14-болум.
Алло, бул ким экен? — деди эле ары жактан жагымдуу сүйлөгөн жигиттин үнү угулду.
— Камиласызбы?
— Ооба, а ким сурап жатат?
— Камила, кандай, мен Замирбек тааныган жоксуңбу?
— Замирбек?
— Ооба, аяш атаңдын баласы, Баатырбектин баласы эмесминби?
— Аа-а …
— Өзүң кандай, Камила?
— Жакшы.
— Сүйлө.
— Эмнени сүйлөйм?
— Мен сени чоңойсун деп жүрсө күйөөгө тийип кетипсиң, жүрөктү сооротуш оңойго турбады, мен дагы үйлөнгөм, сүйбөгөнүмдөн кетирип тындым.
— Ийи…
— Камила күйөөңдү аябай сүйөсүңбү?
— Анын сизге кереги эмне?
— Мен сенин элесиң менен сүйлөшүп жашап жүрөм, жок дегенде сүйөөрүмдү айта албаганыма өкүнүп жүрөм.
— Экөөбүздүн ортобузда сөз болушу мүмкүн эмес! — Камила телефонду өчүрүп койду эле, кайра-кайра чала берди, жадаганынан алды да, катуу урушмак болду. — Сиз түшүнүктүү адамсыз, менин үйбүлөм, кызым бар, экинчи чалбаңыз!
— Камила, токтой тур, сөзүмдү уксаң.
— Угууга убактым жок! — Өчүрүп салып алдындагы кызын жаткызып коймок болуп, бир колуна кызын көтөрүп алып, жаздыкка бир колун сунду. Телефон чырылдап жатты. Аруужанды жаткызып телефонду коюп сыртка чыкты. Жаагы тынбай чырылдаган телефонду Денис келип караса Асылбектин номери экен.
— Камила, кайната чалып жатат.
— Ыя? — Камила бир саам делдейе түштү, ал күткөн мүнөт, бирок алгысы келбеди. Эгер Замирбек болбогондо кубанганынан алып сүйүнүч менен ал-абалын сурап, апасынын денсоолугун сурамак. Эми алгысы келбеди: «Мени алдап чакырып алып, Замирге бергиси келип атса керек, тапкан экен алданганды» деп ойлонуп калганда Денис ага телефонду алып келип берди:
— Алып койчу, кайра-кайра чалып жатат.
— Эмне дейм?
— Учураш, апаңдын ал-абалын сура.
— Макул, — деп телефонду кулагына алып барды, — Алло… аа-а, апа, кандайсыз, колум бошобой эшикте жүргөм, ооба-ооба… Качан? — Камила телефонду басып койду, анткени Асылбек аны: «Камила» дегенде эле өчүрүп салды. Кайра чалды. Камила калтырай алып тыңшап калды, үнүн чыгарбай тыңшап тура берди.
— Алло, Камила, эмне унчукпайсың, ало-о угуп атасыңбы? — Асылбектин үнү өктөм чыгып жатты. Камиладан үн чыкпай койгондо Жийде алды, — Алло, Камила, эмне унчукпайсың?
— Апа, апа, жакшы болуп калдыңызбы?
— Жакшы, кызым, кийинки жумада келип калгыла, сени үйгө чакырып алалы деп сүйлөшкөнбүз.
— Апа, чындап элеби же Замирбекке кайра бергени жатасыңарбы?
— Эмне дегениң ал, жөн эле чакырып алалы деп жатабыз.
— Замирбекке менин телефонумду ким берген?
— Ким бериптир? — Жийде кайра өзүнөн сурады. — Мен билген жокмун.
— Замирбек бүгүн чалыптыр, үйлөнүп ажыраштым дейт.
— Кызык го? — Жийде таңгалып калды. Камила телефонду өчүрүп койду, ата-энеси урушуп жаткандай туюлду: «Эмнеге айттым экен, эми апам дагы ооруп калбаса болду, кудай ай, болбогон нерсени эмне айта салдым, кандай ойлободум экен, азап-тозок жандап алаарын кайдан билдим» деп капалуу отурганда кайра телефону чырылдады. Алып:
— Угуп жатам, — деди.
— Камила, ал атаңдан жөн эле сурап алган тура, сени куттуктамак экен.
— Макул, апа, биз бара албайбыз, андан көрө өзүңөр келип кеткиле.
— Эмнеге келе албайсыңар, деги жакшы эле жашап жатасыңбы, Денис жүрөбү, Аруужан чоңоюп калдыбы?
— Сүйлөп, жүгүрүп жүрөт, апа, Денис жакшы эле, жашоом ойдогудай, эки-үч жыл барбай жашай берейинчи?
— Жо-ок, мен анда атаң менен сүйлөшүп көрөйүнчү, эртең чалам, — Жийде телефонду өчүрдү. Камила кечки оокатына камынып жатты. Денис үйдө телевизор көрүп жаткан. Ал телефон чырылдаганынан алып, чоочун номерди көрүп кулагына басты.
— Алло, бул ким?
— Сен Камиланын күйөөсүсүңбү?
— Ооба, эмне болду, кимсиң өзүң?
— Мен Камиланын жигити элем, экөөбүз сүйүшүп, жада калса жатып жүргөнбүз. Сен анын кыз эместигине кайыл болуп алган өрт жигит экенсиң, мунуңа караганда аны абдан сүйсөң керек?
— Байкап сүйлө, мен Камиланы кыз бойдон алгам, ичи күйүп кала берген бирөө болсоң керек? — Денис жини келип телефонду өчүрүп койду. Бир аздан кийин маалымат келди, Денис караса: «Сүйүүнүн эки жагы болот, бир жагы катуу сүйгөн адам анын кыз-келинине карабайт, экинчи жагы камакка түшүүдөн коркуп үйлөнүү, сен аны сүйбөйсүң, жөн гана алданып жүрөсүң, мен анын бирөө менен жатып алганынан таштап койгом» деп жөнөтүптүр. Денис ачуусу келгенинен жаактары түйүлө отуруп калды: «Чын эле ошондойбу, жо-ок биринчи түндү билбей калгыдай мас болбосом, атайын бузгусу келип жаткан немедир» деп ойлонуп тамактанганы чыкты, улам Камиланы карап коет. «Кантип эле атасы эми ушул жол менен ажыратканы калган экен, жана эки-үч жыл барбай эле коеюнчу дебедиби, бир нерсени сезип жаткандыр, мен Камиланы сүйөм» деп ойлонуп отуруп тамак жүрөгүнө анча баспады. Камила күндөгүдөй эле идиш-аягын жууп-тазалап, балдардын төшөгүн салып берип, кайнене-кайнатасына орун даярдап, анан өз бөлмөсүнө келди. Денис күндөгүсүндөй эмес экенин байкап:
— Чарчагансың го, эртерээк жатып эс ал, буудай орулуп бүтүп калдыбы? — деди.
— Жок, чарчаган жокмун, — деп Денис үңкүйө телевизорду караганынан жазбай жооп берди.
— Анан эмне кабагың бүркөө?
— Сага ошондой сезилип жатса керек?
— Жинди, күндө жанымда жүрөсүң да кечке телефон чала бересиң, бирдиктер кетип жатпайбы? — Камила эркелей күйөөсүнүн мойнуна колун ороду.
— Сагынып кетип жатсам эмне кылам?
— Алтыным, бизди эч ким бөлө албайт, кандай тоскоолдук болсо да жеңип чыгабыз, анан бактылуу болобуз, ээ?
— Сөзсүз, жеңип чыгаарыбызга көзүң жетеби?
— Эмнеге, сен үчүн керек болсо атамды кечип коем!
— Кой, ата-энесин кечип койгон болбойт.
