Эки куйоолу аял 10 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

10-болум.

Ой, кайран элдер, жаткан экенсиңер, — деп кирип келди.

 

— Самат, арак таап келчи? — Нурмира аны карады. — Өлгөнү турам, мени үйдөгүлөр сураса жокмун!

 

Пример HTML-страницы

— Ой, жиндиле-ер, силер жинди болгондо да нак жинди экенсиңер, — Самат күлө баш чайкаганда Нурмира:

 

— Жаның кейип атабы, барба анда, отур өзүм барып алып келем, — деп кийинип жөнөдү. Таң атпай Айдана жумушка кеткен. Ээн-эркин калышты.

 

— Кой жата бер, мен алып келем, — Самат чыга качты.

 

— Апкелбей көрсүн, мага эркелесе мен табам, мен да эркелеп коеюн да? — деп Нурмира жатып алып сүйлөп жатты. Бети-башы барыгып, шишип калган, Миргүл андан бетер тура албай жатат. Ошентип Көкөн менен Нурмира үч күн жатып, анан кичи кызы Айнурдукуна таң эрте чыгып кетишти. Миргүл ордунан тура албай бир жума жатты, ошол убакта Самат келип калат, ага боору ачып, кыздарынан тартынып унчуга албай кетип жүрдү. Бир күнү ал:

 

— Сен кыйналбай жүз грамм ичип койсоң эс алмаксың, минтип жатсаң өлбөйсүңбү? — деди.

 

— Ошону билген уул гана деген тура, эстүү жигит этекке чаптырбайт, жакшы ат камчы салдырбайт дегендей өзүң деле билип, эч болбосо пиво ала келбейт белең?

 

— Кызыңан корктум, Нурмиранын кызынан бетер оозума арак такап турса канттим?

 

— Антпейт, урушат дечи түбүңө жетпейт.

 

— Билбейм, корком кыздарыңдан, — деп Самат көпкө отуруп өз көйгөйүн айтып кирди. — Энең ушуга бүт өмүрүмдү арнап келатсам ошентпедиби, эмне кылаар айламды таппай калдым, төрөй турган жашыраак аял болсо жакшы болот эле?

 

— Тиги Бүбайчы, жагабы сага?

 

— Кайсы?

 

— Нурмиранын батириндегичи, жигиттерди көргөндө тим эле көзү кылгырат.

 

— Канча баласы бар?

 

— Төртөө го дейм.

 

— Апий, бирөөнүн балдарын баккандан медаль аламбы, тигинин төрт баласы менен эрин он жыл бактым, анын да балдары чоңойсо жинди-кунду болсо да өз атабыз деп энесин сүйрөй качса дагы талаада калам го?

 

— Ким билет, анысын айта албайм, бирок жаш төрөшү мүмкүн.

 

— Төрөсө дагы жылбай калат эле.

 

— Пешенеңден көрөсүң да, андан көрө мени алып алсаң болмок, төрөйм деп убада бералбайм, — Миргүл тамашалай каткырып калды.

 

— Алам, эмнеге албайм, тиесиңби?

 

— Жо-ок ай, жашыраак Бүбайды сага көндүрүп берем, — Миргүл ага ишеничтүү айтты. — Бирдеке дейсиңби анан?

 

— Көндүрсөң көрөбүз.

 

— Эртең сөзсүз.

 

— Макул.

 

— Анан Саадат билип калсачы?

 

— Энесин урайын, билсе да эчтеке дей албайт!

 

— Анда сүйлөштүк.

 

— Келе колуңду!

 

— Мына, — экөө кол алыша кетти.

 

— Аның ансыз деле кээде мага кылгырып жүрөт, менден бир ооз сөз чыкса өзү эле келгидей.

 

— Койчу?

 

— Койбой эле.

 

— Ишенбейм ай.

 

— Ишенбесең көрөбүз, сен мага эле кошуп бер, андан кийинкисин өзүм билем.

 

— Болуптур.

 

— Эртең канчада?

 

— Түштөн кийин Бүбайдын үйүнө барам, анан ээрчитип чыгам, ага түшүндүрөм.

 

— Анда кеттим, эртеңкиге сүйлөштүк, — Самат туруп жөнөмөк болуп баратып: — Сөзсүз аа? — деди.

 

— Сөзсүз, мен аткарам, сени билбейм.

 

— Мен сөзүмө турган жигитмин өзү.

 

— Турбасаңчы?

 

— Эртең көрөсүң.

 

— Мейли, жакшы бар.

 

— Жакшы кал, — Самат чыгып кетти.

 

— Көрүшкөнчө, — Миргүл ойлонуп отуруп Бүбайга жолугууну ойлонуп ордунан туруп, кийинки көчөгө жөнөдү. Ал ошондо Бүбай менен ачык эле сүйлөшөйүн деп ойлоп ага барса дем алыш күн болгондуктан, ал үйүндө экен. Ойноо балдары эшикте жүрөт, чоңоюп калган кызы ага жардам берип жатыптыр. Миргүлдү көрүп эле ал күлүп-жайнап тосуп алды:

 

— Келиңиз кайда жүрөсүз, кайсы шамал айдап келди деги?

 

— Келдим да, сени сагынып кетип эле келип калдым, ырас үйдө экенсиң, — деп Миргүл кызын карап койду, ал кинону карап калды эле Бүбай кызына:

 

— Жази, тур бар, тайкеңе барып келчи, мүшөктөр келиптирби билип кел дебедим беле, эрте барып келе кал, — деп Миргүлдүн бирдеме айта турганын сезгендей жумшап калды. Тултуңдай кино көргүсү келген Жази кийинип, зорго үйдөн чыкты.

 

— Бүбай, Саматты жакшы эле билесиң да?

 

— Кайсы, жанагы сиздер менен сүйлөшүп отурчу кишиби?

 

— Ооба, ошол, ал төрөй турган аял издеп жүрөт, сен жаш эмессиңби, күйөөңөн деги ажырашкансың, эгер туура келсе сүйлөшүп көрбөйсүңбү? — Миргүл Бүбайды сынай жооп күтүп карап калды.

 

— Койчу эй, эже, мен киста менен операция болгонмун да, бирок күйөөм балдарыма келип-кетип жатпайбы? — Бүбай ойлуу отуруп калды.

 

— Андан кийин төрөсө болбойт бекен?

 

— Билбейм.

 

— Ойлонуп көр, эртең экөөңөрдү жолуктурам, кыскасы ал абдан табышкер, сени жөн эле багып алат, — Миргүл ага жан-алы калбай Саматты мактап жатты.

 

— Сиз тим эле аны менен бирге жашап жүргөндөй мактайсыз да? — Бүбай кыткылыктап күлүп калды.

 

— Кошо жашабасам да көптөн бери билем, айтып отурса арманы күч экен, бооруң ооруйт, — Миргүл Саматтын айткандарын саймедиреп бүт айтып берди.

 

— Кызык ай, ошондой аял бекен, ээ? Тим эле эчтеке билгизбейт го, баса, сизге бир кызыкты айтып берейинби?

 

— Эмне деген кызык экен ал?

 

— Саадат эжени бир жолу базардан көргөнмүн, аябай мас болуп алып, ак чач киши менен колтукташып алыптыр болчу. Тим эле өзүн билбейт, жанындагысы да мас болчу, экөө колтукташып кетип жатканын көргөм, кийин көрсө ошол Самат акенин аялы экен.

 

— Ой, сен көргөндү мен деле бир-эки жолу көргөм, өзү көп ойнойт окшойт да.

 

— Андай аял эчтеке билгизбейт да, кокус мен бирөө менен таанышып же сүйлөшүп калсам өзүм эле жарыя кылмакмын, ичимде эч нерсе жатпайт, — экөө тең күлүп калды.

 

— Сизди билип калдым го, жашырганды билбейсиз, жатсаңыз да айтып коесуз.

 

— Ошо да, кандай жан экенимди өзүм да түшүнбөй кетем.

