CЫР

https://kyrgyzcha.site/?p=48347&preview=true Кызыктуу окуялар.

CЫР

 

Жумушта, бош убакытым боло калса, колума тийген китепти окуп отура бермейим бар. Адатымча китеп окуп отурсам, чогуу иштеген жигит:

-Эже, дагы эле китеп окуп отурасызбы? Китептен тажай элексизби?.. ”-деп жылмайды.

— Жакшы китеп тажатпайт… Улам бир окуяга сүңгүп кирип кетесиң да, — дедим, китептен көзүмдү албай.

-Мен да бир кезде китеп окуганды аябай жакшы көрчүмүн… Бир окуядан кийин, окугум келбей калды, — деп, жаныма отурду.

— Эмне окуя, анчалык эле китепти жаман көрсөткөн?

Окуп отурган китебимди жаптым да, ага таң калычтуу карадым. Суроомо жооп бербестен, кайра мага суроо берди:

-Сиз, ушул чыгармалардын авторлорун кандай адамдар деп ойлойсуз?

-Кандай болмок эле?.. Сен экөөбүздөй эле, эки колу, эки буту бар, баштары бирөө… Суроосуна тамашалай жооп бердим.

-Жо-ок… Мен аны сурап жаткан жерим жок… Мисалы, ырлары бир сонун, окусаң жан эргиген… Дүйнө жүзүндөгү болгон сулуулукка суктанган, ар бир жаман нерсеге күйүп-бышкан ырларды жараткан адамдын ич-дүйнөсү да ошондой деп ойлойсузбу?

Мени сынай тиктеди.

-Анан кандай болмок эле?.. Жүрөктө болуп жаткан нерселерди жазышса керек да… Же, эмне, бирөөнүн калоосун кагаз беттерине түшүрүшмөк беле?

-Сизге ар кайсы суроолорду берип башыңызды ооруткандан көрө, мен сизге, башыман өткөн бир нерсени айтып берейин… Анан сизге баары дайын болот…-деди да, мени угасызбы дегендей суроолуу карады.

-Айта бер, — дедим, баш ийкеп.

-Анда аңгемем башынан болсун: ХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

-Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Кичинемде эле ата-энем ажырашып кетишиптир. .. Атам армиядан катуу таяк жеген көрүнөт. Келгенде “башым ооруйт” дегени менен догдурга көрүнбөй жүрө берип, үйлөнүп-жайлангандан соң оорусу күчөп, жин ооруга айланган имиш. Оорусу кармаганда айылды түрө кыдырып, кыйкырып-өкүрүп, жолунан кезиккен адамды таш-бараңга алып, өзүнчө сөгүнүп-сагынып, айтор аябай жаман болчу экен. Апам анысына чыдабай, мени көтөрүп алып, төркүнүнө кетип калган экен. Ошондо, байкуш чоң атамдар апама ыйлап барышып, мени, жалдырап жатып, өздөрүнө алып келишкен турбайбы. Ошону менен апам бир кайрылбаптыр. .. Менин бар экенимди деле унутуп калган көрүнөт. Ким билет?.

Маектешим оор улуттунуп алды…

— Атам жин оорудан арыла албай жүрүп, эрте эле кайтыш болуп кетти… Оорусу кармабаган мезгилде абдан шайыр, жароокер адам эле. Менин ар бир айтканымды чын көңүлү менен аткарууга даяр болчу. Үйдүн алды алма-бак… Көп убактыбызды ошол жерде өткөрчүбүз. Атамдын күтүүсүз кармаган оорусунан корккон чоң апам айыл-апага да чыкпай калган. Чоң атам пенсияда экенине карабай иштөөчү…

Аңгемесин токтотуп, бир чекитти көпкө тигиле карап бир саам отурду да:

-Мунун баарын айтып отурганымдын себеби, айтайын деген окуямдын ошо кездерге да байланышы бар… –деди.