— Менин бактылуу болушумду ойлобосо кантип кечпейм, Денис, бүгүн баягы мени алып берем деген аяш атамдын баласы чалыптыр…
— Эмне дейт?
— Эмне десин, мен аны келгенде эле көрбөсөм жакшы билчү эмесмин, мен сени сүйчүмүн, аял алып сендей сүйө албай ажырашып кеттим дейт, өчүрүп салдым.
— Сен эмне дедиң? — ушинтип сураган менен: «Демек ошол экен да, мени намыстанып таштап кетет, ажырашат деп оюн коюп атышкан экен, бу кайната кызын көп акчага сатмак, биз деле жакшы алып бардык, андан артык болмок беле, кыскасы айылга тургузгусу жок» деп ойлонуп жатты:
— Мен күйөөмдү сүйөм, экинчи чалба, таалим-тарбиялуу, билимдүү адамсыз, бизди тынч коюң деп өчүрүп салдым.
— Ошондой де…
— Ошондой, мырзам, сени өз жүрөгүм, дилим менен сүйгөм, сенден бир мүнөт айрылып калсам өзүмдү өлүп калчудай сезем.
— Чын элеби? — Денис Камиланы көтөрүп алып жаңы эле салынган төшөккө алып барып кучактап жатып калды. Аруужанды буту баскандан эле Ажар алып жатчу, кыз дагы такыр андан калбай ээрчип турат, Денис менен Камиланы анча билбейт. Экөө көпкө чейин төшөктө оонап жатты. Денис чоочун бирөөнүн сөзүн айтпай катып койду, өзү каалап, сүйүп алган жарын кыйнап кыжаалат кылгысы келбеди.
Эртеси Денис таң ата жармасын алып, Калмурат экөө буудай орокко кетти, Азим да алар менен. Аймира болсо качан бөлүнүп кетебиз дегенде эки көзү төрт. Өткөндө барып эле кайра баса беришкен. Эми буудай орок бүтсө кетишмек, күткөн күн келгенче тынчы кетип жатты. Анын бөлүнөм деген ою ишке ашабы, жокпу ойлогусу да келбей жүрөгү алып учуп жүргөн. Денис менен Камиланы кайра-кайра чакырып жатканынан аргасыз шаарга кой союп, таттууларын мол алып, кийит-кече менен жөнөтүштү. Азырынча күйөө балабыз менен кызыбыз келип кетсин дешиптир. Алар Аруужанды алып жөнөштү, жүрөгү түпөйүл болгон Камила жол бою ар кайсыны ойлонуп баратты. Жетип короонун жанына такси менен токтогондо эле иниси Насыр менен сиңдиси Алина жүгүрүп келип, анын артынан Асылбек менен Жийде чыгып, жакшы тосуп алышты. Жийде эне эмеспи, кызын өөп кучактап жыттап:
— Кагылайын каралдым, шириндерим десе, кыйналбай эле келдиңерби, Аруужан кыйналган жокпу? — деп анан Дениске карады. — Кел, балам, куда-кудагый жакшы жүрүшөбү, аман-эсен келдиңерби? — Денисти бетинен өптү. Кезек Асылбекке келди, ал Камиланын бетинен өөп:
— Кечир, кызым, бир аз капа кылып койдум, ага таарынба, — деди да Денис менен учурашты. Иниси менен сиңдиси Аруужанды көтөрүп алып үйгө киришти.
— Бизден кеткенди түшүнгүлө, балдарым, бир аз түшүнбөстүк кетти, — Асылбек башын жерге сала кечирим сурап отурду.
— Эчтеке эмес, ата, мындай боло берет, сиз бизди кечириңиз, туура эмес кылдык окшойт. -Денис өз оюн айтып, кайнатасы менен сүйлөшүп отурду. Камила аны көзүнүн кыйыгы менен карап: «Кантип мен ушу кишини өгөй атам деп айтам, кандай гана жакшы көрчү элем, ичим муздап да калды, эртерээк эле кетип калалы, апамды көрдүм, экинчи ата деп айтууга да оозум барбай калды» деп ойлонуп жатты. Заматта кой оозуна чөп албаган момун боло калганы аны аябай таңдантты. Кеч кирип калганда Зууракан эки баласы, эки келини болуп келип калышты.
