Эми бул окуяны телеканалдар кайра-кайра көрсөтүшөт. Облустун жаңы акиминин, милициянын иши мактоого алынат. Адыл аганы шериктери менен кошо кармап кетсе эч нерсе болбогондой, колунан эч нерсе келбеген адамдай үйдө отурганыма арданып жаттым. Бөлмөдө ары-бери басып, мындан аркы кадамдарды ойлоно баштадым. Адыл аганы жок кыла алышпаса керек баары бир. Ал да жөн киши эмес, күчтүү байланыштары бар да. Үй-бүлөсүн коопсуз жерге жашырган болуш керек эбак эле. Душмандары апасы менен Аселди эле кармап кетип кысым кылбаса, Адыл ага тааныштары аркылуу, акчанын күчү менен болсо да чыгат, балдарды да чыгарат. Бул иште көп нерсе менден көз каранды экенин түшүндүм. Эгер Каныш апа менен Аселди кармап кетишсе, Адыл ага жасабаган ишти да моюнга алып камалып кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да Каныш апа менен Аселди калкалап калышым керек, башка жол көргөн жокмун.
Бул жерден кетиш керек, Расул агаларды да кетириш шарт. Бул үйдү Серик айтпаса да, эки учкуч айтып коюшу мүмкүн. Душмандар дарбазаны жардырып, талкаласа да киришет.
Биринчи кабатка түштүм. Күнүмдүк тиричилик, ар ким өз иши менен убара. Расул ага телефондун кабелдерин текшерип жүрөт, мени көрүп:
– Бүгүн эмне болгон? Эми телефон да иштебей жатат.
– Билбейм, мүмкүн, станциясында авария болгондур.
– Кызык, мурда такыр минтчү эмес.
Залга кирсем Асел DVD’ден кино көрүп жатыптыр, колунда чипсы.
– Асел, беш мүнөттөн кийин бөлмөмө кир, сөз бар,- дедим. Мени таң кала тиктеп калды, көзүнөн «эмне болуп кетти?» деген суроону окудум.
– Эч кимге айтпа, Адыл аганы кармап кетишиптир.
– Адыл аганы? Кандайча?!
– Акырын сүйлө, үйдөгүлөр укпасын азырынча. Бөлмөгө бар, сүйлөшүп алышыбыз керек,- деп чыгып кеттим.
Беш мүнөткө жетпей бөлмөгө Асел кирип келди, көзү алайып, өңү бозоро түшүптүр. Телевизордон жаңылыктар болуп жаткан, Асел баарын өз көзү менен көрүп, укту. Карасам көзүнөн жаш куюлуп жатыптыр. Аңгыча эшикти бирөө такылдатып калды, дароо телевизорду өчүрүп, эшикти ачсам Аскат ага экен. Мага бирдеме айтмакчы болуп баратып Аселди көрүп тык токтоп калды.
– Эмне болду, Аскат ага?
– Сенде сөз бар эле.
– Жүрүңүз,- деп экөөбүз коридорго чыктык.
– Адылды милиция кармаптыр, азыр камакта экен.
– Сиз каяктан уктуңуз?
– Радиодон уктум, түндө кармап кетишиптир.
– Баары бир угулуптур да… Ооба, кармап кетишиптир. Кечээ Адыл ага өзү чалган, силерди бир ай үйлөрүнө бара турсун деди. Милиция бул жакка да келиши мүмкүн экен. Бир шылтоо таап силерди да кармап жүрбөсүн дейт. Мен силерге кечинде айтайын деп жаткам.
– Силерчи? Каласыңарбы?
– Азырынча билбейм, Адыл ага бирөөлөрдү жардамга жөнөтөм деген, күтөбүз го. Силер тезирээк жөнөй бергиле.
– Самат, анда азыр эле жөнөй берели. Каарына алса, анда милиция бул жакка тез эле жетиши мүмкүн. Биз го кетип калабыз, биздин бул жерде иштеп жүргөнүбүздү эч ким билбейт. Каныш эже менен Асел кантет? Адылдын байлыгын алабыз деген душмандар ар кандай жаман ишке барышы толук мүмкүн.
– Башка арга барбы, Аскат ага? Бул жерди мен билбейм. Шаарга чейин 300 чакырым дешти.
