ЭҢ КЫСКА КЕҢЕШ
Экөө бирге келди. Күйөөсү менен аялы. Мага биринчи ирет келишти. Бүгүнкүгө бешинчи жуп. Чарчадым. Курсагым да ачты. Ошодонбу өзүмө күч берип коем, чыда деп. Сабырдуу болууга тырыштым.
— Мен психологго биринчи ирет келдим! — деп, ары ачуулуу добуш менен күйөөсү бурк этти. Түрүнө карасаң «мында атамын башын жоготтумбу» дегендей көрүнөт.
— Аялым болбой алып келди.
— Анан?
— Не анан? Балабыз бар. Менин балам. Жүргөн бир жинди, акылсыз! — деди, өз-өзүн кармай албай.
— Жинди деген психалогиялык диагноз, — дедим ага чарчаган добуш менен, — Ушу мааниде жиндиби?
Байкасам, күйөөсү мага жиндини жаңы көргөндөй тешилип карап калыптыр. Анан аялына бурулуп, сен мени каяка алып келдиң дегенди ымдап билдирди. Аялы бүрүшүп алган. Орундуктун четинде гана отурат. Көзүн алып качат. Колун эки тизесинин ортосуна кысып алган. Куйөөсунун мазасы жок. Мага бурулуп карады. Үндөбөйт. Мен да. Бир убакта чыдабады. Мурункусунан бетер ачууланды.
— Не деген психологсуз өзүңүз? А?
Айтып түшүндүрсөңүзчү мага, не кылуум керек?
— Кимди?
— Баламды!
— Ага не болду?
Эркек таң кала көзүн чоң ачып туруп карады. Менин көк мээлигиме, анын оюн дароо түшүнбөгөнүмө ичи күйүп барат. Кайрадан аялына «мына келесоону кайдан таптың?» деген көз караш менен тыржыя карады. Бирок аялы душманына абдан үйрөнүп алган аскердей. Көзүн көтөрбөй, үндөбөстөн отурду да койду. Өңү бозоруп кетиптир. Бар күчү күйөөсүн мага алып келүүгө кеткенин байкадым.
— Ал чектен чыгып кетти. Түшүнөсүзбү? Акылсыз неме… Жашы болгону 14 тө. Кылганын көрсөңүз, шумдук…
— Неси шумдук?
— Үйгө келдим. Жумуштан соң. Ал батиңкесин бөлмөнүн ортосуна, килемдин үстүнө коюп салыптыр. Мен ага: «Бул өмүрдө бир нерсени туура жасаганды качан үйрөнөсүң? Жок дегенде бут кийимиңди эшиктин жанына койсоңчу, жиндиге окшоп төргө чыгарбай» дедим. Такыр түшүнбөйт. Мал… Жүз ирет айткан чыгаармын. Батиңкени эшиктин жанына кой деп. Ага өмүрдө баары оңой болуп атат да. Түшүнөсүзбү? Телефонду сындырды. Эч нерсени баалабайт. Мага эч нерсе айтпайт. Тилин жутуп алгандай бетиме мезирейип карайт. Апасына сөз кайтарат. Үй ичинде эч нерсе жасабайт. Бирдеме айтсаң, тешик кулак, укпайт. Уят да, ар да жок. Эми ага не кылсак болот? Сиз психологсуз го! Кеңеш бериңизчи! Сиздин айтчу акылыңыз барбы?
— Бар, — деп жооп каттым. Психологтун бардык эрежесин бузуп.
— Бул проблемадан чыгаар чечим да барбы?
— Бар, — дедим өзүмчө билгич болгонума өзүм таң калып.
Билесиздерби, психологиялык кеңеш берүүнүн өзүнүн алгоритми болот. Айрыкча, биринчи ирет келип отурган адамдар үчүн. Биринчи кездешүүдө маалымат жыйноо, суранычын аныктап, байланыш түзүү деп үйрөткөн. Эч кандай терапияга жол жок. Чечим тууралуу айтпай эле койоюн. Мага не болгонун билбеймин…
— Уулуңуз менен кандай тил табышууну билбейсиз, сизди туура түшүндүмбү?
— Ооба, дал ошондой..
— Чечим бар. Жана ал өтө карапайым. Бирок сиз аны жасай аласызбы, жокпу аны билбедим, — дедим, чынында да күмөн санап бетине тешиле карап.
— Ии? Айтсаңызчы эми?
— Аны айтпайт. Аны жасоо керек.
— Не жасайын?
— Уулдун аты ким?
— Антон.
Ушу кезден чектен чыкканымы сездим. Кесиптештерим түшүнөөр. Бир барак кагаз алдым. Маркер менен «Антон. 14 жаш» деп жаздым. Аны кабинетимдин эң төрүндөгү бурчка алып барып койдум. Жанагы кишиге ошол барактын үстүндө балаңыз турганын элестетиңиз дедим.
— Кандай? Көз алдыңызга келдиби?
— Ооба..
— Эми акырын ошол баракка жакындаңыз да анын үстүнө туруңуз, балаңыздын элесине кирип, уулуңузга айланыңыз, — дедим.
Анын мага ишенбей күмөн санаганы бетинен анык билинди. Бирок айтканымы эки этпей орундады. Көзүн жумду.
— Эми эмне сезип атканыңызды баяндаңыз?
— Мм..Жалгыздык. Коркунучтуу жалгыздык.
Тамагым буулуп калды. Ыйлагым келет.
— Эмнеге?
— Таарыныч, ыза… Баары урушат, зекийт.. Бул да туура эмес, тиги да.. Өмүр сүргүм келбейт. Мен баарына бир монстр сыяктуумун. Мени эч ким жакшы көрбөйт!
— Баары деген кимдер?
— Баарына..
— Ким алар?
— Атам..
— Сен андан не каалайсың?
— Бир ирет болсо да башыман сыйпаса экен. Мактаса экен. Ахыбалым кандай экенин сураса экен. Мен да жигитмин го. Мени менен мактанса экен деймин..
— Демиңизди ичиңизге тартыңыз. Сыртка чыгараарда барактан аттап кетиңиз..
Эркек үндөбөй орундугуна жакындады. Отурду. Укмуштуудай тынчтык. Аял көзүнүн жашын сүртүп отурат.
— Мен баарын түшүндүм, — деди, бир убактан соң күйөөсү үнү каргылданып, — Баарын түшүндүм. Мен да бала күнүмдө өзүмдү дал ушундай сезчүмүн. А, атам дайым урушканды гана билчү. Эми мен да дал ошону кайталапмын. Мен баарын түшүндүм. Рахмат..
Көзү тунук экен. Аялынын көзү да туп-тунук. Өңү да башкача мээримдүү көрүнүп кетти…