 

— Бирок сиз андай эмессиз, ичсеңиз деле андайыңызды көрө элекмин, Нурмира эже экөөңөр жигиттерди тоногонду эле билесиздер, жаш кезиңиздерде кандай болдуңуздар экен. Сөзүңөр эки болбой эле алдыңыздарга арак, пиво, окорачка менен колбаса туруп калат, азыр жаш болгонуңарда тим эле баарын тизип коймок экенсиңер, — Бүбай кыткылыктап күлүп тамашалай калды. — Өткөндө сизди күйөө чыгып жатат деп уктум эле?

 

— Ой ага мен калыңымды өзүм бычам, эки жылкы алып келип эшигимдин алдына байлап койсоңор өлгөнүмчө кызмат кылам дегем жок болушту, — Миргүл дагы күлдү.

 

— Жаман кымбат айткан турбайсызбы?

 

— Ал менин күйөөгө тийбейм дегеним да, менин бир гана максатым бар, күйөөдөн да ошон үчүн ажырашып кеткенмин, аны эч ким билбейт, айтпайм дагы, — Көпкө телевизор карамыш болуп ойлонуп отуруп калды: «Мен жөн гана жүргөн жокмун, ар бир кадамымда мас же соо болсом да өзүмдүн жан дүйнөмдү байытчу байлык издеп жүрөм. Эл ичинен издегеним жакшы сөз, түгөнбөс элимдин кенчи болгон улуу күч издеп жүрөм» деген сезимдери кайдадыр учуп бараткансыды.

 

— Миргүл эже, эмнени ойлонуп калдыңыз? — деген Бүбайдын үнү селт эттирди.

 

— Мм.. . эмне дедиң?

 

— Эмнени ойлонуп кеттиңиз?

 

— Тиги телевизорго берилип кеткен турбайынбы? — күлүмүш болду.

 

— Билбейм, сүйлөп жатсам деле отурасыз.

 

— Кино кызык экен.

 

— Киного кызыкпайм такыр.

 

— Баса, кечинде келем, мен барайын анда.

 

— Мейли, мен үйдө болом, Нурмира эже жок жаман болду ээ, эже, чогулуп турчу элек, мен деле кирбей калдым дүкөнгө.

 

— Чыныгы адам кадырын айбан кайдан түшүнсүн, акча, байлык болсо көздөрү тумандап калдыбы. Чөнтөгүндө акчасы, кесесинде толо ашы болсо менден өткөн адам турганын, анын жан дүйнөсү кандай таза экенин алар сезишпейт. Эне-атанын бала үчүн канчалык кымбат экенин ойлогулары да келбейт, бир күнү ошонун жакшы сөзүнө, отурган ордуна зар болгон кез келээрин сезбейт.

 

— Чын эле. Ичесиң деп Аселканы тим эле жаман урушат, ошого жини келип эле ичип алат байкуш эже.

 

— Ал дагы жүрөгү таза, жумшак аял да, ички сырын ачык айтып, балдарым ушундай деп айтуудан саксыгат, тартынат байкуш, болбосо ушул экөөбүз эле дейсиңби, дүйнөдө балдарынан кагуу жеп, көзүнөн жаш ордуна кан агып, жүрөгү бычак тилгендей сыздаган энелер азбы?

 

— Ошо да, эби менен урушса болмок, Нурмира эже кирин жууп, тамак-ашын жасап, кадимки эле күңдөй кызмат кылат. Тоону томкоруп жаткансып келип ичип-жеп алып, өз бөлмөсүнө өтүп кеткенин кантесиң. Кийим-кечесин алып берип, өзүн кулдай жумшагыча тынч эле айылга кетирип ийсе болмок.

 

— Эми дагы жакшы, тиги кыз келип, колу бошоп калды, кечке ошолордун камынан эле бошочу эмес, кой эми аларды ушактап күнөөсүн жеңилдетип койдук окшойт, мен кетейин, кечинде келем, — деп Миргүл өз жолуна түштү.

 

— Жакшы барыңыз эй, келип турсаңыз жөн деле, — деген Бүбай узатып калды.