Сөзүнө тоскоол болбоюн деген ойдо, унчукпастан, “айта бер, кулак сенде” дегендей, баш ийкедим.

-Чоң-атам, чоң энемдин көздөрү тирүүсүндө, ата-энемдин бары-жогу билинген эмес. Алды болбосок да, элдин артында эмес элек. Менин көзүм менен тең айланып, бар-жок эмне экенин билгизбей өстүрүштү. Мектепти аяктаар жылы, экөө бири-биринин аркасынан кайрылгыз сапарга узап кете беришти. Ыйлай-ыйлай жайларына узаттык.

. Эл жалгыздыгымды билгизбей, болгон жардамдарын көрсөтүштү. Бирок… Жай-жайларына бергенден кийин, бир үйдө ээнсиреп жалгыз калдым. Атам жалгыз бала болчу. Жакын тууган таба албай кыйналдым… Элдин да өз түйшүгү, өз жашоосу бар эмеспи… Айтор, менин жалгыздыгымды тең бөлүшкөн, үйдөгү итим… Ич-бугумду ошого айткан күндөрүм арбын эле болду.

Мектепти бүтөөр менен жогорку окуу жайга сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, ишке орношуп алдым. Айылым шаардын четинде. Жумушка барам, келем, китеп окугандан башка кылаарга иш жок. Чоң атамдын өздүк китепканасы боло турган…Үйдө турган китептин бирин калтырбай окуп чыктым…

Билинбей жазгы сессиям башталып калды. Кышкы сессияда группалаштарды деле көргөндөй болгон эмесмин. Бирин-экин келип кетишчү. Мында көп келишиптир. Арасынан бир кызга имерилип калдым. Кызга болгон сүйүүдөй эмес… Башкача сезим… Өзүмө таң калам… Ал келбей калды дегиче, көңүлүм бир нерсени жоготкондой кайсалай берет. Сабакка көңүлүм чаппай, ойго түшүп кетем. Эмнегедир бирөөлөрдөн кызганган күндөрүм да болду. Менин ушундай карындашым же эжем болсо деп кыялданам. Бир күнү аудиторияда экөөбүз гана калыптырбыз.

. Бир пара жогунан баары каяккадыр чыгып кетишкен сыяктуу. Улам бир теманы сүйлөшүп отуруп, китеп окуганды жакшы көрөөрүмдү айттым. Эртеси бир китеп көтөрүп келиптир. “Муну сага алып келдим,”-деп, мага сунду. “Рахмат,”-деп, китепти колума алдым да, көнгөн адатымча, биринчи бетин ачып эле, автору менен тааныша баштадым. “Автору-атам, ”-деди сыймыктанып. “Ырлары сонун… Окуп, кайра бересиң да… Атамда калганы ушул эле болсо керек… Жок экенин көрсө, урушат,”-деди жылмайып. “Атаң ыр жазабы?” “Ооба,”-дегендей баш ийкеди. “Мен канча аракет кылсам да, ыр эмес, жакшылап кат да жаза албайм. Ырды жөн киши жазбайт… Ал да Кудайдын берген белеги болсо керек,”-дедим.

Үйгө бараар менен китепти окууга кириштим. Чын эле, абдан жакшы жазылыптыр. А, мүмкүн мага ошондой сезилгендир. .. Айтор, чын ыкласым менен, берилип окудум. Сүйүү ырлары, Мекенди, туулган жерди сагынуу, жаратылыштын ажайып кооздугу, эне-бала жөнүндөгү ырлар… “Ушинтип, куюлуштуруп кантип жазышат,”-деп, акындын калемине суктандым.. Эртеси китепти берип жатып: “Кандай бактылуусуң. .. Ушундай кишинин кызы болуш өзүнчө эле сыймык болсо керек,”-деп, чын ниетим менен айттым. “Ооба да,”-деди кыткылыктай күлүп: “Каалайсыңбы, атам менен тааныштырайын, ” Ойдо жок сунушту айтканына шашып кеттим. “Кой, уят эмеспи… Эмне деп таанышмак элем,”-дедим, кайсалактап. “Эмне демек эле? “Группалашым болот… Келечектеги күйөө балаң…”-деп тааныштырам. Калганын ошондо көрө жатаарбыз да,”-деп, мени сынай карап, кыткылыктап күлүп турду. Күлкүсүнүн жагымдуусу, ай! Ушундай бир керемет, сөз менен айта алгыз… Канча күлсө, ошончо уккандан тажабас элем… Азыр да, ошол күлкүнү сагынып жүрөм…

Билинбей, сессия да аяктады. Эмки окууну күн санап күттүм. Сессиядан сессияга ошо кыз үчүн барып жүргөндөй элем. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйүшкөн жокпуз… Ээрчише басып сырдашкан да жокпуз… Бирок, кандайдыр бир күч аны көздөй жетелейт да, турат. Кадимкидей сагынам… Эң жакын кишимдей… Анын ар бир сүйлөгөнүнөн, күлкүсүнөн, дегеле турган-турпатынан дем-күч алгандай болом… Анын бул жашоодо бар экенине чын ниетим менен ыраазы болуп кетем.

Ошентип жүрүп, билинбей окууну бүтөөр мезгил да келип жетти… Ой-боюма койбой, үйүнө чакырат. Анын сезимин билбейм, кандай экенин… Мени жакшы көрсө керек деп кээде чоочуп кетчү болдум. Анда мындай сезимдин болуп калаарына неге кыжаалат болом, өзүм да түшүнбөйм. Экөөбүздү сырттан карагандарга кыз-жигиттей көрүнүшүбүз толук мүмкүн. Жадагалса группалаштар да ошондой ойлошсо керек. Бирок мендеги сезимдин кызга болгон сүйүүдөн айырмаланып турганына толук ишенем…

Бир күнү анын сунушуна макул болдум. Экөөбүз ээрчише анын ата-энеси менен таанышууга жөнөп калдык. Ошол 4-5 жылдын ичинде атасынын далай ырларын окуп, аны таанып калгандай болгом. Ошентсе да, акынды бир көрүүгө негедир куштарланып, өзүмдү бактылуу сезип, эки бетим алоолоп жанып, кызды ээрчип бара жаттым. Үйлөрү окуу жайдан өтө алыс эмес райондордун биринде экен. Бат эле кирип бардык… Ата-энеси күлө-жайнап тосуп алышты. Баарынан да, апасынын берээрге ашын таппай карбаластап жүгүргөнүнө ыраазы болуп турдум. Тамактанууга чогуубуз менен отурдук.

. Негедир апасынын көзү жылуу учурайт. Кайдан көрдүм эле дегендей астыртан карап коём. Ал да мени башкача карап жатты. Кыргыздарга тиешелүү, ата-тегимди сүрүштүрүү башталып калды. “Кай жерлик болосуң? Ким дегендин баласысың? Ууруң ким?” Атасынын ар бир суроосуна экзамен тапшырып жаткандай калчылдап, араң жооп берип жаттым. Улам бир суроосуна жооп берген сайын, өңү негедир кумсарып кете берди. Апасы бетин басып чыгып кетти. Атасы зиркилдеп: “Жүрү жигит, экөөбүз мындай сүйлөшөлү,”- деп сыртка жөнөдү. Артынан илкий бастым. Неге сөзүбүздүн аягы мындай нукка бурулуп кеткенине түшүнө алган жокмун. “Ата, силерге эмне болду?” Кызы аркабыздан чыкты эле, “Сен кир нары жакка!”-деп атасы кыйкырды. Сыртка чыктык. Мени акшыя карап: “Сен биздикине ушундай жол менен келейин дедиң беле?!”-деди. Дагы эле эч нерсе түшүнгөн жокмун. Эмне деп жооп айтышты билбей жалдырап туруп калыптырмын. Дагы бирдеме дей электе бул жерден кетип калайын деген ой менен нары бастым. “Мен буларга эмне жамандык кылдым,”-деген ой башымда айланып туруп алды.