— Кандай, айланайын, жакшы келдиңерби? — деп Зууракан Камила менен Аруужанды өөп анан төргө отуруп калды. Данияр менен Мадияр жээни менен учурашып отуруп калышты. Бака-шака болуп Денис менен Камиланы коноктоп жатышты. Денис абдан ыраазы болуп отурду. Камиланын жүрөгү түпөйүлдөнүп өзүнчө жаман абалдан чыгалбай жатты: «Эмнеге менин жүрөгүм тынчсызданып жатат, эмне үчүн, ата-энеме да келдим, мени кечирди. Жакшынакай болуп Денис экөөбүзгө ак батасын берип жатат, анан эмнеге жүрөгүм кыжаалат?» деп ойлонуп, алардын сөзүнө кулак салбай жатып алды. Аруужанды уктатам деген шылтоо менен өзү да уктап калган экен. Жийде келип ойготту:
— Камила, тур, тура гой, тамак бышты тайнең чакырып жатат.
— Аа-а, уктап калган турбаймынбы, кайненеме көнүп алып, зорго уктабадыбы, — Камила туруп конок үйгө кирди.
— Капырай, уктап калдыңбы, качантан бери чогуу боло элекпиз, ата-энеңди сагынган чыгаарсың, отура гой, садага, — деп Зууракан жанына отурган небересинин чачынан сылап койду.
— Сагынбай анан, бир чоочун үйгө бүлө болуп баруу оңой бекен, апа, — деди Даниярдын аялы Света.
— Ошону айтсаң, садага болоюн, эми тез-тез келип турушат, — деп Жийде кызына мээрим төгө карады.
— Мен аякка көнүп калдым, — деп Камила күлүп койду.
— Кыз ошо да, өзү чоңойгон үйдү бат унутуп, чоочун жерге көнүп калат, анткени ал өз жери, өз эли болуп калат да? — Данияр күлүп калды. — Камила дагы өз жерине көнөт, өмүрү ошол жерде өтүп, өнүп жүрө берсин.
— Ооба, айланайын, өзү менен өзү болуп бак айтсын, — дешип түн бир оокумга чейин отурушту. Жатууга келгенде гана бөлмөгө киришти.
Эки күн туруп, анан аларды жолго узатышты. Камила абдан ыраазы болуп, Денис экөө кызын алып кетип жатты. Негедир Камиланын жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип алды: «Кудай ай, эмне болуп жатам, тынчыраак жетип алсак экен, эмнеге эле жүрөгүм опкоолжуйт, кудай сактаса экен, жамандыктан сактай көр» деп баратканда машина жол жээгине токтоп калды, таксист экөөнөн башка киши алган эмес, эми эле Сосновкадан өтүп калган.
Эмне болду, байке? — деп Денис сураганда ал бир аз машинасы бузулуп жатканын айтты:
— Отура тургула, оңдой коеюн, бат эле жетип калабыз, жакшылап карап алайын.
— Түш ооп кетти, жарыкта ашууну ашып кетсек жакшы болот эле, ашууга кар жаап коюптур.
— Кам санаба үкө, жеткирем бат эле, — деп машинанын алдына кирип кетти, күзгү чыкыроон үшүтүп турган убак болгон соң жерге түшүп жол тосууга болбоду, тоссо деле баары толо болгондуктан токтобой өтүп жатты. Кеч кирип күүгүм киргенде гана:
— Кудай жол берсе жетип калабыз, — деп айдоочу машинаны айдамак болуп орундукка отуруп, от алдырып жатканда алардын каршысына бир мерс токтоду да, үч эркек түшүп келип бири шоферду коркутуп тапанча такап Денис экөөнө:
— Кыймылдасаңар ит аткандай атам, — деп экөө Камила менен кызын чыркыратып, машинага салды да, жөнөп кетти. Денис коркуп туруп калган эле, аялы менен кызын эстей коюп машинадан түшүп жүгүргөндө айдоочу:
— Ээ иним, өлгүң келбесе бас бери, колдорунда мылтык бар экен, жүрү эми каякка, посттогу милицияга эле баралыбы? — деди.
— Билбей калдым, барса баралы, сиз кечке туруп албаганда бул балээ жок эле, — Денис акылынан азгандай эмне кылаарын билбей айласы кете сүйлөдү.
— Бузулуп калса эмне кылайын? — деген болду айдоочу күңкүлдөй.
— Сизде да бир иш бар, эмнеге атайлап бул жерден жылбай туруп алдыңыз, сиз тааныйсыз, сиз жооп бересиз!
— Акылың жайындабы, жигит, мен эмне сени мурун көрбөсөм, же өчүм болбосо, — Экөө постко келип, болгонун болгондой айтканда Денис:
— Бул ишке таксисттин да катышы болушу керек, үч-төрт саат жылбай бузулуп калды деп шылтоо кылып туруп, эми жөнөмөк болуп турганда келди, — деп сыртка чыгып, таксистти таппай калды, качып кетиптир, демек ошолор аркылуу болду.
— Номерин билесиңби?
— Карабаптырмын.
— Кыргыз тупой десе, качан арыңарга келесиңер, кандай случай болуп кетет деп ойлонбойсуңар, байкап калсаң болмок, — дегенде Денис шашыла жол тосуп, кайнатасына жөнөмөк болуп телефон чалды.
— Алло, бул мен ата, Денис, Камиланы бирөөлөр мага тапанча такап, коркутуп Аруужан экөөнү алып кетти.
— Көзүң кашайып эмне кылып аттың, кызымды таппасаң сени түрмөдө чиритем! -деген Асылбек дароо эле опузаланганда Денис делдейе түштү. «Эмне дейт, ким качан дебей эле мени зекигенине караганда өзү атайын кылган окшойт» деп туруп анан: — Кызыңардын башы алтын болсо да, кылмак элеңер кылдыңар, менин кызымды таап бербесеңер өзүңөр түрмөгө отурасыңар! — деди кайраттана.
— Эй күчүк, кыштактын күчүгү, эмне деп атасың, эгер Камила эртең түшкө чейин келбесе айылыңа барып көргүлүктү көрсөтөм! — дегенде телефонду Жийде ала коюп:
— Эмне болду, бул ким? — деди.
— Апа, Камиланы бирөөлөр тапанча менен коркутуп алып кетти, сиз билбейсиз деле, бирок буга атам менен таксист кошумча, күн мурунтан сүйлөшүлгөндөй такси бузулду деп жылбай туруп алды… — дегенде Асылбек трубканы жулуп алды:
— Оозуңду жаап кал, жооп берээриңди ойло! — деди көбүрүп-жабырып, ары жактан Жийденин: «Асылбек, Денис андай кылбайт, сен билесиң да ал аны сүйөт, сен кылдың го, бер телефонду мага, өзү каерде экен?» деп чый-пыйы чыгып жатканы угулуп турду. Асылбек дароо телефонду өчүрүп койду. «Демек урушуп жатышат, эгер мен үйүнө барсам дагы сабамак экен» деп ойлоп өткөн таксиге кол көтөрүп, агасы Алмазга чалды. Алар шаарга келгенден бери жашаган жерин көрө элек болчу. Күндүзү жөнөөрдө Камила: «акемдерге чалсаң, кайрылып учураша кетели» деген эле: «Ка-ап ошондо макул болсом болмок экен, кайсы убакта кеткенибизди билбей адашып калышмак» деп ойлонуп жатып, телефон чалганын унутуп калыптыр, караса Алмаз:
— Алло, алло-о! — деп жатыптыр.
Уландысы бар…..