11-болум.
Кайда жөнөдүңүз, карга бок чокуй электе? — Саадат башын көтөрө сурады.
— Кетейин, кетпесем үй эмне болду.
— Көтөрүп кетмек беле, барасыз да, капырай, — дегенде Миргүл анын бул чын дилден айтканына ыраазы боло шагын сындыра албай отуруп калды. Саадат арыдан-бери экөө жаткан төшөгүн жыя салып, кызын ойготпой чай ичкен столуна чай-нанын коюп жатты.
— Убара болбой уктай берсең болбойт беле, бүгүн кыз да сменден келет, эртерээк барышым керек, ачкычты таппай калышат.
— Эми бир чыны чай ичиңиз, ботом.
— Мейли, эртең мененки ырыскыңды таштаба деген тура акылман карылар.
Миргүл менен Саадат бет маңдай чай ичип отурушту. Миргүл ичинен өзүн күнөөлү сезип атты: «Даамын сызып отуруп арам иш кылган жокмунбу, кудай кечире көр, иче турган ашыңа какырба, кайра өзүн ичип калышың мүмкүн дегендей кечир, кудайым» деп ичкен чайы менен наны тамагына тыгыла зорго ичти да, үйүнө кетти. Ал келсе Бүбай жаткан төшөгүн жыйып коюп, Самат экөө сүйлөшүп отурган экен.
— Кандай эс алдыңар?
— Жомоктогудай, — Самат жооп берди.
— Коюңузчу эй, — Бүбай уялган болду.
— Иши кылып мен да өткүр экенмин, Саматты көргөн жокмун, эчтеке билбей тынч барып уктап келдим, кой мен чай коеюн, — деп камынганда Бүбай:
— Чай ичтик, мен жумушка барышым керек, — деп ордунан турду. Самат калып, ал кетти. Миргүл аны узатып коюп, кайра кирип чай койду. Самат экөө чай ичип жатканда Миргүл:
— Кокус Саадат билип калса уят ай, экинчи бул жерге барбай башка жакка барып жүргүлө, даамын сызып отуруп, ашына кара санаганым болбос, — деди.
— Кызык экенсиң ай, ал экөөбүз эл көзүнө эрди-катынбыз, ал эми ортобуз сууп калды, элестет дагы мен экенмин, эрине барып келип жатса да унчукпай жүргөн.
— Ошентсе да адамдын жүзү жылуу, соорусу суук дейт эмеспи, сен эмес эле мен арамдык кылгандай жаман болдум.
— Эч коркпо өзүм жооп берем, баары бир биздин жашообуз болбойт. Менин көзүм эбак жеткен, экөөбүз тең өз-өзүбүздү алдап жашоодон тажап баратам, Миргүл, ал алтынчы-дем алыш күндөрү сөзсүз күйөөсүнө барыш керек, барбаса болбойт, — дегенде Миргүл каткырып алды:
— Кызыксың го, барбаса болбойт деп сен чыдап отура бербей кетип калбайсыңбы?
— Кете турганга болбой жатпайбы, ортодо көп иштер бар, чиеленишкен иштер, өз ара жардам тобунда аласа-бересемди бүтүрүшүм керек. Кечээ бир таанышыма жолуксам эле, «ай келдиңби сен келсең эле берем деп Саадат акча алды эле» дейт. Жиним келгенинен өзүнөн ал деп койдум.
— Кыз-зык, сени берет деп алган акчаны ал кайда алып барат?
— Күйөөсүнө же балдарына жумшайт, анан Самат төлөшү керек, өткөндө келсе жакшы кабыл албай «акча, акча дейсиң, атаң акча жасап атабы?» дептир. Карыз алып берип койдум, өзүм төлөйм да.
— Сенин жашооң кызыгаарлык экен, деги ачык сүйлөшүп, чечишип алсаңар болбойбу?
— Убагы келет өз ара жардам тобундагылар Саадатты сыйлачу, эми жаман көрүп жүрүшөт, — Самат андан аркысын айтып отурду.. .
Ортодогу чогулган акчасынан Саадат жыйырма миңди алган экен, эми ошону төлөшүп, кайра Саматтын кезеги келгенде аны да күтүп, Саадат ага бир күнү мындай деди:
— Самат, акчаны алгандан кийин сенин туулган күнүңдү өткөрөлү, бир кой алып кел. Беш жүз сомдон чогултуп алалы.
— Убагында шорпо менен тостук жетет, элүүгө чыкканымды ошондо эле ойлобойт белең, адам бир жылда бир жолу эле төрөлөт, эми өткөрбөйм, өзүңдүкүн өткөрүп жыйнап ал!
