Данияр (аңгеме)

https://kyrgyzcha.site/?p=59996&preview=true Кызыктуу окуялар.

Данияр

(аңгеме)

 

Жума. Бул күндөгү биринчи эле жумушум киоскиге барып, гезит сатып келүү. Күтүп окуган гезитти барактап отуруп, адатта көңүл деле бурбаган «таанышуу бурчуна» көз жүгүртүп калдым. Ар бир ысым көз электен өтүп жатты, кудум өзүмдүкүн издеп

аткандаймын. Бир ысымга көзүм түштү. ДА Н И Я Р… Ооба, бул менин кайсы бир чыгармадагы сүйүктүү каарманым! Мен ага чындап ашык болгонмун. Жада калса, ак боз ат минген ханзаадам да дал ушул ысымда болот деп бүтүм чыгарып алганымчы… Оюмда Данияр аттуунун баары дал ошол каарманымдай болот десем керек… Чындап кызыгуум артты. Балким, менин бактым дал ушудур? Бирок… Бирок, ал жерде «Даниярдан» үчөө болчу. Үчөө менен тең таанышмак белем? Кимисин тандайм? Оюма бир нерсе кылт эткендей телефонду колго алдым. Үчөөнө тең жөн гана «ДАНИЯР» деп билдирүү жөнөтүп койдум. Бирөөдөн дароо “ким бул?»деген билдирүү, көп өтпөй экинчисинен жөн гана «?» белгиси келди. А үчүнчүсүнөн жооп жок! Күттүм. Бир саат өттү. Дале жооп жок! Жиним келгендей болду. Бул эмне мени тоготпогонубу деп номерин тердим. Чакыруу кетти. Биринчи «чакыруу», экинчиси, ал тургай

үчүнчүсү. Трубканы коё берээримде:

Пример HTML-страницы

-Алло?,- деди байланышта пайда болгон Данияр.

-Алло? Даниярбы?,-дедим демимди баса. Күткөнүмдү билгизбешим керек да.

 

— Угуп жатам?!- деди ал да теңсинбеген үн менен. Өзүнчө эле «деловой».

-Таанышкың келген экен, ошого чалып жаткам.

-Тескерисинче сиз эмеспи? Чалып жаткан мен эмесмин го дейм, э?

— Эгер билсеңиз гезит бетине номеримди мен берген эмесмин!

— Анан…

— Анан мен жөн гана бул кызматтын сапатын текшерейин деп эле…

— Ии, сапаты кандай экен?

-Байкайбыз да эми, – дедим какшыгына жооп кылып.

-Биздики Данияр болот. А байкоочу бийкечтин аты ким болду экен?

-Ажар.

-Жакшы атыңыз бар экен. Сулуусузбу?

-Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу дейт.

-А-а да. Ошондойбу? Кечиресиз анда! А жашыңыз канчада?

-Кыздын жашын сурабайт дегенден кабарыңыз жокпу?!.

— Ай-иий, сизге суроо бергенге да жүрөк даабай калды го, чиркин!,- деп

Данияр кокусунан эле каткырып жиберди.

-Сыягы, коён жүрөк окшойсуз..?-дедим мен дагы бош калбай.

-Хе-хе, а неге антип ойлоп жатасыз?

-Жүрөк даабай атат дегениңизден…

-А кайсы жерлик экениңизди таап көрсөм, ага уруксатпы?

-Уруксат алдым деп ойлой бериңиз.

-Эм-ми, сөздөрүңүздөн байкасам Жалал-Абаддын илеби уруп жаткандай… Жалал-Абаддансыз, туурабы??

-Илебиби, э?

— Күлүп жибердим.

-Туура эмеспи, эмне?!

-Нарындан!

-Нарын?!

-А эмне анча чочудуңуз?

-Жо-ок. Эмнеге чочумак элем…

-А сизчи?

— Жерлигимби? Таластан болом.

-Сонун жердин суусун ичип чоңойгон турбайсызбы! Ал жерди Манас

бабабыз жердеген эмеспи! А сиз кароол дөбөгө чыгып көрдүңүз беле?

-Жо-ок. Убакыт…

-Кызык го?! Бул жакта биздин көзүбүздөн учуп жатса, сиз түбүндө

туруп барган эмессиз го?

-А сиздин баргыңыз келеби?

-Аябай!

-Анда сиз Таласка келин болуңуз да, күндө барып турасыз…

-Көрүш үчүн сөзсүз келин болушум керек экен да, э?!

