогом, — дегенден башка жооп болбоду. Самат ойлонуп көрсө үйгө жакшылыктуу деле буюм алынбаптыр, эски-уску төшөктөр, анча-мынча идиш-аяк алганы болбосо көзгө көрүнөөрлүк эч нерсе жок. «Бул мен берген акчаны эмне кылып жүрөт, таап жатканым менен үстүмдө кийимим жок» деп ойлоп алды. Самат жумуш менен алагды болуп, убакыттын өткөнү билинбей Саадат менен жашаганына он жыл болуптур. Назгүл окуп жатат, Элина алтынчы класста окуйт. Айбек эбак бүткөн, шаарга келип иштемек болуп көчө таптап чарчаганда үйгө келет. Он жылдан ашуун убакыттын ичинде канчалаган батир которушту. Колу-коңшулар менен жакшы болуп Самат тааныштары аркылуу өз жардам тобу деген уюмга кошулуп акча чогулта башташты. Андайда Саадат бакылдап сүйлөп, улуу-кичүүнүн ичи койнуна кирип алган. Бул жылдардын ичинде эки-үч жолу боюнда болуп, түшүп калды. Самат ошол күнү үйдө болчу. Эки-үч жигит, бири жашы улуураак үйгө келип калды. Самат менен кол алыша учурашкандан кийин:

 

— Сиз Саадаттын күйөөсү болосузбу? — деди бири.

 

— Ооба.

 

— Сиз менен сүйлөшкөнү келдик, Саадаттын карызы бар, эгер төлөбөсөңөр ал аялдын эки аягын керип кетебиз.

 

— Токточу, иним, карызы канча?

 

— Бир үйдүн баасы!

 

— Мен уккан эмес экенмин же мени төлөйт деди беле?

 

— Көп жыл болду, ушуга чейин беш миң, үч миң берет да, калганын бербей жүрөт, үстөгү өстү, үйүн алабыз.

 

— Эй, жигит, аны керип кетем десең жаныласың, анда акчаңды кайдан аласың, жоопко тартыласың.

 

— Анда эмнеге бербейт, үйүнүн документи менин колумда.

 

— Саадаттын үйү кайда, качан үстөк алганын билбейм, туурабы?

 

— Туура, күйөөсү билет.

 

— Билсе, анда төлөтүп албайсыңарбы?

 

— Ал иш жок деп атпайбы?

 

— Кызык, силерден алган акчасын мен көрбөсөм, мага кандай доомат артасыңар?

 

— Биз Саадатты сабап өлтүрүп кетебиз, алгандан кийин бере албаса албай эле койбойбу?

 

— Он жылдан бери үстөгүнө канча акча берди, ай сайын канчадан төктү?

 

Ошондо Саадат тура калды.

 

— Мен берген акчамдын баарын жазып жүрөм, жумасына, айына алып барып бергенимдин суммасы он жылдан бери 300 000 сом болуп кетти, эми эмне кылышым керек? — деп аларды жалдырай карады.

 

— Жебей-ичпей он жылдан бери үч миң сомдон берип жатса ойлонбойсуңбу, иштеген айлыгы канча экенин билесиңби, бул менин акчамды берип жаткан. Күйөөсү экөө алган акчага кандай тиешем бар айтчы, эгер көнсөң он миң дагы берем, көнбөсөң билгениңди кыл! — Самат үйгө кирип бараарда тиги жулкунду эле, бири аны тыйып койду, алар ары барып сүйлөшүп, кайра келди да улуусу Саматка минтти: -Тууган, ошол он миңди качан алып кетсек болот?

 

— Эгер көнсөңөр туура бир айдан кийин ушул үйдөн алып кетсеңер болот.

 

— Жарайт, тууган.

 

— Үйдүн документин ала келгиле.

 

— Сүйлөштүк, — деп алар жөнөй бергенде Самат үйгө кирди. Саадат унчукпай ыйлап олтурган, анын бул көйгөйүн купуя түшүнгөн Самат унчукпады. «Демек менин алган акчам мунун карызына кетип жаткан тура, өзү бергенден пайда таппайт экенмин» деп ойлоп телевизор карап жата берди. Анын унчукпаганын көргөн Саадат ыйын токтотуп тамак жасап, кыздарынын кийим-кечесин жууп кирип-чыгып жатты.

