Пример HTML-страницы

Ээн талаадан кармалган 4 балалуу адам менен айдоочу жигит сөз айтуудан баш тартышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата райондук соту баңгизат чогултууга айыпталган адамдарга карата 2023-жылдын 26-декабрында өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучулар кимдер?

Айыпталуучу Боронбек (аты өзгөртүлдү Б.Г.Ж.) 1987-жылы Талас шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Талас районундагы айылдардын биринде жашайт. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен айып тагылган.

Бердигул (аты өзгөртүлдү М. уулу Б.) 1998-жылы Талас районунда туулган. Талас—Бишкек каттамында айдоочу. Ага дагы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен айып тагылган.

Окуянын чоо-жайы:

Боронбек менен Бердигул жакшы жашоого жана коомго пайдалуу иштерди жасаганга толук мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү боюнча анча оор эмес кылмыш жасоо жолуна түшүшкөн. Тактап айтканда алар 2023-жылдын 16-ноябрында Бакай-Ата районунун Маданият айылына келип, ошол эле айылдын түштүк тарабындагы айдоо талаасынын этегинен, камыштардын арасынан, жапайы өскөн кара куурайларды өздөрү колдонуу үчүн баштыкка чогултуп, кетип бара жатышкан жеринен кармалышкан.

Айыпталуучулар эмне дейт?

Боронбек соттук отурумунда күнөөсүн толугуү менен мойнуна алып, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ага катар эле кара куурайды өздөрү колдонуу үчүн бир аз эле теришкенин, кылганына өкүнүп турганын, карамагында 4 баласы жана карыган ата-энеси бар экенин айтып, камакка байланышпаган жаза дайындоону суранды.

Айыпталуучу Бердигул да күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ал дагы кара куурайды өздөрү колдонуу үчүн бир аз эле теришкенин, кылганына өкүнүп жатканын билдирип, үйүндө жалгыз багуучу экенин айтып, камакка байланышпаган жаза дайындоону суранды.

Милиционер эмне деди?

Сотто Талас ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү да көрсөтмө берди. Ал 2023-жылдын 16-ноябрында Бакай-Ата районунун Маданият айылындагы талаада 2 адам кара куурай терип жүрөт деген маалымат алганын айтты. Айтылган жерге барганда талаалар башталган жолго жакын жерден 2 адам кетип жатканын көрүп, аларды текшеришкен. Айыпталуучу Бердигулдун сумкасынын ичинен 2 баштыкка салынган кара куурай табылган.

2023-жылдын 26-декабрындагы экспертизанын жыйынтыгында алардын жанынан табылган зат, жалпы салмагы 184,9 граммды түзгөн марихуанна экендиги такталган.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Боронбек Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен айыптуу деп табылып, 3 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде ал эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 2 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды.

Бердигул да Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен айыптуу деп табылып, 3 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде ал дагы эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 2 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE