Дүйнөдө энеден артык жан жок!

https://kyrgyzcha.site/?p=65726&preview=true Кызыктуу окуялар.

Атым Эралы, 34 жаштамын. Бир үйдүн чоң уулумун. Алты бир тууганбыз. Кудайга шүгүр, ата- энем, бир туугандарым баары аман.

Борбор калаага келгенибизге эки жылдын жүзү болду. Атам- энем орто жашаган кишилер. Мага там салганга жардам берип, анан күнүмдүк тиричилигимди кылууга машина алып берди. Жардам берди дегеним, мен дагы эл катары Орусиялап иштеп келдим. Үйүмдүн жарты акчасын таап келдим десем болот. Кыргызстанга келип там салып, анан үйлөнөм деген тилек менен кеткен элем. «БАЛАМ, ОКУП АЛСАҢЧЫ»- деген сөзүнө карабай кеттим. Досторумду ээрчип. Бир туугандрымдын баары жогорку билимдүү, арасынан мен гана орто билим менен калдым. Кудайыма шүгүр, ата- энем билимдүү кишилер болгондуктан, бизди абдан жакшы тарбиялаган. Окуу кеч эмес, эми деле окуп алам,- деп жүрөм.

Шаарга келип үй салып, чакан там той берип, мен үйлөндүм. Бир кыздуу болдум. Ошол аралыкта, окуп да жүрдүм. Кызым Айданектин бал тили чыгып, аталап турса, ого бетер бакытка мас болдум.

Бош убактымда такси айдайм. Үйдүн майда чыгымдарына акча табам. Келинчегим бухгалтер. Кызымдан кийин дагы кош бойлуу болуп, азыр жумушка чыкпай, үйдө олтурат. Буйруса көз жараарына аз калды.

Күн сайын таң эрте кызымды бакчага мен жеткирем. Жанымдагы олтургучка олтуруп алып, үн алгыдан чыккан ырга кошулуп ырдап, бакчага жеткенче мени кошо алаксытып, эркелейт. Карап олтуруп көздөрүм тойбойт. Эми кичине иниси, же сиңдиси жарык дүйнөгө келсе, эркелиги калар деп келинчегим экөөбүз ойлонуп алабыз. Абдан эрке. Айтканы орундалбаса бир күн кечке ыйлачу адат тапты.

Бүгүн дагы кызымды бакчага алып бардым. Дароо шашыла чыктым да, такси деген жазууну машинамдын үстүнө коё салып, бош убакытты текке кетирбей жумушка жөнөдүм. Тааныш байкелердин жанында кезегимди күтүп туруп калдым. Негизи кардар азыркы убакта машинаны да өзү тандайт. Андай учурда капа болмой жок.

Жарым сааттай турган соң, толмоч келген келин таксисттер турган жерге келди да, менин машинамды ачып олтура кетти.

-Кеттикпи? Айдоочу ким?!- деп өктөм сүйлөдү. Мындай учурда кардардын абдан ачуулуу кыялы дароо билинет. Эмнегедир ошол келинди жеткирүүдөн баш тарткым келип турдум.

— Айдоочу мен. Кайда барабыз? — дедим.

Келин ороңдой сүйлөп, Бишкектин чет жагындагы дачалардын бирин айтты. Мен болсо алыстыгынан улам да баш тарткым келип, дароо эле акчасын көп айттым. Келинди машинамдан чыгып кетишин кааладым. Бирок тескерисинче, мен айткан акчага көнүп «кеттик» деди.

Эми баш тартуу кыйын болуп калды. Айткан акчага көнсө бара берейин, деп аргасыз айдап жөнөп кеттим.

Жолдо бара жатканда кардар телефондо бирөө менен башка тилде сүйлөшүп баратты. Анын келбетинен таза кыргыз эмес экенин билген элем. Ошентсе да кыргыз тилинде так сүйлөйт экен.

Бир далай жүрүп, болжогон жерде жетерге аз калганда, кардар дагы бирөөгө коңгуроо кылды. Бул сапар кыргызча сүйлөдү.

— Мама, үйдөсүңбү! Чыгып кал жетип калдым. Акчаңды унутпа. Баятан бери чалсам албайсың! Тездет!- деп телефонду өчүрдү.

Эски жыгач тамга жетип келдик. Короосу орустун жомокторундагы үйлөрдөй жыгач менен оюлуп кооздолуп курчалган экен. Келин, «азыр, акчаңды берет!»- деп бурк этип машинадан түшүп кетти. Ушундай алыс жол жүрүп келип, өзү бербей түшүп баратканына ачуум келди. Үн каткан жокмун. Келин короого жеткенде ача салып бели бүкчүйгөн арык, маңдай чачтарын ак баскан жоолукту мойнуна бура таңып салынган кемпир чыгып келди. Келин колун эрбеңдетип, апасына бир нерселерди сүйлөп жатты. Бүжүңдөгөн эне, жасалма күлүп, аны тынчтандырып жаткандай туюлду.

Кийин машинага келип, эски чүпүрөктө оролгон акчаны алып мага сунду. Эненин бырыш баскан арык калтырак колдорунан акчаны алуу мен үчүн азап болду.

Акчаны колума берип, «рахмат»- деп үйүнө кирип кетти.

Мен болсо жол бою ойго батып келе жаттым.Энелер, кандай гана мээримдүү жансыңар. Өз баласы үчүн баардыгын жасаган, мээнетин аябаган. Баласы үчүн жанын кыйган ааламдагы энелер аман болушса экен. Колумдагы акчаны чөнтөгүмө салууга батына албай турдум. Ошол акылы кем келин дагы эне да. Өз балдарынан көрөт го бул нерсени. Же, бул нерсеге ашыкча эркелетип өстүрүү себеппи? Ооба, ашыкча эркелетүү да болбойт тура кызды деле, баланы деле. Жол акысын апасына төлөтүп, жана дагы ороңдоп урушканы көз алдыман кетпей турду.

 

Ошондо бала кездеги бир окуяны эстедим. Атам чоң таргыл уйду сатып,»апаңар шаарга барып, өзүнө кийим алып келсин. Кышкы пальтосу да көп жылдан бери эскирди. Сен апаң менен бар. Көтөрүшүп келесиң,- деп мени кошуп берген. Шаарга биринчи келишим, укмуш сүйүнгөм. Дордой базарды кыдырып жүрөбүз. Апам байкуш ай, ошондо өзүнө кийим алмак кайда. Барар замат мени кийинтип кирди. Жылуу куртка, топу, бут кийим, байпак, күрмө баарын алып берди. Бала экенмин да. Апа, эмнеге өзүңө албайсың? — деп айтканга акылым жетпеген экен. Кийин, менден кийинки иниме да көп нерсе алды. Менин кийимдеримден бир аз кичине кылып алып жатты. Кубанычым койнума батпай үйгө келдик. Мен каалаган оюнчукту да алып берди. Ошондо апам өзүнө эч нерсе албаган экен. Кечинде атам апамды аябай урушканы эсимде. Апам үн катпай кутулду. Иним экөөбүз кудуңдап жаңы кийимдерди кийип алдык. «Атаң айта берет. Кыш жакындап калды. Эски киймди киймек белеңер. Жылуу жаңысын кийгиле,- дегени эсимде.

Ошол күнү кечке чейин ар түрдүү бала кездеги окуяларды эсиме салып жүрдүм. Ата- энеге бөбөк кезде түйшүк артсак да, чоң киши болгондо артпайлычы туугандар. Кечинде бакчадан кызымды алып, анын ойноп баратканын бир далай тиктеп алдым. Кызыма туура, татыктуу тарбия берейин деп чымырканып алдым. Мен өзүм ата болгондо ушул нерселерди түшүндүм. Дүйнөдө энеден артык жан жок! Ал биз үчүн отко дагы секирет!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️