— Ал эмне дегениң?
— Ал ошо дегеним, же тигил үйүңө өткөрөсүңбү?
— Эмне деп эле жатасың, мен эч качан ага барбайм, балдар үчүн эле барып келип жатам.
— Кайсы кудай урган аял күйөөсү менен жашап жатып качанкы эрине барат, өзү келет-кетет бала деген. Болгон күчүмдү жумшап, тапканымды колуңа берип ушунча жыл, унчукпай келдим, дүнүйөдө эки күйөө менен жашаган сендей болгон эместир, бул замандын супер аялысың, сени дүйнөлүк китепке жазыш керек!
— Болбогонду сүйлөбөй жөн болчу, мен эриме кете бере турган болсом сен аялыңа барасың, болбосо башка аялга кетирбейм.
— Эмнеге, мен ага барбайм, андан кеткенмин эбак эле, мага жашоо оюнчук дейсиңби, сендей эмесмин!
— Андай болсо өзүм тандап алып берем!
— Сага жаккан мага жакпайт, мени эмне жаш бала көрүп атасыңбы, ушундайда өз жолуң менен бол, мени оюнчуктай колдонбо. Мен эркек башым менен чыдап отурам керек болсо, менден башка бирөө болсо эбак сени сабап жеткирип салмак, эгер ошол күнү төркүндөрүңдүн көзүнчө мени ала барсаң эриңе өзүм кошуп бермекмин.. .
— Ачууланбачы эми, эриме барганда аны менен жатып келип атат дейсиңби, барып балдарымдын кем-карчыларын толуктап, кайра келип жатам.
— Ал сенин ишиң, кыскасы мен өзүмө төрөй турган аял издейм да, өз күнүмдү көрөм! — Самат чыгып кетти. Саадат отурган жеринде селейди: «курган жашоо, дагы кандай оюнуңду баштаганы турасың, ошол мени башка эркек менен жашап келгенимди көтөрө алмак беле, бир кезде үйдөн кубалап чыгып, эми балдарды ортого салып мени кыйнады. Самат менин бардыгыма чыдады, кудай алдында күнөөмдү көтөрө албай өлөм го, пешенем кандай шордуу жаралдым экен» деп телмире отура берди. Самат ошол чыккан бойдон үч күндөн кийин келди. Бирок бири- биринен эч нерсе сурабады. Суз мамиле менен чай ичип, тамактанып, күндөр өтүп жатты.. . Самат ушуларды көз алдынан жипке тизген шурудай өткөрүп жатып айтып берди. Миргүл унчукпады, тек гана: «Тобо-о, же күйөөсүнө биротоло кетип калбай же мунун көңүлүн калтырбай койбой эмне деген аял, экөөнү тең кыйбай жүргөн го» деп ойлонуп жатты.
— Сен ойлосоң кээде басып кетким келет, бирок мен муну аяйм, ооруп калабы деп корком, кокус ооруп калса ал күйөөсү карабайт, дагы чыгарып коет.
— Кызык экенсиң, ал сени ойлобосо, сен аны аяп айтканың таң калыштуу, а өзүң ооруп калсаңчы?
— Мен ошону аяп гана жүрөм, — Самат улутунуп койду.
— Саадатты катуу сүйсөң керек?
— Сүйүү.. . кайдагы сүйүү, ал бир ныптасы иштебей ооруп зорго айыккан.. .
— Сен аны аяп жатасың, эгер сени ал аяса мындай иш кылбайт эле го?
— Айла жок аяйм да, күйөөсү аяп мамиле кылганда мындай болмок эмес, зорго сакайтып алгамын.
— Аа-а байкуш десе, кыскасы сен, аны жүрөгүңдөн аяп мамиле кылат экенсиң да, ээй тагдыр эй, кээде кызык тагдырга туш болосуң, боорукерди таш боору тепсендиге калтырат экен да. Сенин бул чийеленишкен тагдырың бул дүйнөдө жалгыз эместир, жашоодо толуп жатат, билинбеген өмүрдө нелер гана болбойт десең.. .
— Ошондо-ой, аял-эркек дос болот десе ишенишпейт, сенин мамилең мага достордой эле, сени менен сүйлөшсөм эс алып калчу болдум, ичтеги сыр адамды бук кылып акыры өлүмгө да алып келет экен, чынында кыйналып бүттүм, — экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, Айдана келип аларды көрүп эле:
— Дагы каякка барганы атасыз? — деди апасына.
— Каякка бармак элем, отурабыз жөн эле.
— Апаңды азыр алып кетем, Нурмира жок болсо эле иче албай калат белек, Бүбай үйдө күтүп жатат, — деп Самат тамашалады.