 

Саадаттын ишемби, жекшемби күндөрү конокко кеткени көбөйдү. Ар убак ишемби күнү келбейт. Самат сураса жүйөлүү себептерди айтат да, кутулуп кетет. Кыздар өз алдынча иштеп, экинчи кызы Жазгүл да окууга тапшырып, окуп калды. Чоңойгон кыздардын көз карашы Саматка башкача көз карашта болуп баратканы байкалып, кыш күндөрү жумуш жок үйдө отурганда Жазгүл кеч келип:

 

— Бүгүндөн ары ар кимиңер өз наныңарды ала келгиле, — дебеспи. Бул сөз Саматка катуу тийди, бирок кыз балага эчтеке дебеди, жумуштан келген Саадатка:

 

— Бу Жазгүлдүн эмне кылганы, мен бир аз тыйын таппай үйдө отуруп калсам артык башмынбы? — деди.

 

— Эмне болду?

 

— Өзүнөн сура, бүгүндөн ары мен жей турган тамак-аш ушул үйдө турсун, өзүм үчүн иштеген эмесмин, мен мындай сөздү укпайын.

 

Саадат эки кызын жекире карап, урушуп кирди:

 

— Силер адам болуп калдыңарбы, ыя? Атаңар мени үйдөн кууп чыкканда ушул киши мени, силерди да баккан, экинчи мындай сөз укпайын.

 

— Эмне дедим, жөн эле жей турган наныңарды ала келгиле дегем.

 

— Антип айтышка кандай акың бар?

 

— Мен Эржанды айттым, — Жазгүл таякесинин баласын шылтоолоп кутулду. Эржан мектепти бүтүрүп, колунда жок ата-энесине жүк болбой иштемек болуп, алар менен чогуу жашап жаткан эле.

 

— Керегем сага айтам дегендей сөз да бул… — Самат ушинтти да, сыртка чыгып тамеки түтөтүп жүрүп : «Бөрү баласы ит болбойт деген ушул экен да, демек иштеп таап турсам менден жакшы киши жок» деп ызасы ичинен кайнап, бир топто үйгө кирди. Белгиленген күнү он миң сомду алуу үчүн келип, документти берип кетишти. Ошентип Саадаттын чоң маселеси чечилип, үйдүн документин колго алды. Акчасын Самат берди да, үндөбөй жумушка кетип калды. Ошол күнү ишемби болгондуктан, кечинде жалгыз жатты, кыздары менен Саадат кайда кеткени белгисиз. Ошол күндөн тартып ал кайрадан жалгыздыкты башынан өткөрө баштады. Мухтар экөө бирге иштешип жүрчү, бир күнү ал Саматка:

 

— Сиз ушунчалык көлдөй адам экенсиз да, эжекем үйдөгү күйөөсүнө жума сайын кош-кош баштык менен тамак-аш ташып жүрөт, — деди.

 

— Койчу?

 

— Койбой эле, мен аны билгенден кийин ага жиним келе баштады, күйөөсүн багуу үчүн күйөөгө тийген окшойт. Анысы иштебегенин билдим, ушунча жыл сиз анын балдарын гана эмес, күйөөсүн кошо багып келатасыз.

 

— Ошондой де, берген акчам кайда кетет дейм да, карыздарынан да кутулттум, эжең кыйын аял экен да, — Самат ойлуу унчукту. Кийин акчасын тааныштарына бекиттире баштады, батирге төлөйт да, калганын катып коет. Бир күнү Саадат бир нерсе айтмак болуп айталбай кайсактап калды, анысын түшүнгөн Самат:

 

— Эмне айтмакчысың, күйөөң менен жарашканы калдыңбы? — деди сынай.

 

— Самат, менен түшүнөсүң деп ойлойм, балам чоңойгонго өзүнүн атасы менен жарашуумду суранып жатат, өткөндө туугандарыбыз чогулуп, мени ортого алышты.