– Мындан элүү чакырымдай жерде илгерки колхоздун мал сарайы бар, кароосуз калган. Союз кезинде зоотехник элем, ал жерге көп барганбыз. Беш узун сарай бар, өзүбүз да жашынып, машиналарды да жашырсак болот.
– Ал жакка эч ким барбайбы?
– Көп жылдан бери адам баспайт ал жакка. Анткени тамтыгы чыккан 5 сарайдан башка эч нерсе жок. Эгер бизди издеп бирөөлөр барып калса, Хаммер турат го, качып үлгүрсөк керек. Сел жүргөн бир сай бар, бир жеринен УАЗ, Хаммер өңдүү асты бийик машиналар өтө алат. Айланып келүү 2-3 сааттык жол.
– Болбойт го дейм. Канча күн жашынып жатмак элек? Биз эптеп шаарга, адам көп жерге жетип алышыбыз керек. Жакыныраак жерде темир жол же трассалар барбы?
Аскат ага кагазга чийип үч-төрт жерди көрсөттү. Эң эле жакын шаар Кызыл-Ордага чейин 300 чакырым экен. Чакан айылдар бар, бирок ал жерде жашынуу кооптуу.
– Карагандадан азыр биз турган жерге машинада канча саатта жетсе болот?
– Тез жүрсө он эки-он үч саатта.
– Макул, Аскат ага, сиз үйдөгүлөргө шек алдырбай туруңуз. Түшкө чейин күтөлү, Адыл агадан бирөө келиши керек. Мүмкүн, самолёт менен келсе баарыбыз чогуу кетебиз.
Биз ушинтип турганда Асел бөлмөдөн чыгып, ылдыйкы кабатка түшүп кетти. Артынан Аскат ага кетти, мен бөлмөгө кирдим. Көп өтпөй Асел кайра жүгүрүп келди, сүйүнүп алыптыр.
– Самолёт келди,- деди да, кайра жүгүрүп түшүп кетти.
Ордумдан ыргып турдум, демек, Адыл аганын адамы келиптир да. Үстүмдөн оор жүк түшкөнсүп жеңилдей түштүм. Кайра Адыл аганын шакек тууралуу айтканы оюма кылт этти. Кокус саткындар келген болсочу?
Сыртка чуркап чыксам Расул ага Нива менен дарбазанын алдында Аселди күтүп турган экен. Асел тепкичтен түшүп баратыптыр:
– Асел, токто, шашпа!- деп кыйкырдым.
– Адыл агамдан келишти, бизди алып кетишет,- деди да шашылып Ниваны көздөй басты.
– Асел, токто дейм! Жетип барып Аселдин жолун тостум.
– Токтой тур, биринчи кимдер экенин билели.
– Тигине, Серик ага турбайбы,- деп самолёт жакты көрсөттү.
Жиним келип кетти:
– Токто дегенде токто! Серик агаңды милиция кечээ кармап кеткен, бүгүн кайра жөн эле коё берди дейсиңби?
– Эмне, Серик агага ишенбей жатасыңбы? Ал деген агамдын канча жылдан берки досу,- деп чакчаңдады Асел.
– Асел, мени ук! Макул, алып келгени келсе кетели. Бирок шашпа, биринчи мен барып билип келейин,- дедим ачуумду басып. Асел менин жүзүмдү көрүп корктубу, унчукпай туруп калды. Экөөбүз минтип талашып-тартышып жатканда Расул ага самолёт жакка кетип калган эле. Аңгыча учкучтардын бири самолёттун жанында калып, экинчи учкуч, Серик ага Нивага отуруп үйдү көздөй жөнөштү.
– Асел, тез үйгө кир!- дедим үнүмдү өктөм чыгарып. Абалды түшүндү окшойт, тез-тез басып үйгө кирип кетти.
Аңгыча жер төлөдөн Аскат ага эки мылтык алып чыгып, бирин мага сунду:
– Даяр туралы, мен байкатпай тиги даракка чыгып алайын. Баары даана көрүнөт, мени болсо байкашпайт,- деди шашкалактап.
Нива дарбазага жакындаганда Аскат аганы карасам «даярмын» деп башын ийкеп койду. Бул мага дем берди, унчукпай жүргөнү менен Аскат ага да бир топту көрүп калган окшойт. Нива дарбазага жетип сигнал басты, ачпай тура бердим. Бир маалда Серик айнектен башын чыгарып:
– Эй, Самат, ачпайсыңбы!- деп кыйкырды. Унчуккан жокмун. Акыры эшикти ачпашыма көзү жетти окшойт, унаадан Расул ага түшүп келди:
– Самат, эмне ачпай жатасың эшикти?- деп таң кала сурады.
– Бул Серик го, үйгө келип-кетип эле жүрбөйбү. Адыл бизди Карагандага алып кеткени самолёт жөнөтүптүр,- деп калды. Көзүнө тике карадым, жаман ниети жок экени көрүнүп турат. Адыл агага байланыштуу окуядан Расул аганын кабары жок экенине ишендим. Бул арада Серик менен машинадагы үч киши өздөрүнчө бирдемелерди сүйлөшүп жатышты.
– Расул ага, Сериктер бизге жардам бергени келишкен жок. Сиз билбеген бир иш бар. Азыр эшикти ачам, соо калам десеңиз тез кирип кетиңиз.
– Макул, түшүндүм,- деди кыска гана. Серикти коргоп, болушуп чыгабы дедим эле, антпеди. Аны киргизип, эшикти ичинен бекиттик.
– Тиги мылтыкты алып даяр туруңуз, булар саткындар, Расул ага, кийин түшүндүрөм.
Расул ага мени таң кала карап, колуна мылтыкты алды. Бир маалда унаадан Серик өзү түшүп келди, жүзүнөн таң калуу байкалбайт. Эшикти ачпай коюшумду алдын ала билгендей кытмыр жылмайып турат. Ал эми шакек жөнүндө ооз ачпады. Демек, муну Адыл ага жөнөткөн эмес. Болбосо эчак эле «мына, Адыл аганын шакеги. Ушуну көрсөтсөң киргизет дешкен»
деп чыкмак. Ичимден «саткын» деп сөгүнүп алдым. Серик ак көңүл, тамашакөй болчу, балдардын баары сыйлап турушчу, баары жакшы көрүшчү. Мүмкүн, шакек эсинен чыгып кеттиби?
– Самат, убакыт аз. Мени Адыл ага жөнөттү, силерди алып кеткени келдим. Тезирээк кайтышыбыз керек, ансыз да «нелётная погода» болуп кечиктик,- деди Серик. Анын жанына келген экинчи учкучтун жүзүн карадым, көзүнөн кыжырдануу байкалып турду. Булар жакшы ниетте келишкен жок дедим ичимден.
– Самат, мен 12 жылдан бери Адыл аганын жанындамын. Анын эң ишеничтүү адамы менмин. А сен кечээ эле келип алып… Сөзүнүн ушул жерине келгенде Серик сөгүнүп жиберди. Чынында Серик Адыл аганы сатып кетет дегенге менин деле ишенишим кыйын эле. Бирок Адыл аганын шакек боюнча кайра-кайра эскерткени бекер эмес болчу.
– Серик, жаман иш болуп кетпесин. Ушундайыңда артка кайт!- дедим. Мени алдай албашына көзү жетти окшойт, Сериктин жүзү түксүйүп ыраңы өзгөрүп кетти.
– Өзүңө кел, Самат, Адыл аганын күнү бүттү. Бир да адамы калган жок, баары кармалышты. Сен жалгызсың, качып каякка барат элең? Баары бир колго түшөсүң. Артта куралчан топ келатат. Тиги экөө сага жардамчы эмес, ушундайыңда эшикти ач да, алдыма түш. Сүйлөшөлү, сен да куру калбайсың. Адыл аганын тигил жактан эми өлүгү гана чыкпаса, өзү чыкпайт.
– Серик, тирүү калам десең келген жагыңа кет.
– Эй, акмак, шашпа! Эртең кокоңду өзүм жулам!- деп Ниваны көздөй басты. Аңгыча Аскат аганын “Самат, граната!” деген кыйкырыгы чыкты. Жанга күч келгендеги арга да. Төрт-беш метр чуркап барып Аскат ага отурган дарактын артына секирдим. Граната катуу жарылды. Көзүм караңгылашып, кулагым чуулдап жатты. Үстүмө цементтин сыныктары түшүп, айлана чаңып кетти. Мылтыктан эки жолу ок атылганы угулду. Башымды көтөрүп карасам дарбаза эч нерсе болбоптур, короонун ичинде граната жарылган жердин цементи талкаланып кетиптир. Бети-башым соо, Кудай сактаптыр. Расул ага да ары жактагы суусу жок бассейнге секирүүгө жетишип, аман калыптыр. Аңгыча Аскат ага Серик жаракат алганын айтып калды. Кооптуу болсо да дарбазага барып тешигинен карасам Серик бутун кучактап жерде онтоп жатат. Аскат ага аткан экен, жанында тиги учкуч эки колун көтөрүп турат. Дарбазаны ачтым да
“Жашагыңар келсе бириң да кыймылдаба!”
деп бакырдым. Жүгүрүп барып Серикти бет талаштыра тээп калдым. Экөөнүн тең эки колун артына кайрып таңып салдык.
Чөнтөктөрүндө октолуу ПМ үлгүсүндөгү бирден тапанча, гранаталар бар экен. Учкуч далдайып көлөмдүү болгону менен, коркок экен, жалынып жиберди:
– Самат, Самаке, атпа! Кечир мени!- деп чөгөлөп турган жеринен ыйлап жиберди. Булдуруктап бирдемелерди айтып жатты, түшүнгөн жокмун.
– Токтот! Карагандада эмне болду? Болгонун болгондой айт!- дедим тигини кокодон ала.
– Макул, макул…- деп учкуч баарын айтып берди. Эч ким калбаптыр, биздин жигиттердин баарын кармап кетишиптир. Адыл ага менен Серикти чогуу башка жакка алып кетишкен экен. Бүгүн эртең менен буларды биз турган жерге костюм-шым кийип, галстук тагынган 3 адам узатыптыр. Алардын бири Серикке “үйдү тапкандан кийин кабар бергиле, биз барып калабыз” дегенин угуптур алдымда ыйлап отурган учкуч.
Аскат ага Сериктин бутун кармалап көрүп
“ок сөөккө тийбептир, өлбөйсүң” деди мыскылдай. Учкучтан кийин Серикти суракка алууга кириштим:
– Тирүү калам десең чынын айт, Адыл ага каякта?
– Анын күнү бүттү.
– Суроого так жооп бер, Адыл ага каякта?
– №4 мамлекеттик резиденциянын жер төлөсүндө.
– Түшүндүр, эмне үчүн ал жакка алып барышты?
– СИЗОдон качып кетиши мүмкүн дешти окшойт. Ал эми Адыл ага резиденциянын ичинде деп эч кимдин оюна келбейт. Ошол жерден кыйнап суракка алып, ишканаларынын документтерин алдыртканы жатышат.
– Сени «апасы менен карындашын кармап кел» деп жөнөтүштүбү?
– Ооба.
– Бул жакка артта канча адам келе жатат, кайсы маалда келип калышат?
– Төрт машинада ондон ашык бала барат дешти. Саат тогуздарда чыгышкан, он беш саатта жетип келишет.
– Сен Адыл аганын апасын кармап кетсең, алар эмнеге келишет?
– Адыл аганын документтери ушул үйдө деп жатышат.
– Резиденция канчалык кайтарууда экен?
– Билбейм, сырткы дарбазада 2 аскер турганын көрдүм.
– Менин бул жерде экенимди билишеби?
– Жок, бул жерде экениңди Адыл ага эле билчү.
– Бирок сурашты да канча адам жашайт деп?
– Сурашты. Сенден башкаларын билишет.
– «Уюкту» эмнеге көрсөттүң аларга?
– Мени жарга такап салышты, башка аргам жок эле…
– Эми мындай, тигилерге кайтып барбайм, качып өз алдымча кетем деп сөз бер мага.
Серик мени таң кала карап калды.
– Макул, Самат, сөз берем, башка жакка качып кетебиз.
– Эгер тигилерге кайтып барсаң, өзүңдөн көр. Баары бир таап алам.
Серик башын ийкегилеп, жер карады.
Тиги экөөнү кайра самолётко алып барып салдык. Кабинада «радио» деген бир тумблер бар экен, жулуп алдым. Эч ким менен байланышы болбошу керек булардын. Самолёттун эки алдыңкы шассисинин түбүнө, амортизациясына эки гранатаны атайын ыкма менен байладым. Ал гранаталар самолёт жерге салмак менен конгондо жарылып кетиши керек. Муну кабинада отурган тигилер көргөн жок. Бир аздан кийин самолёт асманга көтөрүлүп, белгисиз тарапка учуп кетти. Ал эми биз бул жерден тезирээк кетүүгө кириштик. Үйдөгүлөр болсо Адыл аганын кармалганын угуп коркуп жатышты. Арттагылар келгиче дагы 11-12 сааттай убакыт бар, эмне кылуу керектигин чогуу сүйлөшө баштадык.
– Эми бул үйдөн баарыбыз кетишибиз керек. Каныш апа, баары жакшы болот. Кечээ Адыл ага менен сүйлөшкөм, «бир айга жетпей акталып чыгабыз» деди. Бул убактылуу эле сыноо дейт.
– Ошондой эле болсо экен,- деп үшкүрүп койду Каныш апа.
Сыртынан сыр алдырбаганы менен, ичтен эзилип жатканы байкалып турду. Дайыма маанайы жарык, шайыр, зымпыйып жүргөн Каныш апа заматта кичирейип, чөгүп кеткендей көрүндү. Аны-муну айтып көңүлүн жубатымыш болуп жаттым. Түшкө жакын жер төлөгө түшүп машиналарды жүргүзүп, текшерип чыктым. Артымдан Асел түшүп барды.
– Самат, Адыл аганын куралдары бар. Мүмкүн, керек болуп калаттыр.
– Кайсы жерде?
– Жүрү,- деп жер төлөдөгү бир кичинекей бөлмөгө ээрчитип барды. Эшикти ичинен кулпулап, дубалга илинген килемди ачты эле темир эшик көрүндү. Ал эшикти Асел жашыруун код менен ачты.
Жети АК-47, ар биринин жанында экиден магазини менен, бир СВД жыйырма огу менен, он тапанча, «Сайга» тизилип турат. Текченин түбүндө отуздан ашык граната жатат.
– Коду 4578903, азыр жазып берем,- деди Асел. Таптаза, майланган, али колдонула элек, заводдон чыккандагы номерлери менен экен куралдар.
– Самат, биз кетсек бул жерди таап алышабы?
– Таап алышат, үйдөн алыс жерге бекитишибиз керек. Бүгүн түндө көп адамдар келет. Үйдүн ар бир кычыгына чейин тинтип чыгышат. Бул жерди таап алыш аларга кыйын деле эмес.
Асел дубалга жөлөнүп бир саамга ойлонуп турду да:
– Адыл аганын акчалары да ушул үйдө,- деп мени тиктеп калды. Көзүнөн «айтышым керек беле же ката кылдымбы?» деген суроону окудум.
– Асел, мен Адыл аганын эң ишеничтүү адамымын. Менден күмөн санаба, коркпо дагы. Мага Адыл аганын бул акчасынын кереги жок, анткени өз мээнетим менен тапкан акчалар эмес. Эгер каршы болбосоң куралдарды да, акчаларды да үйдөн алысыраак бир жерге бекитип туралы. Баары бир өзүбүз менен кошо алып жүрө албайбыз. Кийин Адыл ага чыкканда кайра алып кетебиз.
– Макул, акчалар да ушул жерде,- деп куралдар турган жерде дубалдын ортосуна коюлуп жасалган бир чоң сейфтин эшигин ачты. Ичи үчкө бөлүнүптүр. Бир бөлүгүндө таңгак-таңгак Америка долларлары, экинчисинде зер-буюмдар, үчүнчүсүндө документтер экен. Мындай акчаларды өмүрүмдө көргөн эмесин. Ой баса түшүптүр, Асел түрткөндө чочуп кеттим.
– Асел, эмне кылыш керектигин сен чечесиң. Башка жакка бекителиби?- дедим.
– Эгер баары бир таап ала турган болсо башка жакка бекители. Бактын бир жерине көмүп коёлубу?
– Ал жактан таап алышат. Ушунча байлык бар экенин билгени үчүн келатышат да. Үйдүн ар бир бурчун тинтип чыгышат. Керек болсо бир ай издешет.
– Каякка бекитебиз анда?
Уландысы бар…