 

Үйүнө келген Миргүл кино көрмөк болуп жатып алды, дивидиден индия киносун коюп жатып: «Кандай гана өз салтын бекем кармаган эл, деги ушулар жашоосунда дагы ушундайбы же жазгандары көркөмдөп койду бекен? Эх жашоо, колумда акчам болсо элчилеп ар кайсыга коротпой Индияны өз көзүм менен көрүп, салтты бекем кармаган, кармабаганын билсем кандай сонун болот эле. Мен дүнүйө-мүлк жыйнабай эле дүйнө жүзүн кыдырууга жумшамакмын » деп ойлонуп жатты. Деги эле адамдын адамдыгын бир башыңа оор иш түшкөндө, жан дүйнөң жабыркап көңүлүң ооруп турганда гана билсе болот. Эгер сени ошондой мезгилде таштап койсо ал сени күнүмдүк гана эмгегиң, чөнтөгүңдө пулуң болуп турганда жандап, жаныңдан чыкпаганы адамкерчилигинин аздыгы, жалаң гана кошоматчылыкты эңсегени. «Бала жеп балапан башым куурады» деген сөз бекеринен айтылган эместир. Айрыкча эне сүлкүлдөгөн жаш чагын, эч нерсеге алмашкыс курагын көкүрөгүн кайгы ээлеп, жүрөгүн мыкчыган оор азап, жашоодон тажаткан окуя болуп өтсө да кызыл эт наристеси үчүн баарын курмандыкка чалып, көргөн кордугу ушул наристесин чоңойтуп алса эле ойдогудай болуп кетерин ойлоп, күтүп жашап келет. Чачы куудай агарган кезде ошол наристеси бойго жетип алып, эненин кечээги азап-тозогун кайра башына салса, ичип алып жаңжал кылганы же тапканын колко кылып корсоңдоп зээнин кейитип, жүрөгүн муздатканы арман эмей эмне? «Бири кем дүнүйө» деп ата-бабалар ошон үчүн айтышкан тура, киши өлтүргүч канкорду да, эл башкарган баатырды да, ажону да эне төрөгөн, алпештеп багып өстүргөн, уктап атса чымындан коруп, тынч уйкусун сактаган. Ал эми пенде өлгөндө да ошол жатаар жери кара жер, ак кездемеге оролуп тынч уйкуга да бирдей эле катардагы пенде катары чын дүйнөдөн орун алат. Тирүүлүктү жараткан пенделерине сыноолор үчүн берген, жаныбарлардан айрымасы акылы жетик болуп гана жаралганы…»

 

Ушуларды ойлонуп жатып кинону да көрбөй жата берди. Ал бүгүн жалгыз, кыздары да жумушта, небереси мектепте, жалгыз чай ичкиси келбейт. Аңгыча айланага карыңгылык кирип калганда ордунан туруп сыртка чыгып, Бүбайга жөнөмөк болду эле, ошол кезде Самат келип калды:

 

— Кана убада? — күлө карап калды ал.

 

— Азыр, ага сен жөнүндө айттым, калганы өзүңөрдүн колуңарда, мен болгону себепкер.

 

— Анда кеттик.

 

— Жаш келиндин дарегин укканда токтоно албай калдың да, отур чай ичебиз, жалгыз жүрөккө эч нерсе барбайт, киши жокто эчтеке иче албай жүрө берем.

 

— Мен да ошондоймун, жалгыз иче албайм да.

 

— Ал тамактан алсаң.

 

— Алып атам, бүгүн Саадат жок, сен жалгыз экенсиң жаныңа жатып алсамбы? — тамашалай күлө карап, жооп күтүп калды.

 

— Мени эмне кыласың, чай ичкенге шерик издегеним менен төшөктө жалгыз жатканга көнүп калгам, бүгүн сен Бүбай менен жакшылап таанышып, сырын тартпайсыңбы?

 

— Көрөбүз, анын менден башка да «сүйгөндөрү» болсочу?

 

— Аны ким билет, колуң жетпей туруп кызганбай куруп кал, кантсе да жаш эмеспи?

 

— Аның туура дечи, бол эми өзүң кирип чык.

 

— Азыр, — Миргүл Бүбайдын үйүнө кирип кетти. Батирлердин катарында бир бөлмөдө турчу Бүбайдын үйүнө баш бакты Миргүл.

 

— Келиңиз, эмне мынча кеч? — Бүбай жылмая тосуп алды. — Сизди келет деп күтүп жаткамын.

 

— — Келдим, жүрү эшикке сүйлөшөлүчү, — Миргүл анын балдары менен инисинин көзүнчө сүйлөшкөндөн айбыга эшикке чакырды. Ал экөө эшикке ээрчише чыкканда Самат алдынан тосуп алды. Алар мурда эле таанышып, бирок жакындан сүйлөшчү деле эмес. Бүбай, кандай, чоюлуп эле көздү күйгүзөсүң! — деп тийише сүйлөдү.

 

— Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

 

— Со-онун, сендей сулуу кыздарды аңдып эле жүрөм.

 

— Коюңузчу?

 

— Койбой эле.. .

 

— Жаман тамашакөйсүз да?

 

— Эмесе кыз-жигит, мен кете берейин, үйүмдө киши жок, — Миргүл өз үйүнө кетмек болду.

 

— Кое турбайсызбы, омей, кетем дебей тура туруңузчу, — Бүбай аны токтотмок болду.

 

— Негизги ишим бүттү, ашык баш караандын силерге эмне кереги бар? — Миргүл экөөнү калтырып жөнөй берди.

 

— Миргүл эже! — Бүбай жалгызсырагандай анын артынан кыйкырып кала берди. Ошол түнү эле алар баарына кайыл болуп, биригип алышыптыр. Түбөлүккө эмес утурумдук бири-биринин көңүлүн алып турууга, күнүмдүк жетишпестикти толуктап, азга көңүл көтөрүүгө. Миргүл эми жатмак болуп жатканда эшик такылдап калганынан ача койсо экөө.

 

— Ой, эмне болду?

 

— Биз сага конок болууга келдик.

 

— Келгениңер жакшы, — Миргүл дасторконун коюп, чай-пайын даярдап алып келди. Үчөө аркы-беркини айтып, сүйлөшүп отурушту. Анан Миргүл Саадаттын жанына кетмек болду. Самат менен Бүбай анын үйүндө калды. Түнкү саат он бирлерде Миргүл Саадаттын эшигин такылдатып кирип келди.

 

— Келиңиз, кайдан караңгыда?

 

— Ой, үйдө эч ким жок, жалгыз жата албай койдум.

 

— Самат дагы жок, аны көргөн жоксузбу?

 

— Жо-ок, жумушта беле?

 

— Үйдө эле болчу. Кечке жатып, кечинде жоголуп кетти.

 

— Ал анда кыз уулап кеткен го? — Миргүл күлүп койду.

 

— Ошондой го, кыздарды тапса мейли го, жалан эле чоң катындарды таап алат.

 

— Ошол да өзүнчө ырахат эмеспи, адам кээде көкүрөк черин жаза бирөө менен сырдашып, сүйлөшүп алса эс ала түшөт, жаштар аны түшүнмөк беле, эси-дарты акча, аны махабат ойчул элестетип сөз укканга жарабайт.

 

— Анда эмне арман болмок эле, башы оогон кезде басып кетмей адаты кармаганда кете берет, — деп Саадат бир аз толкундана ачуусу келгенден улам ызалангандай сүйлөдү.

 

«Тобо-о, эки эркектин ортосунда жүрө бергиси бар го, адамдын жан дүйнөсү менен иши да жок. «Эки аяктуу болсо эле адам дебейбиз, ал адамдын жүрөгүн жылытпаса, аюу ичик болсо да тон дебейбиз, ал адамды жылытпаса» деп Токтогул атабыз айткандай, өзүн гана ойлоп өзгөнү ойлобогон пенде болот тура» деп Миргүл ойлонуп алды.

 

— Чай ичиңиз, Миргүл эже, — Саадат ага чыны узатты.

 

— Тим эле койбойт дагы, жатаарда көп ичип алсаң ашказандын эле шору.

 

— Эми, капырай, келген кишини чай ич деген салт тура.

 

— Ырас айтасың, — Миргүл нандан чымчып оозуна салып, чайдан ууртап алып: — Саадат, сенин оюңча Самат тескери жүрөт деп ойлойсуңбу? — деди.

 

— Ой, ошону эле ким карап туруптур, дегеле ушундан тажап кеттим, кетсе кете берсинчи, башым да оорубайт!

 

— Жашаганыңарга канча болду?

 

— Он үч жылдан ашты.

 

— Көп болгон тура, бири-бириңерге жытыңар сиңишип калган турбайбы, анан Самат кантип тескери басмак эле, бир жерде карта ойноп же сүйлөшүп отургандыр.

 

— Эмне болсо ошол болсун, — Саадат сиркеси суу көтөрбөй чырт эте түштү. — Мага десе кете берсин.

 

— Ошо кантип болсун, кой антип айтпа, үйбүлө туткасын экөөңөр бирге камагансыңар болбойт да, эми ажырашып кетпегенден кийин.

 

— Күйүп кетесиң да, заматта көздөн кайым болуп турса же жаш бала эмес, тоо-бо! — деп койду ал. Миргүл андан кийин ашыкча сөз айтуудан тартынды. Унчукпай салып берген төшөккө жатып калды. Саат он экидеги өчө турган светти ойлоп, телевизор карап жата берди, бир кезде жалп деп жарык өчтү. Ар кимиси үндөбөй уктоого киришти. Буга чейин Саадаттын көз карашынан күйөөсүн өзүнөн кызгана турганын сезчү, эми эмнегедир башкача сезимдер калды. Өзүн башкача көрүп, көтөрүңкү, «сен ким элең» дегендей бир көз карашта болгонун билди, анын анысына да терикпеди. Бирок бир топ жыл жашап чиедей жаш балдарын бактырып, ал турсун күйөөсүнө тамак-аш ташып жүрүп тапканынын берекесин кетирип, карыздарына төлөп жүрүп, качан балдары бой жеткенде баягысын унутуп эки күндүн биринде эрине барып келип турган бул келиндин адамгерчиликсиздиги, бечаралыгы жүрөгүн өйүттү. «Пендени көр пенде деп ошол үчүн улуу даанышмандар айтат тура, эгер жер үстүндөгү бир күндүк жарыкчылыкты мыкты баалап, жашоонун баркын билип бири-бирин сыйлап өтөөр болсо жер үстү бейпилчиликте, кой үстүндө торгой жумурткалап жыргал өмүр сүрүшмөк. Ооба, пенделерде андай болбойт, бири-бирин көрө албастыгы, өзүнөн өйдөрөөгүнө көз арткан ичи тардыгы өнүккөндүктөн, адамдар өлүмгө, кайгы-муңга батып, жер эненин касиетин тебелеп тепсеп өтө беришет» Ушул ойлордон арыла албай жатып, уктап кетти. Ал түш көрүп жатты. Түшүндө бийик тоолорго чыга албай жылмышып атат, бир убакта эптеп жатып чыкса тоо башы жапжашыл ыраңдуу койкойгон көк шибер экен, негедир ары жагы жар. Миргүл ал жардан учуп кетчүдөй коркуп турса алысыраактан аппак тайлак көрүндү, ал чөгүп жаткан экен. Миргүл аны көздөй басса ал улам сайын ары жылгансыйт, анан кулагына үн угулгансыды, тыңшап калды. «Сен намаз окуп кудай жолуна түш, сенде чо-оң кереметтүү касиет бар, аны сезбей жүрөсүң, тез арада намазга жыгыл» деп үн чыккан жакты караса алыстан бүлбүл гана болуп мечит көрүндү. Негедир буту ошол жакты көздөй шилтенгенде ортодо мунарык каптап, аялдар менен жаш балдар көрүнүп аларга аралашып кыйналып жатып ойгонуп кетти. Кара терге түшүп, жүрөгү лакылдап калыптыр, терезеден жарык түшүп калган экен, ордунан туруп кийинди да, кетмек болду.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️