 

— Койсоңчу, абдан митайым турбайсыңбы, карызыңдан кутулгандан кийинки пикириң ушул экен да. Ошондо кандай айтпайсың, эриңе кошуп бермекмин, ушунча жыл бирөөнүн балдары менен эрин багып жүргөнүмдү кеч түшүндүм, башка аял алсам балким башкача болмок.

 

— Жок-жок, Самат, сенден кетким жок, бирок бала экен да, азыр мен сени да, балдарды да кыялбай турган учурум.

 

— Каалаганыңдай бол! — деген Самат эшикке чыгып кетти, негизи эле ачуусу келгенде жалгыз болууну каалоочу. Чылым алганы дүкөнгө келди, жаңы жыл алды болчу, аерде дүкөнчү аялдын жанында кызуу болуп, бир аялдын ыйлап жатканын көрүп, тамашалап калды :

мындан алып тур! — деп арпа пивону ага берди.

 

— Эй, сен ким деген болосуң ыя? Мас болгон аялдарга арак алып бересиңби? — деп ыйлап жаткан аял аны карап койду.

 

— Миргүл, ал менин клиентим, жаңы жылыбыз менен куттуктап жатпайбы?

 

— Аа-а, ырахмат сизге, аа-а аялың билип калса, эмне кыласың? — Ыржая күлүп койду аял, ашыкча ичип койгону билинип турду. — А мен бойдокмун.

 

— Аялым бар, коноктор отурду эле, силердей жаш кыздарды кыялбай жатпайымбы? — Самат тамашага чалдыра сүйлөдү. — Өзүм дагы кыз жандуумун.

 

— Жакшы экен, зеригип отурганда келип, эрмектешип тур, — деп калды Нурмира.

 

— Сөзсүз, силердей кыздар менен эрмектешкенден ким качсын, сөзсүз келип турам, эмесе жаңы жылдык майрамыңар улана берсин! — Самат коштошуп чыгып кетти. Ал келгенде күтүп жаткан коноктору келип күтүп жатышыптыр.

 

— Ой, Саке, кайда жүрөсүң, ушундай күнү үйүңө келсек жоксуң.

 

— Дүкөндө жаш кыздар бар экен, таанышып туруп калбадымбы? — деди Самат чын сүйлөп жаткандай мостое.

 

— Койчу? — деди Мухтар ишенип-ишене албай.

 

— Койбой эле, жа-аш кыздар экен, кетиришпейт.

 

— Мейли, айланайын, мага десең кошоктоп ал кыздарыңды, бизге арак алып келдиңби?

 

— Алып келдим, коноктор келээрин унутканым жок, — Самат койнунан бир бөтөлкө арак менен сок, эки бөтөлкө арпа пивону алып дастаркон четине койду. — Жаңы жылыңар менен, достор!

 

— Ырахмат өзүң менен бирге болсун, — дешип бажакташып калышты.

 

Жаңы жылдык майрам да бүтүп, кыштын күчөгөн малы. Самат жумуш жоктон үйдө болуп калды, Саадат болсо эки күндүн биринде кудагыйынын үйүндө, Назгүл күйөөгө тийип, эки балалуу болуп калган. «Неберемди карашып жашайм» деп шылтоо кылып, үйгө келгени азайды. Көрсө, ал ошол кезде айылга барып, күйөөсүнүн кирин жууп берип, тамак-ашын жасап карап жүргөн кези экен. Ошентип Саадат эки оттун ортосунда калды. Саматтан кетип калайын дейт, анын адамдык сапаты, кыйын учурда өзүнө арка-бел болуп азаптан сууруп чыгып, өбөк-жөлөк болгонуна түкүрүп туруп басып кетүүгө даабайт, бети чыдабайт эле. Балдарынын, туугандарынын кысмагына көнүп берейин дейт, күйөөсүнүн бир кездеги өзүн үйдөн чыгарып койгону эсинен чыкпайт. Аргасыз экинчи никедеги күйөөсүн алдоого өтөт. Ал мунун баарын билип турса да кийинчерээк унчукпай басып кетчү болду. Ал келгенде кийинип чыгып кетет.

 

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️