-Тамаша, албетте! Кааласаңыз өзүм алып барып келе алам…

— Экөөбүздүн сөзүбүз чоюлуп кетти.

— Данияр мырза, мейлиңиз! Менин китепканага баруу убактым да келип калды…

-Китепкана?! Ой-тобоо, азыр да китепканага барчу адамдар бар экен да, э?!

— Сиз алардын бири менен сүйлөшүп жатасыз, билсеңиз.

-Керемет! Мейли, жакшы адамдарга тоскоол болбойлу, э!

-Жакшы калыңыз!

-И, баса, биз дагы сүйлөшөбүзбү?!

-Ал жагын бактыңыздан көрүңүз эми, — деп трубканы койдум жылмая. Кызык, мен мынчалык көпкө балдар менен сүйлөшө алчу эмес элем. Ал менден же мен андан тажап кетип, трубканы койгонго шашчубуз. А Даниярчы? Бул аралыкта ал мени тек жылмаюуга гана түрткү кылды. Жатаарда телефонума билдирүү келди. Даниярдан экен. «Бейпил түн, ширин кыз! Жакшы түш көрүңүз! Абайлаңыз периштелер уурдап кетпесин аябай сулуу кыз экен деп.» Жүзүмө жылмаюу чакырган бул билдирүү мени таттуу уйкуга узатты.

Күн шашкеде телефон шыңгырады. Данияр экенин билдим.

-Кутман күн!

-Кутман күн!

-Маанайыңыз кандай , сулуу кыз? Күн чайыттай тийип турат негедир…

-Туура. Маанай мыкты буюрса!

-Сиздики мыкты болсо биздики кантип жаман болсун! Тиги, сиз канчанчы курстасыз быйыл?

-Эки…

-Демек 19-20 жаштардасыз!- деди кудуңдай.

-…-үнсүз жылмайдым.

-Эмне менен алек болосуң өзү! Окуйсуңбу же иштейсиңби?

-Окуумду таштоого туура келген үй-бүлөлүк шарттар боюнча.

Иштейм. А бош убакыт сиздики китепканада өтсө, биздики спорт залда өтөт.

-А демек спорттун күйөрманымын дечи? А кайсы түрү менен машыгасын?

-Бокс

-О-оо, сонун го! Эмнеге эле коён жүрөк десе чычалап жатат деп коём…

-Ошондой…

-Атыңды ким койду эле «Данияр» деп?

-Апам коюптур. Бирок, мага жакпайт!

-Неге?!- таң кала сурадым.

-Апамдын биринчи сүйүүсүнүн аты Данияр имиш. Анан атам экөө

ушунун айынан көп урушчу. Ошон үчүн.

-А мен сага «Данияр» болгонуң үчүн чалганмын да…

-Хе-хе, ошол үчүнбү? Себеп? Же сенин дагы биринчи сүйүүң Данияр

беле?

 

-Ошондой десек да болот эми. Бирок, меники жөн гана каарман эле.

-Каарман?!- Данияр каткырып жиберди..

-Ооба, күлкүлүү, э?…

-Жо-ок, тескерисинче өтө кызыктуу го! Билесиңби, мен жада калса Данияр болуп төрөлгөнүмө ыраазы болуп кеттим.

-Неге-е?-деп күлүп жибердим.

-Мага чалбай коймок экенсиң го…

Телефондун ары жагынан келген жылуулуктун аптабы жүрөгүмдү

каптап баратты. Сөзүбүздүн аягы жоктой… Курбуларым күнү-түнү телефон менен сүйлөшсө, кыжырым келчү. Эми минтип алардын тонун кийип калганымды карачы.

-Гезит аркылуу канча кыз менен тааныштың?

-Бир беш-алтоо чалса керек. Бирок, алар менен көп болсо он мүнөт гана сүйлөшө алгам. Гезит бетине бергениме да өкүнүп кеткем, ар ким чала бергенинен. Номеримди өчүрүп да салсамбы деп аткам.

-Деги кандай максатта бердиң эле ал жерге?

-Жамийлама издөө салып да! — деди Данияр куудулдана.

-Анан? Таптыңбы?

-Билбейм. Бирок, жүрөгүм «таптың» деп туйлап жаткандай…

-Алдабаса болгону…

-Бизде да үмүт чоң аябай! Эй, чын эле жашоо кызык нерсе? Эгер

чындап кудай буйруп, экөөбүз баш кошуп калсак, бизди табыштырган

ушул гезит болот экен да, э? Анан кийин балдарыбызга «Биз гезит аркылуу таанышканбыз» деп жооп бермекпиз… А мен сени «Менин Жамийлам» деп эркелетсем болчудай экен, э?…. Данияр өзүнун кыял деңизине мени кошо ээрчите кетти. Ишенгим келди негедир.

-Ажар?

-Оу?

-Мени көрүүгө ашыкпай элесизби? Мисалы, бизде каалоо өтө күч!

-Мммм… Биз макулбуз! Акыры ким менен сүйлөшүп жатканымды

билишим керек да.

-Жакшы! Анда эртең жолукпайлыбы?

-Мейли. А каяктан? Канчага?

-Аянттан. Саат алтыга.

-Мейли.

— Анан, Ажар айым, бизде немецтин каны бар экенин унутпаңыз, э!

-Хе-хе, мындай нерсе кыздардын колунан келе турчу иш эмес го дейм.

Кыз каадасын кылып кечикпесек да болбойт го…

-Макул, макул! Башкысы келсеңиз болду жолугушууга! — Трубка

коюлду.

***

Аянт. Жаңы жылдык балаты айланасына көп адамды чогултуптур.

Кишинин көптүгүн айтпа! Быйылкы жылы аянтты аябай кооздошуптур.

 

Ар кайсы жерде эле «селфи» кылган жаштар. Ал аңгыча телефон шыңгырап калды.

-Алло?

-Келдиңизби, сулуу кыз?

-Келдим, келдим. Кай жагындасын? Киши көп го? Мен сени кантип

тааныйм?

-Мен желек жакта турам. Желектин өңүндөй кызыл куртка үстүмдө, а астым кара , башымда болсо кара топу бар.

-Мен деле ошол жактамын…Каяк жагында турасың…. А көрдүм! — Дароо трубканы койдум. Данияр сүрөттөгөн кызыл курткачан жигит үшүп-тоңуп жер тепкилеп турат. Артынан секин басып келип, көзүн колум менен жаптым. Дароо мени карады. Орто бойлуу, кызыл беттүү жигит мени суроолуу тиктеп туруп калды…

-Салам!,-дедим жылмая.

-Салам? А сиз кимсиз?!

Түшүнбөй «кандайча» дегичекти телефон шыңгырап калды.

-Кайда жүрөсүң, мени көрдүм дедиң эле го? Кайсы жагындасын?

-Данияр?!-дедим таң калган үн менен.

-И?!

Адашып калганымды туюп, тиги жигиттен кечирим суроого шаштым. Бурула бери басканда, маңдайымда колуна жумшак оюнчукту кармаган, Данияр сүрөттөгөн жигитти көрдүм.

-Данияр?- дедим суроолуу, аяр үн менен.

-Дал өзү!- деди мени жылмая тиктей. Бет алдымда узун бойлуу, чымыр денелүү, мурду кырдач, кирпиктери узун болгон, жымыңдаган кара көздүү жигит турат. Менден көзүн албай, тигилип туруп калды.

— А, билесиңби, Ажар, сенин көздөрүң менин апамдыкына окшош экен. Кудум аныкын сага салып койгондой. Мен жылмайып алдым.

— Ко-ош, сиз менен кандай учурашсак болот? Сизге кандайы жагат? Кол алышканбы же жүзүңүздөн сүйүп учурашканбы?

Жооп бере албай онтойсуз абалда туруп калдым.

-Демек, экөөсү менен тең,- деп колумдан алып, чекемден сүйүп койду. Элейип эле туруп калдым.

Көчө аралай бир топко сейилдедик,ар кайсыдан кеп сала. Сөзүбүз бүтүп-бүтпөй аны менен коштоштум. Үйгө эрте жөнөшүм керек эле.

-Дагы жолугабызбы?- деди Данияр колумду коё бербей.

-Билбе-ейм. Бактыңды дагы бир ирээт сынап көрөлүк, э?

-Эртең телефонуңду өчүрбө э, чалам!

-Буюрса! Жакшы кал, Данияр!..- Басып баратып артыма кылчайсам, мени узатып карап туруптур.Колумду болушунча булгаласам, ал дагы ошону эле күтүп тургансып, эки колун бийик көтөрүп,булгалады. Автобуска отуруп, үйүмө жөнөп кеттим. Жолду карата анын элеси мени коё бербеди. Кар бурганактап жаап жаткан. Терезеге тийип жаткан кардын бүртүкчөлөрү анын кызыл курткасына себелеп жаткандай элес калтырды. Үшүп калбады бекен?…

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️