.. Кайрылдым да: “Айтыңызчы, мени неге мынча жаман көрдүңүз,”- дедим да, суроомо жооп күтүп, көздөрүнө тигиле карадым. “Калп эле, билмексенге салба! Энеңди издеп жүрүп, акыры таптыңбы?! Менин көзүмдүн тирүүсүндө бутуң кирбейт бул үйгө!”-деп кыйкырды. Сөзүнүн төркүнүн түшүнө албай,келесоо немедей жалдырадым. Ар бир сөзү бир заматта, мээмде айлана түштү… Көрсө, менин “апакай апакем”, бул адамдын жубайы турбайбы! Мына сага укмуш! Өмүр бою бир кайрылып келбеген апакемди байкоостон өзүм таап алган турбаймынбы! Кызыгың түшкүр… Качаңкы, бир кезде таштап кеткен баласы экенимди билгенде, “байкуш апакем” бетин басып, чыга качкан экен да!..

“Таштаган эмес да,”- дээрсиз… Таштабаса, бир кайрылып ал-акыбалымды билет эле го… Менин жалгыз калганымды, атамдын жалгыз бала экенин деле билсе керек деп ойлойм. Баарынан кызыгы, укмуштай сонун ырларды жараткан, сыртынан сыйлап, таанышууга куштар болуп жүргөн ал адамдын ушунчалык пастыгына таң калдым. Бирөөнү сынап, бирөөнү күнөөлөөдөн алысмын… Бирок… Айтор көп нерсеге азыркыга чейин башым жетпейт…

… “Эптеп үйлүү-жайлуу болоюн деген ниет менен келди,”-деп ойлошту дейин десем, чоң атамдын колунда бар, берекелүү адам экенин кантип эле билишпесин? “Бизге карасанатайлык кылайын деп, кызыбыз менен таанышып жүргөн тура…”-деп ойлошту дейин десем,анда аларга чындыкты айтып эмне кылат элем?! Айтор… Билбейм… Ал кишинин мени көргүсү келбегенин түшүнсөм да, өз апамдын мага кылган мамилесине таң калам. Аларды жек көрбөйм… Таарынгым да келбейт… Тек гана, кээде жалгыз отуруп, бир туугандарымдын жогуна ыза болом. “Бир тууганым” деген сөздү укканда, ичим туз куйгандай ачышып кетет. “Атадан алтоо болгончо, энеден экөө болсун” деген сөздүн чындыгына да ишенбейм. Жок дегенде атамдын бир туугандары болсо…

Аңгемесин токтотуп ордунан турду да, ачык турган терезени көздөй басты.

Бул жигиттин башынан өткөн окуясын таң калуу менен угуп отурдум. Башка бирөөдөн уксам ишенбейт белем, ким билет?..

Биз билбеген дагы канчалаган адам тагдырлары сыр болуп, ар адамдын ичинде сакталуу жүрсө керек… Билбесең… Бүт эле адам баласын жакшы деп жүрө беребиз да… Кеп ыр жазган-жазбаганда эмес, чыгармачыл экениңде да эмес, чыныгы адам болууңда экени айдан ачык го… Бирок адам дүйнөсүн кагаз беттерине түшүргөн айрым бир “жазмакерлердин” деңгээлинин төмөндүгүнө ичиң ачышат экен. “Бир кумалак бир карын майды чиритет”- дегендей, кээ бир түркөйлөрдүн айынан көпчүлүккө сөз тийип калганын карабайсыңбы. Дегеле ким болсок да, ич-дүйнөбүз таза болсунчу… Кандай иште болсок да, адам баласына, дегеле жан-жаныбар, жаратылышка аяр мамиледе бололучу! Адам көңүлү аялуу гүлдөй болот эмеспи…

аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️