— Мейли, бара бергилечи, өзүңөрдү-өзүңөр билгиле.
— Биз эмне алыска кетет белек, Бүбайга эле жолугуп кайра келем, — Миргүл Самат менен ээрчише сыртка чыкты. Эки жакты каранып алды, деги адамдарга илээ жок да, үйүнө бирөө келсе да кеп кылат, ошондуктан өзүнө сөз ээрчиткенден сактанып алды. Көзүнө үй ээсинин аялы чалдыкты: «Ка-ап, эмне деп ойлойт эми » деп ойлоп жөнөп кетти. Алар келсе Бүбай чүмкөнүп алып уктап жаткан экен. Самат көнө элек болгондуктан анын үйүнө өзү баргандан тартынып Миргүлдү ала келген. Ээрчише кирген экөөнө Жази:
— Апам ооруп жатат, — деп айта салганда угуп калган Бүбай ордунан тура калды:
— Келгиле.. .
— Түнү менен уктаган эмессиң го? — Миргүл аны сырдуу карап, жылмайып койду.
— Жо-ок, салмактанып эле башым ооругандан жата калгам, Жази, чай алып келчи.
— Чай ичкенден тажадык, андан көрө бирдемең болсо алып келип калчы, — Миргүл Саматка карап көз кысты. — Пиво эле ичебиз.
— Нурмира эженин жогу жаман болду, ал болгондо эч камсанабай алып келе калат элем, — деп Бүбай күлүп туруп сыртка чыкты да, Жазини жөнөттү. Бир аздан кийин ал эки пиво көтөрүп келе калды, анан казан-аяк койгон столунун алдынан жарым бөтөлкө арак алып келди.
— Миргүл эже экөөбүз муну ичебиз, — деди да стакандарга арак куюп, бокалга пиво куюп Саматка сунду. — Алып коюңуз эми сүйлөп, — деди көздөрүн күлмүңдөтө ага сырдуу карап, стакан тийиштирди. — Ден соолукта бололу ээ, эже?
— Ооба, денсоолук болсо баарына жетет экен адам баласы, ууч топурактан сырткары болсок жакшылык өзү келет экен, ынтымак болсун, — деп Миргүл дагы алып ийди.
— Ой азаматтар оой, жөн эле суусап жаткансыңар го? — Самат экөөнү карай күлдү.
— Элестет, суусабаса деле ал-ал деп жатса кантип албай кое аласың, адамдын көңүлү гүл деген, ичпейм деп такыр айта албайм, — Миргүл актана кетти.
— Актанбай деле кой, көптөн бери Нурмира жок аябай зериктиң го, ал зорго эле жүргөндүр, ага барып келбейлиби?
— Барса барып келели, качан барабыз?
— Менин колум бошобойт, сиздер барып келиңиздер, мен эжеге берчүмдү берип жиберейин, — Бүбай аларга карады. — Менден салам айтып коесуздар да, — кылыктана Саматка карап койду.
— Сөзсүз айтабыз, тартууң көбүрөөк болсо эле айтып коебуз, — Самат дагы култуңдай күлдү. — Сенден салам айтпай анан.
— Самат айтат, мен билбейм, салам дубаңды ошого дайында, — Миргүл дагы ага жараша сүйлөдү.
— Эмнеге?
— Ошо.
— Кызыксыз го, эже? — Бүбай чычалагандай кызандап кетти. — Эмнеге антип атасыз?
— Бүгүн көрүп атасыңбы мени, же такыр эле тамашалашып көрө элек белек, ушунча да көтөрүмүң жокпу, ой бо-ой Бүбайжан, мен сени эмне дээр экен деп койсо.
— Ошентип дагы тамашалайсызбы? — Бүбай кайрадан кабак ача кыткылыктап күлүп ийди.
— Күлүп эле жүрчү, айланайын, бир паста ааламды кара булут каптагандай бүркөлдүң да? — Миргүл ордунан козголо колун булгалап койду. — Ааламды кара булут каптаса да, эч качан адамзаттын көңүлү карайбасын, кара булутту шамал айдап кетээр бир күн, көңүлдү агарта албайт эч ким.
— Акын болуп кеттиңиз го?
— Болсо эмне экен, ыр жазам.
— Ыраспы?
— Ооба.
— Жазган ырыңыздан айтып бербейсизби?
— Айтса айтып берейин:
Жарыктык, кандай сонун жалган дүйнө
Өмүрүң өтөр бир күн өкүндүрө.
Жашоонун эң акыркы мүнөттөрү
Кимди гана селт эттирбейт эске түшсө.. .
— Ай-ий, өзүңүз жаздыңыз беле же бирөөнүкүн жаттап алдыңыз беле? — Бүбай чындап эле ишенбей сурады.
— Мүмкүн башка нерсе уурдайттырмын, бирок бирөөнүн ырын меники деп айтуудан алысмын.
— Аябай ойлонто турган сөздөр экен, кимдер гана ойлобойт акыркы мүнөттү, ушинтип өмүрдөн өтөөр кез келет деп ойлонуп күткүчө билбей туруп өткөн жакшы го ия, эже? — Бүбай ойлонуп калды. — Кайдагыны айтып жүрөктү оорутуп койдуңуз, эже?
— Ал жүрөктөн чыккан сөздөр, Бүбай, атайын жаза албайм, өзүнөн-өзү келгенде жазганга үлгүрбөсөм кийин андай жаза албай калам.
— Илхом деңиз.
— Ошондой болсо керек?
— Сүйүү жөнүндө жазасызбы?
— Арак ичип мас болгонду эле билет дейсиңби, сүйүп да көргөмүн, сүйүү жөнүндө да жазам, — жылмайып алды.
— Айтып бериңизчи, жагып калды мага ырларыңыз.
— Ооруп турат жүрөгүм карабачы.
Канчалык мени сүйүп турсаң дагы.
Көз карашың өрттөп кетти жүрөгүмдү.
Суранам, ашыкча сөз деги айтпачы.. .
— Чын эле жакшы жазат экенсиз.
— Акын экенсиз чынында, — Самат сөзгө аралашты.
— Ыр жазгандын баары акын эмес, ырдай билгендин баары ырчы эмес деп коет го?
— Туура, эже, эл ичинде кандай гана таланттар бар, деги укмуш экенсиз.
— Аракты эле жакшы ичет дедиң беле, сиңдижан, — Миргүл күлүп калды. — Ичип да коем, арак кээде кыжаалат ойдон арылтып коет, ырдап да коем, бала кезде ырдагым келсе апам каршы болуп: «Артистер бузулуп кетет, сен артист болом десең турпагымды түйүп берем» деп мени урушуп койгон. Ошентип асыл максатымдын бири аткарылбай калган.
— Жаман болуптур, мурункулардын түшүнүгү ошондой эле да.
— Алар эски кишилер болгон, ошо апаңдын тилин алып сөзүн уккан сен ыймандуу кыз экенсиң да?
— Ыймандуу болгондо кандай, бирок өмүр бою ичимден өкүнүп жүрүп өтө турган болуп калбадымбы? — Миргүл улутунуп алды.
Бир кезде сахнадан өзүн элестетип алып чоң максат койсо да ишке ашпай үмүтү жанып арманда калганына көкүрөгү өйүп турган өңдүү.. .
— Мейли эми ойлонбоңуз, азыр биздин отурушубуздун көркүсүз го, жетет ошол деле? — Бүбай күлүп койду.
— Чынын айтсам сен деле аябай жакшы ырдайсың, сенин үнүң аябай ачык, бийик дагы.
— Мен зериккенде, же отурушта эле ырдап койбосом ырчы болууну максат деле кылган жокмун.
— Эми ар кимдин өз каалоосу бар да, кой, Бүбай, мен кеттим, түш болуп калды, аябай отурдук, — деп Миргүл туруп кете турган болду эле Самат аны токтотту.
— Балаң ыйлап калдыбы, анча эмнеге шаштың?
— Миргүл эже ыр жазганга шашып атат.
— Ооба. Илхамым келип калды.. . — Бүбай аны узатып чыкты. — Кой эми кире бер.
— Миргүл эже, Самат аке чындап эле үйлөнөт бекен?
— Төрөй турган болсо дейт.
— Саадат эжечи?
— Ажырашат да ушинтип жүрө бермек беле?
— Билбейм, дагы жолугабыз го?
— Мейли, анда мен барайын, сен жакшылап кармай бер, жаңыдан эле башталды го? — Миргүл басып кетти.
— Жакшы барыңыз, — Бүбай каткырып койду.
Самат экөө көпкө отурушту, Бүбай көз кыйыгын сала Саматты улам карап коюп отурганда:
— Сүйлө, Бүбай, — деди Самат.
— Эмнени сүйлөйүн, сиз баары бир Саадат эжеден кете албайсыз, эгер ал билип калса эмне дейт, сиз анын мыйзамдуу күйөөсүсүз да?
— Андан кам санаба, сен мага уул же кыз төрөп берсең болду, ал эчтеке дебейт, экөөбүздүн жашообуз алда качан экиге бөлүнүп калган.
— Бүтүрсөңүз анан көрөбүз, ага чейин…
— Эмне ага чейин, качкың келип жатабы, эми менден кача албайсың, баары бир менин колума түшөсүң акыры, — Самат аны бөйрөктөн чукуй тийишип, тамашалап жатты. — Мен бир жармаштымбы жарганаттай жармашып чыкпайм, колго түшкөн коенду кое берген оңобу дегенди билесиңби? — Самат аны копол кыймылы менен жулмалап өпкүлөп бир аздан кийин бышылдап өйдө болду.
— Коюңузчу эй, жаман киши экенсиз, болду дейм! — Бүбай кыткылыктап, анын алдында маашырлана кылыктанып жатты.
— Болбойм, абдан ширин экенсиң жыттаган сайын кумарым канбай жатат, — Самат кайра басып жыгылды, экөө көпкө чейин ооздорунан өбүшүп, бойлошуп, бири-биринин бутуна бутун асып алышып жата беришти. Саматтын курсагы эле тоскоол болбосо экөөнүн айырмасы билинбей калды бул учурда. Он үч жаш айтканга улуу көрүнгөн менен аял менен эркектин ортосундагы мамиле билгизбей коюшу мүмкүн экен. Канчалык өзүнүн жаштыгына чиренип, боюн ала качканы менен кумар деген кумар экен да…
— Кызым келип калбасын, туруңузчу, — Бүбай Саматты өзүнөн ары түрттү. — Туруңуз дейм.
— Койнуңа киргим келип жатат, өзүмдү кармай албай калдым, — Самат аны кое бербей кучактап алып мойнунан, көкүрөгүнө колун салып төшүнөн өөп жатты.
— Болдучу, болду дейм, балдарым келип калат, — деп Бүбай суурулуп чыгып жоолугун оңдоп, кучагынан чыгып кетти. — Уялбайсызбы?
— Эмнеден уялам?
— Чак түштө, — кылыктуу, ага ичинен ыраазы болгондой күлүп койду. — Чак түштө бирөө көрсө же Саадат эже келип калса…
— Ал менин артымдан баспайт, эгер түшсө эмне болоорун жакшы билет ал, — Самат компоюп койду. — Мен өзү бир гана сүйлөйм.
— Укмуш адамсыз го, эркектердин баары аялына ушундай мамиле кылса…
— Өзү ошого жол берген, менин артка кайтпасымды жакшы билет.
— Ошончолук болгон экен, ажырашып алсаңыздар болбойбу?
— Анын өз убагы келет.
— Эмне, аялыңызды катуу сүйөсүзбү?
— Сүйүү дегенди жаш кезимден башыман өткөзгөнмүн, эми болсо жөн гана сыйлашып жашагандан өтөөрү жок.
— Мени эркелетпеңиз, алдабаңыз, байкеси, менин төрт балам бар, эрмек боло албаймын сизге, мени тынч койсоңуз экен, күйөөм дагы келип-кетип турат. Ал көрсө да башкача ойлойт, кызым менен балам да чоңойуп калды, бир нерсени сезип калышса уят, мени жаман көрүп калбасын, мындан ары келгениңизди токтотуңуз.
— Оп-по! — Самат аны жылмая карап калды. — Аялдын амалы кырк эшекке жүк дегени чын, жаш болсоң да бир топ амалдуу экенсиң. Ойлоп кой, Бүбай, мен кайырмагыма илген балыкты кое бербейм, бир эмес он мүдөөмдү аткарам десе да.
— Эмнеге?
— Ошо менден кутулушуң кыйын дегеним.
— Кызык экен…
— Кызык оюнду экөөбүз баштадыкпы, бирибиз жеңип чыгышыбыз керек, же жалган айтамынбы?
— Түшүнбөй да калдым.
— Бир күнү түшүнөсүң, сөздөрүмдү жакшылап ойлон, эртең же кечинде келем.
— Жакшы барыңыз, — деген Бүбай унчукпады. «Кызык адам экен, мен туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы, жашы бир топ улуу болсо да илинип алдым, эми акырын күтүүгө туура келет» деп ойлонуп алды. Ошол убакта беш жашар кызы кирди:
— Апа, курсагым ачты, нан жейм.
— Бар өзүң нан алып жей бер!
— Чайчы, чай бербейсизби?
— Чай ичет белең, азыр анда, — Бүбай термосту алып келип, нан-чайын коюп, чыныга чай куйду. Кызы менен чай ичип отурганда Жази менен уулу кирип, тегеректей отуруп чай ичиле баштады. Бүбай балдарынын ар бирин карап ойлуу